38-Глава. Банкрот болгондо эмгек келишимдерин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү
394-статья. Банкрот болгондо эмгек келишимдерин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү
Кайра түзүмдөштүрүү, реабилитациялоо, санациялоо, тынчтык макулдашуу жана консервациялоо түрүндө ишке ашырылган банкроттук бул процессинин натыйжасында штаттар же кызматкерлердин саны кыскартылган учурдан тышкары кызматкерлер менен эмгек мамилелери токтотулбайт.
Ошол мезгилде иш берүүчү (атайын администратор, тышкы башкаруучу, убактылуу администратор) жалпы башкаруучулук иш-милдеттерин жүзөгө ашыруучу кызматкерлер (жетекчи, анын орун басарлары, башкы бухгалтер) менен эмгек келишимин кайрадан түзүүгө же бузууга укуктуу.
Эгерде кайра түзүмдөштүрүү натыйжасында жаңы юридикалык жак пайда болуп, жоюлган уюмдун активдери ага өтсө, анда иш берүүчү кызматкерлерди которууну же жумуштан бошотууну ушул Кодекске ылайык жүргүзүүгө тийиш.
Эгерде уюм банкрот болуу процессинде жоюлса, бардык кызматкерлер менен эмгек мекемелерин бузуу жүргүзүлөт.
Компенсацияларды эсептөө жана төлөп берүү ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.
39-Глава. Кызматкерлердин башка категорияларынын эмгегин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү
395-статья. Аскер кызматы каралган Куралдуу Күчтөрдүн уюмдарында жана аткаруу бийлигинин органдарында иштеген адамдардын эмгегин жөнгө салуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскер кызматы каралган аскер бөлүктөрүндө, мекемелеринде, аскер-окуу жайларында, Куралдуу Күчтөрдүн башка уюмдарында жана аткаруу бийликтин органдарында иштөө жөнүндө эмгек келишимин түзгөн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөр менен эмгек мыйзамдары колдонулат.
Кызматкерлер үчүн ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдардын, мекемелердин жана уюмдардын милдеттерине ылайык эмгек акынын өзгөчө шарттары, ошондой эле кошумча жеңилдиктер менен артыкчылыктары белгиленет.
396-статья. Медициналык кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуунун айрым өзгөчөлүктөрү
Медициналык кызматкерлер үчүн жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы жумасына 39 сааттан ашык эмес белгиленет. Кызмат ордуна жана (же) адистигине карабастан медициналык кызматкерлердин жумуш убактысынын узактыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
397-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, кинематография уюмдарынын, театрлардын, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин чыгармачыл кызматкерлеринин жана чыгармаларды жаратууга жана (же) аткарууга катышкан башка адамдардын, кесипкөй спортсмендердин эмгегин жөнгө салуу
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, кинематография уюмдарынын, театрдын, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин чыгармачыл кызматкерлерине жана чыгармаларды жаратууга жана (же) аткарууга катышкан башка адамдарга, кесипкөй спортсмендерге карата мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөр менен эмгек мыйзамдары колдонулат.
IX БӨЛҮМ. КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЭМГЕК УКУКТАРЫН КОРГОО. ЭМГЕК ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРЫН ЧЕЧҮҮ;. ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН БУЗГАНДЫК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК
40-Глава. Жалпы жоболор
398-статья. Кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо ыкмалары
Кызматкерлердин эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун негизги ыкмалары болуп төмөнкүлөр саналат:
- эмгек мыйзамдарын бузбай сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөл жана контроль;
- кесиптик бирликтер жана башка өкүлчүлүктүү органдар тарабынан кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо;
- эмгек укуктарын кызматкерлер өздөрү коргошу.
41-Глава. Эмгек жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузбай сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөл жана контроль
КР 2009.30.03 № 000 Мыйзамына ылайык (мур. ред. караңыз); 2015.20.07. № 000 Мыйзамына ылайык 399-статьясына өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)
399-статья. Эмгек жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузбай сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органы
Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык уюмдарда эмгек жөнүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
2-бөлүгү КР 2015.20.07. № 000 Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон (мур. ред. караңыз)
Эмгек жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды так жана бир түрдүү аткаруу боюнча мамлекеттик көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана мыйзамга ылайык ага баш ийген прокурорлор жүргүзүшөт.
400-статья. Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары башка органдар жана уюмдар менен өз ара иши
Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, башка мамлекеттик көзөмөлдөө-контролдоо органдары, прокуратура органдары, кесиптик бирликтер жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелери, башка уюмдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу өзүнүн ишин жүзөгө ашырат.
Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузбай сактоо маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жана коомдук контролдоо органдарынын ишин координациялоону жүзөгө ашырат.
401-статья. КР 2015.20.07. № 000 Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон (мур. ред. караңыз)
402-статья. Мамлекеттик эмгек инспекторлорунун негизги укуктары
Мамлекеттик эмгек инспекторлору (укукту, эмгекти коргоо боюнча) көзөмөлдөө-контролдоо ишин жүзөгө ашырууда төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- белгиленген үлгүдөгү жана тиешелүү багыттагы кызматтык күбөлүктү көрсөтүп бардык уюштуруу-укуктук формадагы жана менчиктин түрлөрүндөгү уюмдарга инспекция жүргүзүү максатында барууга;
- иш берүүчүдөн жана алардын өкүлдөрүнөн, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан көзөмөлдөө жана контролдоо иш-милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматты суроого жана кайтарымсыз алууга;
- белгиленген тартипте өндүрүштөгү кокустуктарды териштирүүгө;
- эмгек жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузууларды жоюу, көрсөтүлгөн эрежелерди бузууда күнөөлүүлөрдү тартип жоопкерчилигине тартуу тууралу же аларды белгиленген тартипте кызмат орунунан четтетүү жөнүндө милдеттүү түрдө аткарылуучу буйрутмаларды уюмдардын жетекчилерине же алардын өкүлдөрүнө берүүгө;
- көрсөтүлгөн бузууларды жойгонго чейин кызматкерлердин өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген эмгекти коргоонун талаптарын бузуунун бети ачылса, уюмдардын, айрым өндүрүштүк бөлүмдөрдүн жана жабдуулардын ишин токтотууга;
- эмгекти коргоонун талаптарын бузуунун кесепетинен уюмдарды жоюу же алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин токтотуу жөнүндө эмгек шарттарынын талаптары бузулгандыгы тууралу мамлекеттик экспертизанын корутундусу менен сотко жиберүүгө;
- белгиленген тартипте жумушту аткаруунун коопсуз усулдарына жана ыктарын окуп үйрөнбөгөн, эмгекти коргоо боюнча нускалоо жумуш орунунда стажировкадан өтпөгөн жана эмгекти коргоонун талаптарына болгон билими текшерилбеген адамдарды иштен четтетүүгө;
- сертификатка дал келбеген же эмгекти коргоонун талаптарына ылайык эмес кызматкерлерди коргоонун жекече жана жамааттык каражаттарын пайдаланууга жана өндүрүүгө тыюу салууга;
- эмгек жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузган күнөөлү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жоопкерчиликке тартууга, зарыл болгон учурда иши жана материалдары өндүрүштө болгондугуна байланыштуу аларды инспекцияга чакырууга, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу тууралу материалдарды укук коргоо органдарына жиберүүгө, сотко доо коюуга;
|
Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49 50 51 52 |


