Адам ресурстарынын ролу, укуктары жанга милдеттери так аныкталып кабыл алынышы абдан маанилүү.
Ыктыярчылар жөнүндө эки ооз сөз • Ыктыярчылар - акы төлөнгөн штаттын ордун баспайт. • Ыктыярчылар акы төлөнбөгөн жумушчу күчү катарында пайдаланылбаш керек. • Аларды узак мөөнөткө туруктуу негизде ишке тартууга болбойт. • ЖМБ ыктыярчыларды жайгаштырып бөлүштүрүүнү ийкемдүү жүргүзүшү керек. • Ыктыярчылар айына же аптасына бир же эки саат гана иштей алат. • Ыктыярчыларды ишке тартуу убактылуу же сезондуу мүнөздө болот. • Ыктыярчыларды эмгегине жараша колдоого алып, сыйлап туруу керек, алардын эмгеги жерде калбаш керек. |
Ыктыярчылар
Эгер ыктыярчылар стратегиянын тутумуна кирсе анда сиздин кызматкерлер төмөнкү маселелерге орчундуу көңүл бурушу керек:
Потенциалдуу ыктыярчылардын жөндөм дараметтери менен кызыкчылыктарын идентификациялоо;
Аларды окутууну жеңилдетүү жана иш таап берүүгө колдоо көрсөтүү;
Системаны колдоого алуу.
Ыктыярдуулук принцибин колдонуунун ЖМБ үчүн чоң мааниси бар. Баардыгы колдогу адам ресурстарынан эле эмес, эң маанилүүсү, жамаатта түзүлө турган ресурстардан көбүрөөк көз каранды болот.
Силердин жамаатта бош жүргөн жаштар жана кары адамдар барбы? Көп адамдар үчүн ЖМБ ой-тилектерге жетүүнүн эң сонун мүмкүнчүлүгүн тартуулашы мүмкүн. Айрыкча жаштар эл көзүнө көрүнүктүү ишти жасоого мүмкүнчүлүк аз экенине көп кабатырланышат.
Ыктыярдуулук принциби – эң сонун мүмкүнчүлүктөрдүн жолу. ЖМБнын ишинин ийгиликтүүлүгүн анын ишине жамааттын канчалык катышканына карап бааласа болот. Ыктыярдуулук принциби акысыз иштеген адамдарды жалдоонун ордуна адамдар жана жамаат менен мамиле курууга негизделген.
Ыктыярчылар ЖМБдагы бардык иштерди – телефондорго жооп берүүдөн тартып, программаларды аткарууга чейинки, жабдууларды техникалык тейлөөдөн тартып каражат жыйноого чейин бүт аткарыша алат. Бирок жамааттын жакыр жашаган катмарында, айрыкча аялдар менен кыздарда бош убакыт болбойт. Ыктыярдуулук принциби көп адамдар үчүн жаңы жана кээ бир учурда татаал түшүнүк.
Ыктыярчылардын күчү алардын милдеттүүлүгүндө жана массалуулугунда. ЖМБ аз сандагы адамдардын көп кызмат көрсөткөнү менен эмес, көп сандагы адамдар салыштырмалуу камсыз кылган анча чоң эмес тизме менен башкарылат. Сиз ыктыярчылар менен иштөө жалданган кызматкерлерге караганда опурталдуу деп ойлошуңуз мүмкүн. Чынында аларды салыштырууга болбойт. Жамааттын медиа борборлору таптакыр башка негизде иштешет. Алардын ролун аныктоочу орчундуу мүнөздөмө катары адамдардын ишти уюштуруу жана конструктивдүү пайдаланууга катышын айтсак болот.
Акы төлөп кызматкер кармай ала турган ЖМБлар ыктыярчылардын күчүн ар кандай себептерге байланыштуу чектелүү пайдаланат, бул башкаруунун өзгөчөлүгүнөн да болот. Ал эми башка ЖМБлар дээрлик бүтүндөй ыктыярчыларга таянып иштейт. Көптөрү эки мүмкүнчүлүктү айкалыштырып компромисттик жол менен чечишет.
ЖМБны ыктыярчылардын жардамы менен башкаруу инвестицияларды талап кылат, адамдарды окутуу, алардын ишине көз салуу керек, окуу процессинде кетирген каталарына чыдашка туура келет, ал түгүл борбордон кетип атканына чейин байкоо салыш абзел. Бирок ыктыярчылардын пайдасы “көп суур ийин казбайт” дегендей да болушу мүмкүн, беш ыктыярчыны окутуп, борборго үч даярдыгы бар жумушчу келет жана жергиликтүү жамаат менен мамиле чыңдалат деп күтүш керек.
Ыктыярчылар менен иштөөдө ийкемдүүлүк жана аларды бөлүштүрүү системасы керек. Сиз ыктыярдуулук принцибин жактап, андагы катылган мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышыңыздар керек. Ыктыярчыларды тартууну пландаштыруу дагы ийкемдүү болууга тийиш: кээ учурда алар жогорку активдүүлүктү көрсөтөт, кээде таптакыр жок болот. Сиз буга даяр болушуңуз керек. Адам ресурстарын тартууну пландаштырууну ЖМБны керектөөсүнө жана ыктыярчылардын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жүргүзүү керек.
Ыктыярчылар менен убактылуу штаттагыларда бара-бара кызматка ээ болом деген кур үмүттөр пайда болбогондой кылып ишти уюштуруу керек.
Малидеги Кутиалы жамааттык мультимедиа борборунда төрт категориядагы ыктыярчылар бар: тартылган кызматкерлер, жергиликтүү жашоочулар, ыктыярчылар жана интерндер. «Тартылган кызматкердин» башка жерде акы төлөнгөн кызматы бар, ал ЖМБга дайыма жана белгиленген убакта жардам берет. Айрымдар бул ишти он жыл бою аткарышкан. «Жергиликтүү жашоочулар» - булар жергиликтүү адистер, аларды айрым маалыматты тактап, түшүндүрүп берүү үчүн чакырышы мүмкүн, мисалы саламаттык сактоо же айыл чарбасы боюнча радио берүүгө катышуулары ыктымал. «Ыктыярчы» - айрым иштерди аткарууга жардам көргөзгөн жаш адам же студент. «Интерн» - жергиликтүү, улуттук же эл аралык окутуу же билим берүү мекемесинин тажрыйба топтоп жаткан өкүлү. |
Бардык кызматкерлердин жана ыктыярчылардын эмгегин баалоо жана сыйлоо
Ыктыярчыларды сыйлоо жөнүндө кеп-кеңеш • Ыктыярчылардын укуктары жана милдеттери жазылган контракттар жана келишимдер. • Ыктыярчылардын же радиопродюсер, көргөзмөлөрдү өткөрүүчүлөр, техникалык операторлор, телеборбордун көзөмөлчүлөрү, компьютердик сабаттуулук боюнча инструкторлор сыяктуу алардын категориясынын расмий статусу. • Өзүңөрдүн ыктыярчылар жөнүндө радиодон, борбордо, басма сөздө жарыя айткыла. • Сыйлоо жана шыктандыруу системасын иштеп чыккыла. Мисалы телеборбордо жана силер менен кызматташкан коммерциялык жайларда жана башка мекемелерде арзандатууларды жасагыла. • Ыктыярчыларга күбөлүк бергиле.. • Компенсациянын башка түрлөрү: чай, транспорттук чыгымдар, тамак-аш чыгымдары. |
ЖМБнын кызматкерлерине ыраазылык билдирүү акчалай түрүндө болбошу керек. Тилекке каршы, төлөнгөн акча көп учурда ЖМБнын кызматкердин эмгегин баалаган көрсөткүч болуп кабыл алынат. ЖМБ кызматкерлердин жана ыктыярчылардын эмгегин баалоону акчадан башка атаандаш жолдор менен жүргүзүшү керек. Бул жөнүндө «ыктыярчылар» бөлүмүндө кеңири маалымат бар.
Көп катышуучулар убактысын жана күчүн башкалардын пайдасына жумшоо аркылуу ЖМБнын ишине өзүнүн салымын кошот. Адамдардын ой-тилегине туура келгендей жана борбордун ишине катышканга өбөлгө түзгөндөй кылып ЖМБнын керектөөсүн аныктап жана институтташтыруу зарыл.
Пландаштыруу
ЖМБнын иши менен байланышкан суроолорго жөнөкөй эле жооптор менен кутулбайсың. Жалданган жана акы төлөнгөн штат – бул жооп эмес, жабдуулар сатылып келинсе эле ЖМБ өзү эле иштей баштайт деп айтканга болбойт.
Эмгек акыга жана жабдууларга кетчү чыгымды пландаштырып жатканда эле адамдарга болгон керектөөнү эске алгыла.
Адамдар өзүлөрүнүн өнүгүү процессин башкарышы керек, четте карап турбашы керек. Башкача айтканда адамдар бүт бардык иш чараларга катышуусу зарыл. Бардык ЖМБ үчүн негизги суроо болуп катышуу эсептелет. Бул иштин бардык багыттары үчүн жүйөлүү маселе, бирок адам ресурстарын башкаруу процессин түшүнүү үчүн баарынан маанилүү болуп саналат.
• Жаштарга жана аялдарга айрыкча көңүл бургула, таасирди күчөткүлө.
• Жаштар ЖМБ менен өз ара пайдалуу кызматташтыкта болууну каалашат: борборлор аларга окуганга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жана эркин ой жүгүртүүнү жана бош убакытта беришет, алар жаңы ык-жөндөмдөргө ээ болушат, социалдык байланыштарды түзүшөт, алардын алдында чоң келечек ачылат.
• Коомдун өнүгүү процессинин мизинде болуу менен аялдар ЖМБнын ишине бардык деңгээлде катышууга тийиш, алардын керектөөсүн канааттандырууга артыкчылыктуу көңүл бурулуш керек.
Адам ресурстарынын проблемаларын кароо зарылдыгы силердин жободо жазылганын текшерип койгула. Бул адамдарды керектүү жолго багыттап, сунуш же келечек максатыңар жазылган программа даярдаганга жардам берет.
Ыктыярчыларды сыйлоо жөнүндө кеп-кеңеш Котмалдагы ЖМБнын кызматкерлери үчүн иштелип чыккан сунуштар Үзүндүлөр: • Интернет жана башка коммуникативдик технологиялар технологиялык сыйкыр же керемет катары көрсөтүлбөй, күнүмдүк турмушта зарыл жана пайдалуу экендиги түшүндүрүлүшү керек. • Ийгиликке жетүүнүн биринчи зарыл кадамы - жамааттын активдүү катышуусу. • Бул үчүн компьютерлер жана башка жабдуулар талаптагыдай тартипте орун алышы керек. • Кызматкерлер компьютерлерди колдонуучулар өтө эле чектебеши керек, алар өздөрүн кысынбай эркин сезиши керек. |
Катышуучулар
Адамдык күч-кубатты изилдөөнү ЖМБнын негизги стандарт тутуму болгон жамаат мүчөлөрүнөн баштоо туура.
Сиздин максатыңыз – расмий жол менен кооперациянын же башка уюштуруу формаларынын жардамы аркасында ыктыярчы, угарман жана керектөөчү катарында ишке тартуу менен жамаат мүчөлөрүн ЖМБ мүчөсү кылууда турат.
Идеалында жамааттын кеңири катышуусу сиздин ЖМБны жергиликтүү жана монополиялуу кылып пайдаланууга негиз түзөт, бул ар бир борбордун ишинде бекемдик менен ийгиликтин маанилүү компоненти болуп саналат.
Жамааттын катышуусу
Ушул учурда сиздин ЖМБ үчүн эң чоң ресурс болуп жамааттын өзү эсептелери айдан ачык болушу керек. Албетте, жамаатка силердин угармандар жана колдонуучулар, ошондой эле МКТ жана жергиликтүү медиа каражаттар менен иштеген бүт катышуучулар кирет. Алардын ичинде өзүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатып жаткан жумушчулар, окутуучулар, дарыгерлер, жамаат лидерлери жана жергиликтүү бийлик органдарынын төрөлөрү бар.
Инновациялык ыкмаларды алдыга жылдыруу үчүн ар кандай тармакта адистешкен айрым адамдар жана тайпалар менен өнөктөштүк мамилелерди кармоо зарыл. Интернет-кафе, мисалы, туруктуу иш алып баруунун жана техникалык жардам көрсөтүү тажрыйбасы менен бөлүшө алат. Бейөкмөт уюмдар жана ар кандай программалардын максаты сиздики менен бирдей болушу мүмкүн. Сиз жамааттын микрокредитти керектөөчү тайпалары сыяктуу башка структуралары менен бир кызыкчылыкта болушуңуз мүмкүн. Кандай байланыштарды түзүүгө болорун ойлонуп көрүңүз. Башка тайпалардын өкүлдөрүн силердин комитеттердин биринде иштөөгө же кеңешчилер тобун түзүүгө чакырсаңар болот.
Негизги тайпалар
Сиздин ЖМБда борбордун ишин алга жылдырган, анын алдындагы милдет-максаттарын инстинкт жана ички сезим менен туйган адамдар бар. Көп учурда берилген адамдардын тобу түзүлөр күн да алыс болбойт.
Кээ бир кеңештер • • кыздар менен аялдарды ишке тартуу боюнча өзүнчө план түзгүлө. • Аялдарды комитеттин курамына жана штатка толук кандуу киришине аракет көргүлө. • ЖМБнын ишмердигинде программаларды түзгөндөн баштап каражаттарды туура жумшоого чейинки бардык аспектилерин пландаштырууга аялдарды жана кыздарды тарткыла. • Аялдар үчүн программаларды, анын ичинде аялдарга эсептелген санарип ресурстарды иштеп чыккыла. • ЖМБдагы медиа программалардагы көнүгүүлөрдө жана компьютердеги иштерде “жалаң гана аялдар үчүн” иш сааттарын белгилегиле. • Аялдар ЖМБнын ишине бардык тармактар боюнча үгүтчү, инструктор жана көзөмөлдөөчү катары катышуусун колго алгыла. Бул эрежелерди жаштар же карылар болсун, башка ар бир тайпаларга да колдонсоңуздар болот. Эң башкысы – адамдарды ишке тартуу! |
Негизги тайпалар, штаттагы кызматкерби, ыктыярчыбы же аралаш макамдабы, баары бир убактылуу кызматкерлердин агымына жана сезондук кылчактоолорго карабай борбордун ишин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылышы керек.
Негизги тайпа сиздин комитетке жүктөлгөн практикалык милдеттерди аткарса болот, мисалы каражат жыйноонун графигин жүргүзөт. Каражат менен бекемделбеген иш чараларды өткөрүүдө негизги тайпадагы ыктыярчыларды убактылуу штатка да кабыл алууга болот. Негизги тайпа ЖМБнын күнүмдүк ишин ийкемдүү кылууга жардам берет деген ишенич чоң.
Көп нерсе, албетте, конкреттүү кырдаалга жараша болот, бирок өзүнүн ишмердигине адамдарды тартуу бардык ЖМБларга мүнөздүү белги болуп саналат. Буга түшүнүү менен мамиле кылып, алардын энергиясын жана тажрыйбасын өз кызыкчылыгыңызга пайдаланууга даяр болуңуз.
ЖМБнын негизги тайпасынын структурасы кандай? • Негизги тайпага борбордун негиздөөчүлөрү же энелик уюмдун же башкаруучу кеңештин мүчөлөрү кире алат. • Ага кызматкерлер бүт баары кирсе болот. • Жергиликтүү жамаат лидерлери, окутуучулар, кызматчылар же жумушчулар да бул тайпага кошула алат. • Негизги тайпага ошондой эле кеңешчилер жана жамаатка мүчө эмес, бирок жамааттын медиа-каражаттарына белгилүү бир тиешеси бар адамдар кире алат. • Көп борборлордо ар кандай себептер менен ЖМБнын ишине тийиштиги бар ыктыярчылар табылат, аларга студияда, интервью даярдоодо же компьютерде жаңы программа баштоодо иш болбошу мүмкүн. |
Ык-жөндөмдөрдү калыптандыруу
ЖМБ аткара турган эң маанилүү милдеттердин бири жамааттын жергиликтүү керектөөнү канааттандыруу жөндөмүн калыптандыруу болуп саналат. Мисалы, киреше алууга, билим берүүнүн, башкаруунун жана саламаттык сактоонун сапатын жакшыртууга көмөк болушу керек.
Ошондой эле ЖМБнын ишмердигин эффективдүү пландоону уюштуруу максатында кызматкерлердин жөндөм сапаттарын өстүрүү, өркүндөтүүнү да ойлоп коюу зарыл.
Бул радио жана телевидениеде иштеген адамдарга тийиштүү. Окутуу жөндөм сапаттардын диапазонун кучагына алат, аларды биргелешип аныктап алуу зарыл. Интервью алуунун жана редактирлөөнүн ыкмаларына же Интернеттен материалдарды алып форматташтырганга үйрөтсө болот.
Телеборбордун жаш ыктыярчылары.
Барака, Сенегал
Кесиптер жана көндүмдөр
Формалдуу окутуунун маанилүү экендигин таануу менен бирге эле насаатчылык жана камкорчулук сыяктуу окутуу-тарбиялоонун усулдарын өнүктүрүүнү да колго алуу керек. Кызматташтык жана достук колдоо көрсөтүү дагы ЖМБ тармагындагы катышуучулардын көндүмдөрүн өркүндөтүп, кызыкчылыгы менен жөндөмдөрүн жогорулатууга жардам берет.
ЖМБнын катышуучусу болуп калыптануу процесси индивиддин керектүүлүгү менен аныкталат; бирок адамдарды ЖМБ кесип алуу үчүн гана керек деген ойго түртпөш керек. Ошону менен катар компьютердик сабаттуулукка окутуу жана даярдоонун башка түрлөрү иш таап берүүнү камсыздайт деген идея дагы көтөрүлбөшү абзел.
ЖМБнын кызматкерлери көбүнчө тил билүү же мамлекеттерди билүү жагынан чектелген билими бар жаштар болушат. Бирок алар талыкпаган күч-кубатка жана чыгармачылык кудуретке ээ экени ишке келгенде айрыкча көрүнөт. Окутуу: баалуу инвестиция МКТ жаатында жетиштүү даярдыгы болбой туруп иштей баштаган кызматкерлер жана ыктыярчылар CD-ROM колдонуу, программалык камсыздоо жана ЖМБнын иштерин башкаруу сыяктуу ар кандай иштерди алып кетүүгө окутулушу керек. Иш орунда окутуу идеалдуу вариант болмок, бирок ал үчүн колдонмолор, окутуу программалары, интерактивдүү кеңештер, талкуу тайпаларын уюштуруу сыяктуу кошумча мүмкүнчүлүктөр менен коштоп кетүү зарыл. Адистердин бат-бат алмашып туруусу Кызматкерлердин штатын жана ыктыярчыларды кармоо маанилүү маселе экендиги калетсиз, бул адатта адистердин бат-бат алмашып турушунан келип чыгат. Анын себептери: • акылдуу адистердин качат, анткени ким болбосун окуусун уулантып шаарга кеткиси келет; • окуп чыккан кызматкер жакшы шарты бар мекеме-уюмдардан кызмат орун таап кетүүгө умтулат; • жигердүү жаштар үй-бүлө күтүп, салабаттуу болуп, жаңы түйшүктөргө батып, карылык милдети көбөйүп, убактысы азаят. • жаш менеджерлер/координаторлор башкаруу процессинде кээде адам, акча менен байланышкан иштерде жогорку жоопкерчиликти көтөрө алышпай калат. • акы төлөнгөн кызматкер менен акысыз иштеген адамдын иш милдеттерин тактоо оор маселе болуп калышы мүмкүн. • окутуу болуп жатканына карабай ич ара жаатташкан мамиле, ишенбестик, үмүтсүздүк боло берет. • бир ЖМБда жана башка борборлордун ортосунда кызматкерлердин эмгек акысындагы айырмачылыктар. Айырмачылыктар, мисалы, бир долбоорду ишке ашыруунун алкагында, мамлекет чектеген эмгек акынын деңгээлинде, жергиликтүү бюджеттен төлөнгөн эмгек акыда болушу мүмкүн. Алгылыктуу сунуштар: • туруктуу жана борбордон ажыратып кайра даярдоо; • активисттердин, ыктыярчылардын жана комитет мүчөлөрүнүн бириккен жана кеңейген чөйрөсү. • активисттерди жана жергиликтүү комитет мүчөлөрүн башкаруу жана окуу иш чараларына тартуу; • активисттер менен жакшы ойлонуштурулган иштер, мисалы, эмгегин баалоо, акысыз окутуу, Интернетке кошуп берүү, футболка, чай таркатуу; • маяна менен эмгек акынын салыштырмалуу деңгээли. Жумушчуларга жакшы жагымдуу маанайдагы чөйрөнү түзүү абдан керек, адамдар ЖМБда иштегендиги үчүн сыймыктангыдай болсун. Полли Гастер, CIUEM; E-mail: *****@***uem. mz |
ЖМБнын көндүмдөрдү эле берип окутуп койбостон аны турмушта колдонууга мүмкүндүк бергени анын компьютердик жана медиа мекемелеринин алдындагы башкы артыкчылыктарынын бири болуп саналат. ЖМБны адамдардын көндүмдөрдү колдонуп, жалпы жамааттын бактысы үчүн инновациялык жана чыгармачылык шык-жөндөмдөрүн ачып жумшай ала тургандай жайга айлантуу абзел.
Ян Прингл, Канада жана Түштүк Азияда жамааттык радиостанцияларда жана ЖМБда иштеген. Азыркы учурда ЮНЕСКОнун кеңешчиси болуп Индияда иштейт E-mail: i. *****@***org |

Окутууну жана көнүгүүлөрдү (тажрыйбаларды) өркүндөтүү |
Полли Гастер, Бьянка Мильоретто, Этьен Алуоч

Бул бапта
· МБЖда талап кылынган көнүгүүлөр |
· Окутуунун кайсы түрү керек? |
· Ой жүгүртүү үчүн маалымат |
· Иш жүзүндө колдонуу: |
· Угандадагы окутуу телеборбору |
Окутууну жана көнүгүүлөрдү өркүндөтүү |
МБЖ түзүүдө ишти уюштуруу үчүн зарыл болгон адамдар, ошол жердеги адистер жөнүндө маселелерди кылдат карап чыгуу талап кылынат. Маселен, Мозамбикте элет жергесинде жашагандардын баары эле орто билим ала алышпайт, демек жаштар окууларын улантуу үчүн шаарларга кетишери турган иш. Бул өлкөдө эмгек рыногу да чектелүү.
Адегенде баарлашууга мүмкүн боло турган адам ресурстарын изилдеп чыгыңыз, андан соң татаал структуранын долбоорун түзүүгө киришиңиз, айрыкча сиздин жамаатыңыздагы адамдардын көбү жогорку билимге ээ эместигин эске алуу менен ага университеттердин бүтүрүүчүлөрүн жана бөлүмдөрдү, жумушчу топторду, техниктерди кошуңуз.
Маселен, радиону алалы. Радиодо иш орундары техник, координатор жана диктор (кабарчы) кызматы болуп бөлүнөт. Мындай так бөлүштүрүүлөр радио жамаатында болбойт, мында топтун ар бир мүчөсү натыйжасында күтүлгөндөй, бул көнүгүүлөрдүн баардыгын үйрөнөт жана акырындап өзүнө адистикти тандап алат. Бирок иш жүзүндө радиостанциянын ишинин бардык аспектилерин билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндөн кийин гана тандай алат.
Тиешелүү даярдыктардан өткөндөн кийин адамдардын көпчүлүгү эфирде уктурууларды кантип алып баруу керектигин билип, зарыл болгон тажрыйбаларга ээ болгондо гана угармандардын жана катышуучулардын көпчүлүгүнүн көңүлүн бура турган программаларды даярдай алат. Радио жамааттын милдети интервьюларды даярдоо эле эмес, ар бирине түз эфирде иштөө мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү болуп саналат.
Негизги эреже – адам өзү каалаганда гана тажрыйбалуу насаатчылардын жардамы менен ар түрдүү көнүгүүлөрдү үйрөнө алат.
МБЖда талап кылынган көнүгүүлөр
Учурда борбордо принтерге, электрондук дарекке жана Интернетке кошулган компьютерлер тармагы, радиокутуча, сүрөт-көчүрмө каражаттары, факс жана телефон сыяктуу негизги жабдуу каражаттары бар экендигин элестетиңиз. Борбордун ишин камсыздоо үчүн кандай тажрыйбага ээ адамдар керек?
Эмнеден баштоо зарыл?
• Техникалык көнүгүүлөр:
o Компьютерде иштөөнү билүү – тексттерди терүү, аны иштеп чыгуу, электрондук таблицалар, файлдарды жана маалыматтарды уюштуруу жана башкаруу, туура күйгүзүү жана өчүрүү сыяктуу сактануу чаралары, резервдик көчүрмөлөрдү даярдоо;
o Байланышты камсыздоо, маалыматтарды издөө жана сактоо үчүн электрондук даректи жана Интернетти пайдаланууну билүү;
o Радиожабдууларды пайдаланууну билүү – студия, радиоуктуруулар, пленкага жаздыруу, интервью жүргүзүү, редакторлоо жана программаларды даярдоо, коопсуздук чаралары;
o Техникалык тейлөө - алгачкы тейлөөлөрдү жүргүзүү, программаларды коюу, вируска каршы программаларды пайдалануу, радио жабдууларды тиешелүү абалда сактоо.
Сиз биринчи жолу бир нерсе менен кездешип жаткан болсоңуз жана өзүңүздү анча ишенимдүү сезе албай жатсаңыз, мындай абал көп учурда оңтойсуздукту жаратат, маселен, клавиатуранын ар түрдүү компоновкасы же тексттерди иштөө программасынын ар түрдүүлүгү, же болбосо Сиз чоң радиостанцияга келип, тиешелүү радио материалды даярдоо үчүн эки студия жана толтура жабдуулар керектигин уксаңыз, алдыңыздагы анча чоң эмес радиокутучаны үстүртөдөн ылдый карап туруп эч нерсе кылууга мүмкүн эмес деп кайталоодон башка арга таппайсыз! Мындай учурда эсиңизге түйүп коюңуз: МБЖда иштөө эч кандай коммерциялык максатты көздөбөйт жана улуттук радиостанциянын ишин кайталабайт. Сиздин жамаатка айтаар сөзүңүз: бул ишти аткаруу үчүн өзүңүздүн мыкты жөндөмүңүздү пайдаланыңыз – чоң натыйжаларга жетүү үчүн жөнөкөй ыкмаларды колдонуу зарыл. |
• Уюштуруу көнүгүүлөрү:
o башкаруу – иштин бардык ыкмаларын кандай жүргүзүү керек: иш-чаралардын планы, төлөм документтери, эсеп-кысаптарды жүргүзүү, жолугушууларды уюштуруу, ыктыяр адамдарды колдоо, отчетторду даярдоо сыяктуу иштин бекитилген ыкмалары иш жүзүндө практикаланып келгендигине ынаныңыз;
o радиодогу иш-чаралар – радио уктуруулардын программаларын даярдоо, ыктыяр адамдар менен иштөө графиги, координациялоо.
• Чыгармачылык көнүгүүлөр:
o компьютердик сабаттуулуктун негизи боюнча курстарды жүргүзүүнү билүү, ыктыяр адамдарды радиостанцияда иштөөгө үйрөтүү;
o журналистикага шык-жөндөмдүн жана чыгармачыл потенциалдын бар болушу – радио уктурууларды, веб-тармактар үчүн продукцияларды даярдоо, жаңы идеялар менен тажрыйба жүргүзүүгө даяр болуу.
• Байланыш жана анимация тармагындагы көнүгүүлөр:
o мобилизация – жамаат менен ишти алып барууда бардыгын жапырт катыштыруу максатын көздөө, коомчулук жана информаторлор, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана уюмдар менен байланыш түзүү, колдоо жана спонсорлорду издөө, акы төлөө кызматтарын пайдалануучу кардарларды көбүрөөк тартуу, каражат чогултуу;
o жамааттын мүчөлөрү менен МБЖ иш-чараларын талкуулоо;
o көрсөтмөлөргө жана жабдууларга этият жана менчик укугуна урмат менен мамиле жасоо.
ЖМБда көп учурда кээ бир райондордо жашаган адамдар үчүн таптакыр тааныш эмес жаңы иш баштаганда да мурда башка жерден пайдалуу бир тажрыйбага ээ болгон индивиддерди кездештирүүгө болот. Маселен, ыктыяр адамдардын арасында башка жерде радио жамаатта иштеген же ошондой тууган-уругу бар адам болушу, мектепте дубал газета чыгарган окуучулар болушу толук мүмкүн; ошондой эле көптү үмүттөндүргөн электрик, бош убактысы бар ардагер мугалим же саламаттыкты сактоо кызматынын кызматкери кездешип калышы ыктымал.
Бир жагынан башкаруучулук, уюштуруучулук жана финансылык вакансияларды толтуруу баарынан татаал болсо, экинчи жагынан – чыгармачылык ишмердүүлүккө байланыштуулары татаал, бирок окутуу маселелердин көпчүлүгүн чечет.
Окутуунун түрү
Практиктерди даярдаңыз
Эгерде окутуу иштери талаптагыдай жана максаттуу түзүлсө иш процессиндеги окутуулар жакшы натыйжага жеткирет.
Борбордун күнүмдүк иш-чараларын өткөрүү үчүн арналган жабдуулардын жардамы менен адамдарды түздөн-түз ЖМБда окутуулар мыкты жыйынтыктарды берет. Кээде адамдар компьютердик сабаттуулуктун негиздерин радио иши боюнча окутуу курстарына катышып, бирок кийин өздөрүндө болгон жабдыктар окуу куралдарынан бир кыйла айырмалангандыктан алган билимин иш жүзүндө пайдалана албаган учурлар кездешет. Мындай тажрыйбадан алыс болуу керек.
|
Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 |


13:00дөн 15:00 гө чейин жалаң аялдар үчүн