113-статья. Жумуш эмес майрам күндөрү

Кыргыз Республикасында жумуш эмес майрам күндөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

1-январь - Жаңы жыл;

23-февраль - Ата-Журтту коргоонун күнү;

8-март - Аялдардын эл аралык күнү;

21-март - Элдик Нооруз майрамы;

1-май - Эмгек майрамы;

5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;

9-май - Жеңиш күнү;

31-август - Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү;

7-ноябрь - Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү.

Ай календары боюнча аныкталуучу «Орозо айт» жана «Курман айт» мусулман майрамдары жана 7-январь - Ыйса Пайгамбардын туулган күнү (православия рождествосу) жумушчу эмес майрам күндөрү болуп саналат.

Дем алыш күнүнө жана жумуш эмес майрам күнүнө туш келип калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.

Кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдү рационалдуу пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дем алыш күндөрү башка күндөргө которууга укуктуу.

114-статья. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдө аткарууга тыюу салынган жумуштар. Кызматкерлерди дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө жумушка тартуу үчүн өзгөчө учурлар

НЕ нашли? Не то? Что вы ищете?

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө иштөөгө эреже катары тыюу салынат.

Кызматкерлер дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө жумушка алардын жазуу жүзүндөгү макулдуктары менен төмөнкүдөй учурларда тартылат:

өндүрүштүк аварияны, кыйроону болтурбоо, өндүрүштүк авариялардын, кыйроолордун же табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн;

бөөдө кырсыктарды, мүлктөрдүн жок болушун же бузулушун болтурбоо үчүн;

алдынала болжолдоого болбогон, тез аткаруу бүтүндөй уюмдун же анын айрым бөлүмдөрүнүн андан ары кадимкидей иштеши ага байланыштуу болгон иштерди аткаруу үчүн.

Жумуш эмес майрам күндөрүндө өндүрүштүк-техникалык шарттар боюнча токтотууга мүмкүн болбогон жумуштарды (үзгүлтүксүз иштөөчү уюмдар), калкты тейлөө зарылдыгына байланыштуу жумуштарды, ошондой эле кечиктирилгис оңдоо жана жүктөө-түшүрүү жумуштарын аткарууга жол берилет.

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү кинематографиянын, теле жана видеотартуу жамааттарынын, театрлардын, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын чыгармачыл кызматкерлерин, кесипкөй спортсмендерди бюджеттен каржылануучу уюмдарда ушул кызматкерлердин категорияларынын тизмектерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте, ал эми башка уюмдарда - жамааттык келишимде белгиленген тартипте жумушка тартууга жол берилет.

Башка учурларда дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдө жумушка тартууга кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу жана ошол уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу менен жол берилет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды, кош бойлуу аялдарды дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө жумушка тартууга, эгерде мындай жумуш медициналык көрсөткүчтөр боюнча тыюу салынбаса гана жол берилет.

Кызматкерлерди дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө жумушка тартуу иш берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү тескемеси боюнча жүргүзүлөт.

115-статья. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө иштегендиги үчүн компенсация

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдө иштөө тараптардын макулдашуусу боюнча башка дем алыш күн берүү же эмгектик өргүүгө кошуу менен, же эки эседен кем эмес өлчөмдө акчалай түрдө компенсацияланышы мүмкүн.

116-статья. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү

Кызматкерлерге жумуш (кызмат оруну) ордун жана орточо эмгек акысын сактоо менен ар жылдык өргүү берилет.

117-статья. Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүүнүн узактыгы

Ар жылдык акы төлөнүүчү негизги өргүү кызматкерлерге 28 календардык күнгө берилет.

28 календардык күндөн ашык ар жылдык акы төлөнүүчү негизги өргүү (узартылган негизги өргүү) кызматкерлерге ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык берилет.

118-статья. Узартылган негизги өргүү

28 календардык күндөн ашык узартылган негизги өргүү төмөнкүдөй белгиленет:

1) мамлекеттик кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;

2) 18 жашка чейинки кызматкерлерге (анын ичинде өндүрүштүк окуудан өтүү үчүн кабыл алынгандарга) жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга - 30 календардык күн. Эгерде узартылган негизги өргүү берилген жумуш жылынын ичинде кызматкер 18 жашка толсо же анын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүүлүгү алынып салынса акыркысынын узактыгы азайтылбайт;

3) токой өнөр жай мекемелеринин жана токой чарбасынын кызматкерлерине - 30 календардык күн. Иштегенде узартылган негизги өргүү алууга укук берген өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызмат орундардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

КР 2012.20.11. № 000 Мыйзамына ылайык 119-статьясына өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)

119-статья. Акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү

Акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү эмгек шарты зыяндуу жумушта иштеген кызматкерлерге, өзгөчө мүнөзгө ээ жумуштарда иштегени кызматкерлерге, ченемге салынбаган жумуш күнү менен иштеген кызматкерлерге, бийик тоолуу шартта жана алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда иштеген кызматкерлерге, ошондой эле мыйзамдарда каралган башка учурларда берилет.

Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, уюмдар өздөрүнүн өндүрүштүк жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кызматкерлерине кошумча өргүүнү өз алдынча белгилей алат. Ушул өргүүнү берүүнүн тартиби жана шарттары жамааттык келишимдер же уюмдун өзүнүн локалдуу ченемдик актылары менен аныкталат.

120-статья. Эмгек шарты зыяндуу жана (же) коркунучтуу шарттарда иштеген кызматкерлерге акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү

Акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү эмгек шарты зыяндуу жана (же) коркунучтуу шарттарда иштеген: жер алдындагы тоо-кен жумуштарында жана ачык тоо-кен жумуштарында, разрездердеги жана карьерлерде, радиоактивдүү булганган зоналарда, адамдын саламаттыгына зыяндуу таасирин жоюуга мүмкүн болбогон зыяндуу физикалык, химиялык, биологиялык жана башка факторлорго байланышкан жумуштарда иштеген кызматкерлерге берилет.

Акы төлөнүүчү кошумча өргүү алууга укук берүүчү, эмгек шарты зыяндуу жана(же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызмат орундардын тизмектерин, ошондой эле ушул өргүүнүн эң төмөнкү узактыгын жана аны берүүнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

121-статья. Жумуштун өзгөчө мүнөзү үчүн акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү

Жумуштун өзгөчө мүнөзү үчүн акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү эмгеги жумуш аткаруунун өзгөчүлүктөрүнө байланышкан кызматкерлердин айрым категорияларына берилет.

Жумуштун өзгөчө мүнөзү үчүн акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү белгиленген кызматкерлердин категорияларынын тизмегин, ошондой эле ушул өргүүнүн эң төмөнкү узактыгын жана берүүнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

122-статья. Жумуш күнү ченемге салынбаган кызматкерлерге акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү

Жумуш күнү ченемге салынбаган кызматкерлерге ар жылдык кошумча өргүү берилет, анын узактыгы жамааттык келишимде же уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелеринде аныкталат жана ал үч календардык күндөн аз болушу мүмкүн эмес. Мындай өргүү берилбеген учурда, жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашык иштелген убакыт кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен мөөнөтүнөн ашыкча иштөө катары компенсацияланат.

Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49 50 51 52