Партнерка на США и Канаду по недвижимости, выплаты в крипто

  • 30% recurring commission
  • Выплаты в USDT
  • Вывод каждую неделю
  • Комиссия до 5 лет за каждого referral

Сиздер кимге кызмат көрсөтүүгө ниеттенип жатасыздар? Коңшулук боюнча, провинцияда же региондо жашаган адамдаргабы? Же сиздердин ЖМБ чакан кредиттөө чөйрөсүндө иштеген аялдар же пахта өстүрүүчү фермерлер сыяктуу белгиленген бир жамаат менен иштөөнү каалайбы?

Сиздердин ишиңиздердин обьекти жөнүндө так түшүнүк болушу керек, ал төмөнкүлөр үчүн зарыл:

•  иш-чараларды жана сиздердин ЖМБ көрсөтүүчү кызматтардын тизмесин пландоо;

•  ЖМБнын жайгашкан жерин тандоо;

•  грант же кредит алуу үчүн кайрылуу;

•  эгерде ЖМБ басылма чыгарса же анын радиостанциясы болсо, жарнамалык орунду сатуу.

Ушуга жараша сиздер персоналды тандап, иштөө тилин же тилдерди аныктап, маалыматтарды чогултуп жана жайылтасыздар.

Региондо башка жамааттар барбы?

Кээде бир нече жамааттар менен иштөөнү каалоо болушу мүмкүн. Мисалы, Түштүк Африкадагы Йоханнесбургдун чет жакасындагы турак райондордогу ЖМБнын ал жерде акыркы он жыл жашаган адамдар, ошондой эле коңшу чет жактарда мыйзамсыз курулуштарда жашаган, Мозамбиктен келген жумушчу мигранттардын жаңы жамааты менен иштөөгө кызыкчылыгы пайда болушу мүмкүн.

Бул эки жамаат бири-биринен айырмаланат, алардын өкүлдөрү түрдүү тилдерде сүйлөйт жана белгиленген бир чөйрөдө алардын маалыматтык муктаждыктары дал келишпейт, башка чөйрөлөрдө олуттуу түрдө айырмаланат. Мисалы, жумушчу мигранттарда мыйзамдуу да, ошондой эле мыйзамсыз да мигранттардын укуктарына тиешелүү маалыматка муктаждык болушу мүмкүн.

ЖМБнын ишине аялдардын жетүүсү жана катышуусу

Маалыматтык технологиялар гендердик мамиледе бейтарап болуп саналат деген божомол көп учурда жаңылыш болуп эсептелет. Бул түшүнүк көп учурда аялдарды жана кыздарды кошпойт. Аялдар жамааттын байланыштар жана радионун маалыматтык технологияларын колдонууга кызыгат жана ЖМБлар аялдардын бардык деңгээлде катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылып, аялдардын кызыкчылыгын жана алардын муктаждыктарын көңүлгө алуусу керек.

Жамааттын көпчүлүк радио - жана теле борборлору көп учурда маданий, салттуу, социалдык, экономикалык факторлорду жана убакыт боюнча чектөө факторлорун көңүлгө алышпайт, ага аялдар алардын жамаатында туш болушат жана ошондуктан алардын аялдарга жана кыздарга кайрылууда жолу болбойт.

Нэнси Дж. Хафкин жана Соня Хорхе аялдардын толук катышуусу үчүн айрым алдын алуучу шарттарды баяндайт. Сиздердин мамиле кылуунун негизинде долбоордун аякташында же ортосунда эмес, аны ишке ашыруунун башында эле, гендердик мамиледе сергек адамды тандоо болушу керек.

Дженис Бродман аялдардын маалыматтык жана коммуникациялык технологияларга жетүүсүн камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй талаптарды көрсөтөт.

•  Активдүү иш-чараларды жүргүзгүлө: Жарнамалык баракчаларды таратуу же жолугушууларды өткөрүү сыяктуу көптөгөн активдүү методдор аялдардын сабатсыздыгынан жана жолугушууларга баруу үчүн убакытынын жоктугунан аларга жетпейт. Үй-бүлөдө көп учурда коомдук жайларга баруу жана түрдүү иш-чараларга катышуу эркек кишинин укугу болуп саналат.

•  Финансылык жеткиликтүүлүктү камсыз кылгыла: Аялдар көп учурда үй чарбасын жүргүзүүгө жоопкерчиликтүү болгондуктан, алар биринчи кезекте азык-түлүк жана башка зарыл товарларды сатып алышат жана андан кийин гана Интернетке акчасын корото баштайт.

•  Оңой жетүүнү камсыз кылгыла: Эгерде ЖМБ алыс жайгашса, аялдарга кечкисин кайра келүү кыйын болуп калат, борбор аялдар салттуу түрдө өз алдынча барбаган жерлерде жайгашпашы керек.

•  Окутууну камсыз кылгыла: аялдар жана эркектер үчүн билим берүү муктаждыктары түрдүү болушу мүмкүн; аялдар компьютердик сабаттуулуктун негиздерин окууга муктаж болуп турганда, көпчүлүк эркектер тейлөө чөйрөсүндө колдонулуучу көндүмдөрдү окууга муктаж болушат. Тил билүү (англис) жана сабаттуулук деңгээлинин айынан түрдүү деңгээлде окутуу зарыл болушу мүмкүн.

•  Орундуу экендигине кепилдик бергиле: Аялдардын графиги оор жана жумушу өтө оор болгондуктан алар ЖМБнын иш-чараларынын керек экендигине ишениши керек. Алар тез арада аракет болууну жана алардын катышуусунан пайда чыгаарын көрүшү керек.

•  Ишенимди жаратуу: Эгерде жаш кыздарга жана аялдарга техникалык мүнөздөгү жана алар үчүн эмес, жамааттын ишине тиешелүү болгон көптөгөн иш-чаралар бар деп айтса, алар өздөрүнүн күч-аракетин башка иш чөйрөсүнө багыттайт. Аларды бул мындай эмес деп ишендирип, аларда өзүнүн күчүнө ишенимди жаратуу зарыл.

•  Катышууну чыңдоо: Аялдарды борбордун ишине катышууга жөн гана чакырып коюу жетишсиз, аларды көптөгөн алдын ала шарттарды аткарттырбастан, аларга эфирдик убакыт, компьютерлерди ж. б. берүү мүмкүндүгүн ойлонуштуруу зарыл.

Бардык адаттагы тоскоолдуктарга туш болбоо үчүн ЖМБнын иш-чараларын пландоонун эң алгачкы стадиясында гендердик мамиледен кутулуу керек. Кутулуу дегендик аялдардын эле эмес, ошондой эле үй чарбасын жүргүзүү, фермада иштөө ж. б. боюнча көбүрөөк жоопкерчиликти өзүнө алып, аялдардын катышуусун колдоодо эркектердин да аң-сезиминин өсүшүн билдирет. Жамааттын аялдары ЖМБ жана жамаат ийгиликке жетишүү үчүн чоң күч-кубатка ээ; биздин милдет жамааттын кызыкчылыгында аны толук ачуу болуп саналат.

Бьянка Мильоретто

Тема боюнча кошумча маалымат

•  “Аялдар жана коммуникация”, Women in Action 2/2002, Isis International, Манила.

•  http://www. isiswomen. org

•  Соня Хорхе, Теле борборлордун гендердик келечектери, ITU-Telecom Americas 2000 жана “Гендердик МКТ-долбоорлор: Жетектөөчү принциптер”, Гендердик методология боюнча семинар үчүн даярдалган, APC-WNSP, май 2002

•  GEM – Гендердик баа берүү методологиясы: Келечектеги өзгөрүүлөр үчүн изилдөө, APC WNSP баа берүү модели: http://www. apcwomen. org/gem/learning4change/

Бул жамаатта “чакан жамааттар же топтор барбы?

НЕ нашли? Не то? Что вы ищете?

Сиздер кайрылууну каалаган негизги жамаатты идентификациялагандан кийин, ал сиздер кеңеш алып, маселелерди карашыңар керек болгон кичирээк чакан коомчулуктарды жана белгиленген бир топторду камтыбастыгын карашыңар пайдалуу. Мисалы, эгерде чоң бир кыштактын жашоочулары сиздердин алгачкы коомчулук болуп саналса, сиздер бул коомчулуктун алкагында чоң коомчулуктан айырмаланган диний топтор бар экендигин билмексиздер.

Сиздер иштеп жаткан жамаатты түшүнүү эмне үчүн маанилүү?

Көп себептер бар, алардын ичинде:

•  ЖМБнын “рыногунда” сиздер иштеп жаткан жамаат же жамааттар, башкача айтканда максаттуу колдонуучулар, аудитория, колдонуучулар жана угуучулар. Алар ким болуп саналгандыгын жана алардын кандай муктаждыктары бар экендигин түшүнүү – жападан жалгыз багыт, сиздер ал багыт боюнча кетип олуттуу мазмунду жана зарыл кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кыла аласыздар. Айрым адамдар бул процессти “рыноктук аныктама жана талдоо” деп аташат.

•  ЖМБнын легитимдүүлүгү же узак мөөнөттүү турмушка жөндөмдүүлүгү жамааттын тартылышына, ЖМБнын колдоосуна, катышуусуна жана учурдагы муктаждыктарга ылайык келишине жараша болот. Сиздер муну “жамааттын катышуусу жана монополдук пайдалануу” деп эсептемексиздер.

•  жамаатты чыңдоо Сиздердин негизги максатыңыздардын бир бөлүгү болуп саналат – мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, ресурстар жана колдоо менен камсыз кылуу, жергиликтүү же улуттук өкмөттүк иш-чараларга коомдук катышууну жеңилдетүү же жолугушууларды биргелешип өткөрүү жана тажрыйбаларды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу. Булардын бардыгы “өнүктүрүү максатында жамааттын ыйгарым укуктарын бекемдөөгө” түрткү болот.

Тана кыштагынын максаттуу ЖМБлары

Тана кыштагы – Түштүк Африкадагы кичинекей кыштак, анда көпчүлүк адамдар жумушчу мигранттар болуп саналган же пахта өстүргөн үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелеринин эсебинен оокат кылат. ВИЧ-инфекция менен ооругандардын саны жогорку деңгээлде, ошол эле учурда мобилдүү клиника болгондуктан шашылыш медициналык жардам көрсөтүү жакшы уюштурулган.

Диаграмма 1

Овал: ВИЧ жуктургандар
 

ЖМБнын артыкчылыктуу максаттары болуп пахта өстүрүүчү фермерлер үчүн жаңы көндүмдөргө үйрөнүү, киреше алуунун жаңы ыкмаларын табуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана аларга ВИЧ-инфекциянын алдын алуу жана дарылоо боюнча маалыматтык жана коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү саналат.

Артыкчылыктуу топ – пахта өстүрүүчү фермерлер, алардын көпчүлүгү ВИЧ-инфекция жуктуруп алган.

ЖМБ мектеп окуучуларына китепканаларды жана окуу компьютердик борборлорду сунуш кылып, алар менен активдүү иштейт.

Жогоруда 1-диаграммада ЖМБ менен ВИЧ-жуктуруп алган коомчулуктун мүчөлөрүнүн ортосундагы жебе ЖМБнын кызматкери бар экендигин көрсөтүп турат, ал акысыз дарылоону камсыз кылып, ушул үй-бүлөнүн алкагында активдүү иштейт. Шашылыш медициналык жардам көрсөтүү пунктунун пунктири ЖМБнын компьютерлер боюнча инструкторунун жубайы – доктур экендигин көрсөтүп турат, ал мобилдүү клиниканын ишин камсыз кылат.

Сиздердин жамааттагы муктаждыктарга, кызыкчылыктарга жана өз ара мамилелерге талдоо жүргүзүү

Жамааттын муктаждыктарын жана алдын ала изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн жана өздүк маалыматтарды топтоонун динамикасын аныктоонун көптөгөн ыкмалары бар.

Алдын ала изилдөө

Төмөндө келтирилген типтүү суроолордун айрымдарын берип, сиздердин жамааттын тарыхын жана учурдагы социалдык-экономикалык жагдайды билиңиздер. Айрым жооптор жамаат тууралуу канча маалымат катталгандыгына жараша болот. Маалымат бир кыйла деңгээлде адамдардын билүүсүнө, эстешине жана тарыхка байланыштуу экендигин эсиңиздерден чыгарбагыла.

Өзгөрүүлөрдү алдын ала көрө билүү

Сиздер ЖМБ менен иштөөнү улантып жаткандыктан, сиздердин жамааттын алгачкы талдоосун жана анын муктаждыктарын кайрадан текшерүү зарыл. Сиздер жаңы жамааттар пайда болгондугуна да баа беришиңиздер керек. Алсак, кургакчылык же чыр-чатактар адамдардын жаңы тобун жаңы жана түрдүү тили жана маалыматтык муктаждыктары бар коңшу аймакка көчүүгө мажбур кылат же сиздердин колдонуучулардын учурдагы жамааттары фабрикаларда жумушчу орундардын аздыгынан жумушчулардын көп болушуна байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн, бул сиздердин жамаатта көчө сатуучуларынын көбөйүшүнө алып келет.

Жамааттын тарыхы жөнүндө суроолор

•  Жамааттын түзүлгөндүгүнө канча болду?

•  Жамаатты түзүүгө кандай себептер түрткү болду? Ал кандай себептер эле?

•  Бул жамааттын тарыхы жалпысынан өлкөнүн же региондун тарыхына кандайча жазылат?

•  Бир нече убакыттан кийин жамаат кандайча өзгөрдү?

Социалдык, маданий жана экономикалык факторлор жөнүндө суроолор

•  Кирешенин негизги булактары кандай?

•  Социалдык түзүм, этностук саясат, тил жана диний тажрыйба?

•  Жамааттын ичинде белгиленген бир чыр-чатактар барбы, мисалы, түрдүү диний топтордун арасында же жер участокторун бөлүштүрүү боюнча же соода кылуу эрежелерине байланышкан?

•  Элдер кандай эс алышат жана маданий калыптануу формалары? Жамааттагы аялдардын, балдардын, улгайган адамдардын жана майыптардын статусу?

Төмөнкү маалымат булактарына жетүүгө аракет кылып көргүлө:

•  улуттук статистикалык маалыматтарга, аны өкмөттүн статистика бөлүмүнөн аласыңар;

•  жергиликтүү бийлик органынын кызмат адамдарына;

•  эс тутуму жакшы жана кадыр-барктуу улуу курактагы адамдарга.

Жамаат кандай уюшулгандыгы тууралуу суроолор

•  Жоопкерчиликтин жана лидерликтин айрым формасы менен үй-бүлө уюштурулдубу?

•  Лидерлер кандайча тандалып алынды же идентификацияланды? Курагы, диний абалы, мураска ээ болуусу, тандап алуу, айландыруу боюнча?

•  Кайсы облустар лидерлик башкарууга ээ? Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылып, жергиликтүү бийлик органы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жерлерди бөлүштүрүү ж. б.

Белгиленген бир мезгилде жамаатта болгон өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүү пайдалуу. Ушул өзгөрүүлөрдүн айрымдарын көрсөтүү үчүн жамааттын хронологиясын тарткыла.

Мисал:

Сиваль формалдуу эмес жамаатынын тарыхы

(Дурбандагы элестетилген жамаат, Түштүк Африка)

1980-ж.- Лемонтвилден мажбурлап көчүргөндөн кийин биринчи үй-бүлөлөр келген.

1982-ж. - Сиваль поселогунун курулушу.

1986-ж.-Сиваль “алтылыгынын” камакка алынышы жана Мэтью Мпангоздун өлүмү.

1987-ж.-Сиваль коомдук борбору (Мэтью Мпангоздун атындагы)

Cкандинавия чиркөөсүнүн колдоосу астында түзүлгөн.

19ж. Сиваль жамаатынын мүчөлөрүнүн саны Түштүк Африкада мыйзамдардын өзгөрүшүнөн кийин провинцияга көчүп келген жаңы байыр алгандардын келишинин натыйжасында үч эсеге көбөйгөн.

1992-ж. - Сиваль аялдар тобу соодагерлердин тармагын колдоочу майда бизнести түзгөн.

1994-ж. - жаңы постапартеиддик өкмөт Түштүк Африкадагы бийликке келген.

1995-ж. - Сиваль таксопаркынын курулушу.

1997-ж.- Сиваль жамааты жер жөнүндө талап койгон, алар 1980-жылы ал жерден көчүрүлгөн.

2000-ж. - ВИЧ/СПИДден өлүмдүн көбөйүшүн биринчи жолу моюнга алышкан, өкмөттүк эмес уюмдар Сивалда иштөөнү баштаган.

2001-ж.- Өкмөт Сивалдаимараттын долбоорунун жана курулушунун схемасын баштаган, алар 2 жылдын ичинде курулмакчы

2002-ж. - Мозамбиктен мыйзамсыз иммигранттар тобунун келиши.

2003-ж. - Сивалда туулган футболист Вуси Муса “Бафана-Бафана” улуттук курамага киргизилген жана Сенегалга каршы оюнда чечүүчү гол киргизген. Жашоочулар анын энеси турган үйдүн жанында майрамдашкан.

... жана башкалар.

Көнүгүү

Азыр 2004-жыл жана сиз Сивалда ЖМБны белгилеп жаткан топтун мүчөсүсүз. Жогоруда айтылган графикти караңыз. Кандай маалымат сиз үчүн андан ары пландоодо өзгөчө маанилүү болот?

Сиздин өздүк маалыматтарды топтоңуз

Бул үчүн төмөнкүдөй иш-чараларды ишке ашырса болот:

•  колдо бар ресурстардын жана демилгелердин схемасын түзүү, мисалы, гезиттер, радиостанциялар, уюмдар, ишкерлер, өзүн-өзү өркүндөтүү топтору;

•  жолугушууларга жана окуяларга баруу;

•  жамаатта иштеген адамдар менен баарлашуу, мисалы, башка уюмдар же кызмат көрсөтүүчүлөр;

•  формалдуу жана расмий эмес түрдө жамааттын мүчөлөрү же топтор менен түздөн-түз баарлашуу.

Жолугушууларга жана окуяларга баруу

Түрдүү келечектерди урматтагыла жана баалагыла

Кандай гана болбосун проблемага же жагдайга баа берүүнүн көптөгөн ыкмасы бар. Келечектердин диапазонун карап чыккыла жана калыс ой-пикирди сактагыла, анткени жазылган нерсе дайыма эле чындык боло бербейт. Бир жамааттын кызыкчылыгы башка жамааттын кызыкчылыгына каршы келиши мүмкүн – бул ЖМБ үчүн каалаган жамааттын маанилүүлүгүн өзгөртпөөгө тийиш. Мисалы, жашоочулар коопсуздук үчүн полиция түнкүсүн көчөлөрдү патруль менен кайтарышына кызыкдар, бирок бул тиешелүү кызматын аткарып жана бул үчүн акы албаган полиция кызматкерлеринин кызыкчылыгына каршы келет.

Сенгерем теле борборунан банту барабанчылар тобу жамаатта телефонду колдонууну көрсөтүүдө.

Жолугушууга жана окуяларга барганда эмне болоорун билгиле жана сиздердин ЖМБдан кимдир-бирөө ага байкоо жүргүзүп жаткандыгына ынангыла. Сиздер жергиликтүү бийлик органынын жолугушуусуна барып, өзүңүздөрдүн жамаат үчүн маанилүү болуп саналган проблемалар тууралуу биле аласыздар. Мисалы, көчөдөгү соодагерлер менен болгон проблемалар. ЖМБнын иши журналисттердин ишине абдан окшош.

Жамаатта иштеген адамдар менен баарлашуу

Сиздер схема түзүү менен жамааттагы кызмат көрсөтүүчүлөрдү жана уюмдарды аныктайсыздар. Жамааттын маалыматка муктаждыгын, пландарды жана чакырууларды талкуулоо үчүн алардын дайындалышын аныктагыла. Маектешүү үчүн суроолордун кыскача тизмесин иштеп чыккыла. Алардын иши жана уюштуруу муктаждыктары, аларды колдонуу жана телефон, Интернет сыяктуу МКТлар менен иштөө жөнүндө билгиле. Алар кандай радиостанцияларды угууну жактырат? Алардын маалыматтык муктаждыктарына жооп берүү үчүн радио чынында эле жетиштүүбү?

Жамааттын мүчөлөрү менен түздөн-түз баарлашуу

Сиздер автобуста, таксиде жана жадагалса универмагда кезекте турганда адамдар менен баарлашып, муну формалдуу жана расмий эмес түрдө жасасаңыз болот.

Маалыматты кантип топтоп жана сиздердин жамааттын муктаждыктарын кантип түшүнүү керек экендиги жөнүндө практикалык окуу куралы катары ЮНЕСКОнун телеборборлор тууралуу нускоосун караңыз. Сиздер бул китепти Интернеттен, төмөнкү дарек боюнча таба аласыздар http://unesdoc. unesco. org/images/0012/001230/ 123004e. pdfor же Сизге көчүрмөсүн салып жиберүү өтүнүчү менен ЮНЕСКОго кайрылсаңыз болот.

ЖМБ жамааттын проблемасын чечүүдө кандай роль ойнойт?

Жамааттын схемасын түзүүгө жана проблемаларды аныктоого жараша сиздер ЖМБ аларды кандай чечээрин ойлонушуңар керек.

Маалымат жана байланыш талдоого жүргүзүүгө муктаж

Алгач ушул проблемалардын өңүтүндө маалыматтын жана байланыштын муктаждыктары тууралуу ойлонгула. Мисалы, ВИЧ/СПИД катуу тараган жамаатты алалы – бул пациенттер, СПИД менен ооруган адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн жеткиликтүү болгон камкордук жөнүндө маалымат. Алдын алуу жана дарылоо тууралуу каалаган маалымат чындыгында эле жеткиликтүүбү? Мектеп окуучулары билим бере турган жана суроолорго жооп табууга жардам берген маалыматтарга жеткенби? Саламаттык сактоо чөйрөсүндө иштегендерде кыйла квалификациялуу жардам көрсөтүүгө көмөктөшүүчү маалыматтар барбы? ВИЧтин жайылышынын алдын алууну колдоого муктаждык барбы? ВИЧтин балдарга жугушу тууралуу бардык энелер билеби? (Жогоруда келтирилген жамааттын муктаждыктарына талдоо жүргүзүүнү караңыз.)

Маалыматтын учурдагы булактары

Андан кийин жамааттын мүчөлөрү маалымат менен кандайча алмашаарын түшүнүүгө аракет кылгыла. Маанилүү маалыматтык түйүндөрдү идентификациялоо үчүн жамааттын схемасына талдоо жүргүзгүлө.

Мүмкүн болсо ар дайым, учурдагы кызмат көрсөтүүлөр сиздер мурда аныктаган муктаждыктарга канчалык деңгээлде жооп берээрин баалагыла. Кандайдыр бир кемчиликтер барбы? Элдер жергиликтүү клиникада алса боло турган колдоонун тиби жөнүндө билишеби? Көп учурда маалыматтык кызматтар начар иштейт, анткени элдер алар жөнүндө билишпейт. ЖМБ бул кемчиликти жоюуда маанилүү роль ойнойт.

ЖМБнын жоопкерчилиги: маалымат жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

Андан кийин ЖМБ жамааттын негизги проблемаларына жана чакырууларына жооп катары камсыз кыла турган кызмат көрсөтүүлөрдү аныктагыла.

Маалыматтар жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн мисалдары төмөнкүлөрдү камтыйт:

•  элдер ЖМБда колдонуп же ЖМБда прокатка ала турган жазуу жүзүндөгү материалдар, мисалы, китептер, журналдар, брошюралар;

•  элдер ЖМБда топтоп жана окуп чыгуу үчүн үйүнө алып кете турган материалдар, мисалы, брошюралар;

•  көрсөтмө материалдар, мисалы, постерлер, комикстер жана мультфильмдер; маалыматтык кызматтардын тизмеси;

•  радио берүүлөрдүн программалары, мисалы, ток-шоу, көңүл ачуучу берүүлөр, маектер;

•  коомдук жолугушуулар жана талкуулоолор, мисалы, чакырылган ораторлор же тажрыйбаны берүүчү жамааттын мүчөлөрү менен.

Сиздердин идеяңыздарды жана маалыматтарды системалаштырууга жараша аларды таблицада түзгүлө, аны кесиптештериңиздер жана жамааттын мүчөлөрү менен талкуулагыла.

Таасир этүүгө баа берүү

Сиздердин ЖМБ жамааттагы негизги чөйрөгө көрсөтүүчү таасирге кандайча баа берериңизди ойлонуңуздар.

ЖМБнын каражаттары кандайча колдонулуп жаткандыгын жана жамааттын катышуу деңгээлин эсепке алгыла. Канча адам ЖМБны бир жылдын ичинде колдоноорун көрсөтүүчү жөнөкөй цифралар пландоодо абдан пайдалуу болушу мүмкүн.

Ошондой эле сиздердин радио берүүнү уккан адамдар тууралуу маалымат топтогонго аракет кылгыла.

Жамааттын ЖМБга катышуусу

ЖМБнын ийгилиги жана туруктуулугу жамааттын катышуу деңгээлине жараша болот. Жамаат ЖМБга канчалык көбүрөөк катышса, сиздер анын ЖМБнын кызмат көрсөтүүлөрүнө муктаждыгы жөнүндө көбүрөөк билесиздер.

Жамааттын сиздердин иштин түрдүү аспекттерине жана ЖМБнын жашоо-турмушуна катышуусун пландагыла жана алдын ала карагыла. Бул пландоодон башталат жана мезгил-мезгили менен баа берүүдө жана таасир этүүгө баа берүүдө улантылат.

ЖМБны “башкаруу”

“Башкаруунун” көптөгөн аныктамасы бар. Эң жөнөкөйү – бул ЖМБнын ишинин отчеттуулугун камсыз кылуу процесси. Жамааттын мүчөлөрүнүн татыктуу катышуусун камсыз кылуу максатында сиздердин ЖМБ үчүн башкаруучу же кеңеш берүүчү комитетти түзүү маанилүү.

Жамааттын катышуусунун контролдук тизмеси

Төмөнкү процесстерди карап чыккыла жана жамааттын катышуусу ар бир кадамда эске алынгандыгына ынангыла.

Процесс

Жамаат кандайча катышат?

ЖМБны пландоо (эң башында)

ЖМБны ишке киргизүү стадиясы

Жамааттын түшүнүүсүн издөө

Жамааттын ресурстарын чагылдыруу

Башкаруу

Каражаттарды топтоо

Жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү пландоо

Таасир этүүгө баа берүү

Башкалар

Башка уюмдар менен иштөө

Сиздердин ЖМБ облустагы демилгелердин жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн схемасынын бир бөлүгүн гана түзөт. Сиздер толук схемага кантип киргениңиздерди түшүнүү зарыл.

Тармактар жана өнөктөштөр менен убакытты жана төмөнкү иштерди бөлүштүргүлө:

•  стратегиялык пландаштыруу;

•  кызматкерлер менен жыйын өткөрүү;

•  жетекчилик менен жолугушуулар;

•  Жетишилген натыйжалар жана долбоор иштери жөнүндө баяндамалар;

•  Жылдык отчеттор

•  ЖМБнын кызматкерлери жазылган тизмени сактап коюу жана алар менен иштин алдыңкы тажрыйбасын алмашып туруу кажет

Коалицияларды, шериктиктерди түзүү жана жергиликтүү, региондук жана эл аралык деңгээлде башка кызмат көрсөтүүчүлөр – мекемелер, өкмөт, менчик сектор, жарандык коом менен кызматташуу жөнүндө ойлонгула. Ошондой эле тематикалык контекстте мамилелерди түзүүнү карагыла, мисалы, маалымдоо, окутуу ж. б. маселелери боюнча. Айрым шериктиктер белгиленген бир маалымат менен жөн гана алмашуу чөйрөсүндө эле иштебестен, ошондой эле башка шериктиктер кандайдыр бир белгилүү темага тиешелүү болгон учурда, жөнөкөй маалыматтык алмашуунун алкагынан бир аз чыга алат.

Жарандык коом тармактык иште кыйла активдүү болууда. Жакын өнөктөштөр дүйнөнүн түрдүү жеринде жайгашкан уюмдарда болушу мүмкүн, алар менен жеке жолугушуулар сейрек болот. Почтага жетүүсү бар көпчүлүк адамдар адресаттардын тизмесинин жок дегенде бирине же интерактивдүү талкуулоо форумуна таандык, ал эми жамааттын көпчүлүк демилгеси жергиликтүү, улуттук же эл аралык тармактын бир бөлүгү болуп саналат.

Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16