Жер үстүндөгү байланыш каражаттарына салыштырганда спутниктин кызматы кыйла эле кымбат болот, ошол себептен бул опция адатта чоң борбор бар жана башка байланыш каражаттары жок жерде гана жашоого жарактуу келет. Спутник байланышы үчүн лицензиялык төлөм керек болуп калышы мүмкүн. Кээ бир өлкөлөрдө VSAT телекоммуникациялык операторлордун лицензиясы болгондо гана уруксат берилет.
Wi-Fi стандартындагы СВЧ-диапазон жана зымсыз байланыш. ЖМБ жергиликтүү Интернет-провайдер менен СВЧ-диапазонунда байланыша алат же Wi-Fi стандартында Интернетке кошулган өнөктөштөр менен зымсыз байланышса болот. Бул байланыш жер шартынын ыңгайынан да көз каранды, анткени эки пункт тең түз жерде жайгашуусу керек. СВЧ-ди-апазонундагы оптималдуу байланыш үчүн эң чоң аралык 50 километрди түзөт, ошол эле учурда WiFi стандартындагы байланыш 25 километр менен чектелет. Спутник байланышы сыяктуу эле СВЧ-диапазонундагы байланыш үчүн дагы акы төлөп, лицензия алуу керек болуп калышы мүмкүн.
Жабдууларды тейлөө
Жабдуулар коюлар замат эле алардын конфигурациясы жана өзгөчөлүктөрү каттоого алынышы керек. Жабдуунун түрү, анын сериялык номуру, колдонуу максаты, баштапкы программалары, программалык пакеттердин аталышы жана версиялары баары жазылып коюлушу керек.
Жабдуулардын оптималдуу режимде иштеши жана иштебей турган убактысын кыскартуу үчүн тейлөө процедуралары зарыл. МКТ жабдуулары оң иштеп жатканын байма-бай, мисалы айына бир жолу, текшерип туруу керек. Тейлөөнүн натыйжалары ошол жабдуулардын параметрлерине киргизилиши керек.
МКТ менен көп проблемалар чыга берет, ошондуктан анын параметрлери жөнүндө маалымат базасын же электрондук таблица түзүп койгон туура болот.
Коомдук компьютерди тейлөө чараларынын тизмеси | |
Компьютерди жандыруудан мурда • Текшергиле, компьютердин бардык элементтери орундабы, туура туташканбы (башкы • процессор, монитор, клавиатура, • чычкан, динамиктер, принтер и ж. б.). • Текшергиле, компьютердин сырты тазабы жана жаман көрүнбөйбү. • Компьютердин иштеши үчүн сырткы шарттар камсыз болгонбу? Жандыргандан кийин • Компьютер туура жандырылдыбы? • Жандырып жатканда кайсы бир каталыктар жөнүндө маалымат же эскертүүлөр чыккан жокпу | • Монитор оң иштеп жатабы? • Клавиатура ишке жарактуубу? • Чычкан оң иштеп жатабы? • Бир барак басып чыгарып, принтерди текшергиле. • Негизги программалык тиркемелер туура иштедиби? • Компьютерге жаңы программа уруксатсыз коюлган жок беле? • Компьютерде жаңы антивирустук программа коюлду беле? • Компьютерде вирус бар экенин текшерип, натыйжасын жазып койгула. • Компьютерди өчүрүү • Компьютердин туура өчүрүлгөнүн текшергиле. |
Жабдуулардын ар бир бөлүгүнүн мүнөздөмөсү, сынган жана оңдолгон учурлары дайыма каттоого алынып турушу керек.
Электрондук маалыматтарды сактоо жана тез-тез сарамжалдап көчүрүп туруу
ЖМБда компьютерлер иштеп, МКТ кызматтары көрсөтүлө баштаганда сиз маалымат базасын түзүп, окуу материалдарын жана борбордун отчетторун электрондук түрдө сактап, аны улам жаңылап өзгөртүп тура аласыз.
Кармоо жана тейлөө
ЖМБнын техникалык каражаттарын тейлөө үчүн жана бузулгандарын оңдоп туруу үчүн техниканы түшүнгөн адистер керек. Компьютердик тармак, аппарат аспаптары жана программалык камсыздоо тармакты иштете билүү тажрыйбасын талап кылат. Электрондук ноу-хау дегенди билүү медиа студияларда иштөө үчүн зарыл болот. Радио берүү системасында радиотехниканын билими керектелет. Ушул иштин баарынын көзүн билген адисти табуу оңой болбойт. Ошон үчүн бир адамды окутуп алуу да туура чечим болуп саналат. Ошондой эле техникаларды атайын кызматтык тейлөөчүлөрдү чакырсаңыз да болот. Радиопе-редатчик, резерв көчүрүү системасы сыяктуу маанилүү жабдуулар үчүн чукул же туруктуу тейлөө керек болот. |
Электрондук форматтын артыкчылыгы көп, маалыматка жетүү, чогуу пайдалануу жана аны иштеп чыгуу үчүн абдан ыңгайлуу. Ошондой эле кемчиликтен да куру эмес, маалыматты байкабай өчүрүп же аппараттар кашайып иштебей калса жоготуп алышыңыз ыктымал. Ошондуктан маанилүү жана орду толгус маалыматтарды сактоодо коопсуздук чараларын дагы көрүү зарыл болот.
Резерв көчүрүүнүн ар жумалык жол-жобосу • 5 CD-RW даярдап аны “резерв көчүрүү. 1-жума”; “резерв көчүрүү. 2-жума” деп жазып койгула. • Улам жаңыланып турган маанилүү файлдарды бир компьютерде жана ЖМБнын негизги маалымат базасындагы иреттелген папкаларда сактагыла. • Ар бир жуманын аягында ЖМБнын маалымат папкаларын жана анын ичиндеги папкаларын компакт-дискиге көчүрүп коюп тургула. Биринчи жумадагыны ““Резерв көчүрүү. 1-жума” деген дискиге; экинчи жумадагыны “Резерв көчүрүү. 2-жума” деген дискиге көчүрөсүз. • Резерв көчүрүүнү аяктагандан кийин 5 резерв компакт дискини сейфке салыңыз. • Айына бир жолу атайын бөлүнгөн кызматкер акыркы аптадагы компакт дискилерге резервге көчүрүү иштерин жүргүзүп, дискти борбордон башка жерде – башкаруучунун үйүндө сактаганы туура. Ошондо ЖМБнын маалыматтары өрт кырсыгы же уурулук болсо дагы жоголбой колуңузда болот. |
Маалыматты резервдик көчүрүү. ЖМБнын маалымат базасы сыяктуу маанилүү файлдарды, каттар же корреспонденциялар байма-бай, мисалы аптасына бир ирет, компакт дискиге көчүрүлүп турушу керек. Көчүрүлгөн материалдар коопсуз жерде жана башка имаратта сакталганы туура.
Негизги файл өчүп же бузулуп калса, аны акыркы көчүрмөсү менен калыбына келтирип алса болот.
Түп нусканын компакт-дискидеги көчүрмөлөрү. Коммерциялык лицензиялык программаларга ЖМБдан көп акча жумшалат. Компакт дискиге түп нусканын көчүрмөлөрүн жасап, сейфте сактагыла. Борбордо көчүрмө нускаларды гана пайдалангыла, ошондо силердин биринчи компакт-дискиңер жыртылбай, жоголбой сакталып турат.
ЖМБда МКТны текшерүү
ЖМБдагы жабдуулар бузулуп иштебей калганда техник чакырардан мурда татаал эмес бир катар иштерди өзүңүз деле бүтүрө аласыз. Бузулган жерлерди туура издөө аркылуу техникке кеткен каражатты үнөмдөп, жабдуулардын туруп калышына да жол бербей кое аласыз.
Бузуктарды издөөнүн үч негизги жолу Техникалык проблеманы кызматкер таап алганда же аны колдонуучулар билдирген учурда: | |
1-чара | • Проблеманын мүнөзүн аныктагыла. • Проблема жабдуунун өзүнчө бөлүгү менен байланышканбы? • Маселе аппараттык аспаптардабы же программадабы? |
2-чара | • Тейлөө файлын текшергиле, мурда мындай проблема болгонбу?. • Биринчи жолу кантип чечилген? • ЖМБнын кызматкери маселени өзү чече алабы? • Эгер проблема аппараттык аспаптар менен байланыштуу болсо, электр жана тармактык зым-кабелдерди текшергиле. |
3-чара | • Эгер ЖМБ өзү чече албаса, сервистик тейлөө кызматына кайрылып кеңеш сурагыла. • Берилген кеңешти жана көрүлгөн иш-аракетти тейлөө отчетуна жазып койгула. |
Техникалык проблемаларды чечүүнүн толтура жолдорун Интернеттен да тапса болот. Бирок Интернеттеги кеңештердин кепилдиги болбойт, ошондуктан МКТ боюнча жергиликтүү адис менен кеңешпей туруп өз алдыңарча радикалдуу иш кылбагыла
Системаны компьютердик вирустан коргоо
Компьютердик вирустар ПК колдонуу
чулар баары күнүгө кездештирген проблема болуп калды. Бул компьютерден компьютерге тармак аркылуу же CD-ROM же дискет аркылуу жугуп көбөйгөн программа. Компьютердик вирус активдүү абалында башкы компьютерди ээлеп алып, андагы жеке жана системдүү файлдарды жок кылып, башкаларга сиздин системадагы маалыматтарды Интернет аркылуу сыртка чыгарып жайып, аппараттык аспаптардын сынып бузулушуна алып келиши мүмкүн. Жаңы вирустар күн сайын күчөгөн ылдамдык менен улам пайда болуп турат.
Бүт дүйнөлүк космостук спутник системасы Бүт дүйнөлүк космостук спутник системасы Африкага, Жакынкы Чыгышка жана Азияга аудио-жана видео мазмундарды санариптик жолу менен берүүнү камсыз кылып турат. Анын ЖМБ үчүн да кереги чоң. Эгер санариптик радиоприемник жана мультимедиалык адаптер бар болсо 30 дан ашык музыкалык, маалыматтык жана билим берүүчүлүк санариптик каналга жол ачылат. Уруксат бар болсо программаларды FM-диапазонунда ретрансляция кылса болот, ал эми окутуучуларды даярдоо материалдары сыяктуу мультимедиалык мазмундар ЖМБнын компьютерлери аркылуу пайдаланууга ачык болуп калат. Кээ бир борборлор Интернеттегидей эле Бүт дүйнөлүк мультимедиа космостук кызматы аркылуу келген жаңылыктар, окуу материалдары менен таанышкысы келген колдонуучуларга жергиликтүү кызмат көрсөтүп калышты. |
Компьютердик вирустардын алдын алуунун аракеттери
1. Бардык компьютерлерге көп кездешкен модификациядагы антивирустук программаларды киргизүү.
2. Колдонуучуларга кайрылып ЖМБнын компьютерлерине жаңы файлдарды жазып жатканда жана электрондук почтаны карап же башка каналдарды колдонуп жатканда этият болушун эскерткиле.
3. Ийкемдүү дискеттерди пайдаланууну токтотуу керек. Алар акыркы антивирустук программалар коюлган атайын машинелерде гана колдонулат.
4. Серверлерде вирустарга бөгөт койгон Интернет-провайдерди тандап алуу.
Компьютердик вирустар жөнүндө материалдарды бул адрестен караңыз: http://computer. /virus. htm
Кээ бир кеңештер • Техникалык каталар чыгар замат аларды каттоого административдик системалар даяр болушу керек. • Туура эмес колдонуудан келип чыккан каталарды компьютерде иштеп жаткандарга көзөмөлдү күчөтүү аркылуу азайтса болот. • Жабдууларга иштөөгө уруксат берүүдөн мурун колдонуучулардын даярдыгын текшергиле. • Борбордук серверге жана негизги системаларга даярдыгы бар кызматкерлер гана иштеши керек. • Жалпы колдонуудагы компьютерлер маал-маалы менен маалыматтардан тазаланып жана программалары жаңыланып турушу керек. • |
Антивирустук программалык компоненттер
Антивирустук программалар вирустардан коргоону камсыз кылат.
Вирустан коргоонун жөнөкөй системасы эки бөлүктөн турат:
1. Негизги программа, анда компьютердик вирустарды таанып өчүрүп турган вирус издөө механизми болот.
2. Вирустарды аныктоочу файлдар, алардын вирустарды мүнөздөгөн жана жок кылган методдору болот.
Компьютердик жаңы вирустар улам пайда болуп жаткандыктан вирустарды аныктоочу файлдар ЖМБнын компьютери коопсуз болушу үчүн көбүрөөк модификация болуп турушу шарт.
Кызматкерлерди окутуу жана окуу материалдарын тандоо
Адистерди даярдоо ар бир ЖМБнын ишмердигинде жаңы МКТларды колдонуунун маанилүү элементи болуп саналат. Кызматкерлер жана ыктыярчылар күндөлүк ишинде, мисалы радиоберүүлөрдү редактирлөө процессинде жаңы жабдууларды ишенимдүү пайдаланышы керек. Штаттагы кызматкерлер жамаатка МКТ жаңылыктарын жеткире айта алгандай болушу абзел. Ошондуктан окутуу даярдоо иши жакшы жолго коюлуп, сурап билүү материалдары колдо болушу маанилүү. Интернеттеги окуу материалы жана курстар да көбөйүп элге жеткиликтүү болуп баратат. www. itrain online деп аталган вебсайттан иш баштоо зарыл, анда эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын жана БУУ агенттиктеринин акысыз жана сапаттуу окуу материалдары бар.
Бул баптын аягындагы шилтемелерден кеңири маалымат табылат. Ошондой «Ык-жөндөмдөрдү өркүндөтүү жана окутуу» деген бапты караңыз
Жети өлчөп, бир кес!
Бул бапта ЖМБдагы технологиялык проблемалар боюнча жалпы маалымат берилди. Турмуштагы бардык учурлар эске алынган даяр иш модели болбойт, ар бир кырдаалдын өзүнө жараша техникалык чечилиштери болот. Каражатты жөн эле жумшай бербей биринчи адистер менен кеңешип иш кылгыла. Көп учурда коңшулаш радиостанциядан же жакын жердеги телеборбордон пайдалуу кеңеш чыгып калат. Же Интернетти колдонуп, иштеп жаткан башка ЖМБлар менен байланышуу керек.
Шилтемелер
www. itrainonline. org/itrainonline/english/networking. shtml
Маалыматты зымсыз таркатуу, 2.4 ГГц жана 5.8 ГГц диапазонунда лицензияланбаган радиоспектрди колдонуу менен. Wi-Fi жөнүндө кеңири маалымат бул даректе: http://www. wlan. org. uk, www. sown. org. uk или www. wlug. org. nz
Техникалык жардам көрсөткөн ыктыярчылар (VITA) – маалыматтык колдоо көрсөтүү 40 жылдан ашык тажрыйбасы бар эл аралык өкмөттүк эмес уюм www. vita. org/leo).
«upstreaming» термини борбордон спутникке маалымат берүүгө тийиштүү, «downstream-ing» - спутниктен борборго маалымат берүү. Мисалы, www. ; www. ; www. ; www.
Шайолер, МКТны өнүгүү максатында колдонуу боюнча эксперт, Африка жана Кариб деңизинин бассейниндеги өлкөлөрдөгү жамааттардын көп максаттуу телеборборлорунда иштеген тажрыйбасы бар. Азыркы учурда Иракта ЮНЕСКО программаларын ишке ашырууда. E-mail: pt. *****@***org Стив Бакли, Улуу Британиянын медиа коомчулук ассоциациясынын директору жана AMARC (радио журналисттер жамаатынын дүйнөлүк ассоциациясы) президенти. E-mail: *****@***org. uk |

ЖМБдагы адам кудурети ЖМБга кызыккандарга жана аны башкаргандарга керек |
Ян Прингл

Бул бапта
· Адам ресурсунун түрлөрү |
· Адам ресурстарын пландаштыруу |
· Ык-жөндөмдөрдү калыптандыруу |
ЖМБдагы адам кудурети |
Сиздин ЖМБ мультимедиялык борбор болуп саналат. Ошол себептүү сиздин жамааттын адам ресурстары ЖМБнын ишин пландаштыруу процессинин өзөгүндө болууга тийиш.
Кээ бир кеңештер • Ар түрдүү аракеттер • Адам ресурстарын тартуу планын түзүү сиздин керектөөнү жамааттын муктаждыктары менен шайкеш келтирүү болуп эсептелет. • Кээ бир ЖМБда акы төлөнгөн кызматкерлер такыр жок. • Айрымдарында штатта бир гана кызматкер бар, станциянын же борбордун башкаруучусунун милдетин аткарат. • Башка ЖМБлар кызматкерлер менен толук камсыз болгон, програмисттер менен техникалык кызматкерлердин эмгегин төлөп бергенге акча каражаты жетиштүү. |
ЖМБ жашап кетиш үчүн адамдардын жардамына дайыма муктаж. Күнүгө жамаат тарабынан жардам көрсөтүлүп турушу керек, мисалы курулуш жүргүзүүгө жардам, жылда төлөнүүчү мүчөлүк взностор, ыктыярчылардын жылда боло турган жыйыны, мунун баары ЖМБга көп каражат жумшабай, өз алдынча туруктуу иштеп кетишине мүмкүндүк түзөт.
ЖМБ коммерциялык радиодон жана Интернет-кафеден, ошондой эле ар кандай мектептерден жана жергиликтүү бийлик мекемелеринен айырмаланып турат. Жамааттын башка бутактары сыяктуу эле ишкерлерден жана расмий мекеме-уюмдардан айырмаланып тургандай кылып ишти уюштуруунун жана алып кетүүнүн ыкмаларын ойлоо керек.
ЖМБда адамдар менен иштөөдө атаандаш идеялардын жана инновациялардын мааниси зор, бул маселе техникалык, каржылык жана башка ресурстар менен түздөн түз байланышта.
ЖМБнын адам ресурстарын башкаруу жай жүргөн процесс, бул үчүн сиздин жамаат менен иш мамилелерин калыптандыруу керектигин, маалыматты кантип пайдаланып, коммуникативдүү аспаптык каражаттар менен кантип иштөөнү түшүндүрүү талап кылынат.
Эң акырында жергиликтүү элдин колдоосуна ээ болуу эң маанилүү жана узакка созулчу иш чара болуп саналат, бул дайыма болуп турган жана өзөктүү процесс
Жамааттын менчигин куруу процессинде жасалчу иштер:
• Маалымат менен байланыштын маанилүү экенин түшүнүү. Бул сөздөрдүн мааниси кандай? Сиздин жамааттын күнүмдүк турмушунда ал кандай көрүнөт?
• Жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү жамааттын өнүгүү каражаты катарында пландаштырууга жана пайдаланууга адамдардын катышын камсыз кылуу.
Адам ресурстарынын түрлөрү
Жамааттык мультимедиялык борбордун ишин уюштуруу үчүн көп жан керек. Борбордун ички иштерин жүргүзүүгө, радиоберүүлөрдү уктурууга, компьютерлердин ишин камсыз кылууга адам күчү зарыл. Алардан сырткары ЖМБдан сырткары жерде дагы адамдар болууга тийиш: угармандар жана маалымат колдонуучулар, жамаат тайпалары жана анын өзүнчө өкүлдөрү. Албетте, бул адамдар канчалык эриш-аркак иштесе, ЖМБнын иши ошончолук үзүрлүү болот.
ЖМБга эмне керек?
• расмий символика;
• негизги активисттер тобу;
• колунан иш келген көп колдоочулар;
• адамдарды тартуу жана окутуу, бүтүн тармактын ишин уюштуруу жана алып кетүү боюнча ийкемдүү система.
ЖМБ үчүн чындап түшүнгөн жана идеяларга берилген адамдар эң мыкты адам ресурсу болуп саналат. ЖМБнын бир кызматчы айымы өзүнүн иши жөнүндө мындай ой-пикир билдирет: «Мени радиостанция анча кызыктырбайт, ... бул менин ишим менен байланышкан жашоо образы десем туура болот го».
Сиздин жамаат өзүнүн керектөөсүнө жана мүмкүнчүлүгүнө жараша өнүгүү тенденцияларына, циклдарына жана сырткы субьектилерге кез болуп, контракттык негизде дагы ишмердик кулачы улам кеңейип өсүп өнүгүп турат. Уюшкандык эч убакта бир калыпта болбойт, сиздин ЖМБ ар кандай кризиске туш болуп, өзүнүн адам ресурстарынын чөйрөсүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү дагы баштан өткөрөт.
Достук мамиле көп адамдарды, өзгөчө маргиналдашкан катмардын өкүлдөрүн ишке тартуунун негизи болуп саналат. Жамааттын ичинде ЖМБ ар бир каалаган адам өзүнүн бардык инновациялык жана чыгармачылык кудуретин ача ала тургандай жагымдуу жай болууга тийиш.
Келгиле, адам ресурстарынын кээ бир түрлөрүн карап, ой толгоп көрөлү.
Акы төлөнгөн штат
ЖМБга кызматкерлерди алууга жергиликтүү шарттар жана ар кандай жагдайлар күчтүү таасир көрсөтөт. Бул жерде бир катар суроолорго жооп табыш керек.
• Акы төлөнгөн кызматкерлер эмне үчүн керек жана алар кайсыл милдеттерди аткарышат?
• Ошол милдеттерди аткаруунун башка жолдору барбы?
• Акы төлөнгөн штат башка адам ресурстарына карата кандай роль аткарышат?
Сиздин ЖМБ адам ресурстарын жергиликтүү шартка шайкеш келгендей кылып чечип алуусу керек. Анын эң маанилүү учурларын бул жерден карайлы. • Иш менен камсыз кылуу жана кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн мааниси. Албетте, бул дароо эле бүтүн турган структураны бузуу дегенге жатпайт. Бул деген кызматкерлердин штаты болбосун дегендик эмес, бирок альтернативдүү чечимдерге жол ачык дегендик. • ЖМБда иштеген көптөгөн ыктыярчылар үчүн иштеп тапканы чектелүү киреше болгон менен жергиликтүү керектөөнү канааттандырып жатканы маанилүү көрүнөт. Ошондуктан ЖМБнын ишине катышуудан коммерциялык эмес дагы пайда табууга болорун баса көрсөткүлө, мисалы турмуштук тажрыйбасы байыйт, жаңы көндүмдөргө ээ болот, социалдык капитал табат. • Биз баарыбыз атаандаш чечимдерди табууга умтулушубуз керек, ошондуктан сырткы көз менен да карап, иштеги инновациялык жана чыгармачылык мамилени колдошубуз абзел. • Бул үчүн сиз жана сиздин ЖМБ ушундай мамилени кармашы керек. Жаңы идеяларды чыгармачылык менен карагыла! |
Атайын акы төлөнгөн штат болсо, андан ЖМБнын артыкчылыгы чоң эле болот. Бирок ал адам ресурстары менен иштөөнү татаалдаштырып дагы жибериши мүмкүн, анткени акы төлөөнүн өзүндө кыйчалышка алып келе тургандай, ал түгүл башка формада акы албай ыктыярдуу иштегендерди сүрүп чыгара тургандай тобокелдик бар.
Ошол себептүү сиздин адам ресурстарыңыздын керектөөсүн аныктоодо акы төлөнүүчү кызматкерлерге таянган болбойт. Алар эч качан өз алдынча чечим кабыл алышпайт. Биз адам ресурстарынын бардык түрлөрүн карап чыгып, баарына үстүнөн мамиле кылышыңыз керек.
Керектүү өнөр касиеттерди баалоо, ошондой эле ЖМБнын ишинин принциптерин, максат-милдеттерин түшүнүү маанилүү. Сиз кызматкерлерди алардын журналистикадагы же техникалык тармактагы тажрыйбасын эске алып ишке алып жатсаңыз дагы алар эч качан “социалдык кызматкер” болуп иштеп бербейт. Алар жөн эле кызматкер эмес эң оболу жардамчы болуп бериши керек. Бул өз кезегинде иштин көлөмүн көбөйтөт, ошондо кызматкерлер аны аткарууга эмес, алдыдагы маселелерди чечүүгө башка адамдарды уюштурууга негизги көңүлдү буруп калышат.
Башкача айтканда, ыктыярчылардын ишин координациялоо ар бир кызматкердин иш милдетине кириши керек болот.
Акы төлөнгөн кызматкерлердин негизги иштөө чөйрөсү:
• администрациялык иш;
• техникалык тейлөө;
• программа иштери;
• координация
Көп учурларда ушул милдеттерди аткаруу бир эле кызматкерге жүктөлөт. Бул жерде ыктыярчылардын ишин координациялоо бардык кызматкерлер жабыла аткара турган маанилүү иш болуп саналат.
Убактылуу штат
Эмгек акы жана эмгек сыйлыгы ЖМБнын кызматкерлеринин маянасы жергиликтүү шартка шайкеш келиши керек. • Жергиликтүү башка жумушчуларга эмгек акы төлөө тажрыйбасын иликтеп көрүү ашыкча болбойт. Бул суроолорго жооп бергиле: • Жергиликтүү окутуучулар жана дүкөн ээлери кандай маяна алышат? • Жергиликтүү керектөө корзинасынын көлөмү? • Жамааттын башка мүчөлөрү акы төлөнгөн штат кармоого кандай пикирде? • Эгерде штатта акы төлөнгөн бир нече кызматкер болсо, алардын эмгек акысын комитетте карап чечиш керек. Баарына бирдей акы төлөө мүмкүн эмес, бирок кабыл алынган чечимдердин ЖМБ жана жамаат үчүн эмнеге алып келерин байкоо керек. • Сабырдуу болуңуз жана акча адамдын эмгегин баалоонун эң жакшы каражаты эмес экенин эстен чыгарбаңыз. |
Көп ЖМБлар өздөрүнө убактылуу жумушчуларды тамак-ашка, жол чыгымына акча бөлүп берип кармайт. Кээ учурда бир программаны аткарууга же иштин бир жагын бүтүргөнү үчүн тийиштүү акы же гонорар төлөнүп берилет.
Убактылуу штат – бул кээде акы төлөнө турган кызматкерлер жана акысыз иштеген ыктыярчылар. Убактылуу штатка акы төлөө ар сезондо ар башка болушу мүмкүн; бул ошондой эле сиздин каржылооңузга жана сиз ишке ашырып жаткан долбоорлорго да жараша болот.
Мисалы, сиздин ЖМБ жергиликтүү бейөкмөт уюм менен интерактивдүү контент иштеп чыкканга же жаңы радиоберүү даярдаганга чакан контракт түзө алат. Бул милдеттин өтөсүнө чыгуу үчүн керектүү адамдарды тартуу зарылдыгы бир нече ай бою сакталышы мүмкүн.
Бул жумушчулардын эмгегине компенсация алып жатканы алардын артыкчылыгы болуп саналат. Бул аларды ЖМБга көбүрөөк убакыт бөлүүгө кызыктырат.
Убактылуу штат борбордогу күнүмдүк иштерди аткаруу үчүн адам керектөөсү менен туруктуу штатка же тайпага толук иш жумасын төлөөгө каражат жетишпеген ортодогу аралыкта жатат.
Убактылуу штат ЖМБнын адам ресурстары стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат, бирок борбор аларды кур үмүткө эле эксплуатациялоого азгырылбашы керек. Ошондой эле негизги штат дагы, убактылуу жумушчулар дагы атайын ниет менен же байкоосуздан ыктыярчылардын мүмкүнчүлүктөрүн жана жамааттын иш-аракетин чектеп койбошу бул жерде маанилүү.
Ролдорду, укуктарды жана милдеттерди түшүнүү
Бир ЖМБда убактылуу штат менен борбордун башчыларынын ортосунда бир маселе чыгып калды. Ар бир кылган иши үчүн акы алууга тийиш болгон убактылуу штат негизги туруктуу штаттагылардан сан жагынан үч эсе көп болуп кеткен. Убактылуу штат ЖМБнын күнүмдүк ишмердигинде негизги күч болуп турган, бирок алар аткарып жаткан ролдун айланасында бат-бат түшүнбөстүктөр орун алып, нааразылык жана чыңалуу пайда болгон. Убактылуу штаттын кээ бир өкүлдөрү туруктуу иштегиси келип, мүмкүнчүлүккө жараша “көп звенолуу схеманы” өзгөртүп турушкан. Экинчилери убактылуу штат өзүнө көп милдетти жүктөп алып, ыктыярчыларды четтетип койду деп эсептешкен.
|
Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 |


Телеборбордун башкаруучусу компьютерди тейлөөгө алууда.
Негизги ойлор