ЖМБнын айрым мүчөлөрү алар тармакта ким менен баарлашып жана иштеп жаткандыктарын эске алууну унутуп калышаары адаттагы көрүнүш болуп саналат. Сиздер иштеп жаткан өнөктөштөрдү жана тармактарды туура эсепке алып жаткандыгыңыздарга ынангыла.
Жамааттагы өнөктөштүк жана тармактар менен иштөө
Шериктиктерди түзүү сиздер жамааттын схемасын түзүүнүн жүрүшүндө топтогон маалыматтардан башталат. Бул тизмени потенциалдуу өнөктөштөрдү аныктоо үчүн негиз катары колдонгула. Тизмеде жарандык, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар, демилгелерге негизденген өз алдынча уюшулган коомчулуктар, иштиктүү жана өкмөттүк демилгелер, медиа-өндүрүүчүлөр, өнүктүрүү агенттиктери жана донорлор катышаарына ынангыла.
Башка ЖМБлар жана ушул сыяктуу демилгелер менен өнөктөштүк жана тармактык иштер
Сиздердин региондогу башка ЖМБлар жана медиа-коомчулуктар менен байланышка чыккыла. Ал жерде да телеборборлор, көп максаттуу коомдук борборлор жана жамааттын маалыматтар ресурстарынын башка борборлору болушу керек, алар менен байланышуу сиздерге пайдасын тийгизет.
Тармакта эл аралык иштөө жана шериктиктер – бир нече мисал
Эл аралык уюмдар менен байланыш:
AMARC (Радио жамааттардын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы) - http://www. amarc. org;
ЮНЕСКО - http://portal. unesco. org/;
АРС (Прогрессивдүү байланыш ассоциациясы) - http://www. apc. org.
Сиздердин ЖМБда сиз артыкчылыктуу деп санаган айрым проблемаларга багытталган тармактар да бар. Мисалы, эгерде сиздер ВИЧ/СПИДге багыт алсаңыз, сиздердин ишти жаңы мазмун менен толуктай турган тармактарды издеңиздер.
Тармактар менен иштөөдө маанилүү ой-пикир
Тармактар менен иштөө - эмгекти көп талап кылуучу процесс. Төмөнкүлөргө ынангыла:
тармактар менен иштөө сиздердин ишке баалуулукту берээрине;
• тармактар менен иштөө жана тармактарга катышуу үчүн максаттарды жана жыйынтыктарды сиздер аныктаарыңарга;
• иштөө убактысын жана финансылык ресурстарды сиздер пландай турганыңыздарга
(мисалы, жолугушууларга баруу).
Өнөктөштүк маселелери боюнча маанилүү ой-пикирлер
Этият болгула. Өнөктөштүктүн маанисин түшүнгүлө жана тиешелүү түрдө өзүңөрдүн максатыңарды тууралагыла. Эгерде сиздер башка мекеме менен өнөктөш мамиле түзсөңүздөр, төмөнкүлөрдү биле турганыңызга ынангыла:
• өнөктөштүктүн түрүн (формалдуу, расмий эмес, долбоордук багытталган);
• өнөктөштүктүн максаты кандай;
• өнөктөштүктү башкарууга ким жооптуу.
• эгерде өнөктөштүк долбоордо кызматташууну караса, төмөнкүлөргө ынануу абдан маанилүү:
• ролдор жана милдеттер иштин толук планы жана макулдашуу жөнүндө меморандум (MOU) түрүндө түшүнүктүү аныкталгандыгына жана так иштелип чыккандыгына;
• финансылык эсепке алуу так жана кылдаттык менен жүргүзүлгөндүгүнө;
• сиздер бардык өнөктөштөрү бар долбоор үчүн жооптуу башкаруучу комитетти түзгөнүңүздөргө;
• ар бири долбоордун жана кызматташтыктын максатын түшүнгөндүгүнө;
• сиздер бардык өнөктөштөрдүн тең укуктуулугун таанып, маалыматты биргелешип колдонуп, макулдашууларга жетише турганыңыздарга.
Өнөктөштүк жана тармактар менен иштөө көп убакытты алат, бирок бул азырынча стратегиялык жактан пландалган, сиздердин ЖМБ тобу тармактар менен иштөө боюнча мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуудан пайда табат, тармактар жаңы сабактарды үйрөнүүгө, жаңы досторду табууга жана биз көбүнчө муктаж болгон жаңы идеяларды жаратууга жана колдоого жардам берет.
Биз жергиликтүү деңгээлде иштесек да, биз – жашоого жөндөмдүү өнүгүү жана социалдык адилеттүүлүк үчүн иштеп жаткан адамдардын бүткүл дүйнөлүк кыймылынын бир бөлүгү болуп саналгандыгыбызды эсиңиздерден чыгарбагыла.
Шилтемелер
Хафкин Дж. Нэнси жана Соня Джордж, “Киргиле жана эртерээк киргиле: аялдардын МКТ долбоорлоруна катышуусуна кепилдик”, Аялдар аракетте, 2/2002 “Аялдар жана коммуникация” басылмасында, Isis International, Манила.
Дженис Бродман жана Амбика Капур, “Аялдар жана телеборборлор”, Дүйнөнүн телеборборлор басылмасында, Телекоммуникациялардын бүткүл дүйнөлүк союзу, чыгарылууга пландалууда.
Анриэтт Эстэрхаузэн, Түштүк Африка Республикасында жашайт жана Прогрессивдүү байланыш ассоциациясында иштейт. E-mail: *****@***org |

Маалымат булактары жана медиа - мазмун |
Джекки Дэвис,
Фредерик Норонха
жана Дженнингс

Бул бапта
· Маалыматтын түрдүү формалары жана булактары |
· Автордук укук проблемалары |
· Булактардын окшоштугу |
· Өздүк маалыматты топтоо жана алмашуу |
Маалымат булактары жана медиа-мазмун |
Cиздердин жамааттын маалыматтык муктаждыктарына баа берүүгө жараша сиздерге туура диета болгон жашоо стилинен тартып түшүмдү же эненин жана баланын ден соолугун жакшыртканга чейин түрдүү темаларга, ошондой эле балдарга келечекте билим берүүгө маалыматтар керек болот.
ЖМБ жамааттын талаптарын канааттандыруу үчүн артыкчылыктуу муктаждарды аныктап, андан кийин түрдүү маалымат булактарын табышы керек. Алгач ишенимдүү маалымат булактарына жетүүнү камсыз кылуу зарыл.
Маалыматтык булактар өздөрүнүн формасы боюнча түрдүү болот: басма сөз, электрондук почта, Интернет, радио жана телеберүү; салттуу, телефон менен же жеке баарлашуу. Ар бир чөйрөнүн өзгөчөлүгү жана кемчилиги бар жана сиздер ар бир мүмкүнчүлүктү өз кызыкчылыгыңыздарда колдоно аласыздар.
Басма, радио, телеберүү, аудио жана видео булактар абдан кеңири жана түрдүү, алардын ар бири жөнүндө бүтүндөй китеп жазып чыкса болот. Бул глава сиздерди маалыматтар булактарын классификациялоого даярдап жатат, аны сиздер өзүңүздөрдүн ЖМБ үчүн кызыкчылык туудурган белгилүү бир темалар үчүн кийинчерээк изилдей аласыздар. Кийинки бөлүмдөр булактарга, мүмкүн болушунча акысыз кантип жетсе боло тургандыгын түшүнүүгө жардам берет.
Басмада жеткиликтүү маалымат
Басма маалыматы абдан кеңири жайылтылат жана көптөгөн формада болот, мисалга алсак, китептер, гезиттер, журналдар, кол жазмалар, карталар, колдонмолор, схемалар ж. б. Басма материалдар көптөгөн маалыматты сунуштайт жана окурмандарга кызыкчылык туудурган темаларды изилдөөгө, үйрөнүүгө, түшүнүүгө мүмкүндүк берет. ЖМБнын иши маалымат менен алмашуу жана радио берүүлөрдө маалыматтын сапатын жогорулатуу каражаты катары басма материалдарга жараша болот.
Сиздер жалпы окуп чыгуу үчүн дисплейге бир же эки гезитти чыгаруу аркылуу бир аз эле баага өзүңүздөрдүн ЖМБны тейлөөнү камсыз кыла аласыздар (айрым борборлордо аларды таанышып чыгуу үчүн дубалга жайгаштырышат). Айрым ЖМБлар алардын каражаттарын колдонуучу жергиликтүү журналисттер тарабынан даярдалган гезиттерди жамаатка беришет.
Сиздердин ЖМБ жалпы окуп чыгуу үчүн бир же эки жергиликтүү гезитти илип, абдан төмөн баада кошумча кызмат көрсөтө алат (айрым борборлордо аларды дубалга кнопка менен карматып, андан кийин жаңы сандарына алмаштырып турат). Айрым ЖМБларда Борбордун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен жергиликтүү журналист тарабынан даярдалган жамааттын гезити илинет.
|
Айрыкча акысыз жаңы булактардын тизмесин иштеп чыгууну баштагыла. Ушул тизмелерге төмөнкүлөрдү кошууга кызматкерлерге дем бергиле: • сиздердин ЖМБга жана жамаатка жеткиликтүү темалар боюнча китептердин тизмеси; • басып чыгаруучулардын тизмеси; • сиздердин өлкөдөгү китеп сатуучулар; • журналдардын тизмеси; • маалыматтык бюллетендердин тизмеси – жергиликтүү, улуттук жана эл аралык; • басма материалдарынын башка булактары. |
Сиздер муну кантип алсаңыздар болот?
Бул сиздердин муктаждыктарга жана сиздер жеткен кызмат көрсөтүүлөргө жараша болот. Эгерде жергиликтүү же райондук китепкана болсо, анда китепканачы сиздерге зарыл китептер жана журналдар тууралуу айтат жана дүйнөнүн түрдүү мекемелериндеги жана университеттериндеги белгиленген бир материалдарды Интернеттен издөөнү да сунуштайт.
Сиздер китеп сатуучудан каталогду салып жиберүүнү сурасаңыздар болот, ал заказ кылуу үчүн керек. Ошондой эле сиздер басып чыгаруучунун өзүнө жазылсаңыздар болот.
Көпчүлүк уюмдар пайдалуу жана зарыл маалыматтарды камтыган маалыматтык бюллетендерди басып чыгарат. Сиздер түрдүү уюмдардан өзүңүздөрдү адресаттардын бөлүштүрүүчү тизмесине киргизүүнү суратып жана көчүрмөлөрдү акысыз алсаңыздар болот.
Бул сиздердин жамааттын ичинде көңүл бурууга татыктуу болгон басма маалыматтарын изилдөө булактары. Сиздердин жамаатты же топту өнүктүрүүгө байланыштуу документтер, каттар жана кол жазмалар сиздердин ЖМБ үчүн баалуу ресурс болушу мүмкүн.
Сиздер эмне үчүн төлөшүңүздөр керек?
Басып чыгаруучуда же китеп сатуучуда жасалган каалаган заказ төлөнүүгө тийиш. Китептерге жазылууга жана заказ кылууга чыгымдарды пландагыла.
Акысыз жетүү
Китептер жана журналдар кымбат, бирок кээде сиздер аларды Интернеттен же басып чыгаруучулардын өздөрү менен сүйлөшүп, акысыз алсаңыздар болот. Айрым басып чыгаруучулар кээ бир коммерциялык эмес уюмдардын маалымат берүү китептерин акысыз жарыялоону сунуштайт. Акысыз жарыялоону суроодон уялбаңыздар – сурабасаңыздар эч нерсе билбей каласыздар!
Басма маалыматы электрондук почта жана Интернет аркылуу
Интернетте табылган тармактык веб-түйүндөр, документтер, беттер же сайттар жөнөкөй же өтө оордой болушу мүмкүн. Мунун жарым-жартылайы “дүйнөлүк желенин” (WWW) зор өлчөмүнүн айынан болот, ал азыркы мезгилде 3 миллиарддай документти камтыйт. Бул WWW бир да стандарттык мазмунга ээ болбогондуктан да болуп жатат. Китепти табуу үчүн стандарттык аталыштарды колдонсо боло турган китепканадагы каталогдордон айырмаланып, сиздер Интернеттен маалыматты издөөдө сайттардын беттеринде кандай сөздөр болоору тууралуу дайыма ойлоносуздар.
Интернетте чыгарылган материалдар | Басып чыгарылган маалымат Интернетте табылышы мүмкүн | ЖМБдагы радио берүүлөрдө жана маалыматтык материалдарда колдонуу мүмкүнчүлүгү |
Электрондук китептер | Интернеттен жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү китептер, акысыз жана акы төлөмө. | Жүктөп алса / басып чыгарса болот |
Журналдар | Интернеттен жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү журналдар, акысыз жана акы төлөмө | Жүктөп алса / басып чыгарса болот |
Гезиттер | Бүткүл дүйнө гезиттери | Интерактивдүү окуу (негизинен акысыз), басып чыгаруу жана архивден издөө (көп учурда акы төлөмө) үчүн жеткиликтүү |
Интернеттин веб-түйүндөрү көп учурда байланышты же порталды камсыз кылат, ал кошумча маалыматты камтыган, сиздерге керектүү сайтты табат. Google, Yahoo, Lycos сыяктуу издөө системалары керектүү маалыматтар бар сайттарды издөөгө жардам берет.
Сиздер муну кантип алсаңыздар болот?
Маалыматты кайдан алууну билүү көп учурда оор болот. Сиздердин биринчи кадам веб-түйүндөр жөнүндө маалыматтарды топтогон порталдардан башталууга тийиш – бул байланышты өнүктүрүү үчүн мыкты каражаттардын бири - minit. org демилгелүү байланышы, бүткүл дүйнөнүн гезиттерин жарыялаган жакшы сайттар да бар. Башкалар – Дүйнөлүк Банктын дүйнөлүк порталдары жана БУУнун сайттары.
Порталдар сиздерге түрдүү уюмдардын веб-түйүндөрүнүн маалыматтар базасында издөө үчүн мүмкүндүк берет, мисалы One World (www. ) деген портал бүткүл дүйнөдөгү 2 000 ден ашуун өкмөттүк эмес уюмдар менен байланышкан маалыматтын маанилүү булагы. Ал адам укуктары, ошондой эле өлкөлөр жана тилдер жөнүндө 80 теманы камтыйт.
Интерактивдүү окуу үчүн да, ошондой эле жүктөө үчүн да жеткиликтүү болуп саналган виртуалдуу китептердин жана журналдардын саны барган сайын көбөйүүдө, бул жөнүндө дайыма эле биле берүү мүмкүн эмес. Демилгелүү байланыштарда жарыялоолорго айрым шилтемелер бар.
Сиздер керектүү маалыматты бере турган веб-түйүндү табаар замат, сиздер аны басып чыгарып же өзүңүздөрдүн компьютерде сактай аласыздар.
Электрондук почтанын тизмелери – сиздер эмнени сүйлөй турганыңыздарды алуу жана жиберүү үчүн маалыматтар менен алмашуу үчүн дагы бир күчтүү каражат. Сиздер өзүңүздөрдүн ЖМБ үчүн маалыматты алуу жана таратуу үчүн e-mail акысыз дарегин ача аласыздар, мисалы Yahooдо же Hotmailда.
Электрондук почта менен алынган текст мазмуну | Түздөн түз сиздин почта кутучаңызга келип түшкөн маалымат | Радиопостановкаларда жана ЖМБ аркылуу таркатууда колдонуу мүмкүнчүлүгү |
Малымат бюллетендери | Ар кандай маалымат баракчалары | Жазылуу, басып чыгаруу |
Жаңылыктарды таркатуу | Радиодон окула турган жана маалымат үчүн сактала турган бюллетендер, | Жазылуу, басып чыгаруу |
Телеконференциялар жана таркатуу сервери | Сиз бириге турган маалымат таркатуу топтору | Жазылуу |
Бул басма маалыматынын түрлөрү сиздердин компьютерге жүктөлүп же сиздердин e-mail даректен басып чыгарылышы мүмкүн. Сиздер электрондук почтаны колдонуп, интерактивдүү талкууга жардам бере аласыздар.
Сиздер муну кантип алсаңыздар болот?
Алгач e-mail даректи ачыңыздар. Андан кийин сиздер жазыла турган тиешелүү материалды табуу үчүн издөө системаларын жана порталдарды издөө зарыл. Ошондой эле сиздин атыңыз жөнүндө суроо-талап жөнөтүңүз, ал сиздердин ЖМБга зарыл болгон материалды тараткан сервердин тизмесине киргизилет.
Жаңылыктарды таратуулар журналисттер үчүн ылайыкталган жана белгиленген бир проблемалар боюнча жаңылыктарды таратышат, алар түз эфирде окулушу мүмкүн. AMARC түрдүү темадагы жаңылыктарды таратуучу маалыматтык агенттикти уюштурган. Жаңылыктарды таратуу кызмат көрсөтүүсү бар экендигин билүү үчүн сиздерге кызыктуу болгон уюмдар менен байланышка чыгыңыздар.
Сиздер маалыматтык бюллетенди тапкандан кийин, сиздер үзгүлтүксүз алып турууну каалаган жаңылыктарды таратууларга же теле конференцияларга, адатта акысыз түрдө жазыла аласыздар. Болгону экрандагы инструкцияларды аткаруу керек; көп учурда бул аларга “жазылуу” деген сөз менен электрондук катты жиберүүнү билдирет.
Акысыз жетүү
Көпчүл маалыматтык бюллетендер акысыз жана дээрлик ар бир почта тизмеси жана теле конференция дагы акысыз. Таратуу кызмат көрсөтүүсү акысыз же акы төлөнө тургандыгын билиңиздер, анткени бул сиздер радиодо колдоно турган нерсе.
Радио, телеберүү, аудио-видеоматериал
Аудио жана телевизиондук программалар | Угуу жана көрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр | Угуу жана кайра берүү үчүн мүмкүнчүлүктөр |
Радио жана телевизиондук программалар | Станциялардын бир жумага/бир айга тизмеси | Гезиттерге басып чыгарылган жана интерактивдүү жеткиликтүү |
Аудио жана телекөрсөтүүлөр | Түз эфирдеги адаттагы берүүлөр FM, МВТ, AM жыштыктары жана спутник байланышын талап кылат | Берүүнү жаздыруу үчүн кассеталык декасы бар радиону же видеомагнитофону бар телевизорду талап кылат. Кайра берээрден мурда автордук укугун текшериңиздер |
Радио, аудио кассеталык, CD, видео же DVD программалар | Көп учурда өкмөттүк эмес уюмдардан же эл аралык журналисттерден, кээде басма комментарийлер менен. | Почта аркылуу алуу үчүн заказ же жазылуу. Кайра берүү үчүн автордук укугун текшериңиздер. |
Муну кантип алса болот?
Жергиликтүү контекстке жараша сиздер радио менен көрсөтүүчү программалардын көчүрмөлөрүн заказ кылуу, басманын материалдарын заказ кылгандай оңой эмес экендигин биле аласыздар. Эгерде сиздер радио же телеберүүдө көрсөтүлгөн программанын көчүрмөсүн алгыңыздар келсе, сиздер бул көрсөтүү качан болгондугу жөнүндө белги коюп, андан кийин журналистке байланышка чыгып, сиздерге көчүрмөсүн салып жиберүүнү сурасаңыздар болот. Көп учурда бул кызмат көрсөтүү акы төлөөнү талап кылат. Ушундай эле процедура кайрадан көрсөтүлгөн программаларга да тиешелүү. Материалды алганда сиздерден почталык чыгымдарды төлөөнү сурашы мүмкүн – бул дагы бир сиздердин бюджетти ойлондуруучу иш.
Акысыз жетүү
Көп учурда эл аралык журналисттер жана эл аралык уюмдар сиздердин акысыз булактар боюнча суроо-талабыңыздарды кабыл алышат, анткени алар өздөрүнүн программаларын колдон келишинче кеңири жайылтууга кызыкдар. Өзүңүздөрдүн өлкөдө өкмөттүк эмес уюмдар сыяктуу улуттук же жергиликтүү булактар тарабынан чыгарылган маалыматтар жөнүндө билиңиздер жана андан кийин алар менен байланышыңыздар.
Маалыматты компакт-дискте алуу жана алмашуу
Компакт-диск зор көлөмдөгү маалыматты алып жүрөт. Көптөгөн уюмдар үчүн – коммерциялык жана коммерциялык эмес – бул сиздерге маалымат берүүнүн пайдалуу ыкмасы.
Компакт-дисктин артыкчылыгы – сиздер маалыматты өзүңүздөргө ыңгайлуу болгон учурда тез жана натыйжалуу карасаңыздар болот. Ал түрдүү ыкмалар менен көпчүлүк текстти жана сүрөттөрдү көрүүгө мүмкүндүк берет жана сиздерге бир катар инновациялык жана интерактивдүү мүмкүнчүлүк берет; компакт-дисктерди түзүү бул китепте кароонун предмети болуп саналбайт, бирок окурмандын көңүлүн жарыялоолорго бурса болот. Мисалы, Mind Mapping (ЮНЕСКО, 2002) же The Multi Media Training Kit (www. ItrainOnline. org).
Компакт-дискте жеткиликтүү болгон интерактивдүү текст жана жөнөкөй көз менен көрүү | Аларды кайдан тапса болот |
Компакт-дискте маалымат берүүчү китептердин бүтүндөй китепканасы жеткиликтүү болушу мүмкүн | басып чыгаруучудан суроо |
Өнүктүрүү темасындагы маалымат | уюмдардан суроо |
Окутуучу материалдар жана өз алдынча окуу курстары окутуучу | уюмдардан суроо |
Бир катар материалдарды, айрыкча саламаттык сактоо, билим берүү жана өнүктүрүү проблемалары тууралуу, чыгаруучулар акысыз берет.
Маалыматты кантип компакт-дискте алып жана алмашса болот? Санариптик китепканалык коллекцияларды түзүү жана бөлүштүрүү үчүн программалык камсыз кылуунун комплекттери бар, алар колдонуучуларга өзүнүн санариптик китепканаларын түзүүгө багытталган жана “уруксат берет”. Бул текстти түзүүнүн жана CDде же Интернетте чыгаруу үчүн аны электрондук форматта көрсөтүүнүн күчтүү ыкмасын камсыз кылат. Тармактын салттуу форматынын алдындагы башкы артыкчылыгы – маалыматты кысуу жана каталог сыяктуу толук тексттик жана китепканалык издөө. Бул комплекттер Вайкато Университетинин санариптик китепканаларынын Жаңы Зеландия долбоору тарабынан чыгарылат, ЮНЕСКО жана Human info өкмөттүк эмес уюму менен кызматташтыкта иштелип чыккан жана берилет. Бул GNU Ачык лицензиясына ылайык чыгарылган көп тилдүү программалык камсыз кылуунун ачык булагы. (Караңыз: http://www. greenstone. org/english/home. html). |
Компакт-дисктерди колдонуу менен сабаттуу болууга окутуу
Компакт-диск анимацияланган графиканы колдонгон жана өзүнчө сөздөр кантип кошулгандыгын түшүндүрүү, түрдүү сөздөрдүн түзүмүн жана маанисин берүү үчүн комментарийлерди жана окутуу процессинде жардам берүү үчүн персонаждарды колдонгон. Сабактар түрдүү тилге жана тил ичиндеги айырмалыктарга ылайыкташтырылган. Алар окууга багытталган жана баамдоо, тил жана баарлашуу теорияларына негизденген. Комментарийлер сабакты жакшы түшүнүүгө жардам берет, ал эми кайталоо өтүлгөн материалдарды бекемдейт. Мультимедиа форматы жеке окутуучулардын карамагында калуунун ордуна, сөздөрдү/символдорду кандай түрдө айтыш керек болсо, дал ошондой айтууга кепилдик берет. Бул өзгөчө тил үйрөнүүдө пайдалуу (Индиянын түштүгүндөгү тамиль тили сыяктуу), кээде бир эле символдор учурга жараша башкача түшүнүк берет. http://www. /how_it_works. htm. |
Аудио-видео маалыматтарга интерактивдүү жетүү
|
Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 |



Индияда Tata Consultancy Services программалык камсыз кылууну иштеп чыгуу боюнча компания квалификациялуу окутуучу жок болгон учурда да сабатсыз чоң кишилерди окуу жана жазуу көндүмдөрүнө үйрөтүү үчүн компакт-диск түзгөн.