Керектөөчүлөр, өндүрүшчүлөр, жамааттар жана алардын салт-санаасы жана ишмердиги жөнүндө жыйналган сапаттык жана сандык маалыматтар ар кандай демилгелер жана инвесторлор үчүн абдан пайдалуу болушу мүмкүн.

Жамааттык модель

Интернет жана электрондук почтанын жазылуу кызматы бара-бара абдан популярдуу болууда.

Бул модель ЖМБлар, радиостанциялар жана көп максаттуу телеборборлор үчүн абдан популярдуу болуп калды. Анын мааниси колдонуучулардын ак ниет мамилесине жана убактылуу колдонуучулардын салымына негизделген.

Кошумча товарлардан же кызмат көрсөтүүлөрдөн, же ыктыярдуу салымдардан киреше алууга болот. Ачык өнүгүү демилгелерин, коомдук берүүлөрдү, билим берүү тармактарын жана атайын адистешкен сайттарды колдоо үчүн бул модель кеңири пайдаланылууда.

ЖМБ бул моделди колдонуп, жаштарды жана аялдарды окутса болот. ЖМБ ийгиликтүү иштеп кете ала турган дагы бир жол улуттук/регионалдык тармактарды өнүктүрүүдө турат.

Жазылуу модели

Бул моделдин ийгиликтүү иштеп кетиши силердин ЖМБ жана анын каржылык мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды. Мында колдонуучулардан күн сайын, ай сайын же жыл сайын тейлөө акысы алынат.

Бул моделдин Угандадагы мисалын алып көрөк, ал жакта активдүү колдонуучулардан мүчөлүк акы алышат экен. Бул взностор колдонуучуга китепканадагы китептерди, компакт-дискилерди алып пайдаланууга мүмкүндүк берет. Кызмат көрсөтүүнү сапаттуу кылуу боюнча аракеттер көрүлүүдө, ошол эле учурда бир жолку колдонуучуларды жоготуп албаштын да жолу табылууда. Бул деген компакт-дискилердин прокаты бир жолку колдонуучуларга сатылышы мүмкүн, ал эми жазылгандар үчүн компакт-диск, китептер, видео кассеталарды прокатка алуу акысыз болот.

Жазылуу модели Интернеттеги колдонуучулардын эсебинен кеңейиши да мүмкүн. Жазылгандар үчүн Интернетте иштөө үчүн белгилүү бир убакыт белгиленип коюшу мүмкүн, мисалы күнүнө 30 мүнөт. Бул ишкерлер үчүн да жана бир жолку төлөмдөр өтө эле кымбат деп эсептегендер үчүн да пайдалуу.

Акысыз жана судсидияланган кызматтардын ЖМБ үчүн өнүгүү максатына шайкеш келүү, коомдук маанисин сактоо жана коомдун жарандык иштерге катышуусу үчүн мааниси чоң. Демек, ЖМБнын жетекчилиги кылган кызматы үчүн аша чаап акы алганга жетпеш үчүн бул модель менен этият иштеши керек.

Сервистик модель

Бул моделди көп ЖМБлар телефон, электрондук почта жана тармактык издөө кызматын көрсөтүүдө колдонуп жүрүшөт. Сервистик модель колдонууга акы төлөө методун же “эсептегич боюнча төлөө” ыкмасын пайдаланат. Тарифтик кызмат көрсөтүүлөр баалардын негизинде пайда алып келет. Бул модель адатта телефон, электр жана суу кызматын көрсөтүүдө колдонулат. Ошол эле учурда өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бир катар Интернет-провайдерлер бул ыкманы колдонуучулардан пайда табуу үчүн пайдаланышууда.

Бул ЖМБ үчүн рынокту өнүктүрүүнүн көп сандаган ыкмалары бар тааныш, жөнөкөй жана сындан өткөн модель болуп бере алат.

Кыска-орто узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгуу

Ар бир ЖМБ башка ишканалардай эле ишти кыска-орто-узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгуудан башташы керек. Келгиле бизнес план иштеп чыгуудан мурун бир катар стратегияларды карап көрөлү.

Кыска мөөнөттүү стратегия

Кыска мөөнөттүү стратегиялар кыска убакытта белгилүү бир проблема боюнча натыйжа алууга эсептелген. проблемам. Бул категория стратегиясы төмөнкү орчундуу суроолорго жооп бериши керек:

•  кандай кызматтар камсыз болушу керек?

•  базар көлөмү кандай?

•  атаандаштар ким?

•  сатуунун стратегиясы кандай?

•  бизнести баштоо үчүн канча каражат керек?

•  каржылоо булактары кандай?

•  ишти баштоо үчүн жана борбордогу күнүмдүк ишти камсыз кылуу үчүн зарыл болгон адам ресурстары жана материалдык салымдар кандай?

•  кандай талаптар жана кандай башкаруу көзөмөлү болууга тийиш?

НЕ нашли? Не то? Что вы ищете?

•  бизнес-планды оңдоп тууралоонун мөөнөттөрү кандай?

•  менеджмент кеңештерди жана техникалык колдоону каяктан алып турат?

ЖМБ токтоосуз жана азыраак наркы менен сунуштай турган кызматтарын аныкташы керек. Көп ЖМБлар үчүн бул арзан жана жөнөкөй технологияны пайдаланууну билдирет. Сиз сунуштаган кызматтарга жамаатка арналган радио берүүлөр, компьютердик сабаттуулукка окутуу, телефония жана эгер Интернет жок болсо CD электрондук китептердин китепканасы кириши мүмкүн.

Кыска мөөнөттүү стратегиянын артынан жигердүү маркетинг жана коммерциялык стратегия сиздин ЖМБ жөнүндө жамаатка жарыялашы керек.

Негизги планды иштеп жатканда “кичинеден башта” ыкмасын колдонгула.

Орто мөнөттүү стратегия

Сиздин кыска мөөнөттүү стратегия иштелип чыгар замат ЖМБнын өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү перспективасын аныктоого киришүү керек. Мисалы, бизнесте артыкчылык алуу жана имиджин түзүүнү каалаган ЖМБ кардарлардын ишенимине кирүү үчүн төмөнкүдөй аракеттерди көрөт:

•  Кошумча кызматтарды көрсөтүү, айталы чыныгы китепкана ачуу имиджди күчөтүүгө көмөк болмок.

•  Бизнес-моделдерди аныктоо жана колдонуу же моделдердин комбинациясын колдонуу, мисалы эгер маклердик моделди колдонуу каралып жаткан болсо ЖМБ иштеп аткан брокерлерди же ассоциациянын өкүлдөрүн таап, ушул моделдин алкагында окутуп алса болот.

Узак мөөнөттүү стратегия

Мини-кредит алган топтун мүчөлөрү“Фиа” радиосунун берүүлөрүнө катышууда, Сенегал.

Бул үчүн ЖМБ өзү жүргүзө турган социалдык өзгөрүүлөрдү карап көрүп, иштеп аткан байланыштарын жана жамааттын структурасын болжоп көрүп толук масштабдуу иш баштаса болот.

Негизги өнүгүү багыттарында эске алынчу жагдайлар:

•  Радиоберүүлөр менен алмашып туруу жана адам ресурстарын биргелешип өнүктүрүү, сатып алуу, тейлөө иштерин биргелешип жүргүзүү үчүн ЖМБнын улуттук же регионалдык тармактарын түзүү же бириктирүү;

•  Кошумча кызматтарды көрсөтүү жана белгилүү болуш үчүн улуттук жана регионалдык мекемелер менен байланыш түзүү;

•  тармактык билим берүүгө катышуу;

•  бардык диаспоралар үчүн талкуу сайттарын ачуу.

Бизнес-планды иштеп чыгуу

Мурда айтылгандай эле бизнес-планды иштеп чыгуу бардык эле ЖМБны ачып иштетүүнүн биринчи кадамы болуп саналат. Бизнес-план – ЖМБнын инвестор менен бирге өз ишмердигин пландаштыра турган документи, ошондуктан анын мазмуну бардык ишти даана так көрсөтүп, талаптагыдай пландалышы керек, ошондо гана ал объекттин жашап кетишин жана башкарылышын кепилдей алат.

ЖМБнын түрүнө жараша ишке жумшалган капиталды кайтаруу тартиби жөнүндө маселени планга киргизип коюу пайдалуу.

Ар кандай кырдаалга пайдаланууга жарактуу болгон бизнес-пландар толтура. Кандай болгон күндө да сизге башында жана резюмелерде көрсөтүлгөн ар кандай категориялар боюнча маалымат жыйнап беришке туура келет. Ошондой эле төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:

•  ЖМБнын максаттары жана милдеттери;

•  ЖМБнын тарыхы;

•  ЖМБнын структурасы жана уюштурулушу;

•  Сунушталган кызмат көрсөтүүлөр;

•  ЖМБ кантип киреше алат;

•  Табылган жана жумшалган каражаттын, кирешенин көлөмү.

Бизнес-план потенциалдуу катышуучуларга жана донорлорго ЖМБнын маанисин жана ийгиликтүү иштеп кетүү жолдорун туура баалаганга мүмкүндүк берет. Бул ЖМБнын жетекчилигине керектөөнү пландаштырып, проблемаларды ажырата билгенге жардам берет. Жакшы бизнес план кыска мөөнөттөгү чечимдерди чыгарып, келечектүү жолдору тапканга да пайдалуу. Каражат жыйноо аракеттери дагы бизнес-планда көрсөтүлүшү керек. Төмөнкү көнүгүүлөр сизге анын иштеп чыгуу мөөнөтүн тактаганга жардам берет.

Эми сизге бизнес-план түзгөнгө бардык элементтер бар. Документтин аягындагы тиркемелерди карап чыгармачылык менен иштегиле.

Каржылоо жана өнөктөштүк маселелерин бардык жагынан талдап чыгуу

ЖМБ ар кандай булактардан каражат тартууну пландаштырганда төмөнкүлөрдү эске алышы керек:

•  Жамаат-донордун өнүгүү приоритеттерине дайыма шайкеш келүү маанилүү. Донордун маалыматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүн тапкыла; билгиле, балким маалымат бюллетенин чыгарат, анын сайтын окугула.

•  Донорлор барган сайын инфраструктураны эмес түшүнүктөрдү караган өнүгүү демилгелерин көбүрөөк каржылашууда, мисалы маалыматты өнүктүрүү, максаттуу окутуу, кампанияны өнүктүрүү. Алар өз кезегинде кызматтарды пайдаланууну талап кылышат.

•  Өкмөт жана коомдук сектордун институттары эң биринчи улуттук жана жамааттык өнүгүү программаларына каражат бериши мүмкүн. Муну билгиле жана дайыма өз кызыкчылыгыңарга пайдалангыла.

•  Жарандык коом уюмдары (мисалы, өкмөттүк эмес уюмдар) ЖМБнын кызматын талап кылган тематикалык демилгелерге каражат бериши мүмкүн, мисалы, ВИЧ/СПИД, аялдар теңчилиги и ж. б.

•  Корпоративдүү жана жеке сектор ЖМБнын кызматын пайдаланып, товарын алышы ыктымал. Жергиликтүү базар жана өндүрүүчүлөр жөнүндөгү маалымат ЖМБнын товары болуп бериши мүмкүн. Ошентсе да бул сектордо кызыкчылыктар кагылышып калбасын үчүн этият иштегиле.

•  Диаспора жамааттар - ЖМБнын ишиндеги потенциалдуу булак, бирок анын салымы каражат эмес, практикалык иштер да болот (ыктыярчылар, экспертиза жана техникалык колдоо).

Бизнес-планды кадамдап баалоо

Биринчи кадам. Сиздин бизнес-планга кире турган бардык негизги позицияларды санап чыккыла – кызматтар, маркетинг, план жана структура.

Экинчи кадам. Ал пункттарды төмөнкү позициялар боюнча текшергиле:

«Бюджетти» карап текшергиле, каржылык планда чыгыша жана киреше каралган болушу керек. Мисалы, эгер маркетинг планында футболкаларды таратуу каралган болсо, каржылык планда ага кетчү каражат каралган болуш керек.

«Мааниси» - бизнес-пландын ар бир бөлүгү силердин милдеттердин жана аларды аткаруу кудуретиңердин маанисин жана эффективдүүлүгүн жогорулатып турушу абзел.

«Далилденген» - каралган пункттарды тажрыйбага же документке таянып негиздөө жөндөмүңүздү көрсөтөт.

«Макулдашылган» - бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде Кеңеш жана жамаат, баары планга макул экенин көрсөтөт.

Үчүнчү кадам. Эгерде сиз экинчи кадамды текшерип, бизнес-планды окулгандай форматта бергиле. Мисалы:

бюджетте

мааниси

далилденген

макулдашылган

Чоң имаратка көчүү

ооба

ооба

ооба

ооба

Жамааттын жардамын жана колдоосун алуу

МКТга окутуу, Интернет тейлөө, радио кулактандыруулар, радиоберүүлөрдү жазып уктуруу жана түз ободон берүү сыяктуу кызмат көрсөтүү менен катар силер жамаат жактын дагы жардамын жана колдоосун тарта аласыздар. Кимдир бирөө белгилүү бир маселе боюнча, мисалы китепкананын кеңейиши жөнүндөгү маселеге кызыгып калышы мүмкүн. Ал эми жамаат бүт баары мектеп пьесасын уктуруу же маанилүү жергиликтүү жаңылыктарга кызыгышы ыктымал.

Диаспоранын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу

Бардык эле диаспоранын жамаатты өнүктүрүүгө орчундуу мааниси бар каржылык мүмкүнчүлүктөрү бар. Диаспораны ачык эле каржылык жана практикалык жардамга, техникалык экспертиза жана колдоо көрсөткөнгө чакыргыла.

Жамааттын колдоосун тартуу ЖМБда орчундуу чыгармачылык тармак иштерин талап кылат. Диаспорага кызмат көрсөтүүнүн мүмкүн болгон ыкмаларында өнүгүү маселелери боюнча талкууга колдоо көрсөтүү, жергиликтүү жамааттардын өнүгүшү жөнүндө эл аралык коомчулукка маалымат жеткирүү, жамааттын өнүгүшүндө диаспоранын ролу жөнүндө сунуштарды жарыялоо сыяктуу маселелер диаспораны кызыктырышы мүмкүн.

Коммерциялык структуралар менен иш мамилелери

Ишкер тендерге Танзаниядагы Сенгерема телеборборунан жиберилген факсты карап жатат.

ЖМБ өлкөдөгү жана региондогу жаңы рынокторду өнүктүрүүнүн потенциалдуу каналдары болуп бере алат. Коммерциялык сектор өз кезегинде жаңы рынокторго жетүү жана кеңейүү маселелери менен кызыгат, бул эриш-аркак иштешүүнүн жаңы жолдорун табууну талап кылат. Силерге коммерциялык уюмдардын ЖМБны менчиктеп алуу аракеттерине каршы бекем туру керек болот.

Сиздин ЖМБ жеке сектордун социалдык программаларда негиздүү катышуусун талап кылышы мүмкүн, бул өнүгүү демилгелерине баа жеткис колдоо алып келиши мүмкүн.

Силер жамааттын деңгээлинде кайра бөлүштүрө турган кызматты же продуктуну аныктоо коммерциялык структуралар менен мамиле түзүүгө ыңгайлуу учур болуп бере алат.

Шилтемелер:

Майкл Раппа, Интернеттеги бизнес-моделдер

http://digitalenterprise. org/models/models. html жума, 24-октябрь 2003-ж., 11:44:19 EDT.

Роберт Жичира жана Дуглас Диксон, Жеке бизнес: кантип баштоо жана башкаруу керек, Хейнеманн, Кения, Найроби,1991.

Дороти Маккормик жана Пул Оув Педерсен. Кичи ишканалар: Африканын шартындагы ийкемдүүлүк жана тармактык иштер, Лонгхорн, Кения, Найроби, 1996.

Изекииль Дламини,

ЮНЕСКОнун Батыш Африкадагы МКТ иштери боюнча кеңешчиси

E-mail: h. *****@***org


Изилдөөлөр жана баа берүү

Изилдөөлөргө этнографиялык мамиле

Джо Такки, Дон Слейтер

жана Грег Хорн

Бул бапта

·  Эмне жана эмне үчүн изилденет?

·  Этнография жана практикалык изилдөөлөр

·  Чоң жана максаттуу изилдөөлөр

·  Изилдөөлөрдү пландаштыруу


Изилдөөлөр жана баа берүү

Практикалык этнографиялык изилдөөлөр ЖМБ, анын колдонуучулары, жана андан чоң жамааттар жөнүндө маалыматты ийкемдүү жана адаптивдүү жыйноо ыкмасын камсыз кылган методология болуп саналат. Бул методология эки изилдөө ыкмасын: этнографиялык жана практикалык изилдөө ыкмаларын бириктирүүгө негизделген.

Этнография – ар башка маданияттарды түшүнүү үчүн салттуу түрдө колдонулуп келген изилдөө ыкмасы. Этнографиялык ыкма долбоордун жергиликтүү шарттарды жана керектөөлөрдү кеңири түшүнүүгө негизделгендигин кепилдейт.

Практикалык изилдөө - кырдаалды жаңыча баалоонун жаңы ыкмаларын жүргүзүү үчүн колдонулган изилдөө ыкмасы. Ал “пландагыла-жасагыла-байкагыла-баа бергиле” циклына негизделген жана этнографиялык ыкма колдонулган бай изилдөө маалыматтарын жыйноого мүмкүндүк берет.

Бул бапта биз практикалык этнографиялык изилдөөнүн схемасын беребиз. Муну толук түшүнүү үчүн биз “ЮНЕСКО колдонуучусуна колдонмо: практикалык этнографиялык изилдөө» (Такки и ж. б., 2003 ж.) сунуш кылабыз.

Изилдөөлөр эмне үчүн жүргүзүлөт?

Практикалык этнографиялык ыкма ЖМБны ар дайым “маданиятты изилдеп” турууга үндөйт. Изилдөөнүн өзү ЖМБнын жергиликтүү шартта эфективдүү иштеп кетишине жардам берүү үчүн жүргүзүлөт.

Изилдөө процессинин негизинде ЖМБнын ишмердигин дайыма коштоп жүрө турган төрт негизги суроо жатат:

•  Эмне жасап көргүбүз келип жатат?

•  Биз аны кантип жасап көргүбүз келип жатат?

•  Биз аны кандай жакшы жасайбыз?

•  Биз аны башкача жакшыраак кандай жасай алабыз?

Эмне жасап көргүбүз келет?

Биринчи суроого жооптор долбоордун максаты менен милдеттерин аныктайт.

Ар бир ЖМБ айрым бир багытты алып, андан бир натыйжага жеткиси келет. Мисалы максатты аныктоо менен ал эмне үчүн иштеп жатканын аныктайт, ал эми ЖМБнын милдеттерин аныктоо аны туура жолдон четтеп кетпеши үчүн керек. Бул милдеттер ЖМБнын ишинин ийгилигин баалоо үчүн колдонулат. Башкача айтканда, милдеттер ЖМБнын ишмердигинин натыйжасында аткарыла турган иштерди билдирип турат.

Биз аны кантип жасап көргүбүз келет?

Экинчи суроо милдеттерди белгилүү бир планга айландырат. Сиздин ЖМБ күнүмдүк ишмердигинде өзүнүн максатына жана милдеттерине кантип жеткен жатат? Бул үчүн төмөнкүлөрдү түшүнүү керек:

•  ЖМБнын өзүнүн ишмердигин;

•  Уюм катары максат-милдеттерге жетүүнүн жолдорун, бул процесске тартылган жамаат жана башка ресурстарды;

•  ЖМБнын ички структурасын жана байланыштарын, ресурстарды колдонуу ыкмаларын.

Биз аны канчалык жакшы жасайбыз?

Үчүнчү суроо ЖМБнын максатына жетүү боюнча иш-аракетин реалисттик жана илимий баалоону талап кылат.

Эмне үчүн?

Эмне?

Кандай?

 
Бул баалоо сиз жергиликтүү жамааттын, колдонуучулардын, кызматкерлердин, ыктыярчылардын, донорлордун жана башка катышуучулардын кызыкчылыгында канчалык жакшы иштеп жаткандыгыңызды көрсөтөт.

Биз муну башкача жакшыраак жасай алабызбы?

Сиздин изилдөөнүн натыйжаларына таянган төртүнчү суроо сиздин максат-милдеттериңизди, ишмердигиңизди, анын эффективдүүлүгүн талдоону, жетишкендиктерди жана кемчиликтерди кайра карап чыгууну талап кылат. Бул ЖМБнын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында изилдөөлөргө, анализге жана баалоого негизделген жаңы пландоону жана иш-аракеттерди талап кылат.

Бул төрт суроодон башка конкреттүү суроолор да болот, ал ЖМБнын өнүгүү процессинде чыга берет. Практикалык-этнографиялык изилдөө ЖМБнын табияты жана максат-милдеттерине тийиштүү болгон орчундуу жана конкреттүү маселелерди иштеп чыгууга жардам берет.

Сиз эмнени изилдешиңиз керек?

Медиа-технологиялар жана алардын таасирин изилдөөнүн ордуна этнографиялык ыкма адам турмушундагы байланыш жана маалымат агымдарынын бардык структурасын кароону билдирет.

•  Алар жактырган коммуникациялык жана маалыматтык ишмердиктин түрлөрүн;

•  Бар болгон коммуникациялык ресурстарды жана аны пайдалануу ыкмаларын алар кантип түшүнөрүн;

•  Аларды байланыштырып турган социалдык мамилелер жана институттар.

•  Биз бул сүрөттү тартып аларыбыз менен, ошол чөйрөдөгү таасирлерди жана мүмкүнчүлүктөрдү, алар башка иш тармактарына кандай аралашып жатканын оңой түшүнүүгө болот. Бул медиа-технологиялардын ордуна жана аларды кеңири пландагы “коммуникативдик экологияда” колдонуу маселесине да тийиштүү.

ЖМБ үчүн картинаны (коммуникативдик экология) жана социалдык маселелерди (маалымат агымдары) толук түшүнүү абдан маанилүү. Көп учурда биз жаңы али калыптана элек медиа-технологиялар менен иштейбиз. Биз аларды байланыштын жергиликтүү ыкмаларына ыңгайлаштырсак болот. Андан сырткары медиа менен иш жүргүзүүдө биз ар кайсы тарых жана мекемелер менен салыштырып карап, чыгармачылык менен ыңгайлаштырып, жергиликтүү масштабда иштегендей эффективдүү кылууга умтулушубуз керек.

Этнография

Этнография ачкычы- белгилүү бир жерди даана жана өзүнүн шартында түшүнүүгө орчундуу көңүл буруу.

Этнография практикалык изилдөөгө жакшы шайкеш келет, анткени эки ыкма тең жамаат менен долбоордун өз ара аракеттенүүсүн изилдейт

Этнография учкай маанисинде “маданиятты жазуу же көрсөтүү” дегенди билдирет. Этнография башынан бери жергиликтүү шарттарды (сиздин ЖМБ жана жамаат) узак мөөнөттө изилдөөгө негизделген. Негизги метод – түздөн түз байкоо салуу. Этнограф изилденип жаткан коомдо же маданиятта (адамдардын арасында жашайт) жашап жатканда ал аналитикалык жана байкоочу позициясын сактап, өзү иликтеген теманы талдап, сүрөттөп жана анын маанисин ачып түшүндүрөт. Этнограф үлгүлөрдү издейт, жергиликтүү байланыштарды, түшүнүктөрдү жана алардын маанисин сыпаттап жазат. Этнография изилдөөнүн объектисине жалпылашкан мамиле кылат, башкача айтканда этнографтын социалдык кырдаалга жана социалдык мамилелерге дүңүнөн караган көз карашы болуп эсептелет.

Биздин максатыбызда этнографиялык ыкма ЖМБ иштеп жаткан чөйрөдөгү социалдык мамилелер менен процесстердин бүтүндөй диапазонун түшүнүү үчүн керек. Бул жакка кирген объектилер:

•  Кызматкерлердин жана активисттердин чөйрөсү – алар кантип уюшкан, кантип ишти алып барышат, ЖМБ алардын турмушунда кандай мааниге ээ;

•  Колдонуучулар – алардын күндөлүк турмушу жана иштөө ыкмалары (коммуникациялык аспектиде эле эмес, жамаат арасында, достукта, социалдык мамилелерде, иште ж. б. );

•  Долбоордун башка кеңири социалдык шарттары (мисалы, жамааттагы социалдык тайпалар, тил, жергиликтүү экономика, социалдык жана маданий ресурстар, бийлик менен жамааттык институттардын мамилеси);

•  Жамааттан тышкары социалдык структуралар жана процестер (мисалы, инфраструктура, мамлекеттик саясат, экономикалык жаңылыктар).

Практикалык изилдөө

Практикалык изилдөө ЖМБнын керектөөлөрүн баалоо ыкмаларына жараша болот.

Биринчи мисал

Будхикот – 750 үйдөн турган чоң кыштак, анын ичинде чакан кыштактар бар. Намма-Дхвани ЖМБнын кабелдик радиосу бар, радиоберүүлөрдү даярдайт, компьютерлери жана Интернети бар. Ал аялдардын 15 өз алдынча өркүндөө тайпалары (ӨӨТ) менен байланышы бар, ошондой эле негизги калктын ичинде өзүнүн колдонуучулары бар.

ЖМБ социалдык картаны иштеп чыгууда төмөнкү методдорду пайдаланды:

•  ӨӨТ ЖМБнын ишинин маанилүү элементи катары биргелешкен сабактардын жүрүшүндө, айрым мүчөлөрү менен болгон интервью аркылуу жана жыйындардан жыйналган ой-пикирлер боюнча изилдөөгө алынган. Ушул эле методдор МКТ менен байланышпаган бир нече ӨӨТ изилдөөдө да колдонулган. Бул методдордун баарында жакырчылык проблемасы (адамдардын мамилеси жана алардын жакырчылыкты түшүнүүсү), медиа-технологияларды колдонуу жана жамааттын социалдык проблемалары каралып көрүлгөн.

•  Колунда жок бир топ адамдар ӨӨТ бирикмелерине кирбейт. Ошол себептүү картографалаштыруу учурунда алар эки категорияга бөлүштүрүлгөн: аз камсыз болгон уюшкан топтор (ӨӨТ мүчөлөрү) жана аз камсыз болгон, бирок уюшулбаган топ. Булар үчүн коңшулар менен биргелешкен көнүгүүлөр, ӨӨТ мүчө болбогондору жана эркектери (ӨӨТ мүчө болгондордун күйөөлөрү жана башка үй-бүлөнүн эркектери) менен интервью уюштурулган).

•  ЖМБ жамааттын адистери болуп саналган окутуучулар, дарыгерлер, социалдык камсыздоо кызматкерлери, диний лидерлер, кабелдик тармактын кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин мүчөлөрү менен интервью уюштурушкан.

•  ЖМБнын кызматкерлери бүт бардык тарап камтылган деп ишенди, мисалы, ар кандай дин уюмдарынын, касталардын, жерликтердин үй чарбасы, алыскы айылдар жана Будхикоттун өзүндөгүлөр кошо айтылды. Долбоор үчүн бул тайпалар эле эмес жакыр жашаган катмарлардын долбоордун ишинде медиа-технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн билүү маанилүү болчу.

•  Будхикоттеги жана коңшу айылдагы 130 үй чарбасында кеңири анкеталык сурамжылоо жүргүзүлүп, анда жамааттын каржылык дарамети, билим берүүсү, медиа-технологияларды колдонуусу ж. б. суроолор камтылган

•  Кыштактагы жашоого кыйла кеңири байкоо жүргүзүшкөн: коомдук окуялар жана драмалар; жолугушуп жыйын курган жерлер (мисалы, кудуктар, кафе, электр жарыгы өчүп калганда көчөдө жыйналуу); жана ЖМБнын күнүмдүк иштери.

•  ЖМБ буга бир катар берүүлөрдү арнады: берүүлөрдүн жүрүшүндө кызматкерлер менен ыктыярчылар көчөлөргө чыгышып, кайсыл программалар популярдуу экенин байкашып, медиа-технологияларды кантип колдонуп жатышканы жөнүндө көп адамдар менен сүйлөшүп баарлашкан.

•  Ал түгүл Намма Дхвани жамаатын диаграмма түрүндө ким эмне иш кылып жатканын, ЖМБ жамаат мүчөлөрүн долбоорго кантип тартып жатканын картага түшүрүүгө да аракет болгон.

•  Техникалык каталар чыгар замат аларды каттоого административдик системалар даяр болушу керек.

Максат ЖМБнын алкагында изилдөнүүчү маданиятты түзүү болуп эсептелет, ошондо изилдөө жана эсеп күнүмдүк ишмердиктин ажырагыс бөлүгү болуп калат. Ар бир адам изилдөө процессинде өзүнүн салымын кошуп, белгилүү бир билим алат. Бул жыйындарда талкууланат; штаттагы кызматкерлер менен ыктыярчылар иш-аракеттерди пландаштырып жатканда муну эске алышат.

Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16