Иш берүүчүлөр ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу үчүн белгиленген квоталоонун эсебинен жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү.

315-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумушка орноштуруу

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумушка орноштурууну калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органы камсыз кылат. Атайын түзүлгөн же квоталанган жумуш ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды кабыл алуу жөнүндө алардын жолдомосу иш берүүчүнүн аткарышы үчүн милдеттүү.

Калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органынын жолдомосу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды жумушка кабыл алуудан негизсиз баш тарткан учурда иш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

316-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумушка кабыл алуудагы кошумча кепилдиктери

Иш берүүчү калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматы тарабынан жиберилген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды белгиленген квотанын эсебинен түзүлгөн жумуш ордуна жумушка орноштуруу тартибинде кабыл алууга милдеттүү.

НЕ нашли? Не то? Что вы ищете?

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумушка алууда сыноо мөөнөтү белгиленбейт.

Иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын толук эмес жумуш убактысынын режими, иш жүктөмүн жеңилдетүү жана башка эмгек шарттары жөнүндө саламаттык сактоонун же медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) тиешелүү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарынын корутундусу иш берүүчү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.

КР 2012.20.11. № 000 Мыйзамына ылайык 317-статьясына өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)

317-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгек шарттарына жана эс алууларына кепилдиктер

Иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга иш берүүчү МСЭК тарабынан берилген реабилитациянын жекече программасына ылайык, анын ичинде өндүрүштө аларды кесиптик окутуп үйрөтүүнү уюштурууну жана үйдөн иштөө жолу менен эмгек шарттарын түзүүгө милдеттүү.

Макулдашуулар менен, жамааттык келишимде, макулдашууларда жана эмгек келишиминде белгиленүүчү эмгек шарттары, анын ичинде акы төлөө, жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын режими, жыл сайын берилүүчү өргүүнүн узактыгы башка кызматкерлерге салыштырганда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын абалын начарлатпоого же укуктарын чектебөөгө тийиш.

Майыптуулугу I жана II топтордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумасына 36 сааттан ашпаган жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы белгиленет. Мында майыптуулугу I жана II топтордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын күнүмдүк жумушунун узактыгы 7 сааттан ашпоого тийиш. Жумуш убактысын суммалап эсепке алууну колдонууга жол берилбейт.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды мөөнөтүнөн ашыкча иштөөгө, дем алыш күндөрү жана түнкү убакытта жумушка тартууга алардын макулдугу менен жана, эгерде мындай жумушка медициналык корутунду боюнча тыюу салынбаган шартта гана жол берилет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды иш сапарга жиберүүгө алардын макулдугу менен гана жол берилет.

Иш берүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ден соолугунун абалына жараша жумуш аткаруу ченемдерин азайтууга укуктуу.

318-статья. Башка ишке которууда жана эмгек келишимин бузууда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн кошумча кепилдиктер

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды башка ишке которууга (МСЭКнын) корутундусу боюнча анын ден соолугу кесиптик милдеттерин аткарууга тоскоол болгон же ден соолугуна жана эмгектин коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларды кошпогондо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жүйөсү боюнча анын макулдугусуз башка ишке которууга жол берилбейт.

Кызматкерлердин санын же штатты кыскартууда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга эмгек өндүрүмдүүлүгү жана квалификациялары бирдей болгондо жумушта калтырууга артыкчылык берилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгегин пайдалануу үчүн арналган адистештирилген уюмдарда иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар эмгек өндүрүмдүүлүгүнө жана квалификациясына карабастан жумушта калтырууга артыкчылык укугуна ээ.

Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен эмгек келишимин бузууга жол берилбейт (уюмдун жоюлгандыгына байланыштуу ушул Кодекстин 83-статьясынын 1-пункту, 3-пункттун «а» пунктчасы, 5-8, 10, 11-пункттары боюнча бошотулган учурларды кошпогондо).

319-статья. Ошол уюмда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам болгон кызматкерлерди жумушка орноштуруу боюнча иш берүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык жактан камсыз кылуу

Иш берүүчү ошол уюмда эмгектик мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам болгон кызматкерлерди жумушка орноштуруу үчүн жаңы жумуш орундарын бөлүүгө же түзүүгө милдеттүү.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган талаптар аткарылбаган учурда иш берүүчү ошол кызматкерлер менен эмгек келишимин токтотууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Пенсияга чыкканга чейин иш берүүчүдө иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга медициналык тейлөө, турак жай менен камсыз болуу ден соолук чыңдоочу жана профилактикалык мекемелерге жолдомолор, ошондой эле жамааттык келишим, макулдашуулар менен каралган башка социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана жеңилдиктер боюнча анын кызматкерлери менен катар эле болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга укуктарын сактайт.

Иш берүүчү өздүк каражаттарынын эсебинен башкалардын жардамына жана багуусуна муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, жалгыз бойлордун пенсияларына үстөктөрдү жана кошумча төлөөлөрдү белгилөөгө, ошондой эле жамааттык келишим, макулдашуулар менен каралган башка жеңилдиктерди берүүгө укуктуу.

320-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгегин пайдалануучу иш берүүчүлөр үчүн артыкчылыктар жана жеңилдиктер

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумушка алган иш берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеңилдиктерди пайдаланат.

26-Глава. Уюмдун жетекчисинин жана уюмдун коллегиалуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн эмгегин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү

321-статья. Жалпы жоболор

Уюмдун жетекчиси - жеке жак, ал мыйзамга же уюмдун уюмдаштыруу документтерине ылайык ошол уюмга жетекчиликти жүзөгө ашырат, анын ичинде анын бирден бир аткаруу органынын иш-милдетин аткарат.

Ушул главанын жоболору уюмдун уюштуруу-укуктук формаларына карабастан алардын жетекчилерине, төмөнкү учурлардан тышкары колдонулат:

уюмдун жетекчиси уюмдун бирден бир катышуучусу (уюмдаштыруучусу), мүчөсү, анын мүлкүнүн ээси болгондо;

уюмду башкаруу келишим боюнча башка уюм (башкаруучу уюм) же жекече ишкер (башкаруучу) тарабынан жүргүзүлгөндө.

322-статья. Уюмдун жетекчисинин эмгегин жөнгө салуунун укуктук негиздери

Эмгектик мамилелер жаатында уюмдун жетекчисинин укуктары жана милдеттери ушул Кодекс, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар, уюмдун уюмдаштыруу документтери, эмгек келишимдери менен аныкталат.

Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49 50 51 52