Күндөлүк радиобаяндар Интернетке жапырт, кыйыр түрдө жетүүнүн эң сонун мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Бирок буга убакыт жана даярдык керек, Интернеттин материалдарын карап чыгып угармандар үчүн жакшы даярдалган радиобаянды даярдоо үчүн радиоберүүчүлөрдүн колунда сапаттуу байланыш болууга тийиш.
Мамлекеттик радионун журналисти
ЖМБ адатта улуттук радиоберүү системасынын жергиликтүү же регионалдык деңгээлдеги бир бөлүгү катары мамлекеттик радиостанциялардын программаларын бере алат. Бул вариант ЖМБнын башка моделдерин өнүктүрүүгө түрткү берген ЮНЕСКОнун Котмалдагы жамааттык мультимедиялык борборунда сыноодон өткөн.
Иштин башында ЖМБ колдонуучулардан компьютерди, Интернетти же радио кызматтарды пайдалангандыгы үчүн акы албайт. Маалыматтык-коммуникативдик технологиялардын бардык каражаттарын жана түрлөрүн өнүгүү максатында пайдаланган учурдагыдай эле жергиликтүү коомдун катышуусу угармандар, колдонуучулар, жардамчылар, ыктыярчылар жана инструкторлор менен ишти уюштуруу үчүн зарыл болот. Мисалы, Шри-Ланкада угармандар менен МКТны колдонуучулар ЖМБнын алдындагы «билим коомдору» деп аталган чакан топторго уюшуп биригишкен. ЖМБнын бул түрү коомдук мекеме катары факсты пайдалануу, басма иштери, сканирлөө, фотокөчүрүү сыяктуу акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтпөйт, булар көз каранды эмес ЖМБлардын негизги ишмердигине кирет.
Котмале уктурууларга радиобзорду киргизген Шри-Ланкадагы биринчи ЖМБ болуп саналат.
Коомдук мекеменин бекемдиги өкмөттүк колдоодон жана туруктуу, узак мөөнөттүү структуранын бар экенинен көз каранды келет. Бирок Интернетке жетүү үчүн мамлекеттик субсидияларды ар бир эле өкмөт бере бербейт. Жамааттын укук менчигин алганда, Котмалдагы мисал көргөзгөндөй, ал структурасы боюнча мамлекеттик болуп саналат, бирок практикада мамлекеттик кызматчы болгон кесипкөйлөрдү жогорку деңгээлде тарта алган жамаат аркылуу иштейт.
Кабелдик жана Интернетти колдонгон ЖМБ
Биз карай турган ЖМБнын кезектеги түрү улуттук мыйзам жамааттарга радиожыштыктар алууга укук бербеген өлкөлөрдөгү ЖМБ болуп саналат. Бул ЖМБлар радиоберүүнүн альтернативдүү жолун издеши керек; улуттук мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилер замат эле берүүлөрдү баштоого даяр мүмкүнчүлүктө болуш керек, анткени радионун мүмкүнчүлүгү абдан чоң, ал көп жерге жетет.
Интернет-радио мындай шартта бирден бир мүмкүнчүлүк болуп саналат. Анын башкы кемчилиги – аны компьютери бар адам гана уга алат. Ал эми артыкчылыгы колдонуучулар берүүлөрдү болуп жатканда гана эмес өздөрү каалаган учурда да уга алышкандыгында. Интернет-радио жандуу диалогду жактырат, угармандарга программалар жөнүндө өздөрүнүн ой-пикирлерин айтууга, суроолорду берүүгө, сурамжылоо учурунда добуш берүүгө жана башка интерактивдүү компоненттерге катышууга мүмкүнчүлүк берилет.
Индиянын Будхикоттогу Намма Двани жамаатынын радиосу кабелдик радиостанцияларды пайдаланып ийгиликтүү иштесе боло турганын көрсөтүүдө. Бул ЖМБлар жергиликтүү оператор аркылуу кабелдик байланыш каналын пайдаланып, радиоберүүлөрдү 400 адамга жеткирүүдө. Намма Двани жөнөкөй радиостудия менен жабдылган, эки компьютери, чакан телеборбору бар жана мультимедиялык каражаттар менен Интернетке кошулган, өзүн өзү өркүндөтүүчү аялдар тобу тарабынан башкарылат.
ЖМБ мультимедиялык ресурстардын ар башка түрүн пайдаланып, өнүгүү ресурстарынын жергиликтүү борбору менен байланышта иштейт, бул жерде жергиликтүү маалыматты жана анын керектөөлөрүн камтыган жамааттын күндөлүк радиоберүүлөрү сакталат.
Бирдиктүү ыкма
Кээ бир ЖМБлар жергиликтүү кабелдик видеотармак жана басма ММКларды МКТ жана радио менен бириктире башташты, ошол эле учурда башкалары бир нече радиостанцияны бир теле борбор менен бириктирүү жолун тандап алышты. ЖМБнын бул түрү Малиде бар, анда үч ЖМБ менен жеке менчик FM радиостанция 50дөн 250 миңге чейинки адамды тейлөөгө алууда.

Компьютер менен иштөөгө лицензия |
Компьютер менен иштөөгө берилген лицензия (ICDL), демек, аны алган адам эсептөөчү техниканын тилин билет, аны колдонуп иштегенге билими жетет дегенди билдирет. Чечмелеп айтканда компьютердик техниканын орчундуу түшүнүктөрүн, колдонмо тиркемелерин түшүнүү жана аларды иш ордунда жана коомдо колдоно билүү дегендик. Ал жети базалык дисциплинадан турат, алардын ар бири күбөлүк алуу үчүн уюштурулган болушу керек. Алардын тизмеси: -маалымат технологиясынын негизги түшүнүктөрү; -компьютерди колдонуу жана файлдарды башкаруу; -Word редактору менен иштөө; -электрондук таблицалар; -маалымат; -презентациялар; -маалымат жана байланыш. Бул стандарт адамдарга ишинде, үйүндө жана окууда жардам берүүгө эсептелген. Ал компьютерди кесиптик жана жеке максатта колдонгон ар бир адам үчүн таанылган билим деңгээлин белгилейт. Ар бир адам курагына, билимине, тажрыйбасына жана даярдыгына карабастан программага катыша алат. Бүт дүйнөдө колдонулуп жаткан бирдиктүү программага негизделген лицензияны (ICDL) алыш үчүн МТ боюнча эч кандай билим же компьютер менен иштөө тажрыйбасы талап кылынбайт. Компьютер менен иштөөгө европалык лицензия/Дублиндеги Фонд ICDL концепцияны колдонууга жана окутуу программасын уюштурууга улуттук же регионалдык деңгээлдеги лицензияны берет. Мисалы, Каирдеги ЮНЕСКО бюросу Египетте жана башка араб мамлекеттеринде ICDL программаларын колдонууга укук берген лицензиянын ээси болуп эсептелет. Кеңири маалымат бул жакта: t. *****@***org |
Малидеги ЖМБ модели боюнча колдо бар ресурстарга жага инфраструктурага
таянуу менен телеборборду радиостанция менен бир имаратта жайгаштыруу, бардык өнөктөш радиостанцияларга телеборбордун жабдууларын пайдаланууга мүмкүнчүлүктү кепилдеш үчүн уюштуруу иштерин жүргүзүү боюнча түшүнүшүү меморандумун кабыл алуу каралган. Практикада бул чынында эле ишке ашып жатканына ишенүү абдан маанилүү.
Бул моделдин артыкчылыгы анын жамааттын ичиндеги ресурстарды жана МКТнын потенциалын максималдуу пайдаланып рентабелдүү болгондугунда. Жамааттын төрт же беш ЖМБны кармап турганга мүмкүнчүлүгү жок. Бул жол дагы иштеп жаткан радиостанцияларды бириктирип, аларды өнүгүү максатында мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип пайдаланууга кызыктырууга жардам берет.
Жамааттын маданий борбору
ЖМБнын дагы бир түрү жамааттын маданий борборунун ичинде пайда болууда. Бул мекемелер ЮНЕСКОнун «катардагы маданият» программасын ишке ашыруунун алкагында түзүлүп, ЖМБга жакшы толуктоо болуп калууда. Жамааттын мүмкүнчүлүктөрүн уюштуруу жана менчик укуктарын ишке ашыруу процесси маданий борборду уюштурууга мүмкүнчүлүк түзүп, ЖМБнын ишмердигин жүргүзүүгө жакшы негиздерди түзүүдө.
ЖМБ маданий борбордун ишин алып барууда өнүгүү проблемаларына болгон мамиледен да утушка ээ болот, өзүнүн акцияларын уюштурууну көргөзмөлөрдү, жыйындарды, мелдеш сыяктуу маданий иш-чараларды өткөрүүгө туштап жүргүзөт. Алар салттуу искусствону, кол өнөрчүлүктү ишке тартышат жана жамааттын чыгармачылык кудурети алардын жыйналган жери болуп калат. Мындай иш чаралар радио үчүн жакшы материалдарды берет жана зарыл шарты, тийиштүү даярдыгы бар учурда алар маалыматтын санариптик түрүнө да көчүрүлүшү мүмкүн.
ЖМБнын башка бир катар түрлөрү жамааттын өнүгүү структурасынын чегинде иштелип чыгышы мүмкүн, мисалы саламаттык сактоо маселелери боюнча маалыматтык борбор, фермердик жана айыл чарбалык уюмдар, жаштар клубдары
жана табиятты коргоо боюнча демилгелүү топтор, же майыптар үчүн иштеген бирикмелер. Билим берүү мекемелеринин көп убакыт бою үзүрлүү иштей турган өзгөчө жакшы келечеги бар экенин белгилей кетели.
ЖМБга менчик укуктары
Жеке менчикте турган мекемени ЖМБ деп эсептесе болобу? Теориядан алганда, жеке басар монополиялык башкарууга бөгөт коюш үчүн аны «жамааттын менчиги» деп аныктап алса болот. Ал эми турмушта жеке менчик FM станция, телеборбор же ЖМБ жамааттын өнүгүүдөгү керектөөлөрүн канааттандырып, өзүнүн ишмердигине анын өкүлдөрүн кошо тартып, жамааттын маселелерин чечкен учурлар бар.
ЖМБ тармагы
Бул бапта биз карай турган ЖМБнын акыркы түрү болуп (бирок улам пайда болуп жаткан түрлөрдүн акыркысы эмес, албетте) ЖМБ тармагы эсептелет.
Эффективдүү иштеп жаткан жеке менчик моделдин жамааттын менчигинде турган ЖМБлар үчүн өрнөк боло турган мисалдары бар. Түштүк-Чыгыш Европада, мисалы, жамааттын радиосу иш жүзүндө жок, бирок жеке менчик FM станциялар конфликттен[A5] кийин жакшы өнүгүп, көбүнчө качкындарга жана журт которуп жаткан адамдарга жардам берүү сыяктуу маанилүү коомдук иштерди аткарышкан. FM станциялар азыркы учурда телеборборлордун көпчүлүгү түзгөн виртуалдык кафеге караганда өтө кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар телеборборлорду ачып жатышат. Бул жаңы телеборборлор компьютердик окутууну уюштуруп, иш издеп жүргөн адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүп, берген квалификациялардын расмий таанылышына жетишүү үчүн олуттуу аракеттерди көрүп жатышат.
Чакан берүүлөр: Жамааттык радиоберүүлөрдү уюштурууга биринчи кадам Жамааттын радиосу чакан аймакта так аныкталган сандагы адамдарга гана кичидеңгээлде маалымат берүү дегенди билдирет. «Чакан берүүлөр» (радиотрансляцияга салыштырмалуу) эң төмөнкү деңгээлдеги уюштурулган ишке негизделген. Чакан берүүлөр деген эмне? Чакан берүүлөр бир нече ыкма менен жүргүзүлөт. Айылдын жашоочулары программаны чогуу-чаран угуу үчүн чогулушат. Бирок бул жолу программа радиостанциянын передатчиги аркылуу эмес үн жазгычтагы кассетадан уктурулат. Аудиопрограмма үндү катуу чыгаргычтар аркылуу уктурулат, андай нерселер эл көп чогулган жерлерде, мисалы айылдык базарда жана көргөзмөлөрдө, коомдук жайларда жана жыйналыш болгон жерлерге коюлат. Артыкчылыктары. – Передатчиктин зарылдыгы жок, анткени радиоберүүлөр жок. – Эгер берүүлөргө лицензия жок болсо, чакан берүүлөрдү пайдаланып бийлик менен укуктук проблемалардан кутулса болот. – Программаларды угуш үчүн радиоприемниктерди алуунун зарылдыгы жок. – Адамдар аудиокассеталарды угуу үчүн ыктыярдуу чогулушат, активдүү жана жыйнактуу келишет. Жамааттын радиосуна ыңгайлаштырылган: Эл үнү Паша; Voises тарабынан басылган E-mail: *****@***com |
Дүйнөнүн бардык регионунда ЖМБ адамдардын иш табуу келечегин жакшырткан таанылган квалификацияларды беришине керектөөлөр чоң экени байкалууда. Бардык ЖМБлар базалык компьютердик окутууну жүргүзүп жатышкандыктан, алар үчүн таанылган адистик боюнча окутуу, айталы «компьютер менен иштөөгө лицензия» бир мүмкүнчүлүк болуп калмак. Идеалдуу алып караганда ЖМБ зарыл каражаттарга жана кызматтарга ээ болуп, компетенттүү кызматкерлери бар болсо таанылган адистиктер программасы боюнча окутууну жүргүзө алат.
Бар нерседен баштай бергиле
Бул бапты ачып жаткандагы суроо: “Жамааттык мультимедиялык борбор деп биз эмнени түшүнөбүз?” Буга жооптор келерки баптарда берилет.
Жогорудагы мисалдардын баары ЖМБ концепциясынын ийкемдүүлүгүн жана ыңгайлаштырууга ылайыктуу экенин көрсөтүш үчүн берилди. Анын ыңгайлуулугу жергиликтүү шартка эле ылайыктап алууда эмес, иш баштоо үчүн жамааттын иштеп жаткан чарбасын да пайдаланса боло тургандыгында. Уюшуп иштеп жаткан активдүү жамааттын түрлөрү канчалык көп болсо, ЖМБнын да түрлөрү ошончолук көп болот.
Стелла Хьюз |
ЖМБдагы жашоонун бир күнү |
Малидеги Кутиалы жана Индиядагы Намма Двани ЖМБсында эртең менентен кечке чейин эмне болорун карап көргүлө
Малидеги Кутиалы жамааттык мультимедиа борбору
Малидеги Кутиалы ЖМБсындагы башкаруучу үчүн иш аптасы дүйшөмбүдө 7.30 да башталат. Бул ЖМБ шаардагы жергиликтүү радиостанциялардын биринин имаратында ачылган, ал радиостанцияга кийин чакан телеборбор кошулган. Шаардагы башка радиостанциялар дагы ЖМБ менен өнөктөштүк мамиле түзгөн. Башкаруучу келген убакта имараттын кароолчусу аны тазалап жыйнап бүтүп койгон болот.
Биринчи радиоберүүлөрдүн алып баруучусу дагы иш күнүн 7.30да баштайт. Башкаруучу программанын микрофон папкасын бекитет, ошондон кийин ал обого чыгат.
Эртең менен сегизде телеборбордун чиновниги келип, башкаруучу менен аптада боло турган иш чараларды тактап чыгат. Андан кийин ал телестудиядагы жабдууларды карап текшерип чыгат, клавиатураны сүрүп[A6] , кереги жок файлдарды өчүрөт жана компьютердеги маалыматтарды текшерет.
Саат тогузда регистратор жана телеборбордун кызматынан пайдаланган биринчи кардарлар келишет. Бир сааттан кийин аптадагы биринчи сабак башталат. Бул издөө механизмдерин пайдалануу боюнча киришүү курсу болуп саналат, аны телеборбордогу аялдар тайпасынын кызматкери өтөт.

Мали. Кутиалыдагы радиостанциянын обосуна чыгып жаткан балдар.
Чак түштө саат бирде регламентти (күн тартибин) иштеп чыгуу комитетинин ай сайын өтүүчү жолугушуусу болот. Комитеттин мүчөлөрүнүн арасында башка радиостанциялардын дагы кызматкерлери менен өкүлдөрү бар. Күн тартибине ыктыярчылардын ишин уюштуруу жана аткарылган иш чаралардын ар бир айдагы жалпы маалыматына байланышкан маселелер киргизилет.
Күндүн ичинде жергиликтүү жашоочулар ЖМБга келип, телефон чалышып, факс жөнөтүп, фотокөчүрмө жасап, документтерди сканирлеп же электрондук почта аркылуу кат жиберишет. Радиостанция телеборбордун ишин байма-бай рекламалап, поп-музыка концертин уктурат, анын жүрүшүндө борбордун иши жана жарандарга жардам көрсөтүү боюнча практикалык иш чаралар жөнүндө угармандардын ой-пикирлерин жаздырып алат.
Күндүзгү саат төрттө шаардык радиостанциянын кызматкерлери өздөрүнүн программасын даярдоого зарыл болгон интерактивдүү маалыматты издөө үчүн телеборбордун мүмкүнчүлүктөрүн артыкчылыктуу пайдалануу укугуна ээ болушат.
Компьютердик сабаттуулуктун негиздери боюнча курстун акыркы сабагы саат 18:00 дө болот.
Борбор жабылар алдында башкаруучу менен телеборбордун чиновниги компьютерлерди келерки күнү пайдаланууга даярдашат. Айдын аягында жергиликтүү фирма шейшемби күнгө бүтүндөй компьютерди заказ берип, ар бир айдагы отчетун даярдайт, отчеттун электрондук формаларын толтурат, иш кагаздарын жана сакталган документтерди тартипке келтирет.
Стелла Хьюз |
Индия. Будхикотедеги Намма Двани жамааттык мультимедиа борбору
Эртең мененки саат алты. Студиянын эки менеджери менен ыктыярчылар күндүн планын апталык берүүлөрдүн программасына ылайыктап талкуулап жатышат.
Алардын алдын ала даярдалган сценарийлери деле жок, болгону айрым шилтемдер бар. Алар айылдагы жаштардын жана орто курактагы адамдарды бушайман кылган жумушсуздук маселесин талкуулап жатышат. Келерки сааттын ичинде программа кабелдик радиоканал аркылуу чакан берүүлөрдүн масштабында уктурулат.
Намма Дваниде дагы бир иш күндүн башталышы
• Бинду, техник жана ыктыярчы болуп иштеп жаткан жана акыры бир күнү станциянын жетекчиси болууну тилеп жүргөн студиянын алып баруучусу тизмени карап, студиядагы жабдууларды, магнитофонду жана микрофонду текшерет.
• Андан кийин ал айыл чарба кооперативине телефон чалып, ошол күндөгү базар бааларын билип, таңкы берүүгө тийиштүү материал даярдайт.
• Ыктыярчылар таңкы жана кечки берүүлөргө пленка даярдоо менен алек болушат.
• Студияда менеджерлердин бири жергиликтүү турмуш жөнүндө программаны жазууга даярданууда.

Индия. Намма Дванидеги жамааттын радиосундагы ыктыярчы балдар
Таңкы 6.30.
Ырлар, базар баалары жөнүндө маалымат, саламат жашоо жөнүндө материалдар (тиркемедеги Намма Двани жамаатынын радиоберүүлөрүнүн программасын кара) таңкы саат 6.30 дан баштап бир саат бою обого чыгат.
Намма Двани ЖМБ бир күн кечке ар кандай иш чаралардын чордону болот:
· Жамааттын кыздары менен аялдарын радиоишке окутуу боюнча семинар өтөт;
· Компьютердик сабаттуулук курсуна окуш үчүн стажерлордун жаңы тобу келип кошулат;
· Студиядагы менеджерлер жана ыктыярчылар радиоберүүлөрдүн идеясын талкуулап жазып чыгышат.
Түштөн кийинки 6.00
Кайрадан обого чыгуу убактысы келди.
• Викториналар, ырлар жана башка программалар жергиликтүү кабель каналы аркылуу чакан берүүлөр масштабында уктурулат.
• Борбордун башка бөлмөсүндө студент-ыктыярчы жамааттын ресурстары тууралуу маалыматтарды экинчи ыктыярчы иштеп чыккан программалык маалымат базасына киргизип жатат. (“Жабдуулар жана технологиялар” бөлүмүн караңыз).
Тоскоолдугу жок иш болбойт
Албетте, иш күндөрүндө машакат болбой койбойт, эң көйгөйлүү маселе – электр кубатынын каатчылыгы. Бийликтегилер электр кубатын он саат ичинде оюна келгендей өчүрүп-жандыра беришет. Бул күндөрү даярдалган программалар кайра иштелип чыгышы керек.

Индия. Намма Двани комитетинде иш жүрүп жатат.
Ошондуктан Намма Дванидеги кызматкерлер жана ыктыярчылар өздөрүнүн менчик генератору боло турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатышканы таң калыштуу эмес. Ошондо алар электр кубаты өчүп калганда акыркы сааттарда пландарды өзгөртүп отурбастан программалардын чыгуу убактысын так пландап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Ыктыярчылар дагы дайыма эле келе бербейт, бул дагы бир проблема. А жаңы келгендердин кээ биринин техникалык даярдыгы жок болуп чыгат.
Бирок мунун баары жамааттын демин суудурбаш керек. Радио жеткен жердин мүмкүнчүлүктөрү жана Будхикотадагы жамааттын басымдуу көпчүлүгү маалыматтык коммуникативдик технологияларды кабыл алганы борборду бүгүнкү деңгээлге жеткирди - бүгүн ал адамдар үчүн дүйнөгө ачылган терезе жана үмүт-тилектердин жанган шамы болуп калды..
Сухарита Ишвар, Азия регионунда жамааттарды өнүктүрүү жана гендердик теңчиликти орнотуу камында иштеп келаткан маалыматтык-коммуникативдик технологиялар боюнча адис. E-mail: *****@***net Вивек Дхейдж, маалымат ресурстары боюнча адис, графикалык долбоорчу жана жамааттарды өнүктүрүү боюнча адис. E-mail: *****@***com |

Ишти уюштуруу |
Ник Ишмаэль-Перкинс

Бул бапта
· Керектөөнүн деңгээлин аныктоо |
· Максат-ниет жөнүндө расмий билдирүү даярдоо |
· Бизнес-план түзүү |
Ишти уюштуруу |
Иштиктүү жана эффективдүү ЖМБ түзүш үчүн көп даярдык иштерин жүргүзүү зарыл. Бул бөлүмдө айтылган иш-аракет ыкмалардын кыскача баяндамасы сизге башкаруу жана техникалык иш чараларды даярдоого жана бизнес планды түзүүгө жардамы тиет. Ишти уюштуруунун майда баратын башка баптан окуй аласыз, анын шилтемелери тексттин ичинде берилет
Кыска баяндама сиз жамааттын маселелерин чечүүгө канчалык жоопкерчиликтүү мамиле кылсаңыз, борбордун ишин кармоого ошончолук жакшы мүмкүнчүлүктөр боло турганын көрсөтүп турат, анткени коомчулук жана башкалардын бул иштен четте калганга ниети барбай калат.
Төмөндө берилген иш чаралар жамааттын радиостанциясын пайдаланып жаткандар үчүн маанилүү көрүнбөшү мүмкүн, бирок ошентсе да, эгерде сиз борборго теле жабдууларды орнотууну пландаштырып жатсаңыз анда аларга көңүл бурганыңыз ашыкча болбойт.
• Керектөөнүн деңгээлин аныктоо
Бул сизге жамааттын керектөөлөрүн тереңдеп түшүнүү жана ЖМБнын ишин илгерилетүү үчүн керек. Андан сырткары, бул сизге жамааттын маалыматтык жана коммуникациялык керектөөлөрүн аныктоого жардам берет, бул жөнүндө жамаат, катышуучулар жана колдонуучулар жөнүндө бапта айтылган. Керектөөнүн деңгээлин баалап билүүнүн радиоберүүлөр үчүн лицензия алууда өзгөчө мааниси бар.
• Максат ниет жөнүндө расмий билдирүүнү даярдоо
Бул этапта сиздин ЖМБнын максаттары аныкталат. Борбордун максаты жана анын жамааттын керектөөлөрүнө канчалык шайкеш келерин так көрсөтүү абдан маанилүү. Бул борбордун ишин ийгиликтүү алып кетүү үчүн сиздин мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтөт.
• Сиздин борбордун түзүмүн иштеп чыгуу
ЖМБ кандай иштей турганын жакшы түшүнүп алуунун мааниси зор. Зарыл имарат тандоодон баштап канча кызматчы керек экендиги жөнүндө көп сандаган маселелерди чече келгенде баа жеткис пайдасы тиет. Уюштуруу түзүмү жана адам ресурстары жөнүндө баптан бул жөнүндө кең-кесири маалымат алсаңыз болот.
• Борбордун жобосун иштеп чыгуу
Борбордун ишине катышкан бардык мекеме-уюмдардын баардыгы мыйзамда белгиленген тартипте катталганын текшерип алыңыз – бул радио уктурууларга берилген лицензиядан кол жууп калбаш үчүн керек. Уюштуруу түзүмү жөнүндө баптан жана тиркемелерден бул боюнча толук маалымат алсаңыз болот.
• Бизнес-план
Бул маселе сиздин ЖМБнын түзүмүнө жараша чечилет: мисалы, киреше-чыгашаларды пландоо, электр кубатын керектөө деңгээли жана ошого жараша борбордун ишинин графиги түзүлөт. Туруктуулук тууралуу бапка жана тиркемелердеги маалыматка кайрылыңыз.
Керектөөнүн деңгээлин аныктоо
Сиздин жамааттын картодиаграммасы
1-Көнүгүү Жамааттын картодиаграммасы Сиздин жамааттын картасын түзүңүз, ишке катышкан бардык топторду ага белгилеңиз. Адамдар бири-биринен айырмалана турган көп белгилер бар. Карта түзүү үчурунда сиз эске ала турган айрым белгилер булар: • курагына жараша бөлүү • жынысы; • тили боюнча; • дини боюнча (протестант, католик, башка багыты, мусулмандар, индустар же башкалары); • этникалык топтор; • ишмердик түрү (дыйкан, соодагер, студент, кол өнөрчү); • атайын керектөөлөр (кирешеси жок же абдан аз, каруу күчү чектелген, сабатсыз); • жайгашкан орду (тайпа мүчөлөрү чоң же кичине, үй-бүлөлөрдө жашайбы, өзүнчө бөлүнгөнбү, кеңейтилген же нуклеардуу бүлөдөбү? Тайпалар жашаган жер менен ЖМБнын ортосундагы аралык канча? |
ЖМБнын негизги катышуучусу болуп жамаат эсептелет, борбор дал ошол үчүн түзүлгөн. Ошондуктан сиз жамааттын керектөөлөрүн, кызыкчылыгын, кем-карчын жакшы билишиңиз керек. Бирок жамааттар татаал жана динамикалуу түрдө уюшулуп, бир нече топтон куралган болушу мүмкүн. Жамаатты бул жагынан жакшы билүү сиздин байланыштарды жакшыртып, аудиторияга маалымат жеткирүүнүн алгылыктуу жолун табууга жардам берет.
Албетте, сиз жамаатка кирген топтордун ишине байланыштуу башка дагы көп башка факторлорго туш келесиз. Пландоо процессине бардык топтор катышууга тийиш, бул башынан эле жамааттын менчигин түзүүгө кепилдик берип, ар кандай таарынычтарга же процесстен обочолонуу сезимине байланышкан тобокелдиктерди азайтат. Кандайдыр бир күмөн ойлор пайда болгондо жамааттын мүчөлөрүнө жардам сурап кайрылыңыз – борбордун эмблемасынан баштаңыз. Алар канчалык көп салым кошсо, өздөрүн ошончолук ишенимдүү сезип, борборду ошончолук активдүү колдоого алышат.
Экинчиден, сиздин кирешени толуктап туруу үчүн пайдаланса боло турган кошумча кыймылсыз мүлк керек болуп калышы мүмкүн, мисалы, кайсы бир уюмга офиске орун берип, андан акысына башка бир пайдасын көрүүгө болот.
Сиз жана жамаат үчүн ойлончу темалар
Борбор кай жерде жайгашканы жакшы?
Транспорттун кайсыл түрү жеткиликтүү? Сизге ЖМБны жайгаштыруу үчүн жарактуу жай табуу керек болот. Ал көпчүлүк эл үчүн оңой жеткен жана анын ишине катышып, кызматынан пайдаланууга ыңгайлуу болгондой жерде болушу керектигин эстен чыгарбаңыз. Көп каражат талап кылбаган жана болочокто кеңейүүгө боло тургандай жерди тапканга аракет кылыңыз. Ошондой эле кошумча офис аянтын кызыккан уюмга же коммерциялык структурага ижарага берип, ЖМБга кошумча пайда табууга болорун да унутпаңыз. Мындай орун коопсуз аймакта жайгашып, суу ташкын же көчкү сыяктуу табигый кырсыктардан корголгон болушу керек.
Борбордун аталышы
Жалпы жамаат сунуш кылган аталышты колдонуу баарына тең жага турган иш болот. Бул ошондой эле жамааттын ичинде сыймыктануу жана жалпы ишти урматтоо сезимин бекемдейт.
Борбор чече турган маселелерди жамаат менен кеңешүү керек
Жамаатты өнүктүрүү сиздин биринчи кезектеги максатыңыз экенин эстен чыгарбаңыз. Ошондуктан борбор аткара турган кызматтын түрлөрүн жамаат менен кеңешип чечүү маанилүү.
Борборду башкаруу жөнүндө жамаат эмне дейт?
Колдогу ресурстарга таянып иштөө менен жамаат өңгөнүн эмес өзүнүн иши экенин сезгендей кылып иштеңиз. Силер аткарып жаткан иштер башкалардын катарында бадырайып көрүнүп турсун.
Борбордо ким иштеши керек?
Сиздин ишмердикти башка кызмат тармагынан өзгөчө кылып көрсөтүңүз, жамаат мүчөлөрүн бул ишке активдүү тартыңыз.
Кандайдыр бир күмөн ойлор келгенде, жамаат менен кеңешиңиз - борбордун эмблемасы жөнүндө же башка маселе болсо дагы майда экен дебей. Алар канчалык көп салым кошсо, ошончолук өзүн ишенимдүү сезип, ошончолук борбордун ишин колдоого алышат.
|
Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 |



