www. OneWorld улуттук жана глобалдуу кампаниялар боюнча маалыматтар жана байланыш үчүн.

Издөөдөн (Интернеттен) мурда эмнени билүү зарыл http://www. lib. berke-ley. edu/TeachingLib/Guides/internet/ThingsToKnow. html

Мультимедианы картага түшүрүү № 2: Эскерүүлөр жана күтүлбөгөндүктөр, ЮНЕСКО, Таиланд, 2002.

Мультимедиа окуу комплекти http://www. itrainonline. org/itrainonline/mmtk/index. shtml

www. interworldradio. org дүйнөлүк радиосу

AMARC www. amarc. org

OneWorld www. /tv телеберүүсү жана www. /radio радиосу

Indymedia www. indymedia. org

Би-Би-Си www. bbc. co. uk

ЮНИСЕФ www. unicef. org

БУУ эл аралык күндөрү http://www. unesco. org/general/eng/infoserv/db/days. shtml

Джекки Дэвис, OneWorld International радиоменеджери, Улуу Британия

E-mail: jackie.*****@***net

Фредерик Норонха, Индиянын эркин журналисти Интернетке жана маалыматтык технологияларга жетүүгө көмөктөшүүчү bytesforall. org ыктыярдуу бирикмесинин тең-түзүүчүсү

E-mail: *****@***org

Венус Э. Дженнингс, телеберүүнүн мурдагы журналисти жана өнүктүрүү программасынын кызматкери, ЮНЕСКОнун Байланышты өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн Африка маселелери боюнча референт

E-mail: v. *****@***org


ЖМБнын туруктуу өнүгүшү

Альфонсо Гумичио-Дагрон

жана Изекииль Дламини

Бул бапта

1-бөлүк

·  Туруктуу өнүгүүнүн үч тараптуу негизи

·  Социалдык, уюштуруучулук, каржылык

2-бөлүк

·  ЖМБнын бизнес моделдери

·  Өнүгүү стратегиялары

·  Бизнес-планды иштеп чыгуу

·  Каражат топтоо

Туруктуулук – узакка созулган социалдык өзгөрүүлөрдү жана орто-узак мөөнөттүү каржылоо маселелерин караган кеңири тема. Бул бап эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүктө социалдык, уюштуруучулук жана каржылык туруктуулук маселелери каралат. Бул жерде ЖМБ уюштурууда кереги тие турган мисалдар бар. Экинчи бөлүктө сиз ЖМБнын жашоого жарактуу кылган каржылоо моделин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берген практикалык кеңештерди таба аласыз. Анда ошондой эле бизнес-план түзүүнүн кадамдап жасала турган инструкциясы бар.


1-бөлүк

ЖМБнын туруктуулугу жана жамааттын мультимедиасы

Долбоорлор жашап кетүүгө жарактуу болуш үчүн алар донорлордун биринчи эки же үч жылдык каржылоосун алып күчтөнүп алып, ошондон кийин гана өнүгүп кетүү жолуна түшөт. Келгиле туруктуулуктун татаал проблемасын кеңири ачып карап көрөлү, бул жерде каржылык автономия жөнүндө эле болуп жаткан жок. Көп элементтердин ичинен бирөө эле жамааттагы өзгөртүүлөргө алып келет.

Туруктуулуктун үч маанилүү негизи

Эгер экономикалык туруктуулук ЖМБнын негизги максаты болсо, бул көңүл тынчытпайт эле. Жамааттын радиостанциясы эгер анын музыкалык эфири бир күн кечке жаштардын көңүлүн ачып турса, пайдалуу болмок. Айылдагы телеборбор телефондук жана факсимилдик кызматтарды аткарып турса эле материалдык жактан көз каранды болмок эмес. Бирок туруктуулук абалга жетиш үчүн биз өзүбүздөн сурашыбыз керек: борбордогу экономикалык жетишкендик жамааттагы социалдык жана экономикалык өзгөрүүлөргө кандай таасир көрсөтө алат?

Жамааттын пландоо жана ишке ашыруу процессине толук катышуусунун мааниси кеңири таанылган. Ошондуктан туруктуулук бир эле фонддорго негизделбейт. Чындыгында, туруктуулук социалдык, уюштуруучулук жана каржылык кудуреттерден көз каранды болот. 1-Диаграмманы караңыз.

1-Диаграмма.

Каржылоо бир маанилүү керектөөнү канааттандырды дейли, бирок социумдун баш көтөрүп ишке тартылышын, ички демократия менен эффективдүү уюштурууну кантип камсыз кылуу керек? Келгиле ушул компоненттерди чечмелеп карап көрөлү.

Социалдык туруктуулук

Социалдык компонент ЖМБнын туруктуулугун пландаштырууда негизгиси болуп саналат. Андан сырткары, ал бардык деңгээлде жана бардык убакта уюштуруучулуктун маанисин баса белгилейт. Жамааттын медиа-кызматтары түзүү, колдонуу жана жашоо максатында ар кандай формада - радио, театр, Интернет, телефон же видео – жамааттын катышуусуна муктаж.

НЕ нашли? Не то? Что вы ищете?

Социалдык туруктуулукка жетишүүнүн үч негизги шарты бар:

•  телекоммуникациялык процесстердин баарын жамааттын менчигине которуу;

•  жергиликтүү мазмунду өнүктүрүү;

•  тилдик жана маданий релевантуулук.

Коммуникация процессине социалдык катышуу жамааттагы мультимедиянын туруктуулугунун негизги элементи болуп саналат. Бул инфраструктура менен жабдууларга да менчик укугун алууну карайт, бирок ал эле эмес. Катышуу концепциясы кыйла эле кенен: бул чечим кабыл алуу, менеджмент жана техникалык ык-жөндөмдөр, о. э. мүмкүнчүлүккө жараша бардык аппаратура менен жабдууларды менчикке алууну караган бүтүндөй процесс.

ЖМБ менен Интернет-кафенин айырмасы

Негизги радиостанциялардан айырмаланып жамааттын теле борборлорунда байланыш кызматтарына ээ болуу проблемасы али чечиле элек. Алардын көпчүлүгү “долбоор” болуп эсептелет, башкача айтканда өкмөттүн, девелопердик структуралардын жана жеке сектордун демилгелери. Эгер коммерциялык радио менен жамааттын радиосунун айырмасы даана көрүнүп турса, теле борбор менен коммерциялык Интернет-кафенин айырмасы бүдөмүк көрүнөт.

Танзания. Алыстагы бир жамаатта бир нече компьютер коюп берсе эле, жамаат аны сурабаса жана пайдасын көрбөй турса, ал социалдык өнүгүүгө оң таасир берет деп ойлоого болбойт. Айыл жеринде чоң социалдык өнүгүү демилгелеринин бир бөлүгү болмоюнча компьютерлерди коюп бергенден эчтеке чыкпайт.

Компьютерлер, Интернет жана «жергиликтүү тармак» жамаатты өнүктүрүүнүн негизги предмети эмес, анын кошумча аспабы болуп саналат. Жамааттын радиосу менен байланышта болуп интерактивдүү маалымат таратуу үчүн иштебесе компьютерлерден пайда чыкпайт.

Жергиликтүү маалыматты өнүктүрүү

Социалдык туруктуулуктун экинчи шарты – жергиликтүү маалыматты өнүктүрүү. Интернетти өздөштүрүү боюнча эң ийгиликтүү долбоорлор жергиликтүү мазмунда өздөрүнүн чакан тармагын түзүп жатышат.

Сенгеремадагы телеборбордо студенттер компьютерде иштөө чеберчиликтерин өстүрүүдө.

Үчүнчү фактор – тилдик жана маданий релеванттүүлүк. Дүйнөлүк желеде англис тили үстөмдүк кылууда, аны “үчүнчү дүйнө” өлкөлөрүнүн көпчүлүк калкы үйрөнүп жатат. Эгер жергиликтүү тармактагы маалымат жергиликтүү тилдерде иштелип чыкпаса, жергиликтүү маданиятка шайкеш келбесе, мурда катышпай келген жамааттарды катышат деп күтүү болбойт. ЖМБ жаштарды интерактивдүү оюндар жана чаттар менен көңүлүн ачкан кадимки Интернет-кафе болуп калбаш керек. Жергиликтүү жамааттар эгер пайдасын көрбөй турса Интернетти деле пайдаланбай коюшат.

Жамааттын радиостанциясынын ийгилиги ошондой эле жогоруда айтылган шарттар менен байланышкан – жамааттын тили менен маданиятына, керектөөсүнө шайкеш келген, демократиялык процесстерди жеңилдеткен, байланыш процесстерин жакшырткан берүүлөр болууга тийиш.

Уюштуруучулук туруктуулугу

Жамааттык медиа борборлор элге алыныш үчүн он жылдап күрөштү. Латин Америкасы 1950-жылдардан баштап жол чапкан континент, жамааттык радиостанциялар уруксаты жок, көп учурда аскер диктатуралары жана коррупцияланган өкмөттөр менен ачык каршылашуу шартында уюштурулган. Кийин алардын көпчүлүгү октон жана аскерлерден коргогон мыйзамдык укуктарга ээ болушту. Түштүк Африка мындай кырдаалды биринчи “пираттык” станциялар апартеид бийлиги менен ачык каршылашуу шартында уюшулган токсонунчу жылдардын башында баштан кечирди.

Барактагы теле борбор: ал жамааттын менчигинде калып иштеп жатат!

Барака - Дакар проввинциясынын борбору Сенегаладагы чакан жана жакыр район, калкы негизинен Мали, Гвинея, Греция менен байланыштуу болуп калды. Орточо киреше – айына 70 доллар. Бай коншулары анын жашоочуларын көбүнчө остракизмге тартышат. Балким, жамаатты цементтеген негиз болуп саналат. Баракта ал түгүл суу менен электр кубаты да коомдук жайларда турат. Бардык үйлөр бир скважина менен электр линиясын бирге пайдаланылышты.

Бул фонддон караганда Enda Tiers Monde Баракта коомдук теле борбор ачууну чечти. Ал жашоочуларга телефон менен Интернетке жеткирет, ал Интернетке жана МКТ негизденип, окутуп анан жамаат лидерлеринин жолугушчу жери болуп калмакчы.

Аны башкаруу жамааттын менчик мүлк моделине негизделген. Жергиликтүү байкоо комитети телеборбордун

Баракадагы телеборбор, Сенегал.

ишин уюштуруп, каржылоосун жүргүзөт.

Жакында Баракта өрт чыгып, бүтүндөй кыштакты жок кылып кое таштады. Өрт өчүргүчтөрдү чакыруунун жалгыз жолу телеборбордун телефону болуп калды. Бул жамаатты сактап калды.

Башка Африка өлкөлөрү сыяктуу эле, Барактын телеборборунун Интернет менен телефонго төлөгөнгө акчасы жок. Тапкан пайдасы анын жумшаган каражаттарына туура келбейт. Ошого карабастан теле борбор дагы эле иштеп жатат, бирок Барактын жамааты анын маанисин түшүндү, аны жабуу оңой эмес экенин билди.

Алар муну кантип жасашты? Алар муну кантип аткарышты?

Алар теле борбордун эсептерин төлөө үчүн жамааттын суу фондусунун активдүү сальдосун пайдаланышты.

Лорен Элдер,

Батыш Африкалык офистин Африкадагы регионалдык батыш африкалык кызматкери

IDRC (BRACO),

E-mail: *****@***org. sn

Уюштуруучулук туруктуулукка жетишүүнүн негизги маселелери:

Мыйзамдар, жөнгө салуу жана саясат

ЖМБга лицензия алуу керек болгон кээ бир өлкөлөрдө негизги проблема – бул жамааттын менчик укуктары жана ыйгарым укуктары. Эгер жамааттын мультимедиасы чынында эле жамааттын кызыкчылыгын карап, анын үнү болсо, анда алар жакшы келечекке көз караштарды чыңдай турган инструмент болуп калышат. Сиз этият курсту иштеп чыгуу жана ЖМБны башкарууда саясий кызыкчылыктардан качыш үчүн жамаатка үстөмдүк кылган кубаттуу саясий жана экономикалык кызыкчылыктардын сырткы таасирин билишиңиз керек.

Жамааттын менчик укугу

Менчик укугу сиз издеген жол болуп бере алат: эгер сиздин жамаат укуктук жагынан ЖМБга ээлик кыла алса, анда ал сырткы башкаруудан жана цензурадан жакшыраак коргой алат.

Ички демократия, окутуу жана катышуу

ЖМБнын ички динамикасы дагы уюштуруучулук туруктуулугунун коэффициенти болуп саналат. Ички демократия, окутуу жана чечимдерди кабыл алууга, программалаштырууга, мазмунду иштеп чыгууга, башкарууну жана жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө катышуу негиз болуп саналат. Башкаруунун ачык-айкындыгы, кызматкерлердеги жолдошчулук жана тилектештик сезими, жаңы ык-жөндөмдөрдү өздөштүрүү процессинде дайыма болуп турган диалог сиздин ЖМБнын табиятын жана анын туруктуулук негиздери жөнүндө даана түшүнүк берүүгө тийиш.

Максаттуу жана демократиялык структура, менежмент жана көзөмөлдөөчү органдар

Туруктуу институттардын ролу уюштуруучулук туруктуулукка жетишүүдө абдан маанилүү. Ал комитет же колдонуучулар тобу түзгөн эффективдүү, жоопкерчиликтүү, жаңыланып турган башкаруучулар кеңешисиз деле иштей алат.

Уюштуруу структурасынын алкагында милдеттерди даана жана туура бөлүштүрүү дагы негизгилерден болуп саналат. Сиз фонддор, бюджет, каражат жыйноо маселелери боюнча кризистерге жана конфликттерге кез келишиңиз мүмкүн. Эгер милдеттер жана процедуралар даана бөлүштүрүлбөсө, бул туруктуулукка доо кетирет.

Максаттуу технология

Бир катар медиа-долбоорлор чала иштелгендиктен токтоп калат. Социалдык жана маданий шарттарды жетиштүү билбесе, максаттуу эмес технология колдонулганда көп учурда ушундай болот.

Татаал аппарат каражаттары коммуникация процессине тартуу боюнча кадамдарды алмаштыра албайт, ал эми мультимедиялык борбордун жабдуулары өзүнүн кымбат жана эскирип бараткан компьютерлери менен начар пландаштыруунун мисалы болуп саналат.

Каржылык туруктуулук ар кандай жол менен келиши мүмкүн

Коомдук радиого келгенде коомдук төлөмдөр адатта негизги каржы булактары болуп берет. (көп учурда колдонуучулардан лицензияга акы төлөө түрүндө).

Эгер ЖМБ жамаатка реалдуу пайда алып жатса, анда жамаат дагы аны каржылоого алышы керек. Эгер ЖМБ жамааттын социалдык туруктууулугун камсыз кылса, анын ичинде ар кандай кызматтарды көрсөтсө, бул социалдык стабилдүүлүктөн каржылык стабилдешүүгө өтүп кетиши мүмкүн. Саясий жагынан Өкмөт менен коомду ишендирүү өтө маанилүү.

Коомдук каржылоо инфраструктуранын башка элементтерин, мисалы, жолуна да акча карашы мүмкүн. Акырында эгер биз чынында эле информациялык коомдо жашап жаткан болсок, менин оюмча ал коммерсанттар эмес жамаат каржылаган жашоого чыйрак болууга жардам берет.

Брюс Жерар,

Көрүнгөн биримдик:

Радио жана жаңы МКТ: өз ара, байланыштары

директор жана редактор E-mail: *****@***org

Ошондуктан кылдат пландаштырып, жабдууларды эрте алып коюп эле пайдаланбай калуудан качыш керек. Мындай кемчилик олуттуу проблемаларга алып келип, ЖМБнын өмүрүн кыскартып коюшу мүмкүн. Пландаштыруу баскычына келгенде өзүңөргө суроо бергиле. Интернетти иштетүү үчүн телефон линиясын камсыз кылуудан мурун жабдууларга кеткен инвестициянын көлөмү канча? Жабдуулар жөнүндө чечимдер кандай кабыл алынды? Канча компьютер керек экенин ким аныктайт? Булар туруктуулукту пландаштыруунун маанилүү маселелери. Он жылдап топтолгон тажрыйбадан улам теле борборлорду эмес, радиостанцияларды долбоорлоо рационалдуу болуп сезилиши мүмкүн. Бир эле учурда радио жабдуулардын иштөө мөөнөтү узагыраак болот. Кээ бир радиостанциялар жыйырма жыл мурда алынган жабдуулар менен эле иштеп жатат. Теле борбор жаңы рыноктор үчүн күрөшүп жаткан компьютердик жана программалык кампаниялардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн; Мүмкүнчүлүгү болгону беш пайызга эле иштеген кымбат жабдуу алуудан этият болгула. Башында көп ЖМБларга компьютер тексттерди иштегенге жана Интернети бар болсо электрондук почтаны караганга гана керек болот.

Тармактык иштер жана конвергенция

Тармактык иштер жана конвергенциясыз уюштуруучулук туруктуулуктун деңгээлин болжоп билүү барган сайын кыйын болууда; тармактар инвестиция менен чыгымдарды бөлүштүрүп, тажрыйба алмашууга, биргелешкен талдоо иштерине колдоо көрсөтүүдө. Кээ бир каналдарынын автономдуу мүнөзү кемчилик болушу мүмкүн. Филиппиндеги Тамбули радиотармагы иштеп жатат, себеби чоң тармактын бир бөлүгү болгудай күчтүү стимул бар. Жамааттарды өнүктүрүү программалары менен байланышкан теле борборлордун долбоорлору изоляцияда иштеп жаткандарга караганда ийгиликтүү иштегенге көп мүмкүнчүлүгү бар.

Каржылык туруктуулук

Каржылоо, чынында эле маанилүү проблема болуп саналат. Бирок бул жерде көп учурда эске алынбай калып жүргөн бир катар аспектилер бар. Каржылык туруктуулукту берген киреше ЖМБнын жамааттын керектөөсүнө шайкеш сөз эркиндигинин шартында жашоосун билдирет. Каржылык туруктуулуктун жакшы моделдери өзүнүн көз каранды эместигин сактап, жамааттын көз карашына шайкештикти кепилдеш үчүн экономикалык колдоонун ар кандай булактарын бириктире алышты.

«Бизнес-моделдер» жана «каражат жыйноо» бөлүмдөрүн караңыз.

Өкмөттүн колдоосу

ЖМБны талкуулап жатканда өкмөт тараптын жоопкерчилиги менен колдоосун эске алуу ашыкча болбойт. Өкмөттөр көп учурда мультимедиа коомдоруна тилектеш болуп, сабырдуу мамиле кылышат. Мексикадагы жергиликтүү радиостанциялар тармагы – көп жылдар бою заманбап партиципатордук моделге айланган жакшы саясаттын мисалы болуп саналат. Так ушу сыяктуу эле Түштүк Африкада дагы жамааттык радиостанцияларга, теле борборлорго жана ЖМБларга колдоо көрсөтүү саясаты иштелип чыкты.

ЖМБ өнүгүү маселелеринде белгилүү бир социалдык жана маданий ролду ойношуп, билим берүү тармагында өкмөттүн да милдеттерин аткарышат. Ошондуктан, айылдык мектептер жана коомдук китепканалар иштеп жаткандай эле ЖМБны уюштурууга каражат бөлүү жөнүндө өкмөткө кайрылса болот.

Сиздин ЖМБны өкмөт ар кандай ыкма менен колдоого ала турган мүмкүнчүлүктү да эске алышыңыз абзел – мисалы, Интернетти кошуу, жеңилдетилген тарифтер, реклама, гранттар ж. б.

Жергиликтүү мекемелер жана коммерциялык ишканалар

Жергиликтүү мекемелер жана уюмдар эгер пайдалуу деп тапса ЖМБа колдоо көрсөтүшү мүмкүн. Билим берүүнү, айыл чарбасын, адам укуктарын, саламаттык сактоону колдоого алышкан жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар сиздин ЖМБ

Бениндеги Баникоара ЖМБсы колдонуучуларды тейлөөгө алуу жана пайда табуу үчүн кафе ачты.

менен эриш-аркак мамилени пайдалуу деп табышы мүмкүн. Бирикмелер, кооперативдер, аялдар клубдары жана башка жарандык коом уюмдары адатта өздөрүнүн программалары үчүн эфир убактысын алып, жамааттык радиостанцияларга жардам беришет. Так ушул сыяктуу эле ЮНИСЕФ, коммуникацияны колдоо фонду, «Оксфам», балалыкты коргоо сыяктуу эл аралык уюмдар көп учурда маалымат жана байланыштын ар түрдүүлүгүн камсыз кылуудагы ролун колдоп, ошолордой эле эфир убактысына алмашып, жамааттын радиосуна жана ЖМБга өздөрүнүн салымын кошууда.

Африкадагы бир катар радиостанциялар (Kwizera радиосу сыяктуу (Үмүт Радиосу), Танзании, Руанды жана Бурундинин чек арасында) Оксфам», ЮНЕСКО, БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары, ЮНИСЕФтин колдоосу астында суу жана санитария, ден-соолук, тынчтык жана ынтымак жөнүндө радиоберүүлөрдү даярдаганга катышууда.

Жергиликтүү ишкерлерди колдоонун ЖМБ үчүн да чоң мааниси бар – алар сиздин каржылык туруктуулугуңуздун негизи болушу мүмкүн. Алар сиздин ЖМБнын кирешесин стабилдештирүүгө жардам бере алышат. ЖМБ өз кезегинде жергиликтүү ишканаларга Интернет кызмат көрсөткөн жергиликтүү провайдер болушу мүмкүн. Алар Интернет үчүн бир жылдык жазылуу акысын төлөп коюшат, ал эми коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар сиздин офистен бөлмөлөрдү ижарага алып турушса болот.

Реклама

ЖМБ мыйзамдуу таанылган өлкөлөрдө жамааттык радиостанциялар үчүн эфир рекламасынын көлөмүн көп учурда чектеп коюшат. Бул чара алардын айтымында станцияны рекламанын көз карап калуудан коргоп, жамааттык радионун лицензияга көп акча жумшаган жеке FM-станциялар менен мыйзамсыз атаандаш болбосун кепилдеп турат. Бирок бул чектөөлөр станциялардын материалдык күч-кубат алуу жолунда тоскоолдук болуп калышы да ыктымал. Мүмкүнчүлүккө жараша, ЖМБ жергиликтүү рекламаны маанилүү пайда булагы катары карашы керек.

Киреше табуунун инновациялык ыкмалары

La Primerisima, Никарагуадагы эркин радиостанция 18 жыл бою бардык күчү менен иштеп, ал түгүл улуттук рейтингде биринчи үч орун үчүн ат салышып келди. Көп жылга созулган эркиндик үчүн күрөштө ал пайда табуунун инновациялык жолдорун таба алды.

Станциянын ар бир кызматкери рекламадан пайда таап жана андан процент ала алат. Программанын бир нече слоттору өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан ижарага алынган, алар адам укуктары, табиятты коргоо, миграция жана гендердик теңчилик маселелери боюнча берүүлөрдү пайдаланышат. Рекламалык ишмердик La Primerisimaнын түз максаты болгон эмес, анын Никарагуадагы жакыр катмарларга карата прогрессивдүү позициясы болгон, аудиториянын да колдоосу чоң болгон. Европа менен Австралиядагы тилектеш уюмдардын колдоосу эле станциянын жылдык кирешесинин алтыдан он пайызга чейинкисин түзөт. Калганы жергиликтүү масштабда алынат.

Жаматтын колдоосу

Жамааттын колдоосу көп учурда пландоо учурунда эске алынбай калат. А чынында жамааттын колдоосу кыйла эле чоң болот. Адатта жамаат ЖМБга жана радиостанцияга жер берет, курулушка жардам берет.

Жамааттын жардамын алуунун жакшы мисалы - Боливиядагы шахтерлор радиостанциясы. Отуз жылдан бери ар бир жумушчу ай сайын бир күндүк эмгек акысын радиостанциянын пайдасына берип турган. Бул эң кедей делген жамааттар коммуникациялык долбоорго көмөктөшүү үчүн эмнеге кудуреттүү экендигинин бир мисалы болуп бере алат.

Корутунду

Жамааттын катышуусу жана колдоосу – ЖМБнын туруктуулугунун фундаменталдуу шарты. Сиз келечектен чочубай эле ЖМБ ача берсеңиз болот, анткени ал дайыма донордун эсебинен каржыланат. Бирок эки маанилүү компонент жок болсо, борбор сырткы каржылоо токтогондон кийин эле ишин токтотууга аргасыз болот.

Сиздин ЖМБнын туруктуулугу силердин колдонуучулардын катышы, мүмкүнчүлүктөрү менен, ошондой эле сиздин жамааттын жана башка катышуучулардын карылык колдоосу менен байланыштуу. Ошондой эле радио менен телеборбордун эффективдүү интеграциясы туруктуулукка өбөлгө боорун эске алуу абзел.

Эгерде ЖМБнын алкагында социалдык, уюштуруучулук жана карылык стабилдүүлүк эриш-аркак аралашып кетсе, өзү эл менен бир пикирде көп жылдар бою иштейт.

Альфонсо Гумичио-Дагрон,

Байланыш каражаттарын өнүктүрүү боюнча адис,

Боливиялык кинопродюсер жана жазуучу, Африка, Азия, Латин Америкада жана Кариб деңизинин өлкөлөрүндө иштөө тажрыйбасы бар.

E-mail: *****@***net. gt


2-бөлүк

Каржылык туруктуулукту пландаштыруу

ЖМБны өнүгүүнү максат кылган бизнес ишканасы катары кароого болот. Бир жагынан жамааттын керектөөсүн канааттандыруу үчүн, экинчи жагынан чака же орто масштабдагы өзүн өзү актаган жана жакшы башкарылган ишкана болуш үчүн бизнес жана өнүгүү маселелери кылдат моделдештирилиш керек.

ЖМБда салттуу жана жаңы МКТ колдонулган медиа-кызмат көрсөтүү негизги бизнес болуп саналат. Башкаруунун кээ бир негизги аспаптары ушул кызматтарды көрсөтүүдө эле эмес, потенциалдуу өнөктөрдүн жана башкалардын ишенимине ээ болуу үчүн, ошондой эле сиздин борборго колдоо табуу үчүн колдонулушу керек. Бул бапта бизнес моделдердин ар кандай түрлөрү берилген, аларды сиз өзүңөрдүн шартка ылайыктап өзгөртүп, бизнес план түзүп, аны каржылоону камсыз кылып алсаңар болот..

ЖМБ үчүн бизнес-моделдер

ЖМБнын базасында иштеп кете турган кээ бир бизнес-моделдер төмөндө берилди.

Маклердик модель

Бул модель боюнча ЖМБ түз сатуулар же аукциондорду өткөрүү үчүн жергиликтүү брокерлерге же жергиликтүү ишкерлерге радио менен Интернеттин кызматын пайдаланууга берет.

ЖМБнын жардамы менен бүткөн ар бир иштен акы алса болот. Бул модель боюнча ЖМБ рынокто иштөөнүн жаңы ыкмасы катарында өзүнүн кызматын жергиликтүү брокерлерге активдүү сатууга умтулушу керек.

Жергиликтүү өндүрүшчүлөр шаардык брокерлерге акча төлөбөй эле сатуучулар менен түз байланышып, пайда көрөт. Мындан ЖМБ дагы пайда көрөт. Жакшы уюштурулса бул модель бизнес-бизнес (B2B), бизнес-керектөөчү (B2C) жана керектөөчү-керектөөчү (C2C) боюнча иштерди жеңил бүткөрүүгө жардам берет.

Бул модель боюнча интерактивдүү же автономдуу колдонуудагы буюмдардын каталогун түзүүгө болот. Мында агент көрсөтүлгөн товарлардын бар экенин тактап, баасын аныктап, сатып алуучуга маалымат жеткирет.

Так ушул сыяктуу эле бул модель боюнча башка региондогу товарлардын баасын билгиси келгендерге да базар маалыматтары берилет. ЖМБнын радиосу жана Интернет жергиликтүү ишкерлерге жана соодагерлерге базар жаңылыктарын жеткирүү үчүн колдонулат.

Рекламалык модель

Радиодогу реклама көп ЖМБларга жашы белгилүү жана пайда табуунун негизги булактарынын бири болуп саналат.

Бирок тармактагы реклама дагы ошондой деп айтууга болбойт. Көп учурларда тармактагы реклама маалыматтык же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө болот, мисалы, электрондук почта, чаттар, форумдар, баннер түрүндөгү рекламалык маалыматтар.

Тармакта рекламага орун бергени үчүн акча алышат, ал эми радиодо ага жумшалган эфирдик убакытка акча төлөнөт.

Рекламалык сайтта оригиналдуу маалымат болушу мүмкүн же ал аны жайылтуунун милдетин аткарат. Тармактагы рекламалык модель трафиктин көлөмү чоң болгондо гана жакшы иштей алат. Демек, сайт башка порталдар жана чоң сайттар аркылуу жеткиликтүү болушу керек.

ЖМБнын түрүнө жараша реклама жамааттан сырткаркы колдонуучулар арасында ийгиликтүү пайдаланылып, башка жактагы сатып алуучуларды тартып бере алат.

Ортомчулук модель

Бул модель маалыматтык ортомчулук кылууну билдирет, ал рынок маалыматы концепциясына негизделген. Керектөөчүлөр жана өндүрүшчүлөр жөнүндөгү маалыматтар маркетинг кампаниялары аркылуу жыйналып талдоого алынат.

Бул моделди кабыл алыш үчүн ЖМБ маалыматтардын тармактык базасын түзүшү керек, анда жергиликтүү продукциялар жана өкмөттүк, саясий, бейөкмөт уюмдарды жана бизнести кызыктырган проблемалар жөнүндө маалыматтар болууга тийиш. Мисалы, кол өнөрчүлөр, ВИЧ/СПИДдин тенденциялары ж. б. Китепкананын колдонуучулары жөнүндөгү маалымат дагы абдан маанилүү, анын үстүнө электрондук китептер азыркы учурда көбөйүп көп таркап жатат. Бул маалыматты жыйнап туруп сатып пайда көрсөт болот.

Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16