Жабырлануучу тарткан зыяндын ордун толтуруу төмөнкүлөрдөн турат:
1) жоготулган эмгек акынын (же анын тийиштүү бөлүгүнүн) ордун толтурууга төлөө;
2) кошумча чыгымдарды компенсациялоо;
3) белгиленген учурларда бир жолку жөлөкпулду төлөө;
4) моралдык зыяндын ордун толтуруу;
5) сөөк коюуга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу.
232-статья. Эмгекке жарамдуулуктун экспертизасы
Эмгектик мертинүүнүн кесепетинен кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасы, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдык тобу жабырлануучуну күбөлөндүрүүнүн натыйжалары боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) тарабынан аныкталат.
Эмгектик мертинүнүн кесепетинен кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
МСЭКте күбөлөндүрүү иш берүүчүнүн, эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, дарылоо-профилактикалык мекеменин же соттун, болбосо жабырлануучунун же анын өкүлүнүн кайрылуусу боюнча өндүрүштөгү бөөдө кырсык (кесиптик ооруга чалдыгуу) жөнүндө актыны же эмгек милдеттерин аткаруу менен байланышкан бөөдө кырсык жөнүндө башка документти бергендө жүргүзүлөт.
Мөөнөтүнөн мурда жабырлануучуну кайра күбөлөндүрүү анын арызы же иш берүүчүнүн кайрылуусу боюнча жүргүзүлөт.
Жабырлануучу же башка кызыкчылыгы бар адамдар МСЭКтин чечимине макул болбогон учурда, аны МСЭК үчүн жогору турган органга же сотко даттанууга укуктуу.
233-статья. Эмгектик мертинүүдөн келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн көбөйтүү
Зыяндын ордун толтурууга, кошумча чыгымдарды компенсациялоого жана бир жолку берилүүчү жөлөкпулга акчалай суммалар тараптардын макулдашуусу боюнча же жамааттык келишимдин, макулдашуунун негизинде көбөйтүлүшү мүмкүн.
КР 2009.30.03 № 000 Мыйзамына ылайык 234-статьясына өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)
234-статья. Жашоо наркынын өскөндүгүнө жана эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнүн жогорулагандыгына байланыштуу зыяндын ордун толтуруу суммаларын жогорулатуу
Жашоо наркынын өскөндүгүнө байланыштуу зыяндын ордун толтуруу суммалары мыйзамда белгиленген тартипте индексациялануута тийиш.
Борбордоштурулган тартипте эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүн көбөйтүүдө зыяндын ордун толтуруунун бардык суммалары эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмүнүн жогорулагандыгына пропорциялуу көбөйтүлөт.
Эмгек акынын жалпы суммасын аныктоодо зыяндын ордун толтурууну эсептөө үчүн алгач эмгек акынын курамына эсептелүүчү сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте индексацияланат.
235-статья. Жабырлануучунун эмгек акысынын ордун толтуруу
Жабырлануучуга зыяндын ордун толтуруу өлчөмү анын орточо айлык акысына жана ага белгиленген кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу деңгээлине жараша аныкталат.
Эмгек акынын ордун толтурууда жабырлануучуга эмгектик мертинүүгө байланыштуу дайындалган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүүлүгү боюнча пенсия, ага тете эмгектик мертинүүгө чейин да, андан кийин да дайындалган пенсиялардын башка түрлөрү, ошондой эле мертинүү болгондон кийин жабырлануучу алган эмгек акы зыяндын ордун толтуруунун эсебине кошулбайт.
236-статья. Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү эсептеле турган эмгек акынын курамы
Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү эсептеле турган эмгек акынын жоготулган курамына эмгегине акы төлөөнүн бардык түрлөрү, анын ичинде мөөнөтүнөн ашыкча иштелген жумуштар, дем алыш жана майрам күндөгү жумуштар, ошондой эле айкалыштырып иштеген иштер кирет.
Бир жолку берилүүчү мүнөздөгү төлөмдөр, атап айтканда пайдаланылбаган өргүү үчүн компенсация жана иштен бошогондо берилүүчү жөлөкпул эсепке алынбайт.
Убактылуу ишке жарамсыздык мезгили, кош бойлуулук жана төрөтү боюнча өргүүсү үчүн төлөнгөн жөлөкпул эсепке алынат.
Автордук гонорар жоготулган эмгек акынын курамына киргизилет.
Окуган мезгилинде төлөнүүчү стипендия эмгек акыга теңештирилет (зыяндын ордун толтуруу үчүн кайрылуучунун каалоосу боюнча).
Эмгек акылардын бардык түрлөрү салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү кармаганга чейин эсептелген суммаларда эсепке алынат.
КР 2012.20.11. № 000 Мыйзамына ылайык 237-статьясына өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)
237-статья. Орточо айлык эмгек акы аныкталуучу мезгилдер
Орточо айлык эмгек акы эмгектик мертинүүдөн же эмгектик мертинүү менен байланышкан эмгекке жарамдуулугун жоготуудан же начарлатуудан мурунку жумушунун акыркы 12 айы үчүн аныкталат (жарандын тандоосу боюнча). Кесиптик ооруга чалдыккан учурда орточо айлык эмгек акы да ушундай ооруга чалдыктырган жумушун токтотуудан мурунку жумушунун акыркы 12 айы үчүн аныкталышы мүмкүн.
Орточо айлык эмгек акы эсептелүүчү айлардын ичинен төмөнкүлөр чыгарылып салынат (жарандын каалоосу боюнча):
1) жумушу айдын биринчи күндөрүндө башталып же токтотулбагандыгына байланыштуу толук эмес жумуш айлары;
2) бала багууга байланыштуу берилген өргүү айлары (анын ичинде толук эмес), ошондой эле жаран майып болгон же эмгектик мертинүүгө алып келген зыяндын ордун толтурууну алган, майыптуулугу I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды, он сегиз жашка толо элек ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы же МСЭКтин корутундусу боюнча башкалардын багуусуна муктаж адамды баккан жумуш мезгилдери;
3) жумуш убактылуу токтоп калган учурда иш берүүчүнүн демилгеси боюнча берилүүчү айлыгы сакталбаган же жарым-жартылай сакталган өргүү айлары (анын ичинде толук эмес).
Чыгарылып салынган айлар түздөн-түз андан мурунку айлар менен алмаштырылат, болбосо аларды алмаштыруу мүмкүн болбогондо эсептен чыгарылып салынат.
238-статья. Орточо айлык эмгек акыны эсептөө тартиби
Ушул Кодекстин 237-статьясында көрсөтүлгөн мезгил үчүн орточо айлык эмгек акы жумушунун (кызматынын) он эки айындагы эмгек акынын жалпы суммасын 12ге бөлүү жолу менен эсептелет.
Эгерде жумушунун узактыгы он эки айдан кем болсо орточо айлык эмгек акы иш жүзүндө иштелген айлар үчүн эмгек акынын жалпы суммасын ушул айлардын санына бөлүү жолу менен эсептелет.
Иштөө мезгили 1 календардык айдан аз болгон учурларда зыяндын ордун толтуруу өлчөмү шарттуу алынган айлык эмгек акыга негизденип эсептелет, ал төмөнкүчө аныкталат: бардык иштелген мезгил үчүн эмгек акы иштелген күндөрдүн санына бөлүнөт жана алынган сумма бир жыл үчүн орточо эсептелген бир айдагы жумуш күндөрүнүн санына көбөйтүлөт.
Иш жүзүндөгү эмгек акы жөнүндө документтерди алууга мүмкүн болбогондо зыяндын ордун толтуруу өлчөмү беш эселенген эң төмөнкү эмгек акыга негизделип эсептелет.
Орточо айлык эмгек акы беш эселенген эң төмөнкү эмгек акыдан аз болгон учурларда, зыяндын ордун толтуруу өлчөмү беш эселенген эң төмөнкү эмгек акыга негизделип эсептелет.
Эгерде жабырлануучунун эмгек акысында анын ден соолугуна залал келтирилгенге же мертинүүгө дуушар болгонго чейин анын мүлктүк абалын жакшыртуучу олуттуу өзгөрүүлөр болсо (ээлеген кызмат оруну боюнча эмгек акысы жогоруласа, ал кыйла көп акы төлөнүүчү ишке которулса жана жабырлануучунун эмгек акысын олуттуу өзгөртүү же өзгөртүү мүмкүндүгү далилденген башка учурларда) анын орточо айлык эмгек акысын аныктоодо ал алган же алууга тийиш болгон эмгек акысы гана эсепке алынат.
239-статья. Экинчи жолку эмгектик мертинүүдө зыяндын ордун толтуруу өлчөмү
Экинчи жолку эмгектик мертинүү учурунда орточо айлык эмгек акы жабырлануучунун каалоосу боюнча биринчи же экинчи эмгектик мертинүүнүн алдындагы тиешелүү мезгилдер үчүн эсептелет.
Эгерде эмгектик мертинүү бир иш берүүчүдө иштеген мезгилинде келтирилсе зыяндын ордун толтуруу өлчөмү биринчи жана экинчи мертинүүнүн жыйындысы боюнча эмгекке жарамдуулугун жоготушунун жалпы пайызы боюнча эсептелет.
|
Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49 50 51 52 |


