Жобонун мазмуну максат-ниет жөнүндө жарыяланган билдирүүдөгү максаттарга кызмат кылышы керектигин унутпагыла.

Ян Прингл


3-тиркеме

Ува ЖМБнын МК-клубу жөнүндө жобо

Шри-Ланка

Максаты

•  Ува жамаатынын билим коомунун мүчөлөрүнүн жана радио угармандарынын кызыкчылыгында МКТ каражаттарын колдоо.

•  Заманбап МКТ колдонуу менен коомчулукка маалымат берип туруу.

•  Коомчулукту МКТ заманбап каражаттарын колдонууга үйрөтүү.

•  Интернет үчүн программаларды долборлоо, уюштуруу жана түзүү, Интернетте пайдалануу.

•  МКТ борборлорун түзүү жана колдоого алуу.

•  Коомчулуктун мультимедиа борборлорун колдоо үчүн фонддорду түзүү.

•  Борборлорду өнүктүрүү жана тейлөө фонддорун түзүүгө программаларды иштеп чыгуу.

•  Мүчөлөр үчүн кайрымдуулук иш чараларын уюштуруу

•  Билим коомун чыңдоо.

Жетектөөчү органдар

•  Борбордун бардык жумуштары менеджердин жана Ува жамааттык радиосунун макулдугу менен жүргүзүлөт.

•  Борборлорду туруктуу өнүктүрүү фонддорун ачуу жана иштетүү.

•  Борбордун ишмердиги үчүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк сатып алуу, ижарага алуу, сатуу.

•  Жергиликтүү жана чет элдик инвесторлордон гранттарды жана каражаттарды алуу.

•  МКТга окутууну акы төлөп уюштуруу же акысыз уюштуруу.

•  Иш орундарын түзүү боюнча долбоорлорду уюштуруу.

•  Борборго мүчөлүккө сунуштоо, жоюу жана баш тартуу.

•  Ассоциативдүү мүчөлөрдү тартуу боюнча программа түзүү

•  Банкта эсеп ачып аны иштетүү.

•  Бул иш чаралардын баардыгы Ува радио жамаатынын башкаруучусунун макулдугу менен жүргүзүлөт.

Мүчөлүк

•  Ува радиосунун жамаатынын билим коомунун бардык мүчөлөрү ИК колдонуучулар клубуна мүчө боло алышат, ал үчүн мүчөлүк билетти толтуруу зарыл.

•  Мүчөлөр ИК колдонуучулар клубунун максаты менен жобосун карманып, аткарышы зарыл.

•  Ува радиосунун менеджерлери добуш берүү укугусуз ассоциативдүү мүчө болууга укугу бар.

Уюштуруу иштери

•  Жалпы Кеңеш жогорку орган болуп саналат, ага башкаруу комитетинин орто жердеги чечимдерин кабыл алуу укугу берилет.

•  Башкаруу комитети клубдарды биринчи он эки айда башкарат.

•  Бул убакыттын аягында жалпы жыйын чакырылып, анда башкаруу кеңешинин жаңы мүчөлөрү шайланат.

Комитеттин структурасы

•  Ува жамааттык радиосунун менеджери же өкүлү.

•  ИК колдонуучулар клубунун президенти.

•  Катчы.

•  Вице-президент.

•  Катчынын жардамчысы.

•  Казначей.

•  Билим берүү иштери боюнча катчынын жардамчылары:

-  Кайрымдуулук иш чараларын өткөрүү боюнча;

-  Реклама иштери боюнча;

-  Өнүгүү иштери боюнча;

-  Жамааттык кызматтар боюнча.

•  МК мини-борбордон бир өкүл.

Эрежеден сырткары: Жирадурукотте клубу – Жирадурукотте жамаатынын радиосунун борборунун менеджери же кандидаты комитет курамына киргизилет.

Башкаруу комитетинин милдеттери

•  ИК колдонуучулар клубунун катчысы комитеттин катчысы болуп саналат.

•  ИК колдонуучулар клубунун президенти комитеттин президенти болуп саналат.

•  Стратегиялык план түзүп иштеп чыккыла, макулдашкыла. Аны комитет менен менеджер ишке ашырат. Бул документте борбордун он эки айлык ишмердигинин максаты көрсөтүлөт.

•  Борбор ушул максаттарга ылайык каржылык милдеттерин, өнүктүрүү программасын жана жарыяланган кызмат көрсөтүүлөрүн аткарып жатабы, бул ай сайын бааланып турат,

•  Борбордун саясатын жана эрежесин иштеп чыгуу.

•  Ишке ашырылып жаткан программаларды жана кызматтарды керектөөчүлөрдү издөө.

•  Борборлордун каржылык кудуретин чыңдоо.

•  Борбордун ишмердигинин жана иш чараларынын маркетинги. Бул ишти башкаруучу аткарат, бирок борбордун ишинин бүткөн натыйжаларына комитет жооп берет.

•  Комитет клубдун күндөлүк ишин жүргүзүүгө Генералдык ассамблея тарабынан ыйгарым укуктарга ээ болот.


4-тиркеме

Жамааттык радионун үч күндүк курсунун мазмуну.

Окуу программасы

Окуунун максаты

НЕ нашли? Не то? Что вы ищете?

Узактыгы 5-10 мүнөт турган студиядан берилүүчү үч же төрт программаны даярдоо.

Даярдоо процессинде катышуучулар ар кандай маселелерди чечүү усулдары менен таанышат. Программаларды биротоло иштеп чыгуу үчүн редакторлук иш жүргүзүү керек болуп калышы мүмкүн. Эгерде биринчи эле иштери эфирге чыкса стажерлер сыймыктанып жана активдүү боло башташат.

1-күн

10.00–Катышуучуларды тааныштыруу, программаны жана инструкторду жарыялоо.

10.30 – Радио журналистикага киришүү

11.00 – Радиоэфирдин демократизациясы

12.00 – Жамааттык радио, структурасы, жамааттын катышуусу ж. б.

01.00 – Түшкү тамакка тыныгуу

02.00 – Программанын форматын түзүү, форматты иштеп чыгуу жана аракеттер планы.

03.00 – Топторго бөлүнүп иштөө: Программанын форматын жана планын иштеп чыгуу (топто 3-4 адам)

04.00 – Радио берүүлөрдин текстин даярдоо

05.00 – Тексти даярдоо жана окуу боюнча көнүгүүлөр.

2-күн

1-топ (максимум 6 адам) 2-топ

10.00 – Студиядагы иш Диктофон менен иштөө

11.30 – Микрофон менен иштөө Студиядагы иш

01.00– Түшкү тамакка тыныгуу

02.00– Интервьюну кантип алат?

04.00 – Программа үчүн интервью алууга даярдык жана жүргүзүү

05.00 - Музыка, Үн эффектилери, микрофон, программалар үчүн папкалар

3-күн

04.00 – Программа үчүн интервью алууга даярдык жана жүргүзүү

05.00 - Музыка, Үн эффектилери, микрофон, программалар үчүн папкалар

10.00 – Минис-дискет редактирлөө, жазууга даярдык

11.00 – Студиядагы жазып алуу (Ар бир топко - 60-90 мин)

01.00 – Түшкү тамакка тыныгуу

02.00 – Студиядагы жазуу, эң акыркы редактирлөө.

03.30 - Программаны угуп көрүү жана баалоо

05.30 – Окуунун жыйынтыгын чыгаруу

Даярдаган Бьянкой Мильоретто

5-тиркеме

Жамаат радиосунда бардык тараптуу окуу

Үч жуманын ичиндеги күн сайын окуу таңкы 10.00 дөн кечки 18:00 гө чейин.

Бул окуу радиостанцияда жардамчы жана ыктыярчы болуп иштеп жүргөн жамаат мүчөлөрүнө эсептелген. Окуунун максаты анын катышуучулары тарабынан жергиликтүү проблемалар боюнча жергиликтүү өнөктөр менен интервью формасында узактыгы 10-15 минут келген берүүлөрдү даярдоо. Окуунун экинчи бөлүгү 10-15 минуттук окуу радиодрамасына арналган. Иш топтордо жүргүзүлөт.

Окуу аяктагандан кийин стажерлор өздөрүнүн ыкмаларын өркүндөтүп, жамааттык радионун берүүлөрүн даярдаганга даяр болушу керек.

Курстун мазмуну катышуучулардын керектөөсүнө жараша өзгөрүп турушу мүмкүн. Көбүрөөк убакыт жамаат радиостанциясынын структурасы менен иштөө принцибин окуп үйрөнүүгө жумшалса болот. Азыраак убакыт программаларды даярдоо процессине бөлүнүшү мүмкүн; Же тескерисинче.

Сунушталган жадыбал

1-Апта:

Жамаат радиосу жана радиоформат деген эмне

Дүйшөмбү

Радио – эң жеткиликтүү маалымат жана байланыш технологиясы

Таңкы

Катышуучулар, инструкторлор жана программалар менен таанышуу

Радио массалык маалымат каражаты катары: артыкчылыктары жана кемчиликтери

Радио – ар түрдүүлүк жана жамаат радиосунун концепциясы

Күндүз

Программаны форматы, радионун ар кандай сегменттери

Программанын форматын жана планын тайпаларда даярдоо

Шейшемби

Журналисттик этика

Таңкы

Журналистикада бийлик органдары менен мамиле

Гендердик тематика боюнча радиопрограммалар

Күндүз

Радиостудиядагы иш, берүүнүн өзгөчөлүгү

Шаршемби

Изилдөө иштери

Таңкы

Радио үчүн изилдөө иштери

Күндүз

Программа даярдоонун өзгөчөлүктөрүн изилдөө

Бейшемби

Интервью алуу

Таңкы

Кантип интервью алуу керек

Күндүз

Өнөктөштөр менен интервью

Угуу жана интервьюнун анализи

Жума

Микрофон папкасын даярдоо

Таңкы

Микрофон папкасынын үстүнөн иштөө

Күндүз

Берүүлөрдү жазуу жана иштөө

2-Апта:

Алдын ала даярдануу жана оперативдүү берүү

Дүйшөмбү

Редактирлөө

Таңкы

Мини-дискетте, кассетада жана компьютере редактирлөө, кассетада же компьютерде редактирлөө.

Күндүз

Берүүнүн үстүндө иштөө, интервью, музыка жана үн эффектилерин тандоо.

Сценарийлерди даярдоо, студиядагы жазуу

Шейшемби

Программа даярдоо

Таңкы

Студиядагы жана компьютердеги иш

Күндүз

Топторго бөлүнүп угуу жана керектүү оңдоолорду киргизүү

Шаршемби

Жыйынтыгын чыгаруу

таңкы

Программаларды угуу жана талкуулоо

Күндүз

Жергиликтүү коммерциялык же мамлекеттик радиостанцияны барып көрүп келүү

Бейшемби

Алып баруучунун милдеттерин ачык талкууга алуу жана оперативдүү аткаруу

Таңкы

Коомдук талкуу жана оперативдүү программа жүргүзүү

Күндүз

Коомду талкуу программасын жазуу

Программаны угуу жана аны талдоо

Жума

Партиципативдик радио

Таңкы

Партиципативдик радио, жамаат менен иштөө.

Күндүз

Болочоктогу партиципативдүү берүүлөрдү пландоо

3-апта

Радиодрама жана ыктыярчыларды окутуу

Дүйшөмбү

Радиодрама

Таңкы

Драмалык берүүлөрдү даярдоо боюнча киришүү курсу

Күндүз

Радиодраманын концепциясын топтордо иштеп чыгуу

Шейшемби

Даярдоо

Таңкы

Топторго бөлүнүп радиодрамаларды даярдоо

День

Радиодрамаларды редактирлөө

Шаршемби

Жыйынтыгын чыгаруу

Таңкы

Радиодраманы даярдоону аяктоо

Күндүз

Радиодрамаларды угуу, аны жакшыртуу жолдорун талкуулоо

Бейшемби

Жамааттын базасында окутуу

Таңкы

Жамаат радиосунун базасында кантип окутуу керек

Күндүз

Жамаат радиосунун базасында окутуунун концептуализациясы

Жума

Иш жыйынтыгын чыгаруу

Таңкы

Концепцияларды сунуштоо жана талкуулоо

Күндүз

Окутуунун жыйынтыгын чыгаруу

Күбөлүктөрдү тапшыруу жана майрамдоо

Даярдаган Бьянкой Мильоретто

Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16