Партнерка на США и Канаду по недвижимости, выплаты в крипто

  • 30% recurring commission
  • Выплаты в USDT
  • Вывод каждую неделю
  • Комиссия до 5 лет за каждого referral

ЖМБ көп формаларга жана түрлөргө өтүп кете бергендиктен ЖМБ кандай жабдылыш керек экени жөнүндө баарына жарактуу кеңеш берүү мүмкүн эмес. Андан сырткары, электр кубатын алып келүү, анын сапаты жана наркы, телефон байланышын киргизүү, Интернетке кошуу, компьютердик жабдуулар жана чыгымдалчу материалдарды алуу сыяктуу жеринде пайда боло турган маселелер сиздин жамаат ЖМБны реалдуу түрдө долбоорлоп жатканда орчундуу мааниге ээ болот.

Бул бапта ЖМБны жабдуунун дүйнөдөгү жамааттык мультимедиялык борборлор менен телеборборлордун тажрыйбасына негизделген жалпылашкан көрүнүшү берилди. Муну жамааттагы конкреттүү кырдаалга карап салыштырып көрүп, сиздин ЖМБ үчүн алгылыктуу жактарын алгыла.

Жабдууларды тандап алуу

Жабдууларды жана техникалык дизайнды тандап алуу биринчи кезекте ЖМБнын максаты жана функциясы менен аныкталат. Жамааттын керектөөлөрүн канааттандырууга умтулуу менен алардын кайсынысы азыркы учурда оңой табыларын ойлоп, борбордун ишине тоскоол болушу мүмкүн болгон жайгашкан жайы, жеткиликтүүлүгү, сабаттуулук деңгээли жана компьютерде иштөө жөндөмү сыяктуу потенциалдуу маселелерди аныктап алуу зарыл.

Кичинеден баштагыла, мүмкүнчүлүккө жана суроо-талапка карап өнүккүлө

Жалпы эреже боюнча ишти кичинеден башташ керек. Кызматкерлер менен колдонуучуларга технология жана тийиштүү кызматтар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берип, андан кийин алардын тизмесин жамааттын керектөөсүнө жараша көбөйткүлө. Ошондой эле талаптар өзгөрүп кетип, ЖМБ өзүнүн конфигурациясын ар дайым өзгөртүп турууга даяр болушу керектигин да эске алуу зарыл.

МКТ менен байланышкан бардык жабдуулар ЖМБнын бизнес-планында жазылышы керек. Сатып алуу учурунда ЖМБда жумшалган каражаттарды кайтарып келе турган позицияларга артыкчылык бериш керек.

Чакан ЖМБга техникалык жабдуулар

•  Жамааттын FM радиостанциясы (трансляция жана башка мүмкүнчүлүктөр);

Жамааттын радиосу тууралуу өзүнчө бөлүмдү кара.

•  ЖМБны башкаруу үчүн 1 компьютер (компакт-диск жаза турган түзүлүшү менен);

•  Баары иштей тургандай 1-2 компьютер;

•  1 принтер;

•  1 ксерокс;

•  1 телефон;

•  1 факс.

 

Орточо ЖМБга компьютердик тармак

•  2 ПК–системдик администраторлор үчүн;

•  4 ПК, Интернетке туташкан;

•  Эстутуму жана кайталоо системасы бар 1 сервер ;

•  1 принтер/көчүрүүчү аппарат;

•  1 сканер;

•  1 түзүлүш - компакт-дискилерди жазүү үчүн;

•  1 кабелдик система жана маршруттук система.

 

Техникалык жабдууларды тандап алуудан сырткары машиналарды иштетүүгө талаптагыдай шарттарды түзүү, атап айтканда тийиштүү жылуулук режимин жана нымдуулукту камсыз кылыш керек.

Технологияны тандап алуудан мурун бул маселени байланыштагы башка колдонуучулар менен талкуулаңыз.

Компьютерлери бар жана Интернетке кошулган башка ЖМБ, телеборборду же мектепти таап, алардын тажрыйбасын карап көрүңүз: Эмнеси үзүрлүү болду, эмнеси жергиликтүү шартка жарабай калды? Жергиликтүү компьютердик стандарттар кандай? Компьютердин запастык бөлүктөрүн сатып алуу жана техникалык тейлөө мүмкүнчүлүктөрү барбы?

Эгерде жакшы иштеп жаткан борбордон жакшы «насаатчыны» тапса, анда жаңы ЖМБнын ишин ийгилик коштойт. Насаатчынын иши менен таанышып, тажрыйбасын алган кызматкерлер жабдууларды сатып алуудан мурда МКТ жабдуулары жана процедураларын билип алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Түзүү жана физикалык инфраструктура

Жаңы ЖМБны түзүү жана ишке киргизүүнү өтө кылдат техникалык пландаштыруу жана жабдуулардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен жүргүзүү керек. Анткени алынган каражаттар бюджеттен ашпай, коюлган максатка жооп берип, жакшы натыйжа бергидей болушу керек.

Техникалык пландаштыруу жана жабдуулардын өзгөчөлүктөрү сатып алууга тендер өткөрүүдөн мурун жана курулуш-монтаждык иштер башталганга чейин даяр болууга тийиш. Бул ашыкча чыгымга жол бербей, ыңгайлуу шарттары бар контрактты тандап алууга пайдасы тиет.

НЕ нашли? Не то? Что вы ищете?

Жаңылыктарды чыгаруу каражаттары, компьютердик жана байланыш системалары атайын техникалык экспертиза өткөрүүнү талап кылат. Бул ишти дайыма эле бир адам же компания кыла бербейт. Андан сырткары, курулуш иштери салынып бүткөн имаратта жүрүшү мүмкүн. Долбоордун уюштуруучусун дайындоо керек, ал бардык иштерди бюджетке ылайыктап өз убагында аткарылышын уюштурушу керек.

Жабдууларды монтаждоо жана программалык камсыздоо иштери аяктагандан кийин борбордо кемчиликтер кетип калбашы үчүн текшерүү жүргүзүп, андай кемчиликтер болсо ким оңдорун жана кандай жоопкерчилик тартаарын чечип алуу керек. Жылаңач же бузулган электр зымдары сыяктуу адам өмүрүнө коркунучтуу нерселерге өзгөчө көңүл буруу керек.

Жамааттын радиосун уюштуруу

ЖМБнын үн студиясы радиопрограммаларды жазуу, окутуу жана уктурууларды обого чыгаруу үчүн пайдаланылат. Бир студияда ушул үч ишти тең аткарса болот, бирок бир учурда болбойт. Ошондуктан көп студияларда эки же үч студия болот. Негизги студия оперативдүү берүүлөрдү чыгарганга колдонулат. Экинчи студия окутууга жана программаларды даярдоого керек, бирок ошол эле учурда ал негизги студия пландуу же чукул ремонтто турганда оперативдүү берүүлөрдү чыгаруу үчүн керектелиши да мүмкүн. Үн студиясынын негизги элементи монтаждоочу стол болуп саналат. Ал ар кандай булактар – диктордук микрофон, компакт-дискилерди, кассеталарды жана мини-дискилерди ойноткучтар, телефон ж. б. менен биригип турат. Андан даярдалган программалар жазылат же обого уктурулат. Кээ бир студияларды автор жана алып баруучу болгон бир эле адам башкарат. Башкаларында техникалык оператор болот, ал монтаждоочу столдо

Кайсыл жыштыкты тандоо керек - AM же FM?

Радиоберүүлөрдү уюштуруу учурунда ал кайсыл жыштыкта чыгарын аныктап алуу керек - FM (жыштык модуляция) же AM (амплитудалык модуляция). Көп радиоприемниктер эки жыштыктагы берүүлөрдү тең тартат, бирок алардын берүүлөрүнүн мүнөзүндө орчундуу айырмачылыктар бар.

Радио FM антеннанын өзүнөн сигналды алгандарга түз көрүнгөн аймакта гана жетет. АМ радиого караганда кыска аралыкта ал сапаттуу угулат, бирок дөбөлөр бар же тоолуу жерде бул артыкчылык жоголот. AM чоң аймакта бирдей уктурат, бирок түнкү убакта алыстагы станциялардын жолтоосуна кабылышы мүмкүн, анан кала берсе бул радиостанция кыйла эле кымбат келет.

иштейт, ошол учурда алып баруучу же баруучулар түз ободо иштешет. Көп студияларда бир нече микрофон коюлган “талкуу бөлмөсү” бар болот, негизги студияга кошулуп турат.

Сиздин ЖМБны коргоо

Сиздин имаратта өрт чыгып кетпеши үчүн жана башка коркунучтардын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелери толук сакталышы керек. Мүмкүн боло турган коркунучтарды болжоп, имарат менен жабдуулардын канчалык корголгондугун дагы текшерип коюу керек. Өрт чыкканда же уруулар, карактоочулар киргенде чакыра турган системаны да пайдаланса болот. Санитардык абалын жана коопсуздук деңгээлин дайыма текшерип туруу керек, анын ичинде бардык электр жабдууларын дагы кароону унутпаш абзел. Бул жактагы мүлк ар кандай себептер менен жоголуп же жараксыз болуп калганда зыян тартпаш үчүн аларды камсыздандырып койсоңуз да ашыкча болбойт.

Санарип технологияларды өнүктүрүү. Радиостудиялар басымдуу түрдө санарип технологияларына өтүп жатышат жана ошондуктан үн жазуу, маалыматты редакциялоо, сактоо жана колдонуу үчүн бир нече компьютерди иштетишет. Компьютер бир эле учурда сценарийлерди жана алып баруучунун микрофон папкаларын көрсөтүү жана программаны автоматтык режимде алып баруу үчүн колдонулат. Вудиялык[A13]  компьютерлер ЖМБнын тармагына толук бириккен болушу керек, ошондо санарип материалдар жана программалар негизги студиядан сырткары жерде деле даярдала берет.

Подпись:Сенгерема ЖМБсындагы бир адамдын студиясы, Танзания.

Үн жазуучу студиянын жабдыктары

Минимум:

•  1 монтаждык стол;

•  2 кассета ойноткуч;

•  2 мини-диск ойноткуч;

•  2 компакт-диск ойноткуч;

•  2 микрофон кармагыч/

•  2 репортердук сумка;

•  1 күчөткүч жана динамик;

•  2 кулакчын.

Кошумча:

•  2 стол жазуу үчүн;

•  1 телефондук модуль;

•  2 компьютер;

•  1 инфракызыл индикатор (микрофон күйгүзүлгөн).

Видеожабдыктар

Минимум:

•  1 санарип видеокамера;

•  1 тренога;

•  1 микрофон;

•  1 мультимедиа-ПК видео редакциялык платасы менен;

•  2 монитор чоң экрандуу;

•  1 программа видео редакциялоо үчүн.

Локалдык жазуу. Жамааттык радиого студиялык каражаттарга кошумча студиядан тышкары жерде интервью жазып алуу үчүн, репортаж жасоого, музыка

көчүрүүгө же башка маданий иш-чаралар жөнүндө материал даярдоо үчүн көчмө жазуу жабдыктары керек болот. Негизги репортердук комплектиге диктофон, микрофон, кулакчындар, бош мини-дискилер жана батарея кирет. Коомдук талкуулар же маданий иш чаралар сыяктуу орчундуу окуяларды жазуу үчүн чакан монтаждык модуль, кошумча микрофондор жана аларды тургузуп кармагычтар талап кылынат.

Видео жабдыктар

Жамааттын телекөрсөтүүсү радиого караганда аз кездешет, экинчиден көп адамдар аны көрө албайт. Видео, ошентсе да байланыштын маанилүү каражаты болуп саналат жана окуяларды жазып алууга, репортаждарды жана документалдык материалдарды даярдоого, ошондой эле маданий-агартуу иштерин жүргүзүүдө көмөк көрсөтүүгө пайдаланылат.

Даярдалган материалдарды оңой көрсөткөн сан ариптик [A14] видео камералар менен компьютерлердин массалык түрдө чыгарылып жатканына байланыштуу видео жазууларды жүргүзө турган жабдыктардын наркы да кыйла эле төмөндөөдө. Мунун баары ЖМБнын видео продукцияларын реалдуу колдонууга мүмкүндүк берет.

Видео жазууларды жүргүзгөн негизги жабдык болуп камера, тренога жана микрофондор эсептелет. Материалды даярдап жана редакциялоо үчүн компьютер жана экрандары чоң эки монитор керек. Ошондой эле жогорку сапаттагы видеоплата жана тийиштүү программалар талап кылынат. Титрларды, субтитрларды жана керектүү эффектилерди даярдоо үчүн кошумча программалар керек болуп калышы мүмкүн.

Электр кубатын алуу булактары

Сиздин ЖМБ үчүн борбордо иштөө учурунда электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыз болуу абдан маанилүү. Аны кайдан алууну кайра эле негизги колдонуучулар аныктайт. Электр кубаты туруктуу келбей өчүп-күйүп турса студия, компьютердик тарам жана башка көп каражаттар иштебей калат. Ошондуктан электрдин негизги булактары иштебей калганда башка кошумча булактардан алуунун жолун ойлонуштуруп койгон оң болот.

Электр кубатын алуудагы этияттык. Мамлекеттен алган электр арзаныраак болгон менен эң ишенимдүү болбошу да мүмкүн. Компьютерлер жана байланыш каражаттары чыңалуунун булкунуусуна абдан сезимтал келет, ошондуктан электр кубатын алууда анын сапатына карагыла, жабдууларды коргоо методдорун колдонуп, электр менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз болуунун камын көргүлө.

Электр кубатын алуунун башка булактары. Эгер электр кубатын коомдук тармактан алуу мүмкүн эмес болсо, анда жергиликтүү мектептен, ооруканадан жана башка мекемелерден алып пайдаланууга аракет жасап көрүңүз.

Люфо радиочырагы

Люфо радиочырагы

FM-радиоприемник менен чырактан турат.

ЮНЕСКО жаңы FM-приемникти эксперименталдык колдонууга киргизип көрдү, аны термоэлектрди пайдалануу негизинде Франциядагы Serras Technologies иштеп чыккан. Кадимки керосин чырагына туташтырылган AM/FM-приемник оттун энергиясы менен иштейт. Люфо чырактарынын жаңы түрлөрүндө уюлдук телефонду кошуп жем берчү же спутник байланышындагы приемникти сая турган тешиги бар. Бул FM-приемник дүң соода системасы аркылуу сатылып келатат.

Шамалдын жана күндүн кубатын пайдаланган Freeplay радиосуна батарейкалар талап кылынбайт. Ошондуктан мындай радиоприемниктерди жамааттын кедей жашаган мүчөлөрүнө алып берүүнү каржылоо мүмкүнчүлүгүн караштырып көрсө болот.

Кошумча маалымат төмөнкү даректе:

http://www. /vo/applications/lufo1.asp

Башка да варианттар бар, мисалы мунайзат же газ генераторун, күн энергиясын, шамалды, сууну пайдаланган энергетикалык түзүлүштөрдү орнотуп алса да болот. Мунайзат же газ генератору арзан эле турат, бирок аны иштетүүгө көп чыгым кетиши мүмкүн, анткени мунайзат менен газдын баасы өйдө-ылдый болуп турат эмеспи. Күн энергиясын пайдалануу үчүн күн панелдери керектелет, алар кымбат баада сатылат, бирок эксплуатациялык чыгымы аябай эле аз болот. Шамалдын же суунун энергиясын пайдаланууга жер шарты ылайык келсе пайдаланыш керек. Электр кубаты үзгүлтүккө учураганда иш токтоп калбаш үчүн кошумча генератор камдап алып койгон оң болот.

Энергиянын альтернативдүү булактарын пайдаланганда аны мүмкүн болушунча сарамжал керектөө абзел. Кымбат баадагы портативдүү компьютер чоң компьютерге караганда электр кубатын көп жеши ыктымал. Ошол эле учурда күн энергиясынын установкасы[A15]  эки портативдүү же бир чоң компьютерди электр кубаты менен камсыздай алат.

Компьютердин түрлөрү жана аларды пайдалануу

Компьютер көп ишти аткарган аспап болуп саналат. Алар кеңседеги иш кагаздарын жүргүзүү, эсеп-кысапты тактоо жана маалыматтарды жыйнап колдонуу үчүн керектелет; алар МКТ менен иштөөгө үйрөтүүдө колдонулат. Алардын жардамы менен Интернетке жана электрондук почтага акысыз же акы төлөө жолу менен кошулса болот. Компьютерлер ММКнын материалдарын даярдоодо дагы - программаларды изилдөө, сценарийлерди жазуу жана материалдарды редакциялоодо кеңири колдонулат. Эң башкысы сиздин колуңуздагы компьютерлер иштин көлөмүнө жараша туура бөлүштүрүлүш керек.

Компьютердик тармак Интернетке кошулуп, кеңседеги негизги операциялар болгон тексттерди, электрондук таблицаларды жана башка маалыматтар менен иштөөнү камсыз кылышы керек. Добуштарды сан ариптик редакциялоо, графикалык каражаттар жана веб-барактарды жасоо үчүн аспаптык каражаттар сыяктуу мультимедиялык программалар да кол астында болушу керек. Санариптик ЖМБда компьютердик иш станциясы өз алдынча өндүрүштүк модуль болуп иштей алат.

ЭСКЕРТҮҮ

ЖМБнын стандарт иш компьютеринде борбордук процессор Central Processing Unit, монитор (экран), клавиатура, чычкан болот. Мультимедиа-ПКнын үн чыгарган каражаты, кулакчыны жана микрофону бар болуш керек.

Борбордун ишин башкаруу, радиоберүүлөрдү даярдоо жана колдонуучулар менен байланыш түзүүгө негизинен экиден кем эмес компьютер керек. Компьютерлердин ЖМБны жабдууга жарактуу эки түрү бар: Intel-шайкеш персоналдык компьютерлер, алар MS Windows операциялык системасы менен иштейт. Экинчиси Apple машиналары, аларда көбүнчө MacOS операциялык системасы пайдаланылат.

Компьютердин бул эки түрү окшош, бирок ар башка программалар менен иштейт, негизинен ар башка техникалар менен тейленет. Сиз өзүңүз жашаган жерде кайсыл компьютер негизинен колдонуларын карап көрүп, Apple же ПК тандап алышыңыз керек. Компьютерди тандап жатканда анын программалары, запастык бөлүктөрү да арзан жана оңой табылгандай кылып алуу абзел, ошондой эле мектептер жана башка ЖМБлар менен МКТ материалдары менен алмашуу мүмкүнчүлүгү да эске алынышы керек.

Компьютерди тандоодо жаңы машина алуу керекпи же мурда колдонулгандарын алса боло береби деген маселе да орчундуу. ЖМБнын ишин уюштурууда негизги иштерди аткарууга жана окутуу жүргүзүүгө эски компьютерлер деле жарайт. Ал эми аудио жана видеоредакциялоо мүмкүнчүлүгү бар жаңы мультимедиялык ПК кийин деле сатып алса болот.

Колдонуучулардын кем-карчын эске алгыла

Баарына жеткиликтүү болуу – ЖМБ үчүн жакшы ураан, демек, колдонуучулардын кем-карчын жана ар кандай өзгөчөлүктөрүн да эске алуу керек болот.

Майып адамдар, айрыкча коляска менен жүргөндөр тепкичтерге, кууш эшиктерге келгенде жана ылдый коюлган столдорго келгенде кыйналбай койбойт. Ошондуктан имараттын курулушун долбоорлоп жатканда маселенин ушул жагын эске алуу абзел.

Азиздер жана начар көргөн адамдар компьютерде бирөөнүн жардамысыз иштей албайт. Алар үчүн текстти үнгө айлантып окуган атайын программалар бар. Программалардын жардамы менен клавиатураны басып отурбай эле сүйлөнгөн сөздөрдү ажыратып укса болот. Монтаждык столдо каналдарды башкаруу үчүн Брайлдын шрифттери пайдаланылат.

Тили жана сабаты жетишпеген адамдардын, айрыкча аялдардын алдында тоскоолдук көп болот. Кайсыл бир салт-санаалар дагы көп учурда аялдарга ЖМБнын ишине катышууга жолтоо болот. Ошондуктан жамаат менен бирге ЖМБнын ишинен көбүрөөк пайда алуунун жолдорун издегиле. Жамааттын дүлөй мүчөлөрүн компьютерде иштөөгө окута турган, алардын тилин түшүнгөн адамды даярдай алсаңар андан утушка эле ээ болосуңар.

Окуу материалдары оңой окулуп, колдонуучулар түшүнгөн тилде аудиоформада жазылып коюлушу керек. Инструкторлор жана кызматкерлер колдонуучулар менен тыгыз байланышта болуп, сабаты жетишпеген адамдарга компьютерди колдонууга жана Интернетте иштөөгө жардам бериши абзел.

Жаңысын алалыбы же эскисинби?

Мурда колдонулган компьютерлер көбүнчө жакшы эле иштейт, алар кээ бир тармактар үчүн гана эскирип калат (мисал банк ишмердиги же программаларды иштеп чыккан компаниялар үчүн), ошол себептүү арзан сатылат. Мурда колдонулган компьютерлер текстти оңдоо жана Интернетте иштөө сыяктуу негизги функцияларды аткара беришет, бирок мультимедиянын соңку программаларына жарабай калышы мүмкүн, ошондой эле жаңы компьютерлерге караганда иштөө убактысы кыска болот. ЖМБда аларды компьютердик сабаттуулуктун негиздерине окутуу үчүн колдонсо болот, ал эми жаңыларын Интернетте иштөө үчүн пайдалануу керек.

Башкаруу программалары, лицензия жана ачык булактар

Сиздин ЖМБга керектүү программалык камсыздоо ишиңердеги компьютерлердин (Apple же ПК) түрүнө жараша болот.

Бардык компьютерлерде операциялык система (ОС) жана антивирустук коргоо программалары орнотулушу керек. Стандарттуу программалар тексттерди жана электрондук таблицаларды оңдогонго, ошондой эле Интернет менен иштегенге мүмкүнчүлүк берет.

Жеке менчик программалар кымбат болот жана дайыма модернизацияны талап кылат. Акысыз программалар көпчүлүктүн суроо-талабын канааттандыруу үчүн керек, бирок алар жеке менчик программаларга караганда көп белгилүү эмес. Акысыз программалык камсыздоо жакшы пландаштырганда көп керекке жарайт. Балким, силердин компьютерлерге тийиштүү программаларды коюп иштетүү үчүн адистин кеңеши керек болот.

Коммерциялык программалык камсыздоого лицензия алуу ЖМБнын МКТга караган бюджетинин орчундуу бөлүгүн ээлейт. Бирок программалык камсыздоо боюнча көз каранды эмес тармактар бирге пайдалануу жана кызматташуу духунда өздөрүнүн программаларына акысыз пайдаланууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк беришүүдө.

Сиз Microsoft Office сыяктуу коммерциялык пакеттерди акысыз жана баарына жеткиликтүү программалык камсыздоо менен алмаштыруу маселесин иликтеп көрсөңүз болот, бирок бул пакеттерди пайдалануу үчүн кошумча техникалык билим талап кылынат. Акысыз программалык камсыздоо булактары жөнүндө ЮНЕСКОнун порталында кенен-чонон таанышса болот: unesco. org/webworld/portaLfreesoft.

Коммерциялык программалардыбы же акысыз программаларды алуу керекпи?

ЖМБнын башкаруучусу Microsoft Offic сыяктуу стандарттуу же көп колдонулган программалардын артыкчылыгын да, ошондой эле акысыз жана OpenOffice сыяктуу коомдук доменде баарына жеткиликтүү болгон программалардын улам өсүп жаткан мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө да билиши керек.

Компьютердик тармакты техникалык жагынан иштеп чыгуу жана коюу үчүн адистин жардамы керек. Бир компьютер алты компьютерден ашпаган чакан тармак үчүн Интернетке кошулууга шлюз болуп иштей алат. Маалыматтарды сактап, өз ара байланыштырган жана Интернетке шлюз болгондой кылып сапаттуу башкаруу үчүн борбордук сервер болгон жакшы.

Компьютердик тармак түзүү үчүн компьютерлерге жана борбордук серверге кошумча кабелдер, маршрутизаторлор жана башка аппараттык каражаттар керек болот. Сизде принтер, фотосүрөт көчүрүүчү, сканер жана компакт-диск жазгыч сыяктуу кызматтык жардамчы жабдыктар болушу мүмкүн. Компьютерлерге жана борбордук серверге операциялык системалар үчүн программалык камсыздоо керек болот, анын ичинде эффективдүү антивирустук коргоо жана тармакты коргоо системасы да болууга тийиш.

Үзүлбөгөн кубат булагы компьютерлерди коргоп турат

Электр тогунун чыңалуусундагы өзгөрүүлөр компьютерлерди бузуп коюшу ыктымал, ошондуктан алар үзүлбөгөн кубат булактары (ҮКБ) менен корголууга тийиш.

Үзүлбөгөн кубат булагы чыңалуудагы оош-кыйыштарды жумшартып жана электрдин туруктуу берилишин камсыз кылган жыйноочу түзүлүш болуп саналат. Электр кубаты үзүлүп калганда ал компьютердин кыска убакытка иштешин камсыз кылат дагы маалыматтарды сактап алып анан өчүрүшкө мүмкүнчүлүк берет.

Электр чыңалуусундагы өзгөрүүлөрдөн жабдыктарды сактап калыш үчүн стабилизаторлорду да колдонгула.

Тармактык компьютерлер жана перифериялык жабдуулар

Сиздин ЖМБ бир нече компьютер алууну чечкенден кийин дароо Жергиликтүү эсептөө тармагын (ЖЭС) койдуруу керек болот. ЖЭС колдонуучуларга компьютерлердеги файлдар менен алмашканга жана принтерлерди бирге пайдаланып, Интернетте иштегенге, көчүрүү иштерин жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк түзөт. Компьютердик тармак жөнүндө кеңири маалыматты ITrainOnline вебсайтынан табасыз.

Зымсыз тармактар. Компьютерлерге кабелдик байланыштыргычтар менен коюлган ЖЭСтин салттуу системасы зымсыз ЖЭС менен же Wi-Fi стандартындагы технология менен алмаштырылат. Бул системалар портативдүү компьютерде иштегендер үчүн ийкемдүү жана сырттан пайдаланууга оңтойлуу болгон үчүн бара-бара абдан популярдуу болуп баратат. Зымсыз технология мурдакы системаларга караганда кымбат жана электромагниттик жолтоолорго сезимтал келет. Компьютерлер чоң аянтта алыс жайгашкан учурда же колдонуучуларды өзүнүн электрондук эсептөө машиналары менен камсыз кылуу зарыл болгондо бул технологиянын артыкчылыгы болот.

Интернетке кирүү

Интернет алгач чоң компьютердик борборлорду өз ара бириктирген эркин байланыштагы изилдөө тармагы катары пайда болуп, өткөн он жыл ичинде эле бардык өлкөлөрдү бириктирген жана бирдей стандартты пайдаланып, маалыматтарды өз ара алмашуу мүмкүндүгүн түзгөн глобалдык тармакка айланды. Интернет ЖМБлар үчүн керектүү болгон бир нече кызматтарды көрсөтөт, алар электрондук почта ((e-mail), дүйнөлүк желе (WWW), файлдарды жиберүү протоколу (FTP) жана аудиовизуалдык жөнөтүү ыкмасы (AV).

Интернет бүгүн маалыматты биргелешип пайдалануу жана тармакта иштөөнүн негизги ресурсу болуп калды. Мисалы, кайсы бир ЖМБнын же телеборбордун ишмердиги жөнүндө Telecentre-L(http://www. idrc. ca/pan/telelib. html тармактык форумунда суроо берип, маалымат алсаңыз болот. Тармактын башка өлкөлөрдөгү колдонуучулары жана изилдөө бөлүмдөрү менен байланышууда Google (www. ) менен иштей аласыз. Telecentre-L форумун өнүгүү маселелерин изилдеген эл аралык борбор (IDRC). жүргүзөт.

Интернетке кирүү жолдору

Телефон линиялары телефон менен факс байланышы үчүн кандай болсо, Интернет байланышы үчүн да эң арзан жана эң ишенимдүү каражат болуп саналат. Кээ бир райондордо санариптик телефон станциялары Интернетке ыкчам жана туруктуу байланыштырган абоненттик сан ариптик линияларды тартууда. Жер үстү менен тартылган телефон линиялары жок аймактар үчүн 200 км аралыкта зымсыз система (POP) Интернетке байланышуу каражаты болуп бере алат.

Интернет

Интернет жамааттын FM радиостанциясынын иштөөсүн камсыз кылган жана аудиофайлдарды биргелешип пайдалануу, ар башка булактардан маалымат жана программа алуу үчүн маанилүү ресурс болуп калууда.

Сиз Интернетти жамааттын ичинде жана сыртында тажрыйба алмашуу үчүн, керектүү окуу программаларын алуу үчүн пайдалана аласыз.

Көптөгөн ЖМБ балдарды зыяндуу таасирден алыс кармоо үчүн жана аялдардын келип турушуна тоскоолдук кылбаш үчүн порнографиялык ресурстарга кирүүгө тыюу салышат.

Алыс жайгашкан аймактарда спутник жабдуулары жардамы менен Интернетке байланышса болот. Ал мобилдүү жана стационардык байланыш каражаты боло алат, интерактивдик байланыштын же сигнал алуунун вационардык жабдуулары VSAT (абдан аз апертурадагы терминал) деген ат менен белгилүү. Альтернативным вариантом для более отдаленных местнос-тей. Бул негизинен сырттан байланыштыруу системасы болуп саналат, бирок бул лицензия алууну талап кылгандыктан өтө тарап кете албай жатат. Иридиум жана Ин-марсат сыяктуу мобилдүү спутник системалары абдан кымбат болот.

ЖМБ Интернет менен өтө ылдам байланышы бар интернет провайдер менен байланышат. ЖМБнын Интернетке байланышуу диаграммасын кара.

ЖМБнын Интернетке кошуу боюнча негизги усулдар

Жер үстүндөгү байланыш каражаттарын пайдалануу аркылуу кошулуу. Интернет провайдер менен модем аркылуу байланыш түзүү көп учурда биринчи кадам болуп саналат. Бул үчүн сиз жашаган аймакта жакшы иштеген телефон байланышы жана 56 Кбит/с (килобит секундасына) өткөрө ала турган телефон модеми бар болуш керек. Бул сизге борбордук Интернетке кошуп, башка ЖМБлар менен тармак аркылуу байланышып, алардын кеңеши менен тажрыйбасын алып турууга мүмкүндүк берет.

Интернет аркылуу электрондук почтага, тармактын материалдарына жана дистанттык окутуунун интерактивдүү программаларына кирүүгө болот. Телефондук модем байланышынан санарип тейлөөнүн комплекстүү тармагына (ISDN), радио же санарип абоненттик линияга/асимметриялык санариптик байланыш линиясына (DSL\ADSL) көчкөн шаар райондору өсүүдө. Мындай санариптик байланыш линиялары Интернетке кошулуунун жогорку сапатын камсыз кылып, колдонуучуларга аудио угуп/видео көрүүгө мүмкүндүк берүүдө (төмөндөгүнү кара).

телефондук модем

ADSL/DSL

Маалымат өткөрүү ылдамдыгы

33-56 Кбит/сек

256 Кбит/сек - 1,5 Мбит/сек

Сценарий 1: e-mail

3-4 колдонуучу электрондук почтаны көрүп текшере алышат

20 колдонуучу электрондук почтаны көрүп текшере алышат

Сценарий 2: мультимедиа

1 колдонуучу мультимедиа мазмунун карай алат

6 колдонуучу мультимедиа мазмунун карай алат (512 Кбайт/с кошулуу ылдамдыгында)

Сценарий 3: агымдуу аудио

мүмкүн эмес

Агымдуу аудио (Интернет менен жиберүү)

Интернетке спутник аркылуу кирүү (VSAT). Телефондук линиялар жок жерде VSAT бирден бир алгылыктуу жол болуп саналат. Спутниктердин да түрү болот, чектелүү почта каттамынан (мисалы, VITASAT) тартып негизги трафикке каршы (upstreaming) жана негизги трафиктин багыты боюнча (downstreaming) иштеген коммерциялык жазы беттүү да түрү бар.

Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16