ЖМБны уюштурууга жалпы сунуштар • демократчыл болгула; • жоопкерчиликтүү болгула; • ЖМБга штаттагылар, кызматкерлер, ыктыярчылар баарысынын катышуусун камсыз кылгыла; • жамааттын бардык катмарынын өкүлдөрүнүн катышуусун жана алардын өзүнүн кызыкчылыгын коргоого мүмкүндүк бергиле; • бир жактын таламын талашып экинчи жакты кем кылбагыла; • ийкемдүү жана бышык болгула. |
Уюштуруу маселелери орчундуу түрдө жергиликтүү шарттарга карап чечилет, бул жерде даяр чечимдер болбойт. Иш жүргүзүүдө аткара турган бир катар негизги принциптер жана кызматтык милдеттер бар.
Уюмдун структурасы ЖМБнын түрүнө жараша түзүлөт, - анын масштабы, жайгашкан орду, үстөмдүк кылган маданияты, улуттук мыйзамдары жана башка факторлору эске алынууга тийиш. Силердин керектөөңөр эмнелер экенин өзүңөр чечесиңер, андан сырткары өзгөртпөй же ыңгайлаштырбай туруп эле ала турган ар кандай көп модель да бар
Ушул региондо иштеп жаткан башка уюмдардан, сиздин өлкөнүн ичинде же сырткары жайгашкан башка ЖМБ, теле борбор же жамааттык радиостанциянын идеяларын карап көрсө болот. Ошондой эле мындай уюмдардын уставы же иш кодекстери Интернеттен да табылат.
ЖМБны башкаруунун бардык аспектилери өз ара байланышкан. Уюштуруу иштерин сиз аябай кылдат ойлонушуңуз керек, анын ичинде канча каражат керектелерин, адам ресурстары боюнча стратегияны, ишти пландаштыруу жана мазмуну кандай болорун так аныктап алуу зарыл. ЖМБнын ишинде техникалык жана өндүрүштүк потенциалды түзүү, жакшы программаларды жана кызматтарды көрсөтүү сыяктуу орчундуу маселелер менен катар уюштуруу иштерине артыкчылык берилүүгө тийиш.
Адамдарга арналган уюштуруу иштери
Силердин уюмдун негизин адамдар түзөт. Алар ЖМБнын бардык концептуалдык жана функционалдык канат бутактарында болушу керек.
Тармактар
Уюм иштеп жаткан жамааттын базасында - социалдык тармактуу чөйрөдө түзүлө баштайт. Идеалында ЖМБ - өзүнө коомдук кыймылдар жана жергиликтүү маалыматтык-коммуникативдик каналдарды бириктирген кеңири тармактын алкагындагы маалымат жыйноо объектиси болушу керек. Өз ара пайдалуу карым-катыштарды кармоо менен ЖМБ бир эле учурда тайпалар менен индивиддерден турган жергиликтүү тармактарга таянып дагы, аларды бекемдеп дагы иштей алат.
Кээ бир ЖМБлардын мурда түзүлгөн күчтүү тармактары болот: башка ЖМБлардын демилгелери өнүгүү максатын көздөйт, бул стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат. Медиа технологиялар менен МКТ кайсыл тармакта болбосун маанилүү роль ойношот.
Өнөктөштүк
Жергиликтүү тармактар өз ара ар түрдүү жана кең-кесири өнөктөштүк мамилелерди түзүшөт.
Кээ бир ЖМБлар ар кандай жергиликтүү медиа жана коомдук уюмдардын коалициясынан түзүлөт. Алардын курамына айрым учурда бийлик органдарынын өкүлү же жергиликтүү ишкерлер да киришет. Өнөктөштүк мамилелер, өзгөчө коалициялык формадагы өнөктөштүк мамилелерди башкаруу иштери оңой болбосо дагы алар өзүн актаган учурлар бар.
Сиздин ЖМБ эки же андан көп уюмдардын башын кошкон ар кандай бирикмелер (ассоциациялар) үчүн жана практикалык иш-чаралар үчүн ачык болушу керек.
Ассоциациялар
Ассоциациянын күчтүү таасири жана анын сандык артыкчылыгындагы күчү ЖМБга ар кандай тоскоолдуктарга карабай байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк ачат. Бул эл аралык өкмөттүк эмес “Чек арасыз журналисттер” уюмунун мисалында ачык көрүнөт. Мындай уюмдар кыйынчылык учурда абдан керек болот. Өзүн жакшы көрсөткөн уюмдарга мүчө болуу ЖМБга ишенимди бекемдеп, анын эл аралык нормалар менен стандарттарга өтүшүн жеңилдетет.
Сиздин ЖМБ биргелешкен иштерге абдан олуттуу мамиле кылышы жана каржыланган тармактардын ишмердигине активдүү катышуусу керек.
Электрондук почта менен Интернетти пайдалануу тармактык иштердин жакшы усулдары болуп саналат. Интернеттен пайдалуу интерактивдик талкууларды, кат алышууларды жана башка маалыматтык, интерактивдик ресурстарды тапса болот. Эгер мүмкүн болсо, улуттук, регионалдык жана ал түгүл эл аралык жолугушууларга катышкыла, бул тармактык иштер менен байланышкан болсо ого бетер жакшы.
Уюштуруу структуралары
Жыйындар жана жоболор
Сиздин ЖМБнын ишмердиги айрым бир принциптер жана рекомендацияларга негизделген жана анын катышуучуларынын кызыкчылыгында иш алпарат. Расмий структура, анын жобосу жана катышуучулардын жыйындары сиздин ЖМБнын ишмердигинин негизин түзүүгө тийиш.
Иш нормалары Редакциялык саясат жана журналисттик этика талкуулап макулдашып ала турган маанилүү маселелер болуп саналат. Көп өлкөлөрдө бийликтегилер сөз эркиндигин, маалымат алуу укуктарын, маалымат булактарына кайрылуу жана материалды тең салмак берүү тартибин аныктаган конституция же улуттук мыйзамдарды кабыл алууга жетишти. Бул моделдер сиздин ЖМБнын редакциялык саясатында эске алынышы зарыл, ал жергиликтүү шартка жана муктаждыкка шайкеш келиши керек. Радиостанцияга дайыма жергиликтүу бийликтен кысым көргөзүлүп турат, ошондуктан так иштелип чыккан редакциялык саясат жана жамааттын комитетинин колдоосу керек, алар радиожурналисттерди коргоонун маанилүү куралы болуп саналышат. Кээ бир радиотармак региондорунда жамааттар координациялоочу топ түзүп, шайлоолорду чагылдырууда жетекчиликке ала турган принциптердин тизмесин бекитип алышкан. Жамаат радиосу жалаң гана жаңылыктар бөлүгүн жана агартуучу берүүлөрдү уктурушат. Кыска коммерциялык радиоберүүлөр болот, бирок саясий үгүткө жол берилбейт. |
Ыйгарым укук алышкан катышуучулар чечим кабыл алууга катышуусу керек. Шайлоолор ЖМБга жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгын коргоого жана прогрессивдүү өрнөк көрсөтүүгө талапты күчөтөт. Эгер шайлоо сырткы таасирлерден эркин жана саясий кысымга алынбай акыйкат өткөн учурда гана бул орундалышы мүмкүн.
Айрым учурларда ЖМБ расмий түрдө эле ишкердик жана мамлекеттик структура болууда мүмкүн. (Тиркемедеги Жобону карагыла).
Сиз тандап алган ЖМБнын түрү көп жагынан– укуктук, маданий жана практикалык, - ошондой эле уюштуруу структурасы боюнча, медиа каражаттарды жана технологияларды башкаруу боюнча дагы сиздин өзгөчөлөнгөн чөйрө менен байланышкан.
Кагазда эмне жазылса анын баары турмушта ишке ашышы керек. Эң оболу бул уюмдун өзүнө тийиштүү. ЖМБ чынында эле жамааттын кызыкчылыгында иштеши абзел, бир эле учурда көз каранды эмес, коллективдүү жана кооперативдик мүнөзүн жоготпошу керек.
Медиауюмдар ар дайым көз каранды эместик принцибин карманууга тийиш. ЖМБ автономдуу түрдө укуктары жана өзүн өзү аныктоо механизмдери менен уюшулушу керек. Өзгөчө улам өзгөрүп турган медиа чөйрөнүн контекстинде коомдук уюмдар жана коргоочу группалар жаңы жергиликтүү медиа каналдарды каржылап, ошонун натыйжасында ЖМБ жана башка медиа уюмдар көп пайда болууда. Көз каранды эместик түшүнүгү жана практикасы медиа каналга болгон ишенимдин жана анын туруктуу иштешинин негизинде жатат. |
Мүчөлүк
ЖМБнын негизи сиздин жамааттын мүчөлөрү экенин кайталап эскертүүгө туура келет.
Расмий алганда, кооперация же башка уюм формасы аркылуу, же ыктыярчыларды, угармандарды, колдонуучуларды ишке тартуу менен “жамааттын мүчөлөрүн” “ЖМБнын мүчөлөрүнө” айлантышыңыз керек.
Кооперативдер Жамааттын мүчөлөрү жана тайпалары принцибинде жана факт жүзүндө ээси болуп кала алат? ЖМБнын уюштуруунун эң сонун моделдеринин бири болуп кооператив эсептелет, анткени анда адамдар активдүү катышат жана менчик укугу сыяктуу кызыкчылыктар эске алынат. Кооперативдер бир эле учурда жергиликтүү монополист болуп саналып, каржылык инвестицияларды башкарат. ЖМБ жамаат мүчө болуп активдүү катышарын кепилдейт. Мунун эң жакшы мисалы болуп Непалдагы Лумбини маалыматтык жана коммуникативдик кооперативи эсептелет. Лумбини радиосу жөнүндө кошумча маалымат бул жакта *****@***com. np. |
Идеалында, жамаат мүчөлөрү кеңири катышса ЖМБнын жергиликтүү менчигинин негизи түзүлөт, бул кайсыл борбор болбосун анын ишин ийгиликтүү кылып, жашоо жөндөмүн чыңдап берет.
Кеңештер жана комитеттер
Аларды “кеңештер”, же жумушчу топтор”, “байкоочу комитеттер” дейсиңерби же башкача атайсыңарбы, бирок сиздин жамааттын ЖМБга болгон укуктарына ээ болгон расмий орган болушу зарыл.
Иштин кайсыл жагы болбосун, чынында эле ошол тайпа иштеп берсе жакшы болмок; бирок иш жүзүндө көптөгөн ЖМБлар өздөрүнүн жумушчу органдары менен эч иши болбойт. Структурасына карабай ЖМБдагы башкаруу иштерин жакшы жолго коюп, чечимдерди ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү кабыл алууга жетишүү кажет.
Чечимдерди кабыл алууда, расмий документтер менен иштөөдө, башка бир өкмөттүк же жергиликтүү жамааттар менен иштөөдө расмий структуралардын ролу өзгөчө маанилүү. Сиздин комитет ЖМБнын бардык ишмердиги жамааттын кызыкчылыгын билдирип турушун жана борбор анын бардык мүчөлөрү үчүн ачылганын кепилдөөгө тийиш.
Жумушчу топторун түзүү Ар бир иш багыты боюнча жумушчу топторду түзүү аркылуу ишти натыйжалуу кылса болот. Сиздин ишиңиздеги артыкчылыктуу багыттарга жараша жумушчу топтор төмөнкүдөй тармактар боюнча түзүлүшү мүмкүн: • радиодогу маданий программалар; • аялдар программасы; • окутуу программасы; • санитардык агартуу иштери; • жергиликтүү гезитти чыгаруу. Ошентип, ЖМБнын ишине ар кандай адамдар – радиодогу музыкалык берүүлөрдү даярдоону каалаган мектеп окуучуларынан тартып СПИДдин жайылышына бөгөт коюу өнөктүгүнө катышкысы келген жергиликтүү саламаттык сактоо кызматкерлерине чейин тартылышы мүмкүн. Кээ бир кеңештер. |
Комитеттер чакан штат менен же туруктуу кызматкерлери жок ЖМБлар үчүн негизги милдеттерди аткарууда аябай пайдасы тиет.
Милдеттерди жана иштерди бөлүштүрүү Жетектөөчү органдар (адатта ыктыярдуулардын) менен акы төлөнгөн кызматкерлердин ыктыярчылардын мамилеси татаал болот. Адатта, акы төлөнгөн персонал күнүмдүк иштин көбүн аткарат жана пландалган иш чаралардын баарын жүргүзөт. Ыктыярчылардын айрыкча радиодогу иштерге, уюштуруу, маалыматтарды даярдоо сыяктуу иштерде абдан кереги тиет. Жетекчилик кызматкерлерди көзөмөлдөп, каттоо иштерине байкоо салып, жамааттын сырткы уюмдар менен жакшы карым-катышын камсыз кылат. |
Кээ бир иш тармактарына өзгөчө олуттуу мамиле кылып, анын структурасын сиздин комитет же башка мекеме жооп бергендей кылып түзүш керек. Муну мындай жол менен ишке ашырса болот.
• Башкаруу: каржылар, каттоо;
• координация: ыктыярчылар, окутуу, акча жыйноо;
• техникалык аспект: каражаттар, жабдууларды тейлөө;
• программа/мазмуну: жергиликтүү шартка шайкештиги.
Операциялык системалар
Туруктуу уюшулган башкаруу структурасы жана системасы, чечимдерди коллективдүү кабыл алуу жана үзүлбөгөн тажрыйба, билимдерди институтташтыруу ЖМБнын ишин жеңилдетүүгө жардам берет.
Бул структурага программалардын мазмунун аныктоо, каражаттарды колдонуу жана урунуу, каржыны башкаруу жана материалдык-техникалык камсыздоо механизмдери кирет.
Бул иш-аракеттер ЖМБнын мүчөлөрү – негизги топ, штат жана ыктыярчылар тарабынан координацияланат. ЖМБнын ишин уюштуруунун принциби сиздин программалар жана анын мазмуну негизделген теңчилик жана социалдык адилеттик принциптерине эле негизделет.
Кеңешилген, макулдашылган жана коллективдүү чечимдер зарыл жана алар акыр аягында пайдалуу болот. Ишти топтордо жана ар башка структураларда уюштуруу күчтүү инсандарга ашыкча көз карандылыктан кутулууга жана ишти коллективдүү уюштурууга мүмкүндүк берет.
Эгер биз ЖМБнын коомдук борборлор деп атасак, анда жаңычылдыкты жана эксперименттерди жайылтууда анын маанисин таанышыбыз керек. Алар жамаат мүчөлөрүнүн жергиликтүү суроо-талаптарды канааттандырган чыгармачылык шык-кудурети ачылып иштей турган жер болуп эсептелет.
Уюшкандыкта өнүгүү
Жыйындар
Негизги кызматкерлер, берилген ыктыярчылар жана комитеттин активдүү мүчөлөрү жалпы маселелерди жана жеке жоопкерчиликтерди талкуулаш үчүн байма-бай жыйындарды өткөрүп турушу керек.
Бул жерде идея ЖМБны топтор менен координациялап башкаруу системасын түзүүдө турат. Жыйындарды ЖМБнын негизги тобу бардык башкы иш чараларга катышкыдай кылып уюштургула. Жарыя такталары жана электрондук почта сыяктуу эле жыйындар байланыштын негизги каражаты болуп саналат.
Жыйындарды уюштурууга кеңештер Жыйындар эртеби-кечпи аяктай турганын эске алгыла. Алар талаптагыдай өткөрүлүшү керек. • Жыйындын төрагасы болуш керек. Көз каранды эмес төрага катышуучу болбойт, бирок ал маселелерди талкуулоо процессине жооптуу болушу керек. • Күн тартиби белгилүү бир тартипке жооп бериши керек. o Мурдагы документтерди жактырууу; o ЖМБнын ишмердигинин баяндамасы; o Алдыда турган милдеттер; o жаңы элементтер; o Кат-кабарлар жана жумуштап келгендер. • Жыйындар ийкемдүү жана адамгерчиликтүү болушу керек, ошондой эле күн тартиби болуп, талкууга убакыт чектелиши абзел. Төрага жыйынды акыйкат жана натыйжалуу алып барышы керек. • Жоопкер адамдарды дайындагыла жана келерки жыйында аларды уккула. • Жыйындар мазмундуу болуп, ар бир адамга ой-пикирин айтууга мүмкүнчүлүк берилиши кажет. • ЖМБнын катышуучуларынын алдында ачык-айкын жана отчет бергидей болгула: күн тартибин алдын ала таркатып, убактыны сарамжал урунгула. • Жыйындарды байма-бай өткөргүлө, күнүмдүк кыска же ар апта сайын, ай сайын чоң жыйындар өтүшү мүмкүн. |
Сиздин ЖМБ ушул иш-чараларды өткөрөбү? • Каражат жыйноо: o Рекламлык иштер; o Каражатты тактоо. • Адам ресурстары: o Жалдоо o Баалоо; o акыйкаттык. • Программалоо: o ой-пикирди эркин билдирүү; o жек көрүүнү, бузукулукту жайылтууга тыюу салуу, o шайлоо өткөрүү боюнча сунуштар. |
Өнүгүү саясаты
Штат кызматкерлеринин жана комитеттердин иш милдеттери так аныкталып жазылып коюлушу керек. Кызматкерлердин колунда жазылып коюлган иш милдеттери болууга тийиш, а комитеттерде түшүнүктүү шилтемелер болушу кажет. Документтердин ачык болушу ар бирөөнүн ролу менен милдеттерин так түшүнүүгө жардам берет.
ЖМБны уюштуруу системаны жана саясатты өнүктүрүүгө убакыт карашы керек.
Стратегиялык пландаштыруу жана уюштуруучулук өнүгүү
Жергиликтүү ресурстар менен жергиликтүү керектөөнү канааттандырууга эсептелген изилдөөлөрдү жүргүзүү, пландар менен стратегияларды даярдоо сыяктуу уюштуруучулук өнүгүү процессине ЖМБлар катышып турушу керек.
Мындай ишмердиктин мисалы катарында бизнес-план, маркетинг, каражат жыйноо жана адамдарды уюштуруу өнөктүктөрү сыяктуу атайын стратегияларды иштеп чыгууну келтирсек болот.
Кеп-кеңештер жана кайтарым байланыш
Байма-бай жүргүзүлгөн изилдөөлөр ЖМБнын колдонуучулары жана катышуучулары, алардын керектөөлөрү тууралуу маалыматка ээ болууга жардам берет.
Айылдагы кабарчылар радио берүүлөр кандай угулуп жатканын, тили жана мазмуну канчалык жеткиликтүү болуп жатканын айтып бере алышат. Алар жыйындарды өткөрүп, суроо берип, ой-сунуштарды бергиси келип калышы мүмкүн.
ЖМБга келгендердин баарын каттоого алуу абдан пайдалуу, жок дегенде алардын жынысын, курагын жана келген максатын көрсөтүү туура болот. Бул бир топ убакыттан кийин белгилүү бир тенденцияларды көрүүгө жана кайсыл кызматтан адамдар көп пайдаланып жатканын аныктоого, кайсылары көп керектелбей жатканын билүүгө мүмкүндүк берет. Ошондо мезгилдүү обзорлорго таянып, колдонуучулардан каалоо-тилектерин аныктап алууга болот. |

Сенгерема теле борбору (Танзания). Менеджер жамаатка борбордун маанисин түшүндүрүүдө.
Кээ бир жерлерде угармандардын уюшкан топтору түзүлүп, башкаларында кошулууну каалоочуларга ассоциациялашкан мүчөлүк сунушталат. ЖМБнын ишине кичине да болсо салым кошуп, анын жыйындарына келип, ой-пикир айтып, болочок пландарды курууга катышкандарды катарга кошулду десе болот.
Жогоруда келтирилген структуралар эң маанилүү радио угармандар жана маалымат технологияларын колдонуучулар менен тыгыз байланышты камсыз кылат. ЖМБ өскөн сайын анын уюштуруу структуралары дагы өзгөрүп турат. Жетекчиликтин, эрежелердин жана байланыш каналдарынын так жана баарына анык болушу маанилүү.
Ян Прингл жана Полли Гастер |

Жамааттардын, катышуучулардын жана колдонуучулардын катышуусу |
Анриэтт Эстэрхаузэн

Бул бапта
· Жамаат деген эмне? |
· Жамааттар жана алардын муктаждыктары түшүнүгү |
· ЖМБ жамааттын проблемаларын чечүүдө кандай роль аткарат? |
· Жамааттын ЖМБнын ишине катышуусу |
· Башкалар менен иштөө |
Жамааттардын, катышуучулардын жана колдонуучулардын катышуусу |
Жамаат деген эмне?
“Жамаат” деген түшүнүккө аныктама берүү дайыма эле оңой боло бербейт. Эгерде аныкталган бир белгилүү коомчулукка шилтеме жасабаса, анын колдонулушу өтө эле белгисиз болушу ыктымал. Ошол эле учурда ал социалдык адилеттүүлүккө жетүү боюнча ишке жана өнүктүрүүгө карата борбордук болуп саналат. “Жамаат” деген түшүнүк адамзаттык ченди кошумчалайт. “Жамаатты өнүктүрүү” жана “жамааттын ыйгарым укуктары” маселелерин талкуулоодо алардын максаты күнүмдүк турмушка таасирин тийгизүүчү чечимдерди кабыл алууга катышууну кеңейтип, ресурстарга жетүүнү жакшыртуу менен конкреттүү адамдарга пайда алып келүү экендигин эсиңерден чыгарбагыла.
Жалпысынан “жамаат” деген термин бири-бири менен жакын жашаган, жалпы муктаждыктары, кызыкчылыктары, турмуштук тажрыйбасы, маданий же диний мүнөздөмөсү, жалпы баалуулуктары же жалпы иш-чаралары болгон белгиленген бир түрдө бири-бири менен байланышкан адамдардын тобуна таандык.
Жамаат жөнүндө сөз болуп жатканда “адаттагы” жана “коммуна” деген сөздөр менен ойлонуу пайдалуу.
• “Адаттагы” жалпысынан жамааттын мүчөлөрүнө таандык жана топту белгилүү бир коомчулук катары аныктаган мүнөздөмөлөрдү көрсөтүп турат.
• “Коммуна” жамаатты түзүүчү жана колдоочу байланыштын жана өз ара аракеттенүүнүн элементин белгилеп турат.
Сиздин жамаатыңыздын курамынын схемасын түзүү маселелери “Иштин уюштурулушу” деген бапта талкууланган. Бул жерде биз жамааттын маалыматтык муктаждыктарын идентификациялоо үчүн мамиле кылууну колдонобуз.
Негиз кылып алынган жер катары, төмөндө келтирилген 1-мисал жамааттардын типтерин жана жалпы мүнөздөмөлөрдү көрсөтөт, алар адамдардын топторун “жамаатка” айлантат. Кыска көнүгүү катары ушул ар бир жамааттын маалыматтык муктаждыгын эмне түзөөрү жөнүндө өзүңөрдүн оюңарды оң жактагы тилкеге толтургула.
1-мисал
Жамааттын мүчөлөрү | Жамааттын түрү | Жалпы мүнөздөмөлөр | Маалыматтык муктаждыктар |
Айылдын же шаардын тегерегиндеги жашоочулар | Географиялык/ Жайгашкан жери | Жашоочулар жашаган жери жана жергиликтүү шарттар боюнча, жергиликтүү бийлик органы, лидерлер, кызмат көрсөтүүнүн провайдерлери | |
Замбиядагы жамааттар радионун журналисттери | Кесиптик/ Ушул сыяктуу иш тажрыйбасы | иштин түрү боюнча көндүмдөрү, жөнгө салуучу чөйрө | |
Сексуалдык зомбулуктан жабыр тарткан балдар | Колдоо тобу | Жаракат алуунун жана реабилитациянын ушул сыяктуу тажрыйбасы | |
Католиктик миссионерлер | Диний/иштин түрү боюнча | Ишеним, диний баалуулуктар жана иш тажрыйбасы | |
ВИЧ/СПИД менен ооруп калган адамдар | Колдоо тобу Активисттер тобу Коргоо тобу | Тажрыйба, коргоо максаты дарыланууга жана медициналык тейленүүгө ж. б. муктаждык |
Колдонуучулар жана катышуучулар
ЖМБ болгон учурда сиздердин колдонуучулар жана катышуучулар максаттуу коомчулуктун бир бөлүгү болот. “Колдонуучуларга” ЖМБнын кызмат көрсөтүүлөрүн колдонгон адамдар, ал эми “катышуучуларга” – ЖМБнын ишинде, анын максаттарында жана көрсөтүлүүчү кызматтарда “үлүшү” же белгиленген бир кызыкчылыгы бар адамдар же адамдардын топтору кирет. Кээде сиздердин кызмат көрсөтүүлөрдү башка максаттуу коомчулуктун өкүлдөрү колдоно алат, мисалы, башка региондордо негизделген башка ЖМБлар же уюмдар. Катышуучулар – “колдонуучуларга” караганда көбүрөөк. Алар ЖМБны өнүктүрүүнүн стратегиялык багытын аныктап жана кайра байланышты камсыз кылып, ЖМБны түзүүгө алып келүүчү процесске камтылууга тийиш.
Бул бапта катышуучулар өзүнчө каралбайт, анткени сиздердин максаттуу коомчулук же жамааттар катышуучулар сыяктуу эле сиздердин ЖМБны колдонуучулар болуп саналат.
Ишке киргизүү процессине камтылуучу колдонуучуларды жана катышуучуларды аныктагыла, мында бул маселени ЖМБнын штаты, өз ыктыяры менен чыгуучулар, сиздер биринчи кезекте тартууну каалаган жамаат, жамааттар тобу жана кызыкчылыктар боюнча топтор сыяктуу өнөктөштөр же донорлор менен талкуулагыла; ушул топтордун “үлүштөрүн” жана кызыкчылыктарын талкуулагыла жана сиз жана сиздин топ таандык болгон коомчулукту идентификациялагыла.
Жамааттын мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдон келишинче көбүрөөк колдонууга аракет кылгыла
Мисалы, ЖМБнын контекстинде майып аял-фермер аял-фермерлердин жамаатынын, ошондой эле майыптардын жамаатынын активдүү мүчөсү боло алмак. Эгерде сиздердин ЖМБ аял-фермерлер менен жакшы байланышта болсо, сиздер районуңуздарда жашаган майыптар менен мамилени өнүктүрүү үчүн ушул өзүнчө аял менен иштей алмаксыздар. |
Кайсы жамаат сиздердин ишиңиздердин обьекти болуп саналат?
|
Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 |



