Практикалык этнографиялык изилдөө пландалган, структуралык жана так аныкталган методдор аркылуу билим алуу дегенди билдирет. ЖМБнын бардык катышуучулары өздөрүнүн көз караштарын жана байкоолорун бөлүшүп, изилдөөгө активдүү катышат. Алар ишти аткаруу процессинде орчундуу билим массивин жаратышат, аларды биз “тажрыйба” жана “инстинкт” деп атайбыз. Бирок бул билимди жыйноо жана акылга салуу дагы жаман изилдөө болбойт.
Изилдөө процессинде ЖМБнын катышуучуларынын эмне билерин жана кандай ой-пикирлери бар экенин аныктап алууга болот. Сиз ЖМБ катышуучуларын бир эле учурда алган маалыматтары жөнүндө ой жоруп көрүүгө да үндөңүз. Мунун баары практикалык изилдөөнүн мындай натыйжаларына алып келет: алар ЖМБнын иши жөнүндө ой толгоп көрүшөт, алган сабактарын изилдеп, аларды кантип пайдалануу жөнүндө ойлонушат.
Жалпы жана максаттуу изилдөө
Практикалык этнографиялык изилдөөнүн алкагында жалпы жана максаттуу изилдөөлөрдү жүргүзсө болот.
• Жалпы изилдөө (социалдык картографалаштыруу жана жергиликтүү шарттын контексинде иликтөө)
Жалпы изилдөөнүн максаты ЖМБнын «полотносун» жана анын социалдык шарттарын аныктоо болуп саналат. Бул үчүн ЖМБнын ишмердигин жеткиликтүү түшүндүргөн бир катар методдор колдонулат.
Биринчи мисалдан көрүнүп тургандай, изилдөөнүн бул методу ар кандай милдеттерди аткарат жана кулачы кыйла эле кеңири. Бул сиз изилдей турган жамаатка жараша болот. Иш жүзүндө сиз өзүнчө бир социумду картографалаштыра аласыз, бирок процесс арылаган сайын жаңы маалыматтар түшүп, милдеттериңиз көбөйөт. Будхикоттогу изилдөөгө келсек, анда өзүн өзү өркүндөтүү топторунун башка топтор менен байланышы кандай экени жана кандай айырмаланары түшүнүктүү болду.
Жалпысынан соицалдык карторафалаштыруу төмөнкү максаттарды көздөйт:
• Жергиликтүү демографиялык жана статистикалык маалыматты жыйноо;
• Башка кызмат структураларынын өз ара байланышын түшүндүрүү;
• Жергиликтүү экологиялык коммуникацияны түшүнүү;
• Маалымат жана байланышка карата жергиликтүү керектөөнү аныктоо;
• Кызыкдар тараптарды аныктоо;
• Мамилелерди картографалаштыруу;
• ЖМБ, анын структураларына жана процесстерге аналитикалык баа берүү.
Өзүңөрдүн шартка карап башка максаттарды бул жакка кошумчалаңар болот.
• Максаттуу изилдөө
Максаттуу изилдөө жалпы изилдөөнүн жүрүшүндө аныкталган белгилүү бир проблемаларга, сиздин ЖМбнын өзгөчө бир тайпасына же өзүнчө бир иш аспектисине орчундуу көңүл буруу үчүн жүргүзүлөт. болгон Целенаправленное исследование может использоваться. Жалпы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча ЖМБнын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон нгизги маселелерди аныктап, аларды тереңирек изилдөө маанилүү болуп калышы мүмкүн. Ошондой маселелерге орчундуу көңүл буруп, күчтүн баарын ошол изилдөөгө жумшоо туура болот.
La Primerisima радиосунун кабарчылары иш ташттого чыккан шахтерлордон интервью алууда. Никарагуа.
Мисалга алсак силердин жамааттын кээ бир топтору эмн үчүн ЖМБнын ишине катышып жата же катышпай жатат деген маселени иликтөө маанилүү болушу мүмкүн. Ошондой эле алар ЖМБдан эмне алгысы келишет жана анын келечегин кандай көрүшөт деген суроолорду тактап алсаңыздар болот. Сиздин долбоордун жүрүшүндө максаттуу изилдөө бир нече проблемалар боюнча жасалышы мүмкүн. Бир эле проблема бир нече жолу изилдөөгө алынышы да ыктымал, анткени ЖМБ жана жамаат өнүгүү жолунда баратат.
Максаттуу изилдөө мисалы мындай суроолорго жооп бериши керек: «эмне үчүн биз сунуштаган кызматтан кыздар пайдаланышпайт?» же «биздин кызматтан пайдаланган кыздар биз жөнүндө эмне деп ойлошот жана кандай пайда алышат»?.
Мына ушундай жол менен алынган маалыматты сиздин борбордун ишинде пайдаланып, өзүңөрдүн кызматтын сапатын жогорулата аласыздар.
Экинчи мисалда көрүнүп тургандай, белгилүү бир темалар, адамдардын тобу, саясий процесстер жана алардын катышуучулары, аялдар менен эркектердин белгилүү бир тобу максаттуу изилдөөгө алынышы мүмкүн. Маселенин мындай конкреттелиши долбоорду өнүктүрүү жана борбордун ордун жана маанисин жергиликтүү шартта андан ары аныктоо үчүн керек.
Экинчи мисал |
Будхикоттогу изилдөөчүлөр бара-бара үч башкы темага негизги көңүлдү бурушту. Бул социалдык талдоонун жана ЖМБнын өнүктүрүүнүн натыйжасы болуп калды. 1. Билим берүү – мектептер менен кантип иштөө керек. Картографалаштыруунун натыйжасында ата-энелер балдардын билим берүүсүнө орчундуу көңүл бурары, бирок анын сапатынын төмөндүгүнө кабатыр экендиктери белгилүү болду. Ошол эле учурда Намма Дхванидеги мектепте окуу программасына расмий эмес окуу усулдарын киргизүүгө кызыгуу бар экени байкалды. Ошондо окуучулар менен мугалимдер даярдаган радиоберүүлөрдү мектеп программасына киргизүү жана аны Намма Дхваниге уктурууну жолго койгон долбоор иштеп баштаган. Бул «эксперимент» кылдат изилдөөгө алынган, маалымат жыйналган, мугалимдер, окуучулар, алардын ата-энелери сурамжылоого алынган. Мектептеги программалар жана активдүүлүк сыяктуу маселелер дагы четте калган эмес. 2. Башкаруу жана жергиликтүү саясат Социалдык картографалаштыруу Өзүн өзү башкаруу топторундагы адамдар жергиликтүү проблемаларды жакшы билбей турганын, бирок Панчаят (жергиликтүү кеңеш) сыяктуу саясий органдар менен мамилеси чаташып жакшы эмес экенин көрсөттү. Намма Дхванинин негизги максаты – бийлик менен карым-катышты чыңдоо: Өздөрүнүн укуктарын билүү жана ошонун негизинде иш алып баруу. Мына ошондуктан жергиликтүү процесстерди изилдөөгө орчундуу көңүл буруу жөнүндө чечим кабыл алынып, Панчаяттын документтери (анын эсептери жана маалымат системаларын), Панчаят менен жамааттын ортосунда байланышты чыңдоо, элдин көйгөй маселелери изилдене баштады. 3. Элдин уюшкан жана уюшпаган жакыр катмарлары Бул тема социалдык картаны түзүп баштаганда эле белгилүү болгон, анткени изилдөөчүлөр өзүн өзү өркүндөтүү топтору менен тыгыз иштөө зарыл экенин байкашкан. Элдин ар кандай топторун иликтөөдөн сырткары аларды жакыр катмарлардын уюшкан жана уюшпаган топторунун ортосундагы айырмачылык кызыктырган. Эмне үчүн Бухикоттогу 35 өзүн өзү өркүндөтүү тайпасына болгону эки мусулман аял кирген. Алардын башка мусулман аялдардан эмне айырмасы бар? Эркектер ӨӨТ пайдасын түшүнүшөт, бирок биригип иштегендин көзүн таппай жатышат. Эмне үчүн? Изилдөө буларга кандай жол таап бере алабы? Мусулман аялдарды жана кыштактагы эркектерди да алсак, максаттуу изилдөөдө тыкыр сурамжылоо жүргүзүү жана байкоо салуу каралган болчу. Бул алардын жамааттагы ордун, өз ара мамилесин жана кыштактагы башка топтор менене карым-катышын билүү үчүн керек эле. |
Изилдөө процесси
Сиздин изилдөөнүн ар бир этабы ушул процесске туура келиши керек, бир эле учурда бир нече этап жүргүзүлүшү мүмкүн.
Маалыматтык керектөөгө шайкеш изилдөө методдору жөнүндө сунуштар Силер өзүңөрдүн изилдөө долбооруңарга жана ЖМБга өтө ылайык келген методдор менен технологияларды тандап алышыңар керек. Бир гана методдун натыйжасында чечим кабыл алуудан алыс болгула Эреже боюнча изилдөө учурунда бир эле методго байланып калбаш керек. Кээ бир методдор кээ бир маалымат түрлөрүнө жана социалдык чөйрөгө өтө ылайыктуу болот. Бир эле методдун, мисалы анкеталык сурамжылоонун негизинде жыйынтык чыгаруу алынган маалыматтын маанисин жана ага кайчы келген маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Жабдууларды колдонуудагы маалыматтар, мисалы, интервью жолу менен алынган маалыматтарга караганда жакшы анализденет. Бирок адамдар эмне үчүн ушул жабдууну колдонуп жатышканы жана кандай ой-пикирде экендиктери сурамжылоонун жүрүшүндө гана аныкталат. Методду жетиштүү адам ресурстарына шайкеш кылып алгыла Илимий изилдө иштеринде убакыт жана ресурстардын жетиштүүлүүгү, өзгөчө даярдыктан өткөн изилдөөчүлөр жана сыртта иштөөчү кызматкерлер маанилүү фактор болуп саналат. Маалыматтарды изилдөө, эсептөө жана талдоо тармагында белгилүү бир даярдыгы бар изилдөөчүлөр гана бу метод менен ээфективдүү иштей алышат. Байкоо салуу, аткарылган иштин отчету жана өзүн өзү баалоо сыяктуу башка методдор көбүнчө прикладдык түрдө колдонулат. Бул учурда техникалык топко квалификациясы жогору жардамчы керек. Анкеталык сурамжылоо көп учурда адамдар ойлогонго караганда татаал болот, бирок даярдыгы чектелүү талаа жардамчылары эгер колунда так инструментарийлер жана маалыматты ээфективдүү бере турган сурамжылоо топтору бар болсо, алар деле жакшы жүргүзө алышат. Методиканы кызыкдар катышуучуларга зарыл маалыматтарга шайкеш кылгыла Ар кандай кызыкдар тараптарга зарыл болгон маалыматтын түрлөрүн аныктагыла. Жергиликтүү деңгээлдеги статистикалык маалымат терең жана сапаттуу анализге караганда анча пайдалуу болбош мүмкүн. Бирок потенциалдуу инвесторлор жана эл аралык донорлор айылдын же мамлекеттин деңгээлиндеги маалыматтарды сурап калышы ыктымал, ошондуктан маалыматты так ылгап алуу зарыл. Бул статистикалык каржылык маалымат болушу мүмкүн. Аны кызыкдар тараптар менен макулдашуу, алардын маалыматтык керектөөсүнө шайкеш келтирүү изилдөөнүн түрүнө, стратегиясына жана методуна таасир бербей койбойт. Лорент Элдердин материалынан үзүндүлөр: Баалоо боюнча изилдөөчүлөргө сунуштар Телеборборлордун аудиториялары, Оттава: IDRC, 2000.. |
Өзүңөргө суроо бергиле: • Изилдөө эмне үчүн жүргүзүлүш керек? • Анын натыйжасында эмне аныкталыш керек? • Изилдөөнүн натыйжалары кантип пайдаланылат? Буга жоопторду изилдөөнүн бардык катышуучулары менен талкуулагыла |
Бул процесс жалпы жана максаттуу изилдөө жүргүзүүдө колдонулат.
Изилдөөнү пландаштыруу
Изилдөөнүн ар бир түрүндө фундаменталдык маселелер кездешет. Бул өзгөчө партиципативдүү ыкмалар үчүн актуалдуу болот, мисалы практикалык-этнографиялык изилдөөлөрдө. Катышуучулар изилдөө процессинин максатын жана маанисин жакшы түшүнсө убакыт жана адам ресурстары жетиштүү болот.
Маалыматты жыйноо жана эсептөө
Жалпы жана максаттуу изилдөө жүргүзүүдө пландаштырып иш кылыш керек. Методду жана катышуучуларды тандоо дагы пландаштыруунун бир бөлүгү болуп саналат. Ошондо сиз тандалган методдору колдонуп жана аны жакшыртуу менен изилдөө жүргүзгөн болосуз.
Маалыматты топтоодо сиз альтернативдүү изилдөө методун колдонсоңуз болот. Алынган натыйжалар адекваттуу болсун үчүн бир нече изилдөө методдорун колдонгула.
Маалыматтардын баарын эсепке алуу абдан зарыл. Сиз бир нече жакшы интервью алып, аларды жазып койбосоңуз жоголуп кетиши мүмкүн. Көп нерсе унутулуп калышы мүмкүн, ал эми эсиңизде калганы эчтекеге жарабай калат. Сиз эсиңизде калган маалыматты эч ким менен бөлүшө албайсыз, ошол себептүү талаптагыдай талдоого кудуретсиз болосуз.
Ишти уюштуруу, код салуу жана маалыматты талдоо
Маалымат жыйноонун уюштуруу жана аны башкаруу ишинде сиз тартиптүү болушуңу болушуңуз керек. Өтө кооз кылып көрсөтүүнүн кажети жок, бул машакаттуу иш. Анын ордуна документтер менен тексттерди тыкан кармап, ашыкча убакыт коротпогондой болуу керек.
Негизги маалыматтарды, убактысын, күнүн, ордун, катышуучуларды – баарын утур-утур каттоого алып, баары жазылганын текшерип туруңуз.
Талдоо – изилдөөнүн ажырагыс бөлүгү, ал маалымат жыйноонун натыйжасында чыккан нерсе эмес. Сиз маалыматты топтоп бүтөр замат эле аны талдоо жөнүндө ойлонушуңуз керек. Этнографияда материалды карап ойлонуп көрүүгө айрым бир убакыт берилет.
• Жаңы кызыктуу жана орчундуу жактарын алып чыгуу;
• Изилдөөдө керек болуп кала турган идеялар жана жана интерпретациялар;
• Топтолгон маалыматка карата өзүнүн идеяларын сындан өткөрүү.
Сиздин изилдөөнүн натыйжасында пайда болгон жалпы темалар, идеялар, проблемалар жана маселелер максат болуп калат. Бул маалыматты жазып коюунун зарыл экендигинин бир себеби: эгерде маалымат жазылган эмес болсо же башка формада катталган болбосо аны талаптагыдай талдоо мүмкүн болбойт.
Мисалы, интервьюлардын биринде сиз билим берүүнүн маселелерин талкуулайсыз. Интервью берип жаткан аял борбордогу компьютердик курста окуп жаткан эле. Ал официалдуу эмес окутууга катышпаса дагы анын ата-энеси “бул мектеп эмес”, ошондуктан ага убакыт короткон болбойт деп кабатыр болуп жатышат. Анын үстүнө силер башка компьютердик мектептердей болуп диплом же күбөлүк бербейсиңер, ошондуктан ата-энелер бул курска акча төлөш керекпи же жокпу деп ойлонушууда. |
Код салуу. Бул мисалда берилген формалдуу билим берүүнүн зарылдыгы сиздин ЖМБ үчүн дагы маанилүү болушу мүмкүн. Интервью алып баштаганда “формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү” деп жазып алып, сиз “код салуу” процессине киришкен болосуз. Башкача айтканда кызыктуу бөлүмдөрдү тийиштүү белгилер менен белгилеп аласыз.
Код салуу менен анализдөөнүн негизинде сиз изилдөө процессин жеткире иштеп, аны ЖМБ менен бириктирип карай аласыз. Мисалы: • Жергиликтүү же жеке менчик мектептердеги окутуучулар менен интервью жүргүзө аласыз; • Борбордун катышуучуларынан талкуу топторун уюштургула; • Официалдуу эмес билим берүү жөнүндө суроону кайтарым байланышка же анкеталык сурамжылоого кошкула. • Бул проблеманы долбоордун катышуучусу менен талкуулагыла же кызматкерлердин кезектеги жыйынында көтөрүп чыккыла. • Курстарды уюштурууда сиздин көңүлдөн четте калган проблемаларды эске алгыдай ыкмаларды сунуштагыла. |
Белгилерди колдонуу менен сиз жамаатта кандай маанилүү проблемалар бар экенин аныктап аласыз. Бул мисалда сиз “код салууну” аяктар замат интервьюга жазып алгандарыңызды карап, “формалдуу жана формалдуу эмес билим берүүгө” болгон ар кандай мамилелерди билиш үчүн стенограмманы чечмелеп жазып чыгышыңыз керек. Сиз ошондой эле сыртта жазгандарыңызды, анкеталык сурамжылоону жана күндөлүк сыяктуу башка материалдарды да карап чыгышыңыз керек. Мындан сырткары силердин долбоордо пайдаланылган сайттарды, схемаларды карап, окуунун ар кандай стилдери жөнүндө эмне ой-пикирлер айтылганын көргүлө. “Формалдуу жана официалдуу эмес билим берүү” жөнүндө башка ресурстардагы маалымат сизге эмнени билдирет?
Андан кийин ар кандай коддордо жыйналган маалыматтарды изилдөөнү уюштурууга киришкиле. Бул сизге бардык материалды белгилүү бир темалардын же идеялардын призмасы аркылуу караганга мүмкүндүк берет. Практикалык этнографикалык изилдөөдө талдоонун көп жумуштары маалыматка код салуунун, тартиптештирүү жана баалоонун негизинде жасалат. Изилдөө кеңейген сайын мындай белгилер көбөйөт, ошого жараша сизге ЖМБ жана аны курчаган чөйрө даанараак көрүнө билине берет. Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча ЖМБ өзүнүн ишин пландаштырат, а сиз анын ишке жөндөмү кандай болуп жатканына байкоо салып тура аласыз. Ар бир изилдөө цикли аяктаганда сиз өзүңүздүн мүмкүнчүлүктөрдү жана максатка жетүү жолдорун жакшы түшүнүп каласыз.
Пландаштыруу жана ишке ашыруу
Эми сиздин колуңузда ар кандай методдорду пайдалануу аркылуу топтолгон маалыматтар бар, алар коддор жана темалар менен белгилеген. Эмки маселе – буларды эмне кылуу керек?
Сиз өзүңүздүн ЖМБ жөнүндө бир катар натыйжаларды жана сунуштарды алгандан кийин изилдөөнү андан ары кайсыл тармактарда жүргүзүү керектигин аныктайсыз. Сиз аныктоочу маселелер:
• Сиз эмне билдиңиз жана аны ЖМБны өнүктүрүү үчүн кандай пайдаланыш керек;
• Сиз изилдеген проблемалар боюнча түшүнүктү дагы кандай тереңдетсе болот, дагы кандай проблемаларды изилдөө зарыл.
Сиз талдоонун жыйынтыгын жазып алып таркатсаңыз болот. Бул сиздин долбоорго берилген баа, эмнеге жетиштиңиз, эмне маанилүү болуп чыкты, күчтүү жана кемчилик жактары кандай. Сиздин изилдөө ыкмаңыз сизге ЖМБнын ишмердигин алда канча кеңири социалдык шартта баалап алууга мүмкүндүк берет, ошондо сиз анын түздөн түз же кыйыр түрдө берген пайдасын тактап жазып аласыз. Сиздин ЖМБнын атын чыгаруу жана анын ишин өркүндөтүү үчүн изилдөө баалуу болуп саналат.
Практикалык-этнографиялык изилдөө жөнүндө кошумча маалымат
Д. Такки, Д. Слейтер жана Г. Хорн. 2003. Практикалык этнографиялык изилдөө:
Колдонуучу үчүн колдонмо. Нью-Дели.
ЮНЕСКО, http://cirac. qut. edu. au/ictpr/downloads/handbook. pdf
Д. Такки, Д. Слейтер жана Р. Льюис. 2003.“Практикалык этнографиялык изилдөөнүн ыкмалары. III конференциядагы доклад. OURMedia, Баранкилья, Колумбия. 19-21- май, 2003. http://cirac. qut. edu. au/ictpr/downloads/TacchiOM3.pdf
ДжоТакки, Квинсленд технологиялык университетинин индустрия жана колдонмо борбор факультетинин улук илимий кызматкери, Австралия жана Оксфорддун Интернет институнун ардактуу кызматкери, Оксфорд университети, Улуу Британия E-mail: j.tacchi@qut.edu.au или jo.tacchi@oii.ox.ac.uk Дон Слейтер, Окутуучу Грег Хорн, Квинсленд технологиялык университетинин индустрия факультетинин профессору, АвстралияE-mail: g. *****@***edu. au |
1-Тиркеме |
Бизнес-планды кантип даярдоо керек? |
I. Титулдук барак
• ЖМБнын аталышы.
• Документтин аталышы («Бизнес-план... »).
• Документтин жарыяланган датасы.
• Компаниянын же борбордун аталышы, адрес жана телефон номуру.
• Толуктоо: окурманга пландын жашыруун экенин эскерткиле.
II. Баптарга бөлүү
III. Аткаруучулук резюме
Инвестордун суроолору
• Ким? Эмне? Эмне үчүн? Кантип?
• Чынында бул мен капитал сала турган компаниянын түрү?
• Салган каражаттарымды мен кайра аламбы?
Төмөнкү маалыматты кошкула:
• Көрсөткүлө: Ким каражат издеп жүрөт, бул жамаат компаниясынын структурасыбы же өзүнчө ээси барбы?.
• Өсүүнүн өлчөмү жана каралган нормасы.
• Каржылык каражаттарга жалпы керектөө. Бар фонддорду пайдалануунун негизги пункттарын көрсөткүлө. (компьютерди сатып алуу жана программалык камсыздоону инсталлизация кылуу).
• Каржылоо булактары( жамаат салымы, субсидиялар ж. б..).
• Бардык инвестициялар боюнча орточо күтүлгөн киреше.
• Эскертүү: Бул резюме пландын калган бөлүгү бүткөндөн кийин жазылыш керек. Көп учурда окурман пландын калган бөлүгү менен таанышкысы келет, анткени аткаруучулук резюме аны кызыктырат.
IV. ЖМБ компаниясы
Каржылык колдоочунун же инвестордун суроосу
• Эмне үчүн мен акчамды ЖМБга жумшашым керек?
Сыпаттоо
• Ишмердик түрү: байланыш, соода, кызматтык тейлөө ж. б.
• Компания түрү: жамааттын компаниясы, жеке менчик компания
• Кырдаал түзүү, кеңейтүү ж. б..
• Өлчөмү: коммерциялык көлөм, кызматкерлер саны, инсталляциянын саны жана өлчөмү.
Башкаруу
• Директорлор Кеңеши жана башкаруучу топ: Көрсөткүлө, алар кимдер, алар компанияга кандай артыкчылык берет.
• (МКТ тармагындагы тажрыйба, адистешкен ык-жөндөм кыла албайм атайын көндүмдө ж. б.).
• Алардын ар бири ээлеген кызматты көрсөткүлө.
• Көрсөткүлө, анын башка ээлеген кызматтары да барбы?
V. Мүмкүнчүлүктөр
• Эмне үчүн адамдар ЖМБнын кызматынан пайдаланышат?
• Колдонуучулар жетиштүү санда камсыз кылынабы?
• Эртеңки келечек кандай көрүнөт?
Продуктулар жана кызматтар
• Алардын атын атагыла жана эмне үчүн керектелерин көрсөткүлө.
• ЖМБнын жаңы жана инновациялык өзгөчөлүктөрүн жазып көрсөткүлө.
• Көрсөткүлө, модификациясы жана кийинки жаңылануусу каралганбы?
Базар
• Негизги кардарлар ким экенин көрсөткүлө (корпорация ж. б.).
• Силердин продукт алардын талабына канчалык жооп берерин көрсөткүлө.
• Базардын көлөмүн көрсөткүлө. Аны жамаат жүргүзгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары менен бекемдегиле, ж. б.
• Базардын өнүгүү деңгээлин көрсөткүлө. Аны фактылар менен бекемдегиле. Атаандаштардын жергиликтүү базарларын эске алгыла.
• Силердин базардын үлүшүн жана анын бир жылдын ичинде өздөштүрө ала турган сегментин көрсөткүлө.
• Тарифтерди белгилегиле. Атаандаштык шартында кантип киреше ала турганыңарды аныктагыла.
• Дайте коммерческий прогноз на следующие пять лет (чем хуже прогноз, тем лучше результаты и ожидания).
Атаандаштык
• Негизги атаандаштар: аттары жана базар үлүштөрү.
• Атаандаштын үлүшү азайып же көбөйүп жатканын көрсөткүлө же ал эмне үчүн бекем турганын түшүндүргүлө.
• Күчтүү жана начар пункттары: силердин компания менен атаандаштын ортосунда салыштыруу жасагыла (размери, репутация, абалы ж. б).
• Күчтүү жана начар пункттары: силердин продукту менен атаандашыңардын ортосунда салыштырмалуу талдоо жүргүзгүлө (сапаты, баалары ж. б).
Сатуулар жана илгерилөөлөр
• Силердин товарлар менен кызматтар кантип сатыларын көрсөткүлө.
• Товарлардын сатылышын жакшыртуу үчүн кандай жарнамалар пайдаланыларын аныктагыла (радио, ачык эшиктер ж. б).
VI. Продукция
Орду
• Сиз жайгашкан орундун кандай артыкчылыктары бар экенин көрсөткүлө (базарларга, борборго жакындыгы ж. б).
Инсталляция
• Имараттын ээси экениңизди же ижарага алып жатканыңызды көрсөтүңүз. Шарттарын аныктагыла.
• Имаратты кыскача сүрөттөп жазгыла. Эскиздерин тиркеп койсоңор болот.
• Реконструкциянын зарылдыгы болсо көрсөткүлө. Наркын аныктагыла..
Штат
• Кызматкерлерге кандай керектөө бар экенин, жамаат мүчөлөрүнүн арасында квалификациялуу кызматкерлер бар экенин же аларды шаардан жалдоо зарылдыгы бар болсо, анын баарын көрсөткүлө.
• Зарыл болгон сапат жөндөмдөрдү, окуу наркын көрсөткүлө.
• Ар бир позиция менен байланышкан жеңилдик же артыкчылыктардын тизмесин түзгүлө. Маянаны, эмгек акыны, кошумча төлөмдөрдү жана жеңилдиктерди кошуп жазгыла.
Уюштуруу
• Керек боло турган белгилүү муниципиалдык жана өкмөттүк уруксаттарды жана аларды алуу убактысын көрсөткүлө.
• Имарат жана ага жабдууларды алуу үчүн, кызматкерлерди алуу жана орноштуруу үчүн зарыл болгон убакытты көрсөткүлө.
VII. Каржылык көрсөткүчтөр
Керектүү инвестициялар
• Жалпы керектүү каражатты жана анын ичинде жамааттын салымын көрсөткүлө.
• Каржылоо булактарын көрсөткүлө.
• ЖМБ өзүн өзү каржылоого өтөөрүн инвесторлор качан күтөрүн көрсөткүлө.
Баалоо
• Ачык баалоо.
Натыйжаларды жарыялоо
• Биринчи жылы ай сайын.
Акча каражаттарынын сарпталышы жөнүндө отчет
• Биринчи жылы ай сайын.
2-тиркеме |
Жобону иштеп чыгуу |
Жобо ЖМБнын укуктук абалын, анын максаттарын жана башкаруу ыкмаларын көрсөтөт. Төмөндө жободо учурай турган позициялар көрсөтүлгөн. Эгер сизде жобо же башка документ бар болсо дагы текшерип кое турган бир маанилүү жагдай, ар бир позицияда ЖМБнын аты көрсөтүлүшү керек.
Борбордун укуктук абалы жана индивидиалдуулугу
Жобонун бул бөлүмүндө борбордун ишмердигинин укуктук тескелиши түшүндүрүлөт.
Мисалы, анын ишмердигин кооператив башкарабы же ассоциациябы? Силердикине окшогон уюмдардын ишин жана тартибин кандай мыйзам актылары аныктайт?
Ассоциациянын максаттары
Бул силердин борбор аткарууну тилек кылган иштердин тизмеси..
Башкаруу кеңеши
Борбордун ишин ким көзөмөлдөйт? Бул менеджер эмес, бирок аткарылган иштин отчетун алып турган атайын бир топ болот. Борборду жалпы башкарууну да ушул топ жүргүзөт.
Бул бөлүмдө кеңештин ар бир мүчөсүнүн иш милдеттери жазылып коюлат. Бул жерде аларды шайлоо тартиби да кошо көрсөтүлүшү керек.
Вакансиялар
Мында кеңештин курамынан чыгаруунун шарттары түшүндүрүлөт.
Башкаруу кеңешинин укуктары жана милдеттери
Мында кеңештин милдеттери тууралуу так маалымат берилет. Алар мыйзамга ылайык аныкталышы керек. Кеңеш борбордун ишин колдоого кудуреттүү болушу керектигин эске алгыла.
Башкаруу функциялары
Адатта мында борбордун милдеттери түшүндүрүлөт. Ошондой эле борбордун же ассоциациянын каржылык башкаруусу жөнүндө бөлүм болушу да мүмкүн.
Каржылык маселелер
Бул бөлүмдүн материалдары акча каражаттарын сактоого тийиштүү. Анда каржылык отчетту берүү жана бекитүү механизмдери көрсөтүлөт.
Борбордун активдери
Бул кыймылсыз жана башка мүлктүн тизмеси. Ал мезгил-мезгили менен жаңыланып турат.
Мүчөлүк
Эгер уюм же ассоциация станциянын ишин башкарса, ассоциацияга ким кирерин түшүндүрүү зарыл. Ошондой эле ага кирүү жана мүчөлүктөн чыгаруу шарттары жазылып коюлат.
Мындан сырткары жалпы жыйындарды өткөрүү тартибин аныктаган өзүнчө бөлүм керек болот. Мындай жыйындарда карала турган маселелердин болжолдуу тизмесин (күн тартиби) келтиргиле.
Таркатуу
Бул бөлүмдө уюмдун же борбордун ишин токтотуу процедурасы жазылат. Мисалы, уюмду жабуу чечимин ким чыгарат жана анын мүлкү эмне болот?
Оңдоолор
Бул бөлүмдө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби түшүндүрүлөт. Анда өзгөртүү киргизүү чечимин ким чыгарары жана аны аткаруу процедурасы аныкталат.
|
Из за большого объема этот материал размещен на нескольких страницах:
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 |


