Жамааттык мультимедиялык борбор: Ишти уюштуруу жана алпаруу боюнча колдонмо

ЖАМААТТЫК МУЛЬТИМЕДИЯЛЫК БОРБОР:

Ишти уюштуруу жана алпаруу боюнча колдонмо

(расмий эмес орусчадан котормо)

Редакциялык топ:

Стелла Хьюз

Сухарита Ишвар

Венус Эсваран Дженнингс

Оригиналдуу басылма:

Англис тилинен орусчага которгон

Николай Ягодка

Бул китептеги маалыматтар жана материалдар ар бир мамлекеттин укуктук макамына, аймагына жана алардын карамагындагы шаар, район жана бийликтерге карата, ошондой эле алардын чек арасына карата алганда сөзсүз түрдө эле ЮНЕСКОнун көз карашын билдирбейт.

Бул китепте авторлор тарабынан айтылган идеялар жана ой-пикирлер сөзсүз түрдө эле ЮНЕСКОнун позициясын билдирбейт.

ISBN -3

© ЮНЕСКО, 2006 г.


Мазмуну

Баш сөз

Виджаянанд Джаявера

5

Кириш сөз

7

Жамааттык мультимедиялык борбордун (ЖМБ) түрлөрү

Стелла Хьюз

10

ЖМБнын турмушунан бир күн

Стелла Хьюз, Сухарита Ишвар, Вивек Дхейдж

19

Ишти уюштуруу

Ник Ишмаель-Перкинс

24

Жабдууларды жана технологияларды тандоо

Питер Шайолер, Стив Бакли

39

ЖМБнын адамдык кудурети: адамдарга арналган жана алар башкарган

Ян Прингл

61

Окутууну жана көнүгүүлөрдү (тажрыйбаларды) өркүндөтүү

Полли Гастер, Бьянка Мильоретто, Этьен Алуоч

75

Уюштуруу түзүмү жана стратегия

Ян Прингл, Полли Гастер

91

Жамааттын, катышуучулардын жана колдонуучулардын катышуусу

Анриэтт Эстэрхаузэн

101

Маалымат булактары жана медиа-мазмуну

Джекки Дэвис, Фредерик Норонха,

Дженнингс

118

ЖМБнын туруктуу өнүгүшү

1-бөлүк. - Альфонсо Гумичио-Дагрон

2-бөлүк. - Изекииль Дламини

137

Изилдөө жана баа берүү

Изилдөөлөрдөгү этнографиялык мамиле

Джо Такки, Дон Слейтер, ГрегХор

155

Тиркемелер

169


ЫРААЗЫЛЫК

Редакторлор бул китепке кирген баптарды жана социологиялык иликтөөлөрдү даярдап, өзүнүн көз карашын айтып, кеп-кеңешин берип өзүнүн салымын кошкондордун баарына ыраазылык билдирет. Биз ошондой эле бул ишти биринчи баштаган ишмерлерге жана Африка, Азия жана Кариб деңизинин өлкөлөрүндөгү эксперименталдык жамааттык медиа борборлордун кызматкерлерине терең алкыш айтабыз. Анткени алар күн сайын ЖМБ кезиккен жаңы проблемаларды чечүүнүн үстүндө иштешти жана ушул жолду басып өтүп, чынында эле жамааттык мультимедиялык борбордун жаратуучулары болуп калышты.

Биз ошондой эле бул китепке өзүнүн сүрөттөрүн чын дилинен бергендердин баарына ыраазыбыз.

Акырында, Швейцариянын өнүгүү жана кызматташтык агенттигине (SDC) ЖМБ программасын туруктуу колдоп бергени үчүн ыраазылык билдиребиз.

Китептин мукабасындагы сүрөттөр:

Солдон оңго жогортон төмөн карай:

Кыздар Танзаниядагы Сенгерем теле борборунда Интернетте иштөөнү үйрөнүп жатышат.

Фотосүрөттү берген: Гэбби Бугалама.

Сенегалдагы «Афиа» радиосунда радиоберүүлөрдү угуу.

Фотосүрөттү берген: Бирима Фолл.

Индияда Намма Двани жамаатынын радиостанциясында ыктыярдуу иштеп жаткан жаштар.

Фотосүрөттү берген: Voices.

Мозабиктеги[A1]  жамааттын мүчөлөрү обого чыгууда.

Фотосүрөттү берген: ЮНЕСКО.

Нигерияда портативдүү радиостанцияны иштетип жаткан техник аялдар.

Фотосүрөттү берген: С. Арнальдо.

Индияда Намма Двани комитетинин мүчөлөрү ай сайын өтүүчү жолугушууда.

Фотосүрөттү берген: Voices.


Баш сөз

Ю

НЕСКО 2001-жылы январда Шри-Ланканын Котмалындагы семинарда жамааттык мультимедиялык борборлордун (ЖМБ) [A2] программасы ишке киргенде, Котмалдагы жамааттык радио ЖМБнын бирден бир гана мисалы болчу. Андан эки жыл мурда бул айылдык радиостанцияда чакан телеборбор ачылып, бул жерде жергиликтүү калк Интернеттен пайдаланып жана компьютердик сабаттуулуктун негизин окуп үйрөнүп баштаашкан эле.

Радиоберүүлөрдүн күндөлүк программасы аркылуу жаңылыктар жергиликтүү элдин үйлөрүнө алардын өзүнүн тилинде жетип турган. Бул өз кезегинде жамааттын бардык мүчөлөрүндө кибермейкиндик жана МКТнын пайдасы жөнүндө жалпы көз карашты жаратты.

НЕ нашли? Не то? Что вы ищете?

Азыркы учурда Африканын, Азиянын жана Кариб булуңундагы өлкөлөрдүн он бешинде жыйырмадан ашык эксперименталдык ЖМБ ачылып иштеп жатат. ЮНЕСКО эми алардын санын көбөйтүү маселесин кароодо.

Котмалдын модели ар башка шарттарга ийгиликтүү ыңгайлаштырылды. Негизги эрежелер мезгилдин сыноосунан өттү: жергиликтүү радио менен МКТны айкалыштыруу маалыматтык коом үчүн маргиналдык жамааттарга жардам берүү боюнча натыйжалуу ыкма болуп саналат. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө калктын жакыр катмары үчүн көп жылдарга чейин радио негизги, көп учурда бирден-бир маалымат булагы болуп кала берери калетсиз. Жаматттын радиосу чакан телеборбор менен катар бул жамааттын компьютердик жабдууларга жана санариптик ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн кыйла көбөйтөт. Жамааттык мультимедиялык борбордун ийгилигинин ачкычы анын зарыл кызматтарды көрсөтө алгандыгында жатат. Бул биринчи кезекте анын мазмунуна тиешелүү. Интернетте көп колдонулган тилди билбеген фермер же айылдык соодагер үчүн дүйнөлүк маалымат желесине кирүүнүн пайдасы азыраак болушу мүмкүн. Кандай мазмун керек? Жергиликтүү деңгээлде ошол жерге ылайыкташтырылып түзүлгөн мазмун, ал жергиликтүү тилде, агартуучулук мүнөздө, аудио, санариптик, басмалык формада, видео же визуалдык материалдардан курулат, мисалы постер сыяктуу…бул тизмени уланта берсе болот. Мындай маалыматтык чөйрө түзүүгө максаттуу топтордун керектөөлөрүн аныктап, жеткиликтүү мазмун менен бардык колдонуучуларды ишке сүрөгөн иш чараларды бириктирип, тийиштүү программалык коштомолорду иштеп чыгуу үчүн уюштуруучулук ыкмалар менен мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири диапазону зарыл.

Күн сайын ЖМБнын кызматкерлери аталган маселелерди эле чечүү менен чектелбей, борбордун ишин башкаруу, жабдууларды техникалык жактан[A3]  тейлөө, эл менен иш алып барышы да керек. Мультимедиялык борборлордун өзгөчө айырмачылыгы болуп алардын көп кырдуу жаңычылдыгы эсептелет: алар жамаатта жаңы иштерди аткарышат, иштин жаңы түрлөрүн аткарууга талапкерлердин жаңыларын тартышат, жаңы ыкмаларга окутуу жана жаңы максаттуу аудиторияны аныктоо үчүн жаңы окуу материалын керектешет, жаңы кызматтарды көрсөтүшөт жана жамаатка жаңы милдеттерди жүктөшөт. Бул жаңычылдыктын мааниси ЖМБны өнүктүргөн негизги жабдууларды алууга же байланышты камсыз кылууга алынган инвестициялар эмес, долбоордун бардык тараптан колдоого ээ болушун камсыз кылууда жатат.

Жаңы долбоорлор узак убакыт бою керектүү көп ресурстар менен коштолууга тийиш, алар өз кезегинде зор каржылык жана адам ресурстарын ишке тартат. Жергиликтүү күч-кудуретти түзүү бул маселени чечүүнүн жалгыз жолу болуп саналат.

«Мультимедиялык окутуунун комплектиси» деп аталган жалпыга жеткиликтүү окуу материалдарын, семинарлар программасын бардык жагынан даярдаган адистердин тобун ЮНЕСКО жетектейт. Бул комплектинин биринчи үлгүлөрү жана программасы www. itrainonline. org дарегинен табылат. Комплект көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кошумча каражат катарында ЖМБнын ишин уюштуруу жана башкаруунун ар кандай аспектилерин кыскача баяндаган ушул колдонмо иштелип чыкты. Мультимедиялык окутуу комплектисин иштеп чыккандардын көбү ушул китепте жарыяланган баптардын дагы авторлору болуп саналышат. Чынында эле авторлордун жана алар иштеген уюмдардын тизмеси ЖМБнын көп тараптуу өнүгүү мүнөзүн көрсөтүп турат. Көп тараптуу кызматташтык катаал сыноо болуп калат экен, анткени анын жүрүшүндө ар кандай тажрыйба жана бул инновациялык ишке керектүү экспертиза бир жолго салынат.

Мен бул китепти даярдоого өзүнүн салымын кошкон бардык өнөктөш уюмдарга жана жамааттык мультимедиялык борборлордун программасынын концепциясын бүгүнкү деңгээлге жеткирген бардык залкар тилектештерге ыраазылык билдирем.

Виджаянанд Джаявера,

ЮНЕСКОнун коммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн директору

E-mail: w. *****@***org


Киришүү

Бул китеп ким үчүн чыгарылган?

Азыркы учурда өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдө байланыш булактары менен маалымат кызматын көрсөткөн провайдерлердин саны өсүп жатат. Алар жамааттык радиостанцияларды, көп максаттуу телеборборлорду, маалымат борборлорун, жамааттык окуу борборлорун, айрым учурда – радио менен телеборборду бириктирген жамааттык мультимедиялык борборлорду пайдаланышууда. Бул китеп (эң башында англис тилинде жазылды, башка тилдерге которуу планда бар) төмөнкү демилгелерди ишке ашырууга катышып жаткан же катышууну каалагандарга пайдалуу болушу мүмкүн: кызматкерлер жана башкаруучулар, жамааттык топтор, жамааттык кызыкчылыкта иштеп жаткан бейөкмөт уюмдар, өнүктүрүү иш чараларын колдоо максатында байланыштарды өнүктүрүүнү пландаштыруу, долбоордун инструктору жана өнөктөрү. Албетте, бул ЖМБнын ишин башкарып же аны уюштурууну карап жаткандар үчүн кызыгуу туудурушу мүмкүн, анткени анын материалдарында радиостанция менен телеборбордун ишмердиги менен байланышкан темалардын бардыгы бар. Ошол эле учурда майда структурада иштегендер үчүн кээ бир баптардын түздөн түз мааниси бар, ал эми башка баптары ишмердикти кеңири планда келечектүү өнүктүрүүгө пайдалуу болушу мүмкүн.

Кеңири масштабдуу долбоор

“Жамааттык мультимедиялык борбордун түрлөрү” деп аталган кезектеги баптын мазмуну ЖМБ концепциясы чама-чаркы чектелүү долбоор эмес экендигин көрсөтүп турат. ЖМБнын моделдеринен структуранын, институционалдык келишимдер менен каражаттардын абдан чоң көп түрдүүлүгүн тапса болот. ЮНЕСКО радио менен телеборбор бириккен ушул өзгөчөлүү моделге негизделген программаны иштеп чыккан, анткени ал жамаатка байланыш менен маалыматтарды пайдалануу аркылуу өнүгүүгө жардам көрсөткөн натыйжалуу ыкма болуп саналат. Радио санариптик ресурстарга массалык жетүүнүн кыйыр жолун камсыз кылуу менен «санариптик теңсиздикти» жоюнун каражаты болуп эсептелет. Бирок ЮНЕСКО өзүнүн ЖМБ флагмандык программасын ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатып, ошол эле учурда стихиялуу түрдө пайда болуп жаткан медиа-коомдоштук же автономдук телеборборлор сыяктуу башка долбоорлорго да колдоо көрсөтүүдө.

Ушундай жол менен көптөгөн башка уюмдар жана жамааттар өнүгүп жаткан дүйнөдө коммуникативдик жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүнүн көптөгөн формаларын изилдеп жана ишке киргизүүнү улантып жатышат. Бардык адамдарды маалыматтык коомдун турмушуна активдүү катышууга тарткан аракеттерди көрүү менен ар бир багыттан келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө зарыл.

Балансты сактоо

Бул чөйрө бардык кызыкдар тараптар изилдей турган чоң область болуп саналат, ал эми ар кандай мамилелер баалуу тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошону билип авторлор императивдүү жолдон качып, көбүрөөк практикалык кеңештерди берүүгө умтулушту.

Материалды өтө эле жалпылап баяндоодон жана аны ашыкча конкреттештирүүдөн качкан мындай практикалык колдонмодо теңсалмактуулукту сактоо кыйын. Бул жерде шарттар ар башка континенттерде эле эмес, ошол континенттин өзүндө жана ал түгүл кээ бир өлкөлөрдө да аябай айырмалуу. Ошол себептүү бул китепте ар бир бапта жалпы кириш текст жана конкреттүү практикалык мисалдар менен көрсөтмөлөрдүн топтому бар.

Жарыялообу же процесспи?

Идеалында бул биринчи басылма иштин башталышы гана, эми практиктер ЮНЕСКОнун вебсайтын байланыш пункту кылып же тармак аркылуу аны практикалык мисалдар, байланыштар, шилтемелер менен толукташы зарыл. Китептин аягында, мукабанын ички бетинде чөнтөкчөдө кошумча тексттер менен шилтемелер бар. Келечектеги CD-RОМ версиясына бул колдонмону жаңы практикалык мисалдар менен байыткан толуктоолор киргизилмекчи. Жамааттык мультимедиялык борбор долбоорунун ар кандай аспектилерин ишке ашыруу тажрыйбасы жана маалыматы дүйнөдө кеңири таркаган. Ар кандай шартта колдонулган теоретикалык билимге караганда ЖМБ тажрыйбасынын жергиликтүү тамыры бар, анткени анда проблемаларды чечүүнүн жергиликтүү жолдору табылган, сырттан келген ресурстар дагы баары бир жергиликтүү шартка ыңгайлаштырылган, бул акыры иш жүзүндө текшерилген тажрыйбага жана эксперттердин баасына негизделген. Ошондуктан бул китепке материалдарды ылгоо процессинин максаты жамааттык мультимедиялык борборлор боюнча ар башка позицияларды жалпылаштырып, биринчи толук жумушчу маалыматтык сурамжылоо китебин түзүү болуп саналат. Материалдарды жыйноо процесси тармактагы жигердүү жана интерактивдүү иш менен коштолууга тийиш, ЖМБнын практиктери мындай иштөөгө толук даяр экендиктерин көргөзүп жатышканы кубанта турган көрүнүш.

Жалпыга жеткиликтүү фонд

Материалдарды жыйноо процессинде кандай көрүнүшкө күбө болуп жатабыз? Ар башка кырдаалдар жана контексттерге карабастан, мындан кийинки баптарды окуганга туруктуу элементтер менен өзгөчөлүктөрдүн кандайдыр бир катары бар экени, алар бардык ЖМБнын жалпы негизин түзө турганы белгилүү болот. Балким, анын ичинен эң маанилүүсү ЖМБнын этикалык ролу катары мүнөздөлүшү мүмкүн. Жамааттык мультимедиялык борбор анын мүмкүнчүлүктөрүн чала-чарпыт баалап коюуга болбой турган каражат болуп саналат. Ылакап болуп айтылгандай, «маалымат – бул бийлик», ал эми ЖМБдан биз реалдуу күч-кубатка ээ бүтүндөй коммуникациялык жана маалыматтык платформаны көрүп турабыз. ЖМБнын милдети - бардык жамааттын керектөөлөрүн канааттандыруу жана кайсы бир топтун ашыкча таасирине бөгөт болуу. Борбор коммуникациялык жана маалыматтык платформанын бардыгына жеткиликтүү болушун кепилдеп, анын ким тарабынан болсо да монополизацияланышына жол бербеши керек. Ал жамааттын керектөөсүнө жеткиликтүү маалымат даярдоого аракет кылууга милдеттүү, маалыматтын мааниси так (теңсалмакталган, ар түрдүү, заманбап жана так) жана релеванттуу болушуна жетишүүсү керек. ЖМБнын жылдагы жашоо күрөшүнөн алып караганда бул намыска чакырган максаттар – көбүнчө бул ЖМБны колдоонун долбоорлук баскычы аяктап калганда анын ишин улантуу үчүн болгон күрөш.

Акыр аягында бул китептеги бардык нускоолордун, кеп-кеңештердин, идеялардын максаты ЖМБнын өзүнүн этикалык озуйпасын натыйжалуу аткарууга жардам берүү болуп саналат.

Чечимдерди издөө

Акырында айрым бир этият болчу учурларды эскертип коюу абзел. Бул колдонмо ЖМБлар күндөлүк иште кездештирген же узак мөөнөттүү стратегиялар менен варианттарды карап тандап жатканда чыккан жайнаган суроолор менен баш катырмаларды алеки заматта эле чечип коюунун бир нече вариантын сунуш кылышы мүмкүн. Ошол себептүү ЖМБнын иштөө чөйрөсүндө чыккан маселелерге көп учурда «туура» жооп алуу мүмкүн эмес жана кайсы бир жөнөкөй варианттары сейрек болушу ыктымал. Кабыл алынган чечимдер көп учурда ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдын чыгышынан улам балансты сактоо зарылдыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондуктан көп учурда окурман китепте келтирилген мисалдардын ичинен жергиликтүү шартка туура келген бирөөн тандап алып, аны ыңгайлаштырганы оң болот. Окурман үчүн башка бирөөнүн эле эмес анын өзүнүн чечими экенин аңдоонун өзү да жагымдуу иш. Ыктыярчылардын штатын башкаруу маселесин жана аны сактоо, эмгегин сыйлоого байланышкан татаал проблемаларды алып көргүлө. Башка көп суроолор сыяктуу эле бул суроого да эч кандай туура жооп жок, тагыраак айтканда, адегенде туура келип, кийин кырдаал өзгөрүп кеткенде да туура болуп бере турган эч кандай жооп жок

Стелла Хьюз,

ЮНЕСКОнун ММК жана коом секциясынын башчысы,

мурдагы радиожурналист

E-mail: s. *****@***org


Жамааттык мультимедиялык

борбордун түрлөрү

Стелла Хьюз

Бул бапта

·  Жамааттык мультимедиялык борбор

деп эмнени түшүнөбүз?

·  ЖМБ түрлөрү

·  ЖМБга менчик укуктары

·  Бар нерседен баштай бергиле


Жамааттык мультимедиялык борбордун түрлөрү

Жамааттык мультимедиялык борбор деп биз эмнени түшүнөбүз?

Келгиле, эң эле жалпы аныктамадан баштайлы: жамааттык мультимедиялык борбор (ЖМБ) жамааттын менчиги болуп саналган жана анын керектөөлөрүн канааттандырүү үчүн коммуникативдик- маалыматтык платформа болуп иштеген жергиликтүү радио-телеборборду бириктирген ишкана.

Бул моделдин негизги идеясы радио жана телекомпоненттердин синергизмдерин максималдуу пайдаланууда турат. Жамаат жергиликтүү жашоочуларга жергиликтүү жаңылыктарды өздөрүнүн эне тилинде алып турууга мүмкүнчүлүк бериш үчүн радионун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланат; андан кийин бул мүнөздөмөлөр компьютерде иштөөгө үйрөтүү, Интернетке жана башка санариптик ресурстарга жетүү шарттары менен байланыштырылат. Радио алыскы айылдарда же шаардын каралбай калган райондорунда жашаган, айрыкча чала сабат адамдарды жана телеборбор көрсөтүп жаткан кызматтарды эффективдүү бириктирип байланыштырган звено болуп баратат.

Ушул базалык структуранын чегинде ЖМБнын бир нече ар кандай түрү жашайт, алар көбүнчө жергиликтүү, улуттук же регионалдык контекстеги факторлор менен аныкталат. Эгер, мисалы, радиоберүү тармагындагы улуттук мыйзам жамааттык радиого обого чыгууга жол бербесе, бирок Интернетке же кабелдик каналдарга чектелбеген мүумкүнчүлүк[A4]  берсе, радиокомпонет аларды пайдаланып иштей бериши мүмкүн.

Жамааттын менчигине байланышкан башка маанилүү тармакты алсак, бардык ЖМБлар үчүн жалпы болгон бул принцип ар кандай практикалык келишимдер түрүндө өзүнүн ордун табышы мүмкүн.

ЖМБнын ар кандай түрлөрү жөнүндө маалыматты билүүнүн пайдасы чоң; бул сиздин жамаат үчүн жарактуу моделди тандоодо жардам бериши мүмкүн, ошондой эле ар бир моделдин өзүнүн артыкчылыктары бар жана башка моделди пайдаланууда жакшы практикалык мисалдарды сунушташы мүмкүн.

Жамааттын көз каранды эмес радио-телеборбору

ЖМБнын абдан кеңири таркаган түрүндө адатта жамааттык радиостанция, биргелешип пайдаланган имарат, телеборбор, жалпы жетекчилик жана башка структуралары бар болот. Радиостанция адатта FM жыштыгында сегиз сааттан он сегиз саатка чейин 10-50 километр радиуста күнүгө обого чыгат. Анын штаты көбүнчө ыктыярчылар менен түзүлгөн, туруктуу иштеген бир же эки кызматкери болот. Ал жарыяларды, айрым адамдар же уюмдар акысын төлөгөн программалар менен маалыматтарды обого чыгарып уктуруудан пайда табат. Телеборбордо эртең менен жана түштөн кийин жалпы колдонулган саны үчтөн он экиге чейин жеткен компьютерлери, сканер, фотокөчүрмөсү болот, акы төлөнгөн окуу курстары болот. Ошондой эле жамааттын айрым бир топторуна эсептелген, керектөөгө жана өнүгүү багыттарына туура келген акысыз кызматтарын (же баасы көрсөтүлгөн) сунуштайт.

ЖМБнын бул функциясы көп жагынан ар түрдүү болот, анткени каржылык абалын чыңдоо максатында жасалган коммерциялык жана акысыз кызмат көрсөтүүлөр аралашып кетет. Мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси адатта бардык жамааттын катышуусу менен тескөө комитети, башкаруучулар кеңеши, негизги колдонуучулар тобу, жергиликтүү жашоочулар ассоциациясы ж. б. аркылуу аныкталат

ЖМБнын бул түрү үчүн башка мүнөздөмө болуп өз күчүнө ишенүүнүн жогорку деңгээлин айтсак болот. Мунун себеби көбүнчө муниципиалдык деңгээлди айтпаганда мамлекеттик начар колдоодо жатат. Бир жагынан бул чоң артыкчылык бериши мүмкүн. Бул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик укугуна ээ деген түшүнүктү бериши ыктымал.

Бирок, экинчи жагынан, ЖМБ ресурстары көбүнчө чектелүү болот, ошол себептүү ал оюндагыдай кызмат көрсөтүүлөрдү бере албайт, атап айтканда радиоберүүлөрдүн мазмуну таалуу жери болот – музыкалык берүүлөрдүн көлөмү чоң, ал эми өзүнүн берүүлөрү аз болот.

Жамааттык мультимедиялык борбор (ЖМБ) жамааттын өнүгүү керектөөлөрүн канааттандырүү үчүн коммуникативдик- маалыматтык платформа болуп иштеген жамааттын менчигиндеги жергиликтүү радио-телеборборду бириктирет. Бул демек - радио жамаат үчүн МКТ маалыматтык-коммуникативдик технологияларды колдонуунун анча натыйжалуу эмес ыкмасы дегенди билдирет.

Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16