Интернет бүткүл дүйнөдөгү аудио-видео маалыматтарга жетүүгө мүмкүндүк да берет. Сиздер башка адамдар проблемага кандай карай тургандыгына үлгү болорлук мисал катары интерактивдүү аудио жетүүнү колдонсоңуздар болот. Радиосценарийлерге жетүү да абдан пайдалуу, анткени сиздер өзүңүздөрдүн жамааттын кызыкчылыгына ыкташтырып, аларды өздүк контекстте колдоно аласыздар.
Он-лайндык аудио жана видео | Аудиопрограммалар, маектешүүлөр, коомдук кызматтардын кулактандыруулары, башка форматтар | Угуу (жана көнүктүрүү); көп учурда жүктөө жана жана кайра көрсөтүү мүмкүнчүлүгү |
Аудиопорталдар | Аудио маалыматтарга түз жана интерактивдүү жетүүнүн “шлюздары” | Акысыз жана интерактивдүү |
Он-лайндык маалыматтар базасы | Аудио файлдардын үзүндүлөрүнүн интерактивдүү жеткиликтүү китепканалары | Негизинен интерактивдүү угуу акысыз, жүктөө үчүн бир аз акы төлөнөт |
Радиоберүүлөрдүн Интернет программалары | Оңой издөө үчүн интерактивдүү радиостанциялар берилген сайттар | Акысыз жана интерактивдүү |
Интернет радиостанциялар | Реалдуу масштабдагы убакытта бүткүл дүйнөдөгү радиостанциялардын берүүсү, башкача айтканда архивделген эмес, бирок адаттагы берүү сыяктуу, жетүүсү акысыз | Акысыз жана интерактивдүү |
Сценарийлер | Аудио маалыматты түрдүү тилдерде интерактивдүү коштогон сценарийлер | Окуу жана басып чыгаруу үчүн акысыз |
Он-лайн видео | Интерактивдүү көрсө боло турган видео жазуулар | Үзгүлтүксүз байланыш жогорку ылдамдыктагы Интернетти талап кылат |
Муну кантип алса болот?
Компаниялардын интерактивдүү маалыматтар базасына түз жетүүгө мүмкүндүк берүүчү бир катар порталдар бар, алар маалыматтарды жана программаларды биргелешип колдонууга жана алмашууга кызыкдар, аларды сиздер жүктөп, кайра көрө аласыздар. Мында сиздерде зарыл программалык камсыз кылуу болушу керек.
Көптөгөн ири көрсөтүүчү компанияларда өздөрүнүн интерактивдүү аудио маалыматтар базасы бар. Айрымдары сиздерге программаларды жүктөөгө мүмкүндүк берет, ал эми кээ бирлери угууга гана мүмкүндүк берет. Бир катар проблемалар боюнча маалыматтардын мол булагы болуп Би-Би-Синин сайты саналат.
Интерактивдүү радиостанциялар үчүн – алар абдан көп санда – оптималдуу издөөнү станциянын аталышы же сайт боюнча ишке ашырса болот, анда дүйнөдөгү бардык интерактивдүү радиостанциялар берилген.
Интерактивдүү видео үчүн байланышты камсыз кылуу проблемасы бар, анткени материалды көрүп чыгуу жогорку ылдамдыктагы Интернетти талап кылат. Бирок сиздерде андай ылдамдык болсо, толук программалар же клиптер түрүндө видео маалыматтардын зор массиви жеткиликтүү болот. Сиздер көрүп чыккан сайттан видео материалдардын көчүрмөсүн заказ кыла аласыздар. Айрым сайттар түрдүү уюмдардын жана көз карандысыз чыгаруучулардын видео жазууларынын файлдарына, ошондой эле түрдүү негизги жаңылыктарга тематикалык жетүүгө мүмкүндүк берет.
Акысыз жетүү
Мультимедиа-маалыматты интерактивдүү угуу же көрүү адатта акысыз болот. Көпчүлүк өкмөттүк эмес уюмдардан жүктөө акысыз, бирок эл аралык берүүчү компанияларга жараша өзүнүн баасы болушу мүмкүн.
Көрсөтүүгө даяр материал farmradio. org сайты “радио сценарийлерди” колдонуу менен оңой которулуучу радио форматта айыл райондорунун көрүүчүлөрү үчүн кызыктуу болгон маалыматты сунуш кылат, ал сценарийлер көрсөтүүчү компаниялар тарабынан тандалуучу тилде өнүккөн өлкөлөрдө акысыз көрсөтүү үчүн жеткиликтүү. Сценарийлер Интернетте төмөнкү даректе жеткиликтүү: http://www. farmradio. org/english/published_scri pts. html |
Телефонду колдонуу
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) Интернетти эле эмес, ошондой эле салттуу байланыш линияларынын жана мобилдүү телефондордун бардык кызмат көрсөтүүлөрүн да камтыйт. Мобилдүү телефондор колдонуучуларга тексттик билдирүүлөрдү жиберүүгө жана алууга мүмкүндүк берет, алар бардык түрдөгү маалыматтар менен – базар баасынан баштап спорттогу жыйынтыктарга жана ишке чакырууларга чейин алмашуу үчүн колдонулат. Кадимки телефон дагы маалымат алмашуунун маанилүү каражатын түзөт. Бул көп учурда башка адамдар менен байланышуу жана маалымат менен алмашуу үчүн мыкты ыкма болуп саналат.
Телефон: мобилдүү же кадимки | Кадимки же мобилдүү телефон аркылуу түз байланышта болгон адамдардан алынган маалыматтар | Радио берүүлөрдө же СМСте колдонула турган учурдагы маалымат |
Расмий билдирүүлөр | Белгилүү бир темада SМS-билдирүүлөр | Кызмат көрсөтүүлөрдүн тексттик баяндамасы |
Расмий эмес билдирүүлөр | Абоненттерден же жергиликтүү репортерлордон келген SМS-билдирүүлөр | Мобилдүү телефондор гана керек |
Телефон менен маектешүүлөр | Белгилүү бир темада жергиликтүү жашоочулар же чет өлкөлүктөр менен маектешүү | Түз маектешүү же көрсөтүүчү компаниянын жазуусу |
Кадимки телефон чалуулар | Маалыматтык телефон чалуулар | Түз эфирде же алдын ала жазылган адаттагы маалымат же телефондук шоу |
Кыйла анык, бирок кээде байкабай калган маалымат булагы – сиздердин тегерегиңердеги адамдар. Жергиликтүү маалымат жана ой-пикирлер каалаган ЖМБ үчүн мол жана пайдалуу булак. Анкеталык сурамжылоо жүргүзүп, маектешүүлөрдү жазып бул маалыматтарды чогултуңуздар жана андан ары мындан пайда алуу үчүн өзүңүздөрдүн жамаат үчүн бул маалыматтардын банкын түзүңүздөр. |
Муну кантип алса болот?
Сиздер тейлөөнү камсыз кылган белгиленген бир провайдердин же уюмдун SМS-кызмат көрсөтүүсүнө жазылышыңыздар керек. Бизнес жана коммерциялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдүн саны өсүүдө, ошондуктан өзүңүздөрдүн облустагы кырдаалга байкоо жүргүзүп туруу зарыл.
Башка суроо – конкреттүү адамдардан маалымат алуу, сиздерге телефон номерлери менен гана алмашуу эмне үчүн көп керек. бул айыл жергесинде же башка шаарларда же өлкөдө жашаган абоненттерден маалымат топтоонун жакшы ыкмасы.
Телефон менен кадимки маектешүү көрсөтүүлөрдө көп колдонулат.
Акысыз жетүү
Сиздер телефонду кошууга акы төлөшүңүздөр керек. Коммерциялык SМS-кызмат көрсөтүүлөргө коммерциялык эместерге салыштырмалуу адатта акы төлөнөт.
Оозеки маалымат
Көп учурда сиздерге керектүү болгон маалымат сиздердин жамаатта болот жана сизден талап кылынуучу нерсе – ал маалыматты топтоону уюштуруу.
Маалымат топтоо жана алмашуу
Жергиликтүү маалыматтар сиздердин жамаат сыяктуу эле ар түрдүү болот – бул салттуу медицина жана айыл чарбасы жөнүндө маалыматтар же жамааттын социалдык, экономикалык жана саясый проблемаларга көз карашы болушу мүмкүн.
Сиздердин ЖМБ жергиликтүү жана эл аралык билимдерди алмашуу борбору катары жергиликтүү мүнөздөгү маалыматты багыттоо боюнча ойдогудай жер болуп саналат. МКТга жергиликтүү мүнөздөгү маалыматтарды топтоо жана алмашуу боюнча жардам көрсөтүүчү, ушул жаатта бир катар инновациялык долбоорлор бар.
Маалымат топтоо түрү | Методдор | Маалымат топтоо формасы |
Маектешүүнү жазуу | Конкреттүү адам – жамааттын лидери же адаттагы мүчөсү, саясатчы, врач, эксперт ж. б. менен маектешүү | Студияда, түз эфирде же жазып же жазуу үчүн жабдыктарды колдонуу менен көчөдө жүргүзүлүшү мүмкүн |
Анкеталык сурамжылоо жүргүзүү | Жамааттын мүчөлөрүнөн анкетанын суроолоруна жооп түрүндө маалымат алуу, аларга андан кийин талдоо жүргүзүп же салыштырууга болот | Анкеталык сурамжылоолор же таблицалар |
“Эл добушу” | Жамааттын катардагы мүчөлөрүнүн расмий эмес комментарийлери | Көрсөтүүдө колдонуу үчүн аудио - же видео жазуу |
Атайын топтор жана жолугушуулар | Суроо/тема боюнча адамдардын тобун сурамжылоо | Жазуу же жоопторду колдонуу |
Бул тема боюнча айрым изилдөө иштерин караңыздар:
• www. – Ачык билим тармагы долбоорунун сайты; негизги маалымат алуу үчүн “Иштөө жааты” деген бөлүмдү www. dgroups. org/groups/okn. караңыздар.
• www. iicd. org/ks - “жергиликтүү мүнөздөгү маалыматты топтоо жана жайылтуу” тууралуу кызыктуу документ; маалымат менен алмашуу бөлүмүнө өтүңүздөр, Жарыялоолор менюсун басып жана тизмени ылдый жылдырыңыздар.
Өздүк маалыматты жана маалыматтар базасын түзүү
“Келгиле, чындыкты тике айталы, колдонуудагы вет-беттердин 99 пайызы (биз жыл сайын эки эсе көбөйгөн көп миллиондуу сандар жөнүндө айтып жатабыз) планетанын 99 пайыз калкына жеткиликсиз. Алардын ар бир жүзүнчүсү индиялык дыйкан же мексикалык фабрика кызматкери тарабынан колдонулушу мүмкүн. Интернетке тартуунун эң ийгиликтүү долбоорлору жергиликтүү калк үчүн тиешелүү мазмуну менен өздөрүнүн чакан тармактарын түзөт. Андай болбосо ЖМБ арналышына же каржыланышына карабастан, интерактивдүү оюндар, достор менен чаттар (кээде ошол эле бөлмөдө отургандардын ортосунда) же үй тапшырмасын көп ойлонбой аткаруу максатында маалымат жүктөө үчүн жаштар тарабынан колдонулуучу дагы бир кибер-кафе болуп калат. Жергиликтүү мазмунду иштеп чыгуу жергиликтүү кызыкчылыктарды жана темаларды изилдөөнү билдирет. Чакан-тармактардын мазмуну жергиликтүү проблемаларга жооп бергидей болушу керек. Ал жергиликтүү маданиятты жана аң-сезимди чагылдырып, аларды өнүктүрүүгө түрткү берүүгө тийиш”. Альфонсо Гумичио-Дагрон *****@***net. gt |
Автордук укуктун суроолору
Басма
Көпчүлүк китептер жана журналдар автордук укук менен корголгон, теорияда бул эч бир үзүндү уруксатсыз колдонуу үчүн көчүрүлүп алышы мүмкүн эмес экендигин билдирет. Бирок көпчүлүк авторлор же басып чыгаруучулар көп учурда китептерден үзүндүлөрдү көчүрүп алууга мүмкүндүк берет, азырынча сиздер аларды коммерциялык максатта эмес, маалыматты топтоо үчүн гана колдонуп жатасыздар.
Эгерде сиздер кайсы гана болбосун жарыялоого же материалга цитата келтирип жатсаңыздар, авторду жана алынган булакты көрсөтүүнү эсиңиздерден чыгарбаңыздар.
Аудио-видео
Эгерде сиздер каалаган аудио-видео маалыматты кайра көргүңүздөр келсе, чыгаруучулардын уруксаты бар экендигин аныкташыңыздар керек. Аларга телефон чалып, электрондук почтасына өзүңүздөрдүн каалооңуздар жөнүндө кат жөнөтсөңүздөр болот; алар кээде акыркы программанын көчүрмөсүн суратышы мүмкүн же жок дегенде эфирдин датасын билдирүү керек.
Бул сиздерге жиберген же жүктөө үчүн жеткиликтүү болгон материал үчүн зарыл эмес.
Сиздер адамдардын арасында жашап жатканыңыздарды эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Сиздер жана биздин коңшулар түздөн-түз, телефон менен, көрсөтүүлөрдө жана почта аркылуу сүйлөшүп маалымат түзөт жана алмашат, бирок ал жөнүндө ойлоно бербейбиз; Мунун бардыгы медиаконвергенциянын күчтүү мисалын берет. |
Медиаконвергенция
Сиздердин ЖМБ медиаконвергенциянын көрүнүктүү мисалы болуп саналат. Сиздердин карамагыңыздарда бардык мүмкүн болгон булактар болушу мүмкүн – китептер жана басылмалар, он-лайн аудио, кассеталар, мини-дисктер жана видео. Сиздерде CDни, ошондой эле электрондук почтаны жана Интернетти колдонуу үчүн компьютер болот. Сиздерде өзүңүздөрдүн угуучуларга уктуруу үчүн зарыл болгон радио жабдыктар бар радио берүү студиясы болушу мүмкүн.
Инновациялык медиа-форматтар: радиобраузер
Биз тез өзгөрүп туруучу дүйнөдө жашап жатабыз. Учурдагы түрдүү медиа-булактардан жана медиа-режимдерден тышкары, аларды издөөнүн жаңы ыкмасын түзүү жана маалыматтар менен алмашуу үчүн бириктирип, ушул ресурстарды колдонуунун жаңы ыкмалары да иштелип чыгууда. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алуу үчүн “эски” булактар (басылмалар, китептер, журналдар, радио) “жаңылар” менен (Интернет, электрондук почта, таратуу тизмеси) бириктирилет.
Ага мисал – радиобраузер – адаттагы берүүнүн күчүнүн жана популярдуулугунун Интернеттен маалымат топтоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен биригиши.
Өнүктүрүү маселелери боюнча кампаниялар
Бир катар уюмдар жана жамааттар белгиленген бир кампаниялардын алкагында маалыматтарды топтоодо жана алмашууда кызматташуу ниетинде. Бул стратегияны пайдаланып, алар маселеге багыт коюп, кеңири аудиторияга ээ болушу мүмкүн.
Эгерде сиздер көрсөтүүчү компаниянын кызматкери болсоңуздар, сиздердин облуста пландаштырылган кампаниялар маселелери боюнча жергиликтүү уюмдар менен байланышыңыздар, анын алкагында сиздер жергиликтүү эксперттердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалана аласыздар. Кампаниянын активдүү катышуучулары жарнамага муктаж, бул өнөктөштүк мамиле үчүн ойдогудай негиз болушу ыктымал.
Кампания тууралуу маалыматты кайдан тапса болот
БУУнун Эл аралык күндөрүнүн тизмеси – кампаниянын келечегин пландоо үчүн пайдалуу багыт; мисалы, сиздер Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү балдарга, Эл аралык айымдар күнү айымдарга жана СПИДге каршы бүткүл дүйнөлүк күнү ВИЧ/СПИДге көңүл бурсаңыздар болот. Алардын тизмеси БУУнун сайтында берилген.
Өнүктүрүү маселелери боюнча уюмдардын сайтында кызыкдар адамдар үчүн тематика жана байланыш, маалымат жана контакттар боюнча кампаниялар тууралуу бөлүмдөр да бар; аларга адатта орундуу жана өз учурунда жаңыланып турган маалыматты тапса болот.
eNRICH – айыл жамааттары үчүн программалык камсыз кылуу eNRICH – браузер, ал жамааттарга өзүнүн порталын тез арада түзүүгө мүмкүндүк берет жана алардын алкагында жамааттардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат. Бул анык маалыматка эркин жетүүгө мүмкүндүк берет жана жергиликтүү мазмундагы маалыматты түзүүнү колдойт. Индиянын Улуттук информатика борбору тарабынан иштелип чыккан бул универсалдуу МКТ веб-браузер: • жамааттын маалыматка жана байланышка муктаждыктарын канааттандыруу үчүн толугу менен колдонулат; • жергиликтүү тилге жана мазмунга оңой которулат; • жергиликтүү мазмундагы өздүк маалыматты чыгарууга жамааттын мүчөлөрүнө дем берет; • зарыл маалыматка эркин жетүү мүмкүндүгүн берет; • жамааттардын ортосунда натыйжалуу байланышты камсыз кылат. eNRICH эки интерфейсти камсыз кылат Жамааттын браузерин пайдалануучунун интерфейси, аны жамааттын мүчөлөрү колдонот жана төмөнкүдөй бөлүмдөрдү камтыйт: • маалыматтык ресурстар; • жергиликтүү маалыматтар базасы; • байланыш кызмат көрсөтүүлөрү; • кызмат көрсөтүүлөр; • кулактандыруу тактасы; • ой-пикирлерди сурамжылоо; • окутуу аймагы. Менеджердин дайыма колдонулуучу интерфейси – браузердин негизинде сайтты администрациялоо жана сайттын менеджери үчүн талдоо жүргүзүү каражаты. Кошумча маалымат – колдонмосу бар компакт-дискте. Рама Харихаран, Улуттук информатика борборунун Маалыматтардын айылдык компьютердик системалары долбоору тобунун башкы системалык аналитиги, Индия. E-mail: *****@***nic. in http://enrich. nic. in/ |
Котмала жамаатынын радиостанциясы үчүн радиобраузер Интернетте айыл жамаатынын иши үчүн радиону пайдалануу боюнча ЮНЕСКОнун эксперименттик долбоору 1999-жылдан тартып Шри-Ланкада башталган. Долбоордун өзгөчөлүгүнүн бири – жамааттын радио берүүлөрү Интернетте. Ар күндүк эки сааттык интерактивдүү программа угуучуларга Интернеттен белгиленген бир маалыматты суратууга (телефон менен же почта аркылуу суратууга) мүмкүндүк берген. Кызматкерлер талап кылынган маалыматты сайттардан таап, жергиликтүү тилге которушкан, ошентип англис тилин начар түшүнүү – Интернеттин жалпы тоскоолдугунан өтүшкөн. Чанука Воттегама *****@***com Радиобраузер боюнча көрсөтүүчү жана окутуучу видео колдонмосу бар компакт-дискте бар. Электр тогунун чыңалуусундагы өзгөрүүлөр компьютерлерди бузуп коюшу |
Угандада аялдар түзгөн жана аялдар үчүн түзүлгөн компакт-диск “Аялдар үчүн трибуна” эл аралык борбору жана Угандадагы Накасеканын ЖМБдагы аялдар тарабынан иштелип чыккан компакт-диск сүйлөө интерфейсин жана “тап жана бас” деген жөнөкөй методду колдонот. Дискте маалыматка Интернет аркылуу жетүүнү имитациялоочу браузердин программасы колдонулат.
Аялдар Накасеканын аялдар программасы менен таанышып чыгуу үчүн Уганданын бардык булуң-бурчунан келишет. Алардын бир азында баштапкы мектептин бир же эки классын бүтүрүүгө мүмкүндүгү болгон. Бирок алар үнү бар текстти кайталап окуп баштаган. Жетиштүү билим албаган 73 жаштагы Анастасия программа менен маалыматты компакт-дискте таратууну өзүнүн жашоосунун максаты кылып алган. Ал имаратта жана кыштакта аялдар менен иштеп, Уганда айылынын дөбөсүндө рюкзагына ноутбугун салып жүрөт. Накасеканын ЖМБсы түн сайын ноутбуктун батареясын заряддап, Анастасия үчүн коргоону камсыз кылып турат. Волкер “Аялдар үчүн трибуна” эл аралык борбору, Австралия. E-mail: *****@***org |
Шилтемелер
|
Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 |



Программаны колдонгон аялдар текстти жана графиканы басканда, жергиликтүү луганда тилинде сүйлөгөн үндү угат. Диск акча табууну каалаган жана өзүн майда бизнесте сынап көргүсү келген аялдарга арналган.