Окутуу көптөгөн иш жүзүндөгү көнүгүүлөрдөн түзүлүшү зарыл. Теориялык киришүү бөлүгүн созо бербей, катышуучулар жаңы эле билгендерин иш жүзүндө көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп бериңиз. Интервьюну кантип алуу жөнүндө материалды өткөн соң, практикалык окуу үстүндө өздөрүнө интервью уюштуруп, андан кийин аны сындап талдоо жүргүзүңүз.

Адатта студияда өткөрүлүүчү практикалык сабактар адамдарды окутуунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Инструктордун алдында турган маанилүү маселе – стажерлор өздөрүнүн радио уктурууларын даярдоого умтулуусун ойготуу керек. Бул катышуучуларды окутуу учурунда өздөрүнүн биринчи радио материалын даярдоого шыктандырат.

Чыгармачылык потенциалды өнүктүрүү

Окутуу процессиндеги эң татаал маселе – адамдардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү. Көпчүлүгү коммерциялык же мамлекеттик радиолордон уккандарын өзүндөй кылып кайталоого аракеттенишет. Бирок радио даярдалган материалды жеткирүү формасына жараша үндү жана үндүн чыгышынын бардык гаммаларын билдирүүгө мүмкүнчүлүк түзүүчү каражат болуп эсептелет. Радио жамаат болсо алардын ар түрдүүсү менен тажрыйба жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Окутууну 3-5 күнгө созулган жөнөкөй киришүү курстарынан баштаган оң, бул убакыт аралыгында радио журналистиканын бардык аспектилери боюнча теориялык материал сунушталат (Тиркемедеги окутуунун типтүү графигин караңыз). Андан соң практикалык сабактарга өтсө болот. Кийинки стадиясында радио жамааттын ар түрдүү аспектилери боюнча материалдар өтүлөт.

Инструкторлорду даярдоо

Өзүңүздүн кызматкерлериңиздин арасынан мыктыларын компьютердик сабаттуулук жана радио журналистиканын негиздери боюнча окуу курстарына жибериңиз – компьютердик мектепке, окутуучу радиоборборго, белгилүү бир радиостанцияга ж. б. Алар ЖМБга ыктыяр адамдарды радио журналистиканын жана компьютердик сабаттуулуктун негиздерин окутууга даяр болуп кайтышат.

Алар бардык тиешелүү талаптарга шайкеш келүүлөрү тийиш: техникалык тажрыйбалары жок болсо да, ээ болгон базалык билими аларга окуу материалдарын билүүгө жана аны башкаларга жеткирүү жардам берет.

Оор басырыктуу, туруктуу, башкалар менен мамиле түзө билген адамдарды тандап алыңыз, алар бир канча убакыт ЖМБда иштеп калуулары ыктымал. Мүмкүнчүлүккө жараша каражат болгондо эки же үч адамды дайыма жиберип туруңуз. Бул алардын ичинен бирөө башкаларга караганда кандайдыр бир деңгээлде көбүрөөк тажрыйбага ээ болуусуна шарт түзөт, жана ошондой эле бир адис кетип калганда пайда болуучу тобокелдикти төмөндөтөт.

Инструкторлор кайра келгенде колдорунда окутуу процессинде пайдаланган методикалык колдонмолору жана программалары болушу зарыл, анткени аларды МБЖ керектөөсү үчүн адаптациялоо жана көбөйтүүгө мүмкүн болот (пайдаланууга уруксаат берилгенде).

ЖМБдагы базалык даярдоо

Бюджеттин чыгашалар бөлүмүнө компьютердик сабаттуулуктун негиздерин окутуу курстарына кетүүчү каражатты киргизиңиз, ал сиздин штатыңызды мотивациялайт. МБЖ менен жакыныраак тааныштыруу максатында мындай курстарга катышууну башкаруу комитетинин мүчөлөрүнө же жамааттын кеңешчилер тобуна сунуштоого болот.

Негизги көнүгүүлөргө үйрөтүүнү камтуу менен мындай курстарды сиздин жеке инструкторуңуз өткөрө алат. Курстун соңунда ар бири тексттерди терүүгө жана басып чыгарууга, газетанын жана баракчалардын ж. б. негизги версткаларын жасоого, Интернеттен издөөгө, тандоого жана систематизациялоо иштерин жүргүзө билүүсү кажет.

Колдо болгон жабдуу каражаттарына жараша топтор радио уктурууларда пайдалануу үчүн материалдарды жана музыканы көчүрүп жаздырууда, маалыматтарды издөөдө CD-ROM пайдаланууну билүүлөрү зарыл. Эгерде ЖМБда сан ариптик жабдуулар жок болсо, радио топ интервьюну редакциялоо үчүн санариптик магнитофондон компьютерге көчүрүп алып, андан соң аны радио уктуруу үчүн CD-ROMго жаздырып алат.

НЕ нашли? Не то? Что вы ищете?

Адистештирилген курстар

Адистештирилген окутууларды уюштуруунун эң натыйжалуу ыкмасы –

өлкөдөгү башка окшош уюмдар менен карым-катнаш түзүү жана алар инструкторлорду окутууда пайдаланган принциптерди жетекчиликке алуу менен алардын окутуу иш-чараларына кошулуу.

ЖМБда курстун жеке программасы жана методикалык сунуштамалары болууга тийиш жана ошондой эле окутуу аяктагандан кийин сертификат бере алдында тестирлөө жүргүзүүсү керек. Бул акы төлөнүп окутулган курстарга жана ыктыяр адамдар менен штаттагы кызматкерлер үчүн өткөрүлгөн курстарга да тиешелүү.

Бул ыкманын артыкчылыгы – радио же теле борборлордо иштеген адамдар же болбосо МБЖ долбоорлорун ишке ашырууга катышып жаткандар бүткүл дүйнө боюнча бири-бири менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатышкандыгында.

Бирок көбүрөөк сандагы адамдарды окутуу зарылдыгы пайда болсо (алсак, кеминде алты адам), кандайдыр бир жакка стажерлорду жөнөтүүнүн ордуна ЖМБда бир жумалык окутуу үчүн инструктор менен келишим түзүү арзаныраак жана эффективдүүрөөк болмок.

Адистештирилген курстарга төмөндөгүлөр камтылган:

•  финансылык башкаруу;

•  тармактык дизайн;

•  радио уктурууларды даярдоо;

•  маалыматтарды топтоо;

•  кеңитилген тейлөө кызматы.

Семинарлар

Адамдардын санын көбүрөөк чогултуунун жакшы ыкмасы – бир күндүк семинарды уюштуруу жана өткөрүү. Анын темасы радиожурналистикага киришүү, жаңы көнүгүүлөргө үйрөтүү же жамааттын белгилүү бир топторун чакыруу болушу мүмкүн, ар түрдүү адамдарды чакырууга аракеттениңиз – мындай мамилелер ыктыяр адамдардын арасынан узак мөөнөткө чейин иштей ала турган мыктыларын тандоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Окуу семинарын ийгиликтүү өткөрүү үчүн:

•  теманы аныктап алыңыз;

•  анын даярдануусуна жооп берген приоритеттүү максаттуу топту аныктаңыз;

•  ошол максаттуу топ үчүн ыңгайлуу болгон убакытты, датаны жана кайсы жерде өтөөрүн белгилеңиз;

•  иш-чараны баштоо жана аяктоо убактысы кошо белгиленген күн тартибин аныктаңыз;

•  сиздин катышуучуларыңызды же жардамчыларыңызды жана бардык материалдарды даярдап алыңыз, керек болуп калышы ыктымал;

•  боло турган окуя тууралуу ачык маалымат таратыңыз, мында негизги көңүл сиздин максаттуу тобуңузга бурулушу кажет, зарылчылыкка жараша чакыруу кагаздарын жана байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүүчү маалыматтарды таратыңыз;

•  эгерде каражатыңыз болсо иш чаранын жүрүшүндө же аяктаган соң жеңил тамак уюштурсаңыз болот (мисалы, жеңил суусундуктар жана бисквиттер).

Тажрыйба алмашуу жана тармактарда иштөө

Окутуунун мыкты ыкмаларынын бири - окшош маселелерди чечүүдө башка адамдардын тажрыйбалары менен жеке таанышып чыгуу. Башка ЖМБ, радиостанцияларга же телеборборлор топтошуп баруу дайыма эң мыкты натыйжа берет – адамдар энтузиазмга толуп, жаңы идеялары жана иш пландары менен кайтышат. Алсак, башкаруучулар ЖМБда иштеген кесиптештери менен бир же эки күн иштеп, көп нерселерге үйрөнө алышат.

Мамлекеттин жайгашкан жерине жана аймагына жараша бул иш-чара кыйла эле кымбатка түшүп калышы мүмкүн, бирок бул бирдей эле натыйжа берүүчү борборго формалдык курска адамдарды жиберүүгө кеткен чыгымдан ашпай калышы да ыктымал.

Андан соң албетте, сиздин тажрыйбаңыздын пайдалуу жактарын үйрөнүү жана кээ бир практикалык кеңештерди алуу үчүн адамдарды өзүңүзгө чакырууңуз керек. Таанышуу карым-катыштардын (визиттердин) жана башка уюмдардын курстарына баруунун көбүрөөк артыкчылыгы – башка топтогулар менен достук байланыштарды жана туруктуу ишкердик мамилелерди түзүүгө мүмкүн болгондугу. Сиз бул көрүнүш бири-бирине жардам көрсөтүү боюнча расмий эмес тармактардын түзүлүшүнө алып келгендигин көрөсүз. Маселен, ЖБМ кандайдыр бир маселе чыгып калса, телефон же электрондук почта аркылуу бири-биринен консультацияларды ала алышат; балким бир борбордо чындыгында эле мыкты техник болушу мүмкүн, аны чакырып, кыска курс окутууга же семинар өткөрүүгө болот; дагы башка жакын жерде жайгашкан ЖБМ зарыл болгон учурда пленка же принтер үчүн картриж берип тура алат, ж. б.

Тармактар менен мыкты деңгээлде иш алып баруу чындыгында эле сизди башкалар менен узак мөөнөткө бириктирип, туруктуу ишиңизге жардам көрсөтө алат.

Насаатчылык

Насаатчылык институттарды пайдалануу жана шефтик жардамдарды көрсөтүүнүн дайдасы зарыл көмөктөрдү алууга кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүндө. Идеясы – ишмердиктин белгилүү чөйрөсүндө жардам көрсөтүүгө макул болгон тажрыйбалуу кесипкөйлөр менен туруктуу байланыш (же контракт) түзүү. Адатта бул ошол мезгил аралыгында телефон же электрондук почта менен байма-бай катышуу (балким, бир айда бир же үч айда бир жолу) аркылуу интерактивдүү колдоо көрсөтүү дегенге барабар.

Ой жүгүртүү үчүн маалымат

Сиз кимдерди окутасыз?

Дээрлик бардык адамдар техникалык көнүгүүлөрдү үйрөнө алышат. Бирок аларга андай мүмкүнчүлүк түзүлгөндө гана окуй алышарын эстен чыгарбоо керек.

Дүйнө жүзүндө аялзатына жана жаш кыздарга техниканы окутуу оңой эмес деген түшүнүк калыптанып калган. Жаш кыздар көп учурда маданий үрп-адаттарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша эркектер басымдуулук кылган бөлмөдө өз ойлорун оңойлук менен билдире алышпайт. Ушундай эле көрүнүш окуу даярдыгы чектелүү жаш жигиттерге, майып адамдарга, айылдык жамааттардын жашоочуларына да тиешелүү болушу мүмкүн, алар столдун тегерегинде отурганга караганда ээн талаада өздөрүн эркин сезиши ыктымал. Сиз ал жерде отургандардын баары бири-бири жана сиз менен эркин мамиледе, ал эми инструктор баардыгына бирдей көңүл бура ала тургандай кырдаал пайда болгудай баланстоого туура келген стажерлордун тобун түзүүчү ыкманы колдонушуңуз керек.

Сиз ошондой эле ар түрдүү топтор үчүн атайын курстарды уюштура аласыз. Аялдар окуу курстарына эркектерден бөлөк катыша алышат. Аял-инструктор үйрөнүүгө үлгү катары кызмат көрсөтө алат. Жаш катышуучулар материалды эртерээк үйрөнө алышкандыктан, кээде улуу жолдошторуна жардам бере алышат. Топторду жыныстык, социалдык, тил өзгөчөлүктөрү ж. б. белгилери боюнча дайыма эле бөлүштүрүү туура эмес болсо да, мындай ыкма борборду түзүүнүн алгачкы этабында ишти уюштурууда ишеним жаратууга кандайдыр бир өбөлгө түзөөрү бышык.

Келишимдер боюнча кенештер

Келишим түзүүдө анын бардык шарттары эскертилиши керек. Кээ бир позициялар:

Максаты - маселен, техникалык окутуу, кызмат көрсөтүү, башкаруучулук колдоо көрсөтүү.

Иштин методу -

маселен, бир нече сандагы адамды кайсы бир мезгилде окутуу, кандайдыр бир иш-чарага байкоо жүргүзүү, семинар өткөрүү, эсептөөлөрдү жүргүзүүгө же долбоор жазууга көмөктөшүү.

Иш кандай деңгээлде жана канча жолу аткарылышы керек.

Барып-келүүлөргө жана /же насаатчы менен байланышууга кеткен чыгымдар.

Кеңешчини кылдат тандоо керек, аны тандоодо жеке эле техникалык экспертизага негиздебей, алардын жамааттардын долбоорлорун ишке ашыруудагы тажрыйбасын жана айыл жергесинде иштегенин, жергиликтүү тилди билерин, гендердик маселелерди ж. б. түшүнүү деңгээлин карап чыгуу зарыл.

Жергиликтүү айылдык кабарчыларды жабдуулар менен (магнитофон сыяктуу) иштөөгө жана маалыматтык материалдарды даярдоо методдоруна атайын үйрөтүү керек; ал эми жергиликтүү адистерди алардын тармактык ишмердүүлүгүнө байланышкан радио уктурууларды даярдоого тартууга болот.

Подпись:Билими жетишсиз жана эмгекке жараксыз адамдарды тартуу

Сабатсыздык же эмгекке жараксыздык жамаат мүчөлөрүнүн МБЖ ишмердигине толук кандуу катышууга тоскоол болбошу керек. Адамдар радио уктуруу даярдоо үчүн сөзсүз түрдө эле окуу жана жазуу көнүгүүлөрүнө ээ болуусу керек эмес. Кулагы укпаган дүлөйлөр жана дудуктар ЖМБнын веб-сайтында же чаттарда же болбосо электрондук почта аркылуу талкуу топторуна катышып, өздөрү үчүн баарлашуунун жаңы дүйнөсүн ача алышат. Ал эми көзү азиздер тиешелүү шарттар менен жабдылган радио студияларды пайдалана алышат.

Окуу материалдары

Формалдык курстардын бардык угуучулары мүмкүнчүлүккө жараша окуу китептери менен камсыздалат. Эгерде мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, ЖМБнын өзүнүн китепканасы болушу керек.

Жеке материалдарды даярдоо

Англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөр үчүн жергиликтүү булактардан же Интернеттен окуу адабияттарын алуу бир кыйла жеңилирээк. Ал эми англис тили болбосо, материалдарды башка тилдерге которуу жана аны адаптациялоо зарылдыгы келип чыгат. Албетте, эгерде экономикалык жактан эффективдүүрөөк болсо, окуу китептерин сиздин тилде даярдоого болот. Башка тилге которуу менен жаңы түшүнүктөрдү окуп-үйрөнүүгө байланышкан маселелерди чечүүгө мүмкүн эместигин эстен чыгарбоо зарыл.

Өндүрүштүк окутуу

Адамдар белгилүү бир тажрыйбага ээ болгондо аны ошол замат иш жүзүндө пайдалануусу зарыл. Жабдууларды алып орноткондон кийин гана окутууну баштоо сунушталат. Алгачкы окутуу процесси акырындап өндүрүшкө өтүп, анын жүрүшүндө адамдар өздөрү үйрөнгөн көнүгүүлөрдү башкаларга үйрөтө алат.

Ишмердүүлүктү колдоо

Баштапкы жабдууларга гана сатып алууларды караштырып, анын запастык бөлүктөрүнө жана тейлөө кызматына каражаттарды бөлүштүрбөгөн долбоорлордой, кээ бир долбоорлор кийинки даярдыктарды кошпостон эле киришүү окуу курстарын гана пландаштырышат. Бул МБЖнын туруктуулук деңгээлине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Кезектеги окутууларды уюштуруу жана каржылоо мүмкүнчүлүгү эң башында эле түзүлүшү абзел, бул катышуучулардын биригишин жана чөйрөсүн кеңейтүүнү шарттайт. Дайыма үзгүлтүксүз окутуу жана окуу китептери, окуу программалары жана шефтик жардам түрүндөгү интерактивдүү кеңештер боюнча иш-чараларды, жана ошондой эле топтордогу талкууларды жүргүзүүнү пландаштыргыла.

МБЖда үйрөнгөн көнүгүүлөр бир кызматкер же ыктыяр адамдын кетиши менен кошо кетпесин эсиңерден чыгарбагыла – алар башка бир жерде пайдаланылат. Бирок сиздин борбордо эмес! Андыктан эч убакта бир же эки адамга басым жасабоо керек. Окуп үйрөтүлгөн кызматке өзү билген тажрыйбасын башкаларга үйрөтүүсүнө шарт түзүп бериңиз да, жаңы катышуучуларды тартуу багытында иштерди улантыңыз.

Мультимедиалык окуу комплектиси (MMОK): адаптацияланган окуу материалдары

2002-жылы ЮНЕСКО ЖМБ, телеборборлордун инструкторлору, жамааттын медиа уюмдары жана өнүктүрүү сектору үчүн жаңы жана эски салттарды алып жүрүүчүлөрдүн ортосундагы ажырымды жок кылууга арналган материалдарды чогултуу менен мультимедиалык окуу комплектисин (ММОК)даярдоону баштаган.

Танзаниядагы Сенгерема телеборборунда компьютердик сабаттуулуктун негизин окутуу.

өнөктөш уюмдардын топтору түзгөн ММОК материалдары бир катар тармактарды камтыйт. Модулдарды жана алардын элементтерин стандарттык блок катары семинардын программасын даярдоодо пайдаланса болот. Маселен, МКТ тармагындагы көнүгүүлөр боюнча аялдар уюмуна арналган семинар үчүн инструктор «Интернеттен издөө» жана «Аялдарга каршы зомбулук» блокторундагы материалдарды тандап жана бириктирип койсо болот.

Комплектке төмөндөгү темалар боюнча материалдар камтылган: Интернетте издөө, санариптик аудиопродукция, радио жана тармактар үчүн материалдарды даярдоо, маселелерди биргелешип чечүү, ВИЧ/СПИД көйгөйү боюнча билдирүүлөрдү жана жалпыга жеткилең программалык камсыздоо булактарын пайдалануу. Даяр болгон материалдар ар тараптуу коллекцияларды түзүүдө алгачкы гана кадам болуп саналат, бул багытта иштер улантылууда.

Бардык материалдар аларды акысыз пайдаланууга жана коммерциялык эмес максаттарда таратууга уруксат берген Чыгармачыл Палатанын лицензиясына ылайык чыгарылган.

Материалдарды ЮНЕСКО компакт-дисктерде таратууда, аларды бул дарек боюнча алууга болот http://www. itrainonline/mmtk/

Энн Тотхилл

АКА – Алдыңкы коммуникациялар ассоциациясы

*****@***org


Пайдалануу тажрыйбасы

Угандадагы Накасеке МБЖнын телеборборунда окутуу

Көнүгүүлөрдү баалоо

Накасекедеги МБЖда үч айлык окутуу программасы МКТ тармагындагы кайсы көнүгүүлөрдү үйрөнүүгө жергиликтүү жамаат кызыктар экендигин баалоочу сурамжылоону жүргүзүүдөн башталды. Башталгыч мектептердин мугалимдерин даярдоочу педагогдорду, орто мектеп окуучуларын, жумушсуз жаштар жана аялдар, фермерлер, ишкерлер, ЖМБ штатын жана жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнө анкеталык сурамжылоо жүргүзүү төмөндөгүлөрдү көргөздү:

•  Окутуучулар CD-ROM, электрондук дарек жана Интернетте иштөөнү пайдалануу менен тексттерди даярдоого кызыгат;

•  Борбордун кызматкерлери HTML үйрөнүүгө, базалык жабдууларга жана программалык камсыздоого, диагностикага кызыгат;

•  Фермерлер жана ишкерлер изилдөө жүргүзүү максатында Интернетти жана ошондой эле CD-ROM үйрөнүүгө кызыкдар;

•  Жаштар негизинен Интернет жана электрондук даректи түзүүнү үйрөнгүлөрү келишет.

Жогоруда берилген сурамжылоонун натыйжасында МКТ боюнча төмөнкү темалар камтылган ачык семинарлар өткөрүлдү: компьютердик сабаттуулуктун негиздери, терүү, HTML тили жана тармактын дизайны, Интернет жана электрондук почта.

Окутуунун соңунда угуучулар тиешелүү форманы (Тиркемени караңыз) толтуруу менен үйрөнүшкөн көнүгүүлөргө баа беришти. Андан соң алардын адистигин андан ары өркүндөтүү мүмкүнчүлүгү боюнча рекомендациялар сунушталды.

Күн тартибин даярдоо

Адамдардын иштөө убактысынын күн тартиби менен окуу муктаждыгы жана кызыкчылыгы менен колдо болгон беш компьютердин бар экендиги эске алынып, окутуулар үч нөөмөткө бөлүндү:

•  9:00дөн 12:00ге чейин;

•  13:00дөн 14:00ге чейин;

•  14:00дөн 17:00гө чейин.

ЖМБ эртең мененки сегизден кечки 18:00гө чейин дүйшөмбүдөн ишембиге чейин уюштурулду, мындай шартта окуучунун үй ишин аткаруусуна сабакка чейин же сабактан кийин жетишерлик мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Тексттерди терүү жана иштеп чыгуу

Текст терүүнү жана даярдоону үйрөнүү курстун негизги бөлүгү болуп калды, анткени катышуучулар бул көнүгүүлөрдү билүү менен белгилүү бир пайда табууга болооруна ынанышты.

Алар ошондой эле сканерди пайдаланууну жана сүрөттөр менен диаграммаларды жасоону үйрөнүштү. Алар принтердин жана фотокөчүрүү машинанын жардамы менен окутуу аяктагандыгы жөнүндөгү күбөлүктүн үлгүсүн иштеп чыгышып, көчүрмөсүн даярдашты.

Тил билүү жана сабаттуулук

Бардык катышуучулар үчүн негизги талап – англис тилинде окуу, жазуу жана түшүнүү жөндөмдүүлүгү болду, анткени инструкторлор англис тилинде сүйлөшүп, окутуу негиинен жергиликтүү мектептерде өттү.

Бирок окутууларга борбордун кызматкери дайыма катышып, керек учурда топтогу адамдарга луганда тилинде түшүндүрмө берип жатты. Түшүндүрүү иштеринде кызматкерлер катышуучуларга тиешелүү болгон сценарийлерди пайдаланышты; алар ошондой эле келген инструкторлор менен жергиликтүү калктын ортосундагы тоң мамилени жылытууга көмөктөштү. Ал мисалдар курс аяктаганга чейин андан кийинки электрондук кат жөнөтүү, папкалардын структуралары, файлдарды сактоо ж. б. татаал түшүндүрмөлөрдө көрсөтүүдө пайдаланылды.

Электрондук дарек жана Интернет

Курс аяктаганга чейин телефондорду кошуу пландаштырылгандыгына карабай, тилекке каршы, бул ишти аткарууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Андыктан электрондук даректи түзүү жана Интернеттин функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн теориялык түрдө түшүндүрүү эң орчундуу маселе жаратты, кадимки почтанын ишин параллель жүргүзүү менен көз ачып жумганча маалыматтарды жеткирүү методдорун ушул жаңы технологиянын жардамы менен түшүндүрүүгө туура келди.

Борбордо электр чыңалуусунун тез-тез басаңдап тургандыгына байланыштуу электр энергиясын берүү калыбына келтирилгиче ортодо пайда болгон бош учурларда өткөн материалдар боюнча бир катар контролдук сурамжылоолор жүргүзүлдү. Электр жарыгы күнү бою берилбей турганы алдын ала маалым болгон учурларда генераторду иштетип, сабактар үзгүлтүксүз жүрүп жатты.

Окуу материалдары

CD-ROM, ийкемдүү дисктерде жеткилең жазылган терүүнү окутуу программалары сабак учурунда талаш-тартыштарды жаратты, анткени алар угуучуларга бош учурларда өз алдынча даярданууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча кошумча окуу материалдары – айыл чарбасы жана медицинадан баштап, ири мүйүздүү малды асыроого чейинки жана аларга тиешелүү технологияларды пайдалануу ыкмаларын – интерактивдүү CD-ROM табууга болот. Окутуу программалары дискеталарды жазылган жана компьютердин эски үлгүсүн пайдаланышып жаткан ЖМБ үчүн пайдалуу.

Өз алдынча окутуу

Бир күндө ар кайсы убакытта курстарды өтүүнүн артыкчылыктарынын бири – кызыкчылыктары бирдей жана ар түрдүү деңгээлдеги даярдыктагы окуучуларды бир убакытта чогултууга мүмкүндүк бергендигинде болуп саналат. Бул болсо алар көпчүлүк үчүн ыңгайлуу учурда үй ишине даярданып жатканда баарлашууга жана ошондой эле ой-пикирлер менен алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Сертификациялоо

Семинардын соңунда тестирлөө жүргүзүлүп, угуучуларга окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүктөр тапшырылды. Күбөлүктөрдү тапшыруу салтанатында баардыгынын маанайлары көтөрүңкү болду. Күбөлүктө угуучулар «МКТга киришүү бөлүгүн» угушту деп белгиленип, ага кошумча курстун мазмуну тиркелди.

Окуучулар алган күбөлүктөрүн компьютердик сабаттуулук боюнча окуткан башка окуу жайлары таанып-билүүсүнө кызыкдар экендигин билдиришти. Бул ЖМБнын көпчүлүк окуу курстары туш келген көйгөйлүү маселе болуп саналат.

ЖМБнын ар биринде глобалдык масштабда өткөрө берүүгө боло турган жана ошондой эле башка окуу жайлары таанып-билген стандарттагы тестти иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарыл.

Шилтемелер

Жамааттын радиосу деген эмне?

Басылган жери: AMARC Africa и Panos Southern Africa,

ISBN: 0 , 1998,

E-mail *****@***co. za;

Англис, француз жана португалия тилдеринде жарык көргөн.

Women on Line Training Material.

Басылган жери AMARC Europe Women’s Network, аялдарга жаңы радиотехнологияларды пайдалануу каалоосун ойготуу; http://www. amarc. org/wol/, англис, испан жана немис тилдеринде жарык көргөн.

http://www. school. za/edict/edict/appl. htm http://www. itrainonline. org/itrainonline/english/trainers. shtml

Полли Гастер,

Эдуардо Мондлане борборунда маалымат жана өнүгүү кызматын жетектейт. Мапутудагы университеттик информатика борбору (CIUEM). Мозамбикте телеборборлор жана ЖМБ уюштуруу боюнча эксперименталдык долбоорлордун координатору.

E-mail: *****@***uem. mz

Бьянка Мильоретто,

Журналист жана жамааттык радионун инструктору, Мадагаскарда, Филиппинде жана Швейцарияда көп иш тажрыйба топтогон.

E-mail: *****@***ch

Этьен Алуоч,

Чыгышта, Түштүк Африкада жана Түндүк Америкада МКТ уюштуруу жана аялдарды окутуу, гендердик саясат боюнча семинарларды өткөрүү кеңешчиси болгон.

E-mail: *****@***com


Уюштуруу структуралары

жана стратегиялар

Ян Прингл жана Полли Гастер

Бул бапта

·  Адамдарга арналган уюштуруу стратегиялары

·  Уюштуруу структурасы жана уюшкандыкта өнүгүү

·  Кеңештер жана кайтарым байланыш

·  Жабдуулар жана программалык тейлөө


Уюштуруу структуралары жана стратегиялар

Жамааттык мультимедиа борборлорунда көбүнчө технологиялык эмес, уюштуруучулук проблемалар болот. Уюштуруу менеджменти ар бир ишкананын ишмердигинин негизин түзөт, ошондуктан иш канчалык уюшулгандыгына жараша жамаатты өнүктүрүү боюнча мультимедиа каражаттары колдонулган мультимедиялык стратегиянын мазмуну аныкталат.

Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16