Мындан кийин сиздин жамаат жөнүндө негизги маалымат жыйноо ыкмаларын карап көрөбүз.

Жамаат жөнүндө маалымат жыйноо

Сиздин ЖМБ жамааттын ой-тилегин канчалык жооп берерин, борбордун ишинен канча адам пайдаланаарын, кимдер келип атканын, кимдер келбей атканын, ошону менен катар жамааттын өнүгүшүнө андан кандай жардам болуп жатканын конкреттүү билүү маанилүү.

Базалык изилдөө ушул жана башка көп сандаган суроолорго жооп болуп саналат. Изилдөөнү ЖМБ ачылганга чейин жүргүзүү кажет, анткени ишти пландаштырып жатканда изилдөөнүн натыйжаларын максималдуу пайдалануу оң болот. Изилдөө

Жамааттын картодиаграммасын түзүүнүн башка жолдору

•  Инфраструктура - байланыш, телефон линиясы, электр кубатын пайдалануу, электрдин башка булактары, мисалы жергиликтүү ооруканадан, жолдон, транспорт ишканасынан кошумча күч тартуу.

•  Ресурстар – колдогу компьютерлер, радиостанция ж. б.

•  Мекеме – клиникага, мектепке, жергиликтүү бийлик органдарына жана айыл чарба секторуна жарнамалык кызмат көрсөтүлөбү? Муну эске алуу жана керектөөнүн деңгээлин билүү кажет, анткени алар ЖМБнын кызматташ өнөктөштөрү жана кардарлары болуп беришет.

•  Ассоциациялар жана өкмөттүк эмес уюмдар –аялдар бирикмеси, фермердик кооперативдер, соодагерлердин майда бирикмелери, диний коомдор ж. б.

•  Жергиликтүү ишкерлер – булар негизги кардар болуп бериши мүмкүн.

(“Техникалык чечимдер» деген баптан караңыз).

жүргүзүү боюнча көп методика бар, алар жана мындан кийин карала тургандары дагы “Изилдөө жана баалоо” деп аталган баптагы уникалдуу ыкмалардан

айырмаланат.

Айрым кеңештер

Ар кайсы тайпалар менен кызыкчылыгына жараша жыйындарды пландаштыргыла, мисалы жарандык жана жаштар, аялдар уюмдары, диний бирикмелер жана салттуу лидерлер. Жамааттын мүчөлөрү менен бетме-бет отуруп, силерди кызыктырган маселелер боюнча расмий эмес талкууларды өткөргүлө.

Жолугушууларды[A7]  максаты жамаат өзүнүн керектөөлөрүн кантип түшүнүп жатканын билүүдө турат. Ошол керектөөлөрдү канааттандырууга ЖМБ жарайт деп эсептейби; ЖМБнын демилгелүү иштерине жамаат катышабы, колдойбу; ЖМБны башкаруудан жамаат эмне күтөт.

Семинарларды өткөрүү, талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүгө негизделген көп ыкмалар бар, аларды маалымат алуу үчүн колдонсо болот. Бул кырдаалды талдоого алуу жана “жашоо дарагын” түзүү, сандык талдоо жана изилдөөчүлөр менен иш алып баруу сыяктуу ыкмалар. Анын баары мурдакы бөлүмдөрдө берилген.

ЖМБны колдонуучулар чөйрөсүн изилдөө

Изилдөөнүн ар кандай түрлөрү көп, бирок сизди колдонуучулар чөйрөсү өзгөчө кызыктырышы мүмкүн, бул деген сиздин ишмердиктин объектиси болгон эл болуп эсептелет. ЖМБнын мааниси жөнүндө анын өзүнүн көз карашы бар. Изилдөөнүн жүрүшүндө алынган натыйжалар ар кандай жол менен борборго пайда алып келип, ЖМБнын ролун бекемдеши мүмкүн.

Колдонуучулар чөйрөсүн изилдөө башка маселелердин чечилишине да өбөлгө түзөт:

•  борбор иштей турган орчундуу маселелерди тактап аныктоого;

•  алынган маалыматты өкмөт жана донор уюмдардын колдоосун алуу үчүн пайдаланууга;

•  сиздин ЖМБга суроо-талапты жаратууга; бардык катышуучуларга сапаттуу жана пайдалуу маалыматтарды таратуу аркылуу колдоого жетишүүгө жана аларды кызматташтыкка тартууга;

•  ушундай жол менен сиздин борбордун ишин чыңдап, ошол эле учурда үзүрлүү өнөктөштүк мамилелерге жетишүүгө болот.

•  сиздин ишти жана ийгиликтерди көрсөтүү үчүн алынган натыйжаларды эсепке алууга жана айрыкча кийинки иштерди чамалап, мониторинг жүргүзүүгө зарыл болгон тажрыйба алууга;

•  жамааттын керектөөлөрү менен ой-тилегин аныктоого жана кызмат көрсөтүүнүн натыйжасында анын колдоосуна ээ болууга;

Кырдаалды талдоо / «Жашоо дарагы»

Бул конкреттүү проблема боюнча топтошуп интенсивдүү талкуу кылуунун жүрүшүндө ишке аша турган процесс. Мындай талкуу жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:

НЕ нашли? Не то? Что вы ищете?

•  бирдей даярдыктагы жана тажрыйбадагы 8-12 катышуучудан турган топ

(1-көнүгүүгө көңүл буруңуз);

•  кылдат ойлонулган жана өз ара байланыштагы 8-10 суроодон турган интервью, анын жообун респонденттер өздөрү бериш керек;

•  ортомчулукту жана топту башкарганды билген алып баруучу;

•  болгон сөздүн баарын жазып турганга алып баруучунун жардамчысы;

•  бири-бирине бет маңдай отура тургандай ылайыктуу жай.

Катышуучулар өздөрүнүн суроолорун ар кандай тематикада бере алышат, эгерде суроолор кайталанып калса эчтеке болбойт.

Респонденттер өздөрү жообун бере турган суроолорго “ооба” же “жок” деген жабык жоопторду берүүгө болбойт, жооптордо алардын коюлган суроо боюнча ой-пикири же тажрыйбасы айтылыш керек.

Шри-Ланкадагы Котмалы жамааты түзгөн “жашоо дарагы” жергиликтүү шарттарды жана проблемаларды айдан ачык көрсөтүп турат. Сиздин жамааттын топтору өз кезегинде башка маселелер менен проблемаларды көтөрүп чыгышы мүмкүн.

Сандык көрсөткүч

Бул үчүн жамааттын мүчөлөрү жөнөкөй анкетаны толтурушу керек. Анкеталык сурамжылоону адатта кызматкерлер же ыктыярчылар жүргүзөт. Респонденттердин ар кандай тайпаларын сурамжылоо абзел, алардын жооптору кайсы бир деңгээлде окшош болуп чыкса эчтеке эмес.

Андан кийин жалпы пикир иштеп чыгыш үчүн алынган жоопторду иштеп чыгыш керек, сандык көрсөткүч иш чараларды пландаштыруу жана башкаруу чечимдерин кабыл алууда негиз болуп бере алат.

Анкетада

•  Адамдардын өзү жөнүндө аздыр-көптүр маалымат беришин сурангыла. Мисалы: алардын курагы, жынысы, жашаган жери жана жалпы эле силердин керектөөчүңөр ким экендигин түшүнүүдө маанилүү болгон ар кандай маалымат;

•  Борбор көрсөтүп жаткан кызматтар жөнүндө адамдардын ой-пикирлерин сурагыла:

o  Эмнеге алар бул кызматтан пайдаланышат (же пайдаланышпайт)?

o  Алар качан кызматтан пайдаланышы мүмкүн жана ким менен?

o  Борбордун ишине алар кандай салым кошо алышат?

o  Борбор жамааттын кызыкчылыгында канчалык эффективдүү иштеп жаткандыгын аныктоого мүмкүн болгон критерийлер жөнүндө алардын ой-пикирин сурагыла.

•  Борбордун иши жана ал көрсөтүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча адамдардын кандай ой-пикирлери болсо, баарын сурагыла.

Изилдөөчүлөр менен иштөө

Жогоруда келтирилген методологияда ашыкча деле академиячылдык жок, анын ордуна суроолорду даярдоого жана ылгоого басым жасалды. Бирок тажрыйбалуу изилдөөчүлөр менен иштөөдө пайдаланыла турган көп ыкмалар бар. Чоң илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана чыныгы натыйжаларды алууда анын кереги тиет. Изилдөө ишинде колдонулган терминология менен таанышкыңыз келип калышы да мүмкүн, ошондуктан төмөндө айрым мисалдарды келтиребиз.

•  Колдонуучулардын арасындагы изилдөө: борбор кайсы бир изилдөө үчүн, биздин мисалда колдонуучулардын чөйрөсүн изилдөө үчүн коммерциялык агенттиктин, билим берүү уюмунун же өкмөттүк эмес уюмдун кесипкөй изилдөөчүлөрүнүн кызматынан пайдаланышы мүмкүн. Изилдөөнүн натыйжалары борбордун суроо-талаптары менен толук шайкеш келиш үчүн ЖМБ анын милдеттерин аныктоо ишине активдүү катышуусу керек, бирок силер жалдаган кесипкөйлөр факт жүзүндөгү изилдөө жүргүзүп берет.

•  Изилдөө жүргүзүүдөгү өнөктөштүк: ЖМБ изилдөө жүргүзүүгө аралашып, анын максаттарын аныктоого катышып жатканда башка бир уюм же изилдөө агенттиги менен кызматташтыкта болот. Мындай кызматташтыктын пайдалуу жагы анын жүрүшүндө силердин кызматкерлер дагы изилдөөнүн ыкмаларына үйрөнүп алышат.

Изилдөөнү ким жүргүзөт?

Изилдөөчүлөр силердин жамааттын мүчөлөрү болушу үчүн жана тайпаларда аялдар, эркектер бирдей санда жана жергиликтүү тилди билген жаштар дагы болсун үчүн бардык чараларды көргүлө. Бул жамаат менен ачык-айрым иштөөнү жеңилдетет. Ошол эле учурда изилдөөчүлөр интервью берип жаткандардын ордуна өздөрүнүн ой-пикирлерин кошуп жибербешине көңүл бургула.

•  Партиципативдүү изилдөө: Мында ЖМБ өзүнүн изилдөөсүнө жамаатты кошо тартат, бирок изилдөөчү уюму менен өнөктөш болуп иштейт. Бул чечим борбордон атайын даярдыкты жана көп күч-аракетти талап кылат, ошондой эле өнөктөштүктүн башында изилдөөчү уюмдан чоң колдоосу зарыл. Бирок ал изилдөөнүн жүрүшүнө көзөмөл кылуу тизгинин борборго өткөзүп берет, бул өз кезегинде маалыматтын узак убакыт бою арзан түшүп турушун камсыз кылат. (Жамааттын, катышуучулардын жана колдонуучулардын катышуусу” деп аталган бапка кайрылыңыз).

•  Этнографиялык изилдөө: бул метод изилдөөчүгө долбоор ишке ашып жаткан чөйрө жөнүндө толук маалымат алуу үчүн социалдык кырдаалды бүтүндөй көрүүгө жана жамааттын социалдык байланыштарын, анын ичинде жергиликтүү байланыштарын, макулдашууларын, максаттарын мүнөздөгөн ар кандай моделдерин билүүгө мүмкүндүк берет. Бул жерде узак мөөнөткө тажрыйбалуу изилдөөчүлөрдү ишке тартуу керек, алар күн сайын кырдаалдын өнүгүшүнө байкоо салып турушат. (“Изилдөөлөр жана аныктоолор» деген бапка кайрылыңыз).

Унутпагыла:

·  керектүү

суроолорду

бергиле;

·  эл эмне деп

жатканын уккула;

·  жамааттын салымын так документ менен көрсөткүлө; аларды маанисине жараша жайгаштыргыла, алар жамааттын артыкчылыктуу көз караштарын, ой-сунуштарын жана артыкчылыктуу маселелерин объективдүү көрсөткөндөй болсун.

·  борбордун функциялары менен структурасын аныктоо процессинде маалыматты колдонуу абдан маанилүү.

Максат-ниет жөнүндө расмий билдирүүнү даярдоо

Максат-ниет жөнүндө билдирүү ЖМБ жөнүндө туура түшүнүк жаратып, ар бир адамдын борбордун милдет-максаттарын ыкчам билишине жардам берет. Ал ошондой эле ЖМБнын жетекчилигине чечимдерди кабыл алууда пайдалуу болуп, жамааттын жана анык катышуучуларынын кызыкчылыгын, керектөөсүн жана баа-баркын көрсөтүп турат.

Максат-ниет жөнүндө билдирүү борбор тууралуу түшүнүк берет.

Визуализация боюнча көнүгүүлөр

Бул көнүгүүлөрдүн көпчүлүгү тайпаларда аткарылса болот, бирок уюштуруучу ар кимдин салым кошууга мүмкүнчүлүгү болуш керектигин эстен чыгарбашы керек. Ал түгүл катышуучуларды даярдыгына жана социалдык макамына жараша бөлүштүрүү керек болот, анткени алар талкуу учурунда кысынбай өздөрүн эркин сезгени жакшы. Көнүгүү ар кандай кырдаалда, мисалы кырдаалды талдоодон түзүлгөн “жашоо дарагын” караган жыйналышта өткөрүлүшү мүмкүн.

Жыйында жамааттын 20-30 өкүлү, анын лидерлери, идеологдору жана башка таасирлүү адамдары катышып отурганы жакшы. 1-көнүгүүгө катышып жаткан тайпалар баары бар экенин текшергиле, кээ бир учурда бул статус-квону атайын өзгөртүп, талкууга көп катышпай жүргөндөрдү чакырыш үчүн керек болуп калышы мүмкүн.

A кадамы. Азыр кай жерде экениңизди аныктаңыз. “Жашоо дарагын” талкуулагандан жана фокустук тайпаларда каралган кырдаалды талдоо боюнча көнүгүүдөн баштаңыз. Андай болбосо катышуучулар учурдагы кырдаалды талкуулап, маанилүү орунда турган же турмуштук бир-эки маселе тандап алышы мүмкүн.

Б кадамы. Каякта болгонду каалайт элеңиз, аныктаңыз. Катышуучулар белгиленген максаттар менен байланышкан бардык бийлик тизгинине ээ болгондой болуп, талкууга катышуусу керек.

В кадамы. Андан кийин катышуучулар ар бир тайпа үчүн визуализация эмне экенин аныкташы керек. Бул жөнөкөй эле инструкциялар менен көрсөтүлөт. Мисалы, дыйкандар көп продукция өндүрүп, эмгегине жакшы сыйлык алышат.

Визуализация кай жерде орундуу[A8] 

Проблемалар жана кырдаалды талдоо

 

Маалыматтык жана агартуучулук муктаждыктар (ЖМБ)

 

Визуализация (алар кай жерде болгусу келет)

 

Г кадамы. Жамааттын деңгээлинде коммуникациянын, маалыматтын же билим берүүнүн жардамы менен ишке аша турган оң жылыштарды аныктагыла. Мисалы, дыйкандар жер кыртышын табият кырсыктарынан сактоонун методдорун билишти.

Андан кийин максат-ниет жөнүндө билдирүүнү жазууга киришип, борбор жамааттын керектөөлөрүн кантип канааттандыра турганын көрсөтүү керек болот.

Визуализация боюнча ишти кантип алып баруу керек

Биринчи кадам. 1-көнүгүүнүн картасын жана силер түзгөн тайпаларды караңыз.

Фокустук тайпаларда талкууларды уюштуруп, андан кийин катышуучулардын позициясын аныктаган суроолорду бергиле. Аларга эмне кызыктуу экендигин аныктагыла. Алардын катышуусуна тоскоол болуп жаткан себептерди түшүнүүгө аракеттенгиле.

Визуализация боюнча жасалчу иштер

Силердин программалар менен кызматыңар жамааттын жалпы керектөөсүнө канчалык жооп берет? Силердин иш чаралар жана алардын мазмуну максат-ниет жөнүндө билдирүүдө айтылган максат-милдеттерге канчалык жооп берет?

Экинчи кадам. Фокустук тайпалардагы талкуунун натыйжасына негизделген таблица түзгүлө.


Кызыкчылыгы

тайпалар

Иш чаралар

чектөөлөр

чечимдер

Мисалы,

жаш аялдар

Мисалы,

чоң курактагы аялдар[A9] 

Кызыкчылыгы – алар эмнени каалашат же эмне кылууга тийиш эле.

Иш чаралар –борбордун ушул кызыкчылыкка жооп берген ишмердиги.

Чектөөлөр- алардын борбордун ишине катышуусуна эмне тоскоолдук бар.

Чечим –ушул чектөөлөрдү сиз кандай жол менен жое аласыз.


ЖМБ түзүмү

Зинобель[A10]  радиосу:

Максат-ниет жөнүндө билдирүү

«Биз, ар кандай даярдыктагы ыктыярчылардын бириккен тобу Хайелитша жамаатынын менчигиндеги жана башкаруусундагы Радиостанцияны уюштурдук. Биздин адамдардын саламаттык стандарттарын жогорулатуу жолдору менен жашоо сапатын жакшыртуу биздин максатыбыз болуп саналат. Биз камын көрүп, иштей турган адамдардын баарынын ден-соолугу начар жана экологиялык кыйын шарттарда жашайт. Зибонель радиосу Хайелитша жамаатынын мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртуу максатында тажрыйба жана маалымат алмашуу үчүн иштемекчи”.

Зибонель радиосу Түштүк Африкада Кейптаундун ары жагындагы жамааттарды тейлейт жана ал үчүн артыкчылыктуу болуп саналган саламаттык сактоо маселелерине адистешкен.

Сиздин уюмдун түзүмүнө мүлк, көмөкчү чарбалар жана инфраструктуралар эле эмес, программанын мазмунун, штат жана каражатты башкарып иштөөгө мүмкүндүк берген элементтер да кирет. Ошондуктан

сиздин ЖМБнын толук түзүмү керектөөнүн көлөмүнө жана базалык изилдөөгө карап, колдогу тажрыйбага жана ЖМБнын ишине тартылган адам ресурстарына жараша аныкталат. Ал ошондой эле проблемаларды чечүү ыкмаларынан жана башка коммерциялык радиостанцияларга салыштырмалуу артыкчылыктарынан да көз каранды болот.

ЖМБнын атын чыгаруу үчүн сиздин жамааттын керектөөлөрүн чечүү маселесине чыгармачылык менен караган жакшы, мисалы, бала тарбиялап жаткан энелердин арасынан Интернет кызматына кызыгып жаткандарга кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо.

ЖМБга жай тандоодо практикалык жана техникалык акылдар

(“Тийиштүү жабдууларды жана технологияларды тандоо” деген бапты дагы караңыз).

Интернетти кошуу

Телефон линия жана компьютерлерди Интернет менен байланыштырган спутник байланыш канал бар экенин текшериңиз. Сиздин өлкөдөгү ушул кызматты аткарып жаткан ишканалар менен маселенин сизге ылайыктуу жактарын талкуулаңыз.

Практикалык сунуш

Эң башынан эле ЖМБнын жайгашкан ордун жакшыртуунун оңой жолдорун карагыла, мисалы, чатыры кандай жабылса бөлмөнүн температурасы ошого жараша болот. Аба кондиционерине жумшалчу каражат да ушундан көз каранды; чаңдар жабдуулардын иштөө мөөнөтүн кыскартат, ошондуктан ЖБМ[A11] нын имаратынын айланасына клумбаларды отургузуу жана башка жашылча аянттарын жасоо менен чаң-чуңду кыйла азайтууга болот.

Кубат булактары

Балким, иш үзгүлтүккө учурабаш үчүн ишенимдүү булактан бир же эки электр линиясын тартуу керек болот. Көп радиостанцияларда резервдеги генератор же күн батареялары сыяктуу атаандаш энергия булактары коюлуп, электр менен туруктуу камсыз болушкан. Кийин чоңоюп калсаңар кереги тийгендей кылып кошумча энергия алуу жолдорун ойлонуштуруп койгула.

Көлөм

Сизге компьютерлерди, радиостудияны жайгаштырууга жана борборго келген адамдарды кенен-кесир кабыл алууга жеткидей аянт керек болот.

Камсыздандыруу

Жабдууларды камсыздандырып койгон жакшы. Бул кырсыктан бузулуп талкаланган жабдууларды кайра калыбына келтирүүнүн эң сонун жолу. Камсыздандыруучу компаниялар менен сүйлөшүп, бузулган жабдууларды алмаштыруунун шарттары так каралгандай кылып жакшы жолун тандап алгыла.

Жобону иштеп чыгуу

Жободо ЖМБнын укуктук макамы, анын максаттары жана башкаруу ыкмалары жазылат. Эгерде иштеп жаткан уюмдун жобосу бар болсо, анда ага, ЖМБга тийиштүү бардык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керек. (“Уюштуруу структуралары жана стратегиялары” деген бапты жана тиркемелерди караңыз.)

Ойлонууга маалымат

Жобонун ар бир аталышын тизмектеп, ар бир бөлүмдө ЖМБнын жана жамааттын кандай кызыкчылыктары көрсөтүлүш керек экенин ойлонгула. Алар силердин максат-ниет жөнүндөгү билдирүүңөрдө жазылган нарктарды жана таламдарды чагылдырышы керек экенин эстен чыгарбагыла.

Бизнес-план

Бизнес-пландын башкы максаты бекем, жашоого жарактуу, жакшы башкарылган объект үчүн негиз даярдоо болуп саналат. Ишенимдүү бизнес-план жамаат менен донорлордун каржылык колдоосуна ээ болот. Бизнес-планды түзүп жатканда максаттарды айкын коюп, жамааттын катышуу деңгээлин, адистердин тартылышын, кирешенин көлөмүн, баалоонун көрсөткүчтөрү менен критерийлерин болжолдоп пландап көрсөтүү керек. Алар визуализациянын натыйжаларын түшүндүрүп, сиздин олуттуу даярдыгыңызды ырастап, ЖМБнын келечегин камсыз кылган пландын үстүнөн иш жүрүп жатканын көрсөтөт. “ЖМБнын туруктуулугу” деген бапта бизнес-план түзүүнүн негизги кадамдары көрсөтүлгөн. (Тиркемелерди да караңыз.)

Шилтемелер

ЮНЕСКОнун жамааттык радиолор боюнча колдонмосу, ЮНЕСКО, 2001.

Телеборборду кантип түзүү керек, ЮНЕСКО, 2002.

Менталитетти картага түшүрүү № 2: Эскерүүлөр жана күтүлбөгөн иштер,

ЮНЕСКО, Бангкок, Таиланд, 2002.

Африкалык жамааттык радионун менджеринин[A12]  колдонмосу: туруктуу радио боюнча колдонмо, AMARC Африка, 1998.

Өнүгүүнүн инструменталдык каражаттары: өнүгүү тармагында иштегендер үчүн колдонмо, DFID, 2003.

Этнографиялык изилдөө, ЮНЕСКО, 2003.

Бизнес-план (Китептин аягынан караңыз).

Ник Ишмаэль-Перкинс,

Улуу Британиянын радиону өнүктүрүү

долбоорунун директору

E-mail: nishmael@rfd.org.uk


Жабдууларды жана технологияларды тандоо

Питер Шайолер, Стив Бакли

Бул бапта

·  Түзүү жана физикалык инфраструктура

·  Жамааттын радиосун түзүү

·  Компьютерлер, программалар менен камсыз болуу, тармактар менен иштөө

·  Жабдуулар жана программалык тейлөө


Жабдууларды жана технологияларды тандоо

Кечээ эле коммуникативдүү технологияларды радиоберүүлөр жана телекоммуникациялык деп бөлгөн чала түшүнүк бар эле. Борбордук радиостанция көптөгөн угармандар үчүн сигнал жиберет эмеспи, ошондуктан радиоберүүлөр «бирөө көп үчүн» деген технология катары кабыл алынчу. Телекоммуникация, экинчи жагынан, «линейлик технология» болуп саналган. Анын эң мыкты жетишкендиги жеке байланыштын каражаты телефон болчу.

Эми, мурда айырмаланган технологиялар жакындашууда. Радиоберүүлөр менен телекоммуникациялык системалардын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү менен жамааттык мультимемедиялык борбор «көптү көп менен» байланыштырган жаңы мүмкүнчүлүктү ачууда. Радиоугуучу оңой эле жаңылыктар менен маалыматты түзүүчү боло алат, ошол эле учурда Интернет көп тараптуу баарлашуу үчүн жаңы техникалык каражаттарды камсыз кылат.

ЖМБнын курамында телеборборлор менен катар радиоберүүлөр үчүн дагы жамааттык структуралар бар. Радио (же теле-) студиялар жана маалыматты өндүрүп таркаткан каражаттар телефон менен, Интернет, электрондук почта, факсимилдик байланыш жана басма сөз менен менен бириктирилген. Бул бир нече технологияны бир короого эле чогулутуу эмес: ЖМБнын максаты - радиоберүүлөрдүн менен телекоммуникациянын бириккен платформасы болуу.

ЖМБ ар кандай формада жана көлөмдө

Техникалык маселелерди чечүүнү пландаштырууда эске алгыла:

ыңгайлуу жана оңой жеткен жерде жайгашуу;

медиялык жана технологиялык ыкмаларга үйрөтүү;

интернет, электрондук почта, телефон, факс;

радио программаларды (же телевизиондук) даярдоого зарыл каражаттар;

радиоберүүгө жана маалыматты таратуу системаларына жетүү;

каражаттар.

Максатка ылайыктуу технологиялык чечимди тандоо сиздин ЖМБ үчүн анын бекемдигин жана жамааттын талабына шайкештигин аныктоочу мааниге ээ. Жогорку технологиялар жагына ашыкча азгырылуу өтө көп каржылык жана адамдык инвестицияны талап кылат. Ошол эле учурда сиздин жамаат заманбап маалымат коммуникациялык технологияларды этибар албай койсо өткөн он жылдык бою дүркүрөп өнүгүп аткан жетишкендиктерди да жетиштүү пайдалана албай калат.

Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16