Медициналык мекемелерде кош бойлуу аялдарды милдеттүү диспансердик текшерүүдөн өткөрүүдө иштеген жери боюнча кызматтык айлык акысы (тарифтик чени) сакталат.
КР 2005.30.06 № 85 Мыйзамына ылайык (мур. ред. караңыз); 2015.20.07 № 000 Мыйзамына ылайык 307-статьясына өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)
307-статья. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү
Аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү алардын арызы боюнча жана медициналык корутундунун негизинде төрөткө чейин 70 календардык күнгө жана төрөттөн кийин 56 календардык күнгө (төрөтү оор болгондо же эки жана андан ашык бала төрөлгөндө - 70) ушул мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгү боюнча жөлөкпул төлөп берүү менен берилет.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү суммаланып эсептелет жана аялга төрөткө чейинки иш жүзүндө пайдаланылган күндөрдүн санына карабастан толугу менен берилет.
Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген аялдардын кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсүнүн узактыгы эмгек стажысына карабастан, айлык акысынын толук өлчөмүндө кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгү боюнча жөлөкпул төлөп берүү менен төмөндөгүдөй белгиленет:
төрөт ойдогудай болгондо - 140 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 70 календардык күн);
төрөтү оор болгондо - 156 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 86 календардык күн);
эки же андан ашык бала төрөлгөндө төрөткө чейинки өргүүнүн иш жүзүндөгү узактыгына карабастан - 180 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 110 календардык күн).
КР 2015.20.07 № 000 Мыйзамына ылайык 308-статьясына өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)
308-статья. Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү
Бала асырап алган кызматкерлерге бала асырап алган күндөн баштап жана асырап алган 3 айлык куракка чейинки баланын туулган күнүнөн 70 календардык күн өткөнгө чейинки мезгилге, ал эми эки же андан ашык баланы бир эле мезгилде асырап алууда алар төрөлгөн күндөн баштап 110 календардык күн өргүү берилет.
Баланы (балдарды) эки жубай тең асырап алган учурда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн өргүү алардын калоосу боюнча жубайлардын бирөөнө берилет.
Бала асырап алган аялдарга алардын каалоосу боюнча ушул статьянын биринчи бөлүгүндөгү өргүүнүн ордуна бала асырап алган күндөн баштап 70 календардык күн өткөнгө чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү, ал эми эки же андан көп баланы бир мезгилде асырап алууда алар төрөлгөн күндөн баштап 110 календардык күнгө берилет. Бала асырап алуунун жашырындыгын сактоону камсыз кылуучу көрсөтүлгөн өргүүлөрдү берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
309-статья. Баланы тамактандыруу үчүн тыныгуулар
Бир жарым жашка чейинки балдары бар иштеген аялдарга эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуудан башка баланы (балдарды) тамактандыруу үчүн иштин ар бир үч сааты сайын ар бири 30 мүнөттөн кем эмес убакытка созулган кошумча тыныгуу берилет.
Иштеген аялдын бир жарым жашка чейинки эки же андан ашык балдары болгондо тыныгуунун узактыгы 1 сааттан кем эмес белгиленет.
Аялдын арызы боюнча баланы (балдарды) тамактандыруу үчүн тыныгуулар эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгууга кошулушу же суммаланган түрдө аны тиешелүү түрдө кыскартуу менен жумуш күнүнүн (жумуш кезметинин) башталышына, же аякталышына которулушу мүмкүн.
Баланы (балдарды) тамактандыруу үчүн тыныгуулар жумуш убактысына кошулат жана орточо эмгек акы өлчөмүндө төлөнүүгө тийиш.
Тыныгуулардын мөөнөттөрү жана берүү тартиби эненин каалоолорун эске алуу менен иш берүүчү тарабынан белгиленет.
310-статья. Эмгек келишимин бузууда кош бойлуу аялдарга жана балалуу аялдарга кепилдиктер
Кош бойлуу аялдар менен эмгек келишимин бузууга уюм жоюлган жана эмгек келишиминин мөөнөттөрү аяктаган учурларды кошпогондо жол берилбейт.
Үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдар менен, он төрт жашка чейинки курактагы (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар - он сегиз жашка чейин) балдары бар жалгыз бой энелер менен, аталган балдарды энесиз тарбиялап жаткан башка адамдар менен эмгек келишимин иш берүүчүнүн демилгеси боюнча бузууга жол берилбейт (ушул Кодекстин 83-статьясынын 1-пункту, 3-пунктунун «а» пунктчасы, 5-8, 10, 11-пункттары боюнча жумуштан бошотууларды кошпогондо).
311-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды багуучу адамдарга кошумча дем алыш күндөрдү жана өргүү берүү
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды алар 18 жашка жеткенге чейин багуу үчүн ата-эненин бирине (камкорчуга, көзөмөлчүгө) анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча ай сайын орточо күндүк иштеп тапканын төлөп берүү менен жумуштан бошотулган 1 күн берилет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланын же 18 жашка чейинки бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын ата-энесинин биринин (камкорчусунун, көзөмөлчүсүнүн) арызы боюнча иш берүүчү ага жыл сайын 14 календардык күнгө чейинки узактыктагы эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берүүгө милдеттүү.
312-статья. Энесиз балдарды тарбиялоочу адамдарга кепилдиктер жана жеңилдиктер
Энеси болгондугуна байланыштуу аялга ушул Кодекс менен берилүүчү кепилдиктер жана жеңилдиктер (түнкү эмгектенүүнү жана мөөнөтүнөн ашык иштөөнү чектөө, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү жумушка тартуу жана иш сапарга жиберүү, кошумча өргүүлөрдү берүү, эмгектин жеңилдетилген режимдерин белгилөө жана мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген башка кепилдиктер жана жеңилдиктер) энесиз балдарды тарбиялоочу аталарга, ошондой эле жашы жетелектердин камкорчуларына (көзөмөлчүлөрүнө) да жайылтылат.
25-Глава. Иштеген ДЕН СООЛУГУНУН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЧЕКТЕЛҮҮ АДАМДАРДЫН эмгегин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү
313-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгекке укугун ишке ашыруу
Реабилитациянын жекече программаларын эске алуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга демейдеги эмгек шарттары менен иш берүүчүдө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгегин пайдалануучу адистештирилген уюмдарда, цехтерде жана участкаларда иштөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган жекече же башка эмгектик иш жүргүзүүгө укугу камсыз кылынат.
314-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо
Калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат органдары коомдук уюмдардын катышуусу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча ченемдерди иштегендердин санынын 5 пайызынан кем эмес өлчөмдө (эгерде иштегендердин саны 20 адамдан кем болбосо) иштеп чыгат, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бекитет. Мында ошол ченемдин эсебине толук эмес жумуш убактысы шарттарында иш берүүгө жол берилет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо ченеми иш берүүчү тарабынан калкты ишке орноштуруунун мамлекеттик кызмат органдарына кезектеги календардык жылдын башталышына чейин 3 айдан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.
|
Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49 50 51 52 |


