Тобу менен, оор же өлүмгө алып келген кокустукта иш берүүчү эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жана башка тиешелүү органдарга дароо билдирүүгө милдеттүү.

Травманын оордугу медициналык корутундунун негизинде аныкталат, аны иш берүүчүнүн же мамлекеттик көзөмөлдөө органынын суроо-талабы боюнча дарылоо-профилактикалык мекеме бир сутканын ичинде берет.

Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды, кесиптик ооруга чалдыгууну териштирүүгө жабырлануучунун ишенимдүү адамы, ал эми жабырлануучу каза болгон учурда - анын туугандарынын ишенимдүү адамы катышууга укуктуу. Эгерде ишенимдүү адам териштирүүгө катышпаса, анда иш берүүчү же комиссиянын төрагасы ишенимдүү адамдын талабы боюнча териштирүүнүн материалдары менен аны тааныштырат.

Бөөдө кырсыкты, кесиптик ооруга чалдыгууну териштирүүнүн натыйжасы боюнча белгиленген формада акт түзүлөт, анын бир нускасын иш берүүчү же комиссиянын төрагасы жабыр тарткан, болбосо каза болгон адамдын туугандарына же алардын ишенимдүү адамына кол койдуруу менен берүүгө милдеттүү.

НЕ нашли? Не то? Что вы ищете?

Жеңил кокустуктун өндүрүш менен байланышы жоктугу жөнүндө комиссиянын тыянагы мамлекеттик көзөмөлдөөнүн тиешелүү органы же кесиптик бирликтердин техникалык эмгек инспекциясы менен макулдашылышы керек.

Иш берүүчү Н-1 формасы боюнча бөөдө кырсык жөнүндө же кесиптик ооруга чалдыгуу тууралу териштирүүнүн, актысын түзүүдөн баш тартканда, болбосо жабыр тарткан, каза болгон адамдын туугандары же алардын ишенимдүү адамы актынын мазмуну менен макул болбогондо алар тийиштүү эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына, кесиптик бирликтердин техникалык эмгек инспекциясына, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын органына же сотко кайрылууга укуктуу.

КР 2015.20.07 № 000 Мыйзамына ылайык 224-статьясына өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)

224-статья. Эмгек шарттары боюнча жеңилдиктер жана компенсациялар

Оор жумуштар жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштар үчүн кызматкерлерге жеңилдиктер жана компенсациялар берилет (№ 2 тизмеге ылайык курагы боюнча пенсия, эмгек акысына кошумча төлөө, кыскартылган жумуш күнү, кошумча өргүү, сүт берүү жана башкаларды берүү). Аларды берүү, токтотуу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

Иш берүүчү уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча жумуш орунун аттестациялоонун же өндүрүштүк чөйрөнүн факторлорунун деңгээлдерин аспаптык ченөөнүн негизинде эмгек шарттарынын жакшыргандыгына байланыштуу компенсацияларды жана жеңилдиктерди алып салышы же азайтышы мүмкүн. Жеңилдетилген пенсияларга карата маселелерди чечүүдө тиешелүү мамлекеттик көзөмөл жана контроль органынын кошумча корутундусу талап кылынат.

Иш берүүчү өздүк каражаттарынын эсебинен зыяндуу же кооптуу өндүрүштүк факторлордун таасири үчүн кызматкерлерге мыйзамда белгиленгендерге салыштырмалуу жеңилдиктерди жана компенсацияларды кошумча берүүгө укуктуу.

18-Глава. Эмгек милдеттерин аткарууда мертинген, кесиптик ооруга чалдыккан, болбосо ден соолугуна башка залал келтирилген кызматкерлер үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилиги

225-статья. Кызматкердин ден соолугуна келтирилген зыян үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилиги

Иш берүүчү кызматкерлерге алардын кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан жана иш берүүчүнүн аймагында да, анын чегинен сырткары да, ошондой эле кызматкердин иштеген жерине келе жатканда же жумуштан кетип бара жатканда иш берүүчү тарабынан берилген транспортто ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам болуу, кесиптик ооруга чалдыгуу же ден соолугуна келтирилген башка зыян (мындан ары - эмгектик мертинүү) үчүн жоопкерчилик тартат.

226-статья. Эмгектик мертинүү, кызматкердин ден соолугуна келтирилген зыян үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилигинин негиздери

Эгерде зыян болтурбай калууга болбой турган күчтөн же жабырлануучунун карасанатайлыгынын кесепетинен болгондугун далилдей албаса, иш берүүчү кызматкердин өтө кооптуу эмгек милдетин аткарууда ден соолугуна келтирилген зыянды, толук көлөмдө калыбына келтирүүгө милдеттүү.

Эгерде келтирилген зыян өтө кооптуу жумуштан келип чыкпаса, эгерде келтирилген зыянга анын күнөөсү жок экендигин далилдей алса, анда иш берүүчү жоопкерчиликтен бошотулат.

Кызматкердин эмгек милдеттерин аткарууда ден соолугуна келтирилген зыян бөлөк адамдын (жеке жана юридикалык) күнөөсү менен болсо, иш берүүчү тарабынан мыйзамда каралган тартипте күнөөкөр адамга карата кийинки регресс менен орду толтурулат.

227-статья. Иш берүүчүнүн күнөөсү

Эгерде иш берүүчү сергек жана коопсуз эмгек шартын камсыз кылбагандыгынын, эмгекти коргоонун талаптарын аткарбагандыгынын кесепетинен болсо, эмгектик мертинүү анын күнөөсү менен болгон деп эсептелинет.

228-статья. Келтирилген зыян үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилигин далилдөө

Келтирилген зыян үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилигинин далили, ал эми ушул Кодекстин 227-статьясында каралган учурларда анын күнөөсүнүн далили болуп төмөнкүлөр кызмат кылышы мүмкүн:

- өндүрүштөгү бөөдө кырсык жөнүндө акт (кесиптик ооруга чалдыгуу);

- өндүрүштөгү бөөдө кырсыкты териштирүү жөнүндө комиссиянын актысы;

- өкүм, соттун чечими, прокурордун, алгачкы текшерүү же алдын ала териштирүү органынын токтому;

- ден соолугуна келтирилген залалдын себептери жөнүндө мамлекеттик көзөмөл жана контроль органдарынын же кесиптик бирликтердин техникалык эмгек инспекцияларынын корутундусу;

- кызмат адамдарына администрациялык же тартиптик жаза берүү жөнүндө чечими;

- кесиптик ооруга чалдыгышы жөнүндө медициналык корутундусу;

- күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү;

- башка документтер.

229-статья. Иш берүүчү - аба кемесинин ээсинин жоопкерчилиги

Аба кемесин жер бетинде айдоодо, көтөрүлүүдө, учууда же конууда экипаж мүчөлөрү кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан эмгектик мертинүү болсо, аба кемесине менчик укугуна ээ же башка мыйзамдуу негизде ээлик кылган иш берүүчү келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат, эгерде ал жабырлануучунун карасанатайлыгынын кесепетинен болгондугун далилдей албаса.

КР 2009.30.03 № 000 Мыйзамына ылайык 230-статьясына өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз)

230-статья. Аралаш жоопкерчилик

Эгерде эмгектик мертинүү иш берүүчүнүн күнөөсү эле эмес, жабырлануучунун одоно этиятсыздыгынан улам келип чыкса, анда аралаш жоопкерчилик колдонулат. Бул учурда ордун толтуруу акысынын өлчөмү жабырлануучунун күнөөсүнө жараша азайтылат. Жабырлануучунун күнөөсү комиссия тарабынан пайыз менен аныкталат.

Жабырлануучунун одоно этиятсыздыгынан жана иш берүүчүнүн күнөөсү жок болгон учурда, анын жоопкерчилиги күнөөгө жараша келип чыкпаганда (226-статьянын биринчи бөлүгү), ордун толтуруунун өлчөмү да ага жараша азайтылат. Мында зыяндын ордун толтуруудан толук баш тартууга жол берилбейт.

Жабырлануучу одоно этиятсыздык кылганда анын күнөөсүнүн даражасын аныктоо жөнүндө иштеги бөөдө кырсыкты териштирүү боюнча комиссиянын чечими эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына кесиптик бирликтердин техникалык инспекциясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

Аралаш жоопкерчилик башка жумушка убактылуу которууда, кошумча чыгымдардын ордун толтурууда, ошондой эле сөөк көмүүгө сарпталган чыгымдардын ордун толтурууга, багар-көрөрү каза болгондугуна байланыштуу жоготулган эмгек акынын ордун толтурууда колдонулбайт.

231-статья. Зыяндын ордун толтуруунун түрлөрү

Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49 50 51 52