1) айлык акысына райондук коэффициент белгиленет жана бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда туруктуу иштеген адамдар үчүн каралган тартипте жана өлчөмдө бийик тоолуу шарттардагы иш стажы үчүн кызматтык маянасына пайыздык үстөк төлөнөт;
2) ар бир жылдагы акы төлөнүүчү кошумча өргүү:
а) деңиз деңгээлинен 2000 метрден 3000 метрге чейинки бийиктикте иштегенде - 12 календардык күн; 3001 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте иштегенде - 24 календардык күн; 4001 метр жана андан жогору - 36 календардык күн;
б) алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштегенде - 12 календардык күн.
Жеңилдиктерди жана компенсацияларды алууга укук берүүчү иш стажысына бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген календардык күндөр жана кезметтин графигинде каралган жол жүрүүгө кеткен иш жүзүндөгү күндөр кошулат.
Райондук коэффициенттер колдонулган райондордун аймактарына вахталык усул менен иштөөгө келген кызматкерлердин эмгек акысына ошол коэффициенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык эсептелет.
Вахтадагы жумуш графиги менен каралган иш берүүчүнүн (чогулуу пунктунун) жайгашкан жерине келүүгө жана кайра кайтууга кеткен күндөр үчүн, ошондой эле метеорологиялык шарттар жана транспорттук уюмдардын күнөөсү боюнча кызматкерлердин жолдо кармалган күндөрү үчүн кызматкерге бир күндүк тарифтик ставка (айлык акы) төлөнөт.
31-Глава. Иш берүүчү жеке жакта иштеген кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү
КР 2009.30.03 № 000 Мыйзамына ылайык (мур. ред. караңыз); 2015.20.07 № 000 Мыйзамына ылайык 351-статьясына өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)
351-статья. Кызматкердин иш берүүчү-жеке жак менен түзгөн эмгек келишиминин өзгөчөлүктөрү
Кызматкер иш берүүчү-жеке жак менен эмгек келишимин түзүүдө Кыргыз Республикасынынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, ушул келишим менен аныкталган кандай жумуш болбосун аткарууга милдеттенет.
Жазуу жүзүндөгү эмгек келишимине милдеттүү түрдө кызматкер үчүн жана иш берүүчү үчүн олуттуу бардык шарттар киргизилет.
Иш берүүчү-жеке жак төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
ушул Кодекстин талаптарына ылайык кызматкер менен эмгек келишимин жазуу жүзүндө тариздөөгө;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө камсыздандыруу төгүмдөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
жумушка биринчи жолу орношкон адамдарга мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруунун социалдык жактан коргоо күбөлүгүн жол-жоболоштурууга.
352-статья. Эмгек келишиминин мөөнөтү
Кызматкер менен иш берүүчү жеке жактын ортосунда эмгек келишими тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленбеген, ошондой эле белгиленип коюлган мөөнөткө да түзүлүшү мүмкүн.
353-статья. Эмгек жана эс алуу режими
Иш режими, дем алыш күндөрүн берүү тартиби жана жыл сайын акы тө- лөөнүүчү өргүү берүү кызматкер менен иш берүүчү-жеке жактын ортосунда макулдашуу боюнча аныкталат. Мында жумуш жумасынын узактыгы ушул Кодексте белгиленгенден ашык болууга, ал эми жыл сайын акы төлөнүүчү өргүүнүн узактыгы кем болууга тийиш эмес.
354-статья. Эмгек келишиминин олуттуу шарттарын өзгөртүү
Эмгек келишиминде каралган олуттуу шарттарды өзгөртүү жөнүндө иш берүүчү-жеке жак кызматкерди 7 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө жазуу жүзүндө эскертет.
355-статья. Эмгек келишимин токтотуу
Ушул Кодексте каралган негиздерден тышкары иш берүүчү-жеке жакта иштеген кызматкер менен түзүлгөн эмгек келишими эмгек келишиминде каралган негиздер боюнча токтотулушу мүмкүн.
Иштен бошотуу жөнүндө эскертүүнүн мөөнөтү, ошондой эле эмгек келишими токтотулганда жумуштан бошонуу жөлөкпулун жана башка компенсациялык төлөмдөрдү берүү учурлары жана өлчөмдөрү эмгек келишими менен аныкталат.
356-статья. Жекече эмгек талаш-тартыштарын чечүү
Кызматкер жана иш берүүчү-жеке жак тарабынан өздөрүнчө жөнгө салынбаган жекече эмгек талаш-тартыштары сот тартибинде каралат.
КР 2009.30.03 № 000 Мыйзамына ылайык 357-статьясына өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)
357-статья. Иш берүүчү-жеке жакта иштеген жумушун тастыктоочу документтер
Иш берүүчү-жеке жакта иштеген жумушун тастыктоочу документ болуп жазуу жүзүндөгү эмгек келишими же эмгек китепчесиндеги жазуу саналат.
Иш берүүчү жеке ишкер катары каттоодон өткөн, мөөрү бар жеке жак кызматкердин эмгек китепчесине жазуу жүргүзүүгө, ошондой эле биринчи жолу жумушка орношкон кызматкерге эмгек китепчесин жол-жоболоштурууга укуктуу.
32-Глава. Үйдө иштегендердин эмгегин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү
358-статья. Үйдө иштегендер
Иш берүүчү тарабынан берилген же үйдө иштеген адамдын өз эсебинен сатылып алынган материалдарды жана аспаптарды, механизмдерди пайдалануу менен үйдө жумуш аткаруу жөнүндө эмгек келишимин түзгөн адамдар үйдө иштегендер болуп эсептелет.
Үйдө иштеген адам өзүнүн аспаптарын жана механизмдерин пайдаланган учурларда ага алардын эскириши (амортизация) үчүн компенсация төлөнөт. Мындай компенсацияны төлөө, ошондой эле үйдө жумуш аткаруу менен байланышкан башка чыгымдардын ордун толтуруу эмгек келишиминде аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
Үйдө иштегендерди чийки зат, материалдар жана жарым фабрикаттар менен камсыз кылуунун, даярдалган продукция үчүн эсептешүүнүн, үйдө иштегендерге тиешелүү материалдардын наркынын ордун толтуруунун тартиби жана мөөнөттөрү даяр продукцияны ташып кетүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү эмгек келишими менен аныкталат.
Жумушту үйдө аткаруу жөнүндө эмгек келишимин түзгөн адамдарга карата ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөр менен катар эмгек мыйзамдары колдонулат.
359-статья. Үй эмгегине уруксат берилүүчү шарттар
Үйдө иштегендерге берилген жумуштар алардын ден соолугуна залал келтирбеши керек жана эмгекти коргоонун тийиштүү талаптарынын шарттары аткарылууга тийиш.
360-статья. Үйдө иштегендер менен эмгек келишимин бузуу
Үйдө иштегендер менен эмгек келишимин бузуу ушул Кодексте жана эмгек келишиминде каралган негиздер боюнча жүргүзүлөт.
КР 2009.30.03 № 000 Мыйзамына ылайык 33-главада «аларга теңештирилген жерлерде» деген сөздөр «алыскы жана барууга кыйын аймактарда» деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылды (мур. ред. караңыз)
33-Глава. Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген
адамдардын эмгеги
361-статья. Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар ушул Кодекс, башка мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.
Көрсөтүлгөн адамдарга кошумча кепилдиктер жана компенсациялар иш берүүчүнүн финансылык мүмкүнчүлүгүнө негизденүү менен жамааттык келишимдер жана макулдашуулар менен белгилениши мүмкүн.
362-статья. Кепилдиктерди жана компенсацияларды алуу үчүн зарыл болгон эмгек стажысы
Кепилдиктерди жана компенсацияларды алуу үчүн зарыл болгон эмгек стажысын белгилөөнүн жана эсептөөнүн тартибин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
КР 2009.30.03 № 000 Мыйзамына ылайык (мур. ред. караңыз); 2012.20.11. № 000 Мыйзамына ылайык (мур. ред. караңыз); 2015.20.07 № 000 Мыйзамына ылайык 363-статьясына өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)
363-статья. Эмгекке акы төлөө
Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда эмгекке акы төлөө эмгек акыга райондук коэффициенттерди жана эмгек акыга пайыздык үстөк колдонуу менен жүргүзүлөт.
|
Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49 50 51 52 |


